Балдар чыгармачылыгы боюна конкурс жарыялайбыз!


«Коом жана Мен» сайты буга чейин маалымдап келгендей: бу сапар өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурс 2016-жылдын 24-декабрында башталып, 2017-жылдын 30-майында жыйынтыкталат жана жеңүүчүлөрдүн байгеси – балдардын Эларалык майрамына карата 1-июнда тапшырылат.

Байге фондубуз 32 000 (отуз эки миң) сом!

10 жаштан 13 жашка чейинкилер арасында:

1-байге – 5 000 (беш миң) сом;

2-байге – 4 000 (төрт миң) сом;

3-байге – 3 000 (үч миң) сом;

4-байге – 2 000 (эки миң) сом;

5-байге – 1 000 (бир миң) сом;

Кызыктыруучу байге эки өспүрүм үчүн 500 X 500 сомдон бөлүнөт.

Толугу менен

Адабий конкурска катышкан жалпы авторлордун ысымдары


«Коом жана Мен» сайты жарыялаган балдар адабияты боюнча конкурска катышкан авторлордун ысымдары менен төмөндөн тааныша аласыздар…

Толугу менен

Конкурска: Күчүгүм


№18

Бүтпөй калып уясын,
Сыртта калды күчүгүм.
Кыйнап жатса уятым,
Жылуу үйүмдө үшүдүм.

Сыртка чыксам – жанымда,
Үйгө кирсем зеригет.
Чынымды айтсам жашырбай,
Жакын көрөм инимдей.

Толугу менен

Конкурска: Жыт


№17

Бир күнү делдең бөжөк жолдон бир ууч арпа таап алды. Алгач сактангандай акырын жыттап келип бир-экөөнү ирмеп чайнап көрдү.  «Бах» деп тамшанды ширесин соруп. Анан өзүн кармай албай ары-бери кайсап жиберди. Бирок бир ууч арпа канча кылмак эле: оозунда даамы эле калбаса, курсагына жук болгон жок. Алымсынбай калган бөжөк «Дагы бар болду бекен?» деп эки жакты шимшилеп издей баштады. Айланада көрүнбөйт. Адатынча арткы кош аягына тура калып туш келди искегиледи. «Мына» деп сүйүнүп кетти бир маалда. Арпанын жагымдуу жыты мурдуна бур эле дей түштү. «Тиги бадалдын аркасында бар окшойт» деди да ошол тарапты карай шуу койду. Бирок эч нерсе таба алган жок. Бадалдын тиягын шимшиди, биягын шимшиди, жок. Эч нерсе жок.

Толугу менен

Адабий сынак жыйынтыкталаарына саналуу күндөр калды, чамдагыла!


Урматтуу акын-жазуучулар, «Коом жана Мен» сайты жарыялаган балдар адабияты боюнча сынак 20-декабрь күнү саат 20.00дө ЭлТР каналынын түз эфиринде жыйынтыкталарын эскертип келебиз!

Толугу менен

Сен кимсиң, аялзат?


АНОНС!

Урматтуу журналисттер, публицисттер жана жалпы эле калемгерлер! «Коом жана Мен» сайты «Сен кимсиң, аялзат?» деген тема алдында мыкты публицистикалык чыгармалар жана журналистикалык иликтөөлөр боюнча конкурс жарыялайт. Үйбүлөнүн куту Аялзат, Эне, Жар деген эмне? Анын социалдык турмуштагы башкы ролу эмнеде? Эмнеге бүгүн турмуштун эң оор жүгүн Эне мойнуна артып таштадык?  Буга эмне себеп?.. Бул туурасында конкурстун жобосун жана жалпы байге фондун жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын 8-Март аялдардын Эларалык майрамы күнү чыгарылат.
Чамдай бериңиздер! Конкурска жарыяланар эмгектериңиздерди камдай бериңиздер! Аялзатына жүрөгүңүздөрдү арнай бериңиздер! 

Эскертүү: конкурска жөнөтүлгөн публицистикалык макалалар буга чейин эч жерде жарыяланбаган болсун! Сынакка катышууну каалаган авторлорго «Сен кимсиң, аялзат?» деген соболдун мааниси кандай өңүттө ачылууга тийиш экени түшүнүктүү болсун үчүн биз адегенде белгилүү публицист Ысмайыл КАДЫРОВ агабыздын төмөндөгү макаласын жарыялоону эп көрдүк. Бирок бул эмгекке конкурстан тышкары өзүнчө сыйлык бериле тургандыгын эскертебиз…Себеби конкурска катышаар авторлордун аты-жөндөрү сынактын Жобосу боюнча иш-чара жыйынтыкталган мөөнөткө чейин жарыяланбайт…

Толугу менен

Конкурска: Балык сөздүк


№13

Балыктын биздин өлкөдө
Жетимиш тогуз түрү бар.
Анын жыйырма алтысы,
Ысык-Көлдө билип ал.

Окунь деген балыктын,
Кызгылт болот канаты.
Алабуга деп аны,
Аккан суудан табасың.

Толугу менен

Конкурска: Айдын кичинекей ханзаадасы


№12

Жомок

Актан  быйыл беш жашка чыгат. Ал өзү жакшы бала болгону менен түнү уктаганды аябай жаман көрчү.  Кеч киргенде ата-энесинен “Мен бүгүн уктабай эле коеюнчу”, –  деп сурана баштоочу.  Бирок Умай энелүү болгондон бери  түн киргенде төшөгүнө жатып, уктаганга шашылат.  Анткени  Умай эне ал уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына сонун белектерди катып коерун билет.

А түгүл Актандын эмне каалаганын да күн сайын билип турат. Кечээ «киндер-сюрприз» момпосуюн суранды эле: эрте менен ойгонгондо өзү жаткан жаздыкты көтөрүп караса жумурткудай сүйрү, ичинде оюнчугу бар шоколад жатыптыр. Аны көкүрөгүнө кубана кысып: «Рахмат, Умай эне!», – деп алкышын айтканды да унуткан жок.

Толугу менен

Конкурска: Кейиштүү суроо


№8

Кечке маал. Эшик кар.
Келе жатсам жумуштан.
Кара жолдо үч бала,
Каткырышып турушкан.

Жакындашсам аларга,
Жалынгандай үн чыгат.
Топто күчүк. Топ кылып
тебишсе, ал кыңшылайт…

Толугу менен

Жеңүүчү авторлор түз эфирде жарыяланат!


«Коом жана Мен» сайты жарыялаган балдар адабияты боюнча конкурс 20-декабрь күнү жыйынтыкталаарын маалымдаганбыз. Ошондой эле конкурс жыйынтыкталганга чейин адабий сынактын калыстар курамында кимдер экендиги эч жерде жарыяланбастыгын эскерткенбиз. Жана да конкурска катышкан авторлордун аты-жөндөрү жарыяланбастан, баарынын чыгармалары номерлик тартип менен гана жайгашылып келет. Себеби бул аракетибиз конкурстун объективдүүлүгүн толук камсыздайт деген ишенимдебиз.

Толугу менен