№19
Жомок
Илгери-илгери бир көп балалуу абышка-кемпир болгон экен. Бирок алардын балдарынын улам бири жерден боорун көтөрө электе эле чымчык жандары учуп кете берет. Тагдырдын башка салганына көнбөскө чара барбы? Ошентип, кайгыга чүнчүп, көз жаштан алсырап, алдан-күчтөн эрте тайыган абышка-кемпирдин көкүрөк күчүгү – жалгыз баласы калат. Эми караан тутуп, карманаар жөлөгү ошо каргадай бала. Атын да Жөлөк деп коюшат.
Кудай жалгап, бала тирикарак болуп чоңоюп келатканына ата-энеси ичтен кубанып, Жараткандан өмүрүн тилеп жүрүшөт. Жөлөк кайгыга алдырып, ментинен тайып калышкан ата-энесинин тиричилик кылып, жан багууга дарамети калбай баратканын көрөт да, кабыргасы ката элек болгонуна карабай, айылдагы байга койчу болуп жалданат. Бул кезде анын жашы он экиге толо элек болучу. Керээлди-кечке кой артында жүрүп суй жыгылса да, бир аргасын таап, күн сайын токойдон жер-жемиш, ышкын, жөргөмүш терип келет. Ошону менен абышка-кемпирди ачкалыктын ажалынан коргоп жүрөт.