Унчукпоо анты


Жапон жомогу

Төрт кечил[1] тоо этегинде жайгашкан храмдын үжүрөсүндө[2] жети күн бою унчукпоо үчүн антташат. Аларга керектүү ар нерсени ташып кирүүгө малай баладан бөлөккө уруксат болбойт.

Караңгы кирери менен үжүрөдөгү чырак мына-мына өчүп калчудай үлбүлдөп баштайт. Башкаларга караганда шамга жакын отурган кечилдин бири бейпайга түшүп сүйлөп жиберет:

– Эй, бала, чырактын билигин түзөп койчу!

Толугу менен

Дүйнө поэзиясы кыргызча сайрайт


Бо Цзюй-И
(772-846) Тан доорунда жашап өткөн кытай акыны
АК БОЗҮЙ
Сан миң койдун жүнүнөн,
Сансыз түйдөк түрүшөт.
Сай талдардын түрүнөн
Кереге-уугун сүрүшөт.

Толугу менен

Байыркылардын акылдан тамган шооласы


Агер шалаакы болуп, жаманчылыкка өзүң илээшип жүрсөң, башыңдан бактысыздык кетпейт, бакытты сурай да албайсың. Тагдырды алпештөө мааниге ээ эмес, аны барк албай койгондон балээ болуп деле кетпейт.

Мо-цзы

Агер Асмандын каалаганын мен аткарсам, Асман дагы менин каалаганымды аткарат. А менин каалаганым – бакыт жана бакубаттык, жек көргөнүм – бактысыздык.

Мо-цзы

Бакытты кол булгап чакырып, жаныңа келтире албайсың.

Мо-цзы

Толугу менен

НАСРЕДДИН ТУСИ


БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

XIII кылымдагы перс математиги, механик жана астроном, Орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы Насир ад-дин Туси, толук айтканда Насир ад-дин Абу Жафар Мухаммад ибн Мухаммад Туси Хорасан аймагындагы Тус шаарында 1201-жылы 18-февралда туулган. Тус шаарында окуп, Куранды, хадистерди, шариятты, логиканы, философияны, математиканы, медицинаны жана астрономияны үйрөнгөн. Ошол мезгилдеги атактуу аалым Камал ад-Дин ибн Юнистиндин шакирти болгон. Монгол чапкынында туткунга түшүп, бирок анын акылмандыгын баалашып, аман сактап калышкан жана баш вазирдин кеңешчиси, астрологу болгон.

Толугу менен

Киши соодасы


Абдыкерим МУРАТОВ

АҢГЕМЕ

– Чоң эне, энем сизди кеч алтыда биздикине келсин, балаңыз звантетет экен деди.  – Абысынынын эш болор небереси ушинтип эле чыгып кеткенде, ойноок баланын колуна кант-сант бере коюшту да унутуп Орунбү шалдырап отуруп калды. Пиялада бир уурттам чайы да ичилбей сууду.

Анан Маматалиси менен сүйлөшө турган күн болсо, уулунун үнүн уга тургандын пайити келип калса, чай кайдан өтсүн. Маматалиси болсо төрт жыл мурда үйдөн чыгып кеткен, биринчи Орунбоордомун, базарда иштейм деген, анан эле Сургут жактамын, газда иштейм деген, бир жыл болду Новосибирге кеткен, чоңдордун үйүн салып атабыз деген. Алты-жети айда бир тилийпон кылып коёт.

Толугу менен