Шакен МАМБЕТАИПОВА: Табият табышмагы


ПОЭЗИЯ

ЖАРАТЫЛЫШ ЖӨНҮНДӨ
Оо, дүнүйө, кылгырган,
Ойлондуруп ыр кылган,
Улуу түндөр, улуу айлар,
Убакытты жылдырган.
Ойлоп көрсөң калыстап,
Дүйнө сыры табышмак.
Оюң кетет билүүгө
Алыс-алыс алыстап.

толугу менен

Назгүл ОСМОНОВА: Сенин сүйүүң


ПОЭЗИЯ

Сенин сүйүүң жаңы ачыган жаш шарап,
Сен бар күндөр бал сыяктуу даамданат.
Өчпөс отту алоолонткон сезимге,
Өзүң менен көрккө келет чар тарап.
Кыя белде мен кезиккен жаш сүйүү,
Кылым бүтпөс бир жомокко алпарат.

толугу менен

Поэзия таануу: Тао Юань-мин жана анын «Аза ырлары»


Адамзаттын тарыхында байыркы кытай философиясынын, анын ичинде конфуцийлик окуунун, даоизмдин, ойчул-насаатчыл поэзиянын орду чоң болгондугу улам жыл өткөн сайын баса айтылууда. Мына ошолордун катарында Тао Юань-мин (Тао Цянь) деген акындын да үнү угулуп турат.

Азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча айтканда Кытайдын Түштүк жагында Чыгыш Цзинь империясында 365-жылы туулган. Цзинь доорунда, IV кылымда, жашап өткөн акындын болгону 160 ыры жана анча-мынча карасөз менен ыр аралаштырып жазган мурастары гана калды. Түпкүлүгү башкаруучулардын үй-бүлөсүнөн чыкса да, анын мезгилинде ата-энеси анча чоң эмес мансапта турган. 29 жашында иштей баштайт да 41 жашка чейин кичирээк бир аймакты башкарууга чейин өсүп жетет, анан күтүлбөгөндөй сексен күндө эле жеткен мансап даражасын таштап, ээн-эркин эл кыдырып, ыр жазууга өтөт. Кырк төрт жашында үй-жайы аябай катуу күйүп, эч бир буюм-тайымы калбайт.

толугу менен

Нуралы КАПАРОВ: «Калпычылар»


ПОЭЗИЯ

Чындык жетим жери жок бара турган,
калп ээледи дүйнөнү кара туман,
чынчыл деген кишиң да калптан
кошот,
чындык азыр чынчылга чала тууган.

Кайда барба бет алып тарабыңа,
кара туман жол таппай агарууга,
оодарылат океан калптан онтоп,
калптан качып озондойт шамалы да.

толугу менен

Абдыкерим Муратов: “Булбул… Алча гүлү… Ай кертими… Жымжырттык…” (Сайгё тууралуу)


же жапон акыны Сайгёну коштоп…

Бу киши дегениң шундай экен: өзүмдү тээ атамзаманда сөөгү сөпөт болгон жапон адамы менен байланыштырып алдым да, аны кумар жазышар куштар сырдашыма айландырдым. Кантип эле дейм, ошо 1118-жылы туулуп, 1190-жылы каза тапкан тээ мухиттин ары жагында күн кечирип, дервишчесинен жерооп, журт кезип өткөн киши экөөбүз бир ойду ойлоп, бирнерсеге кайгырып, анан бирдемеге куштарланып калалы деп…

* * *
Ошондо да ушундай
Кызарып Күн чыгып…
Түнкү асманды Ай жиреп, шашпай сүзүп…

толугу менен

Нуралы КАПАРОВ: «Бишкек жөнүндө ода»


I

Көзүн боёп, бетин боёп
кызыл-тазыл боёк менен,
Ашхабадды, Дүйшөмбүнү
мурдун чүйрүп тоготпогон,
Москванын күзгүсүнө ойсоктоп
карансам деп,
Москванын тарагына суйсалып
тарансам деп,
Алматыга кыр көрсөтүп чоёктогон,
атыр жыт шаар элең

толугу менен

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Тулпар тушунда»


ПОЭЗИЯ

Артымдагы милдеттерим такымдап,
Алдымдагы асыл максат закымдап,
Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй,
Барчусуна баратамын жакындап.

Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин,
Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн,
Айтор, эптеп аман чуркап келатам
Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.

толугу менен

Азамат ТӨКӨРОВ: «Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен»


ПОЭЗИЯ

* * *

Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен,
Бирөө болсо ошол жалгыз бирөөмүн.
Төрөлгөнүм үмүт, тилек болгондур,
Бирок үнсүз, ыйсыз болот түгөнүүм.

Жакшы адамдын кыска болот өмүрү,
Менден болсо дүйнө болор безээри…
Өлөөрүмдө алсыз соккон жүрөктү,
Анык бекен айыптардын эзээри?

толугу менен

Мусакун САТЫБАЛДИЕВ: «Бакыт… Бакыт…»


ПОЭЗИЯ 

Адам менен бир төрөлүп, бир өлгөн,
Бушайманга салып, коштоп келесиң.
Чакырыкпы болгон-бүткөн жөрөлгөң,
Көзгө сүртчү, кандай сенин элесиң?

Канча пенде мен бакытка жетем деп,
Булут минип, көк асманда чалкыды.
Канча жандар жол таптады итеңдеп,
Андан арбын көбүк болуп калкыды.

толугу менен