Мекиян корозду куткарганы


Белорус жомогу

Мекиян жана короз болуптур. Мекиян жумуртка тууп, короз жем ташып, тоокко жапакеч экен. Ал дайым жем чукуп тапканда мекиянды чакырчу дейт:

– Ко-ко-ко, үрпөк баш, жем таптым!

Анын бу жолку тапканы борсойгон буурчак экен. Бирок короздун напсиси бузулат да: « Өзүм эле жутпасам, тоок муну жей албайт» – деп култ этип жутаарын жутуп, какап калат. Сулап жыгылып, буттары тырайып, дем алалбайт. Аны көрүп, мекиян жүгүрүп келет:

Толугу менен

Бейтааныш аялдын каты


Автор тууралуу

Австриялык атактуу жазуучу Стефан Цвейг 1881-жылы Вена шаарында туулган. Адабиятка эрте аралашып, он тогуз жашында алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган. Бирок ал дүйнөлүк даңкты ырдан эмес, новеллаларынан тапты. Адам тагдырына аябаган жапакечтик менен жазылган терең психологиялуу, нукура көркөм новеллаларынын бир тобу дүйнөлүк маданият кенчинен орун алды. Гитлер бийликке келип, Германияда фашизм доору башталганда, гуманист жазуучунун китептерине тыюу салынган. Австрияны фашизм басып алганда ал Ата Журтунан алыс качууга аргасыз болуп, Европаны фашизмдин өртү каптап, бардык идеал, үмүттөрү ошол өрткө күйүп жатканын көрүп, Стефан Цвейг 1942-жылы өз өмүрүн өзү кыйган.

Толугу менен

Алгачкы дебьют же атак-даңк алып келген тасма тууралуу…


Роза БЕКТУРОВА 

МУРАС ТААНУУ

Жылдар өтүп, мезгилдер алмашып, кинорежиссёрлордун агымы толукталса да, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океевдин тасмалары өз актуалдуулугун эч качан жоготпойт деп ойлойм.

Т. Океев – 20 көркөм жана документалдуу фильмдин автору.

Эс тартып калган кезимде, 1970-жылдары, телевизордун жанынан чыкпай «кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолоруна катуу таасирленгем. Алардын бири – режиссёрдун “Биздин балалыктын асманы” же “Бакайдын жайыты” тасмасын негедир канча көрсөм да тажабайм. Аталган тасма дүйнө эли тааныган “кыргыз кереметин” толуктап турат.

Т. Океев – 25 жашында ийгиликке жеткен алгачкы кыргыз режиссёру. Анын эң алгачкы дипломдук эмгеги “Бакайдын жайыты” тасмасы болгон. Дипломдук ишин жазууда режиссёр өзүнүн балалыгы тууралуу тасма тартуу кыялын толук ишке ашырган.

Толугу менен

Байчечек соолуп калдыбы?..


Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Жеңге батпас ак билек,

Жерге кантип батасың!

Жерге жатпас алтын баш,

Көргө кантип жатасың!

(Тыныбек)

Чын эле, соолуп калдыбы, Мурза байке! Неге соолуду? Ким соолутту?

Адам жашоосунун өзөк-маңызын түзгөн ушул суроону кыргыз адабият айдыңында биринчи болуп Мурза Гапаров койгон эле. Ошон үчүн бүгүн мен дал ушул суроо менен анын өзүнө кайрылып отурам…

Ооба, байчечек деген бир айыпсыз бечара гүл аркылуу койгон болчу. Кийин ага Чыңгыз Айтматов ат таап берди. Маңкурт деген. Азыр бул ат дүйнө жүзүн чаңдатып жүрөт. Ошентип, кыргыз адабиятына эки маңкурт келген: Гапаровдун маңкурту, Айтматовдун маңкурту. Экөө өзөктөш, бирок бир-бирине окшошпойт. Айтматовдун маңкурту көзгө көрүнүп турат, аны таанып-билүү анча кыйын эмес, ал – социалдык маңкурт, Гапаровдун маңкурту кыйма-чиймелүү, табияты өтө татаал, ал – көрпенделик маңкурт. Эми бул экөөнүн айырмачылыгын адистер – философтор, адабиятчылар – чечмелеп беришер, а мен болсо Мурза байкенин өзүнө өтөйүн.

Толугу менен