А М П Е Р


БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Француз физиги, математик жана химик Андре Мари Ампер 1775-жылы 22-январда Лион шаарында төрөлгөн. 16 жашында француз философу Д.Дидро менен математик Ж.Л.Даламбердин редакциясында 1751-57-жылдары чыккан 20 томдук энциклопедияны зор кызыгуу менен окуп чыккан. Ал анын табигый илимдерге, математикага, философияга өзгөчө кызыгуусун пайда кылган. Андан кийин өз алдынча ботаника, химия, физикаларды окуп, 18 жашында латын, италян, грек тилдерин үйрөнгөн. 1801-жылы Бурже шаарындагы Борбордук мектепте физика профессору болгон (Европанын көп өлкөлөрүндө орто мектептин мугалимдери профессор деп аталат). 1805-24-жылдары Париждеги политехникалык мектепте иштеген. Ал бул мезгилдерде математикага көбүрөк кызыккан. Ыктымалдуулук теориясы, механиканын ар кандай проблемаларын изилдөөдө математиканын колдонулушу жана математикалык анализдин түрдүү проблемалары боюнча илимий эмгектери үчүн Париж Илимдер академиясынын мүчөсү болуп шайланган.

Х.К.Эрстед электр тогунун магнит жебесине жасаган аракетин ачкандан кийин Ампер токтун аракети менен магнит жебесинин кыйшаюусунун багытын аныктаган. Электрдик жана магниттик кубулуштардын байланыш теориясын түзгөн. Физикага “электр тогу” түшүнүгүн  киргизген. 1828-ж. Ампер жогорку математика боюнча бир катар илимий эмгектерди жарыялаган. Ал илимдерди философиялык, математикалык ой жүгүртүүлөрдүн негизинде класска бөлүүгө аракет кылган. Коммутаторду, электр-магниттик телеграфты ойлоп тапкан. “Кинематика” түшүнүгүн калыптандырган, Петербург Илимдер академиясына мүчө болуп шайланган.

Ампер электр динамиканы негиздөөчүлөрдүн бири, биринчи жолу магнетизм теориясын түзгөн. Гениалдуу илимий эмгектери Амперди көрүнүктүү физиктердин, математиктердин катарына кошкон. Окумуштуунун ысымы менен физикадагы өзү ачкан бир катар закон, эрежелер (Ампер закону, Ампер теоремасы, Ампер эрежеси), бирдиктер (Ампер, Ампер саат, Ампер секунда), приборлор (Амперметр, Ампер таразасы) аталган. 1836-жылы 10-июнда Марсель шаарына иш боюнча бара жаткан сапарында каза болгон.

 anders-angstrom-swedish-physicistА Н Г С Т Р Е М

Швед физиги жана астроному Андрес Йонас Ангстрем 1814-жылдын 13-августунда Логдо шаарында туулган. Орто мектепти бүткөндөн кийин Упсалдагы университеттен окуп, 1839-жылы физика боюнча доктордук наам алган. Ал жерде бир нече жыл физика жана астрономия боюнча сабак берип, ошол университеттин профессору, 1870-71-жылдары ректор болуп иштеген.

1853-жылы Ангстрем «Оптикалык изилдөөлөр» деген монографиясын жарыялаган. 1861-жылы күн спектрин изилдей баштап, анын натыйжалары 1869-жылы жарык көргөн «Күн спектрин изилдөө» деген чоң эмгегинде жазылган. 1862-жылы күндө суутектин бар экендигин далилдеген. 1867-жылы түндүк уюл жаркыроосунун спектрин биринчи болуп изилдеп, бул нурлануу үчүн мүнөздүү болгон андагы сары жана жашыл сызыктуу толкун узундуктарын ченеген. Ал азыр бирдик катары Ангстремдин атынан аталат. Ошентип, Ангстрем спектроскопиянын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ангстрем андан сырткары жер магнетизми, жылуулук өткөрүмдүүлүк, металлдар, жылуулук өткөрүмдүүлүктүн температурага жараша өзгөрүшү, кристаллдардагы оптикалык кубулуштар, Галлай кометасынын траекториясы ж.б. боюнча иштеген.

Швецияда Ангстремдин сиңирген эмгегин көпкө баалашкан эмес. Анын себеби, Ангстремдин түнт мүнөзү, өзүн өзү көрсөтүүдөн качкандыгы болгон. Ал Швеция Академиясына мүчө болгондон кийин гана тааныла баштаган. 1870-жылы Лондон королдук коомуна мүчө болуп шайланган, ошол коом аны эки жылдан кийин Румфорд медалы менен сыйлаган. Ангстрем 1874-жылы 21-июнда Упсал шаарында каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Комментарий кошуу