Менин айылым
Мен Эркинова Аймээрим 2006-жылы Шамалдуу-Сайда төрөлгөм. Азыр Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы №38 Алтай Осмонов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйм. Конкурс тууралуу таежемен уктум.
Азыр таене-таятамдын колундамын.Үч-Булакта. Айылдын башында суу үчкө бөлүнүп, анын бирөөсү бизге келет. Антейин десем, бизде дагы да булактар бар. Мисалы: Дары-Суу, Фанталей, Дары-Булак деп сыймыктанган булактарыбыз бар. Аны кант диабети, кан басымы барлар алып кетишет. Бизден ылдыйда Кара-Булак деген булак бар. Бирок сайдагы шагылдарды кетмен менен тартып койсо эле булак чыга берет. Агып жаткан суудан тунуп анан чыкса керек.