Карачай жомогу
Бул окуя кылымдардан бери келет. Учкулан капчыгайында чогулган эл балбандардын балбанын аныктоого жыйылган экен. Балбандар көпкө алышат. Акыры Өйдөңкү-Теберд тараптан чыккан Хасан аттуу балбан баарын көтөрүп уруп бозала кылат.
Келбети келишип зоңкойгон, кара каш, кара көздүү, чарчоону билбеген неме экен ал. Бир убакта котологондордун арасынан бою зыңкыйган, жүзүнө чүмбөт жамынган бирөө чыгып, Хасан менен күч сынашарын билдирет. Бүйрү кызып турган эл жок демекпи, Тебердден чыккан балбан менен күрөшүүгө кайраты жетээр немени күрөштүрмөк болуп дуулдап калышат. Экөө ортого чыгат. Көпкө алышат, көпкө чалышат. Тирешип калышат! Акыры чүмбөтчөн неме теберддик балбанды көтөрүп уруп, далысын жер жыттатат.
толугу менен