Түрк жомогу
Илгери бир отунчу жашаптыр. Анын аялы бар экен. Күн сайын ал токойго барып отун алуучу. Отунун сатып, кайра базардан ар кандай тамак-аштарды ташынып келчү. Аялы кечки тамак бышырчу да, аны жеген соң көңүлдүү отуруш башташчу: ырдашчу, бийлешчү, ар кандай оюндарды ойношчу.
Ошол элдин падышасы жарлык чыгарат да, анда кечинде оюн-зоок өткөрүүгө, жарык жагууга туюу салынат. Элдин баары түнү катуу сүйлөбөй, чырактарын күйгүзбөй калат.
Бир күнү өз жарлыгы кандайча аткарылып жатканын билүү үчүн падыша эл аралап чыгат. Келип-келип биздин отунчунун үйүнө туш болот. Ал болсо өкүмдардын буйругуна баш ийбей, баягыдай эле чардап жүргөн эле.