Кубат аке: «Даанышмандык деген эмне»– дейт бирөө, «Атаңдын башы» дедим


Жазуучу Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВден экмет

Адабият жазуучуларды тойгузган уй болуп калды.

* * *

Жазма адабиятыбыз болгон эмес деп кейийбиз, а мен кайра жок болуп келгенине кубанам. Мен азыр жазма адабиятыбыз бар деп кейийм. Жазма адабияттын болбогону акылмандык да…

* * *

Эң мыкты, улуу китептер кол менен жазылган. Башкасын айтпайын, Толстой менен Достоевский, Бунинге окшогон жазуучулар кол менен жазышкан. Азыркы дүйнөлүк адабиятты мен акыркы кездерде окубай калдым, алар мага таштандыдай сезилет. Эмнеге дегенде ал чыгармалар калем менен жазылган эмес.

Толугу менен

Жөргөмүш менен безгек


Серб жомогу

Болгонбу, болбогонбу, айтор, жомок мындай экен: жөргөмүш менен безгек кезигип, экөө саякатка чыгат. Жол жүрүп чарчашат. Эс алмакка жүзүмдүн кароолчусу жашаган алачыкка токтошот.

– Мындан ары жүралбайм, чарчадым. Шаар да алыс. Мен ушу кароолчунукунда эле калам, – дейт безгек.

– А мен бир аз эс алып, шаар жакка жол улайм, – дейт жөргөмүш.

Толугу менен

2016-жылы Атамбаевдин ооматы тайыды окшойт…


«Эл – бул талаадагы чөп, а падыша – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат».

КОНФУЦИЙ 

Калетсиз насыят ко. Эл атам замандан эле падышанын оозун карап келген. Арийне, Кудайдан кийинки кудуретке ээ дегенибиз эл чегеси эмеспи. Эл башына акылдуу падыша келсе – бакыт, а бейакыл падыша келсе шор эмей эмине. «Эл кайсы бир мезгилге чейин чоң жазуучусуз деле жан сактай берерин, а чыныгы журтбашысыз жок болуп кетерин» москвалык атактуу жазуучу Тимур Зулфукаровдун таамай айтканы бар. Бизди табынсыз эгемен өлкө курдук деген чейрек кылым ошол жолго апараткансыйт…

Толугу менен

К а м ч ы 


Ысмайыл КАДЫРОВ

АҢГЕМЕ

– Атсалоомуалейкум! – деди бала табылгынын кыйылган учунан оң колу менен тутамдай кармап.

– Алейкума атсалом! – деди ата оң колун баланын колуна улаштыра табылгыны тутамдап.

– Кайда барасың? – Бала сол колу менен атасына кол улаштырды.

– Камчы сапка. – Атасы баланын сол колуна колун улаштырды.

– Бар болсо бирди кыя кел, жок болсо жообун айта кел, – деп бала оң колун кайрадан атасынын сол колуна улаштыра тутамдады да, табылгыны кыйып кирди.

Бул байыртан келаткан камчы сап ченөөнүн элдик ыкмасы. Эпейе отуруп, ишине берилип алган уулуна атанын ичи элжиреп, кырданган калыбында кыйлага кыймылсыз жатты. Баланын уюган кыттай омоктуу отурушу, бүркүттөй теше тиктеген көздөрү кимди болбосун айбыктырбай койбойт.

Толугу менен

Конкурста жеңген үч чыгарма


Балдар адабияты боюнча сынактын эң башкы үч байгесин жеңип алган авторлордун чыгармалары менен окурмандарды тааныштырабыз. Аталган сынактын калыстар курамында белгилүү адабиятчылар: Садык АЛАХАН, Бекташ ШАМШИЕВ, Жолдош ТУРДУБАЕВ жана Улан ТУРДАЛИЕВ болду.

Самара НАСЫРОВА, биринчи орундун
ОЮНЧУКТАРДЫ “ЭМДӨӨ

Толугу менен

А М П Е Р


БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Француз физиги, математик жана химик Андре Мари Ампер 1775-жылы 22-январда Лион шаарында төрөлгөн. 16 жашында француз философу Д.Дидро менен математик Ж.Л.Даламбердин редакциясында 1751-57-жылдары чыккан 20 томдук энциклопедияны зор кызыгуу менен окуп чыккан. Ал анын табигый илимдерге, математикага, философияга өзгөчө кызыгуусун пайда кылган. Андан кийин өз алдынча ботаника, химия, физикаларды окуп, 18 жашында латын, италян, грек тилдерин үйрөнгөн. 1801-жылы Бурже шаарындагы Борбордук мектепте физика профессору болгон (Европанын көп өлкөлөрүндө орто мектептин мугалимдери профессор деп аталат). 1805-24-жылдары Париждеги политехникалык мектепте иштеген. Ал бул мезгилдерде математикага көбүрөк кызыккан. Ыктымалдуулук теориясы, механиканын ар кандай проблемаларын изилдөөдө математиканын колдонулушу жана математикалык анализдин түрдүү проблемалары боюнча илимий эмгектери үчүн Париж Илимдер академиясынын мүчөсү болуп шайланган.

Толугу менен

Сандардын чатагы


Анар Рзаев РАСУЛ оглы

Азербайжан адабияты

АҢГЕМЕ

Күндөрдүн бир күнүндө Бир Экиге мындай деди:

– Эй Эки, кел менин жаныма, Он Эки бололу.

– Жок, – деди Эки. – Сен менин жаныма келип тур, Жыйырма Бир болобуз. Кантсе да Жыйырма Бир Он Экиден чоң да.

Анда Бир:

– Жок, мен сенин алдыңда турам, себеби мен сенден биринчимин.

Толугу менен

Мамат Сабыров: Мен адабияттын «Дублер палванымын»


Кээде жакшы кишиге жолугуп сукпат куруп отурган кандай сонун. Бирок кеп дүкөн курууда баары эле ширелүү андаза куруп бере албайт. Сөз багып, ой багып жүргөнсүгөн көп эле жазуучуларыбыз бар, көбү менен маек курган күндөрүм болду. Бирок кээде ууга чыгып жолу болбой калган мергенден бетер шаабайым сууп, жакшы маек куралбай калган учурларым арбын. Бүгүн журналист катары да, адам катары да мен сыйлаган жазуучу Мамат САБЫРОВ менен маек куруп, кулак кужур кана түштү…

– Мамат аке, жаңы эле басмадан чыккан китебиңиз кут болсун. «Арзыкан» өзүңүздүн кулк-мүнөзүңүздөй жыйнак болуптур, окуп атам, оюмду кийин бөлүшөм… Эмнеге билбейм, сизден абыдан көптү үмүт кылам, себеби, адабий даярдыгыңызды тээ башынан билем. Анын үстүнө Кубат аке Жусубалиевдин шакирти болгонуңуздан улам сиздин калемден да айжаркын чыгармалар чыгарынан шектенбейм. Маегибизди «Дублер палван» аңгемесинин жазылуу тарыхынан баштасак кантет?

Толугу менен