«Эң башкы тилдердин кайсынысы болсун, алты эле жылда үйрөнсө болот. Өз эне тилиңди толук үйрөнүүгө бүт өмүрүң да жетпейт».
ВОЛЬТЕР
Мансап, көрдүйнөнүн артынан кууйт кыргыз. Сая кууйт. Илим-билимдин артынан кууганы аз. Биздин бүгүнкү мейман улуттук көрөңгөбүздү байытуунун абыгери – Таалабек Абдиев агабыз. Жүрүм-туруму өтө жөнөкөй болгон бул инсандын билими туурасында те бир кезең Салижан Жигитовдун оозунан уккан жайыбыз бар. Салижан устатыбыздын назарына эрте илинген Т.Абдиевди сыртынан гана таанычубуз. Өзү Өзгөндөн. Оштун Мамлекеттик университетин бүтүрүп, кийин Санкт-Петербургда лингвистикалык изилдөөлөр Институтунан кандидаттык диссертациясын коргоп, ошол күндөн ушул күнгө дейре илим жолунда чыйыр салып келет. А илимде чыйыр жол салуу түйшүгү зыл таштай оор. Азис окурман өзү ажыратып алаар аны. Мындан ары «Коом жана Мен» блок-сайтынан Таалайбек мырзанын 3-4 бөлүктөн турган маегин окуй аласыздар.