Элдүүлүк жана реализм


Атактуу  немис  драматургу,  акын,  искусство иликтөөчү, режиссёр Бертольт Брехт  Аугсбургда туулган. Германиянын жана дүйнөнүн көптөгөн театрларына коюлган «Ваал», «Барабанный бой в ночи» (1922), «Говорящий «да» и говорящий «нет» (1930), «Горации и Куриации» (1934) ж.б. пьесалардын автору. «Эпикалык театр» теориясын иштеп чыккан. 1933-жылы Гитлер бийликке  келгенден  кийин эмиграцияга кетип «Страх и отчаяние в Третьем рейхе» (1938), драму «Винтовки Терезы Каррар» (1937) аттуу реалисттик чыгармаларды, «Добрый человек из Сезуана» (1940),  «Карьера  Артуро Уи» (1941), «Кавказский меловой круг» (1944), «Мамаша Кураж и ее дети» (1939), «Жизнь Галилея» (1939) тарыхый драмаларын жазат. 1948-жылы  мекенине  кайтып келип, Берлинде театр ачып, 1956-жылы Берлинде каза болгон. 

Толугу менен

Булбулдардын устаты


Адатта жайнаган ырчы-чоорчуларыбыздын эмнеге ырчы болуп калганын сурасаң, дээрлик көпчүлүгү «чоң атам комуз чертчү же таянем кошокчу болгон үчүн…» дегенди кайталашат. «Улукмырза Полотовдон таалим алганым үчүн ырчы болуп чыктым» дегендерин аз угасың. Ооба, талант укум-тукум уркунан да болот. Бирок ушунча болуп таята-таянеси же чоң атасынын колунан ырчылыкка тарбияланган бир да ырчы жок. Азыркы базары жүрүп аткан ырчылардын далайы Улукмырза Полотовдун мектеп босогосун аттаган үчүн да эл сүймөнчүлүгүнө, эл аздегине айлангандыр… Алардын арбирин карапа жасаган устадан бетер тиягынан бир, биягынан бир карап, кимисине кандай нускоо жетпей атканын, кимисине кайсы ыр ылайыктуу экенине толгонуп, анан барып кимисинен ырчы чыгар-чыкпасына көзү жеткен устат ушу киши го.

Толугу менен

Классикалык музыка күйөрмандарына кулак кагыш


Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин маалымдашынча: Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Композиторлор союзунун демилгеси менен композиторлордун музыка жумалыгы өткөрүлөт.

Программа боюнча:

6-декабрь. Кыргызстан композиторлорунун хордук чыгармалары. Мамлекеттик камералык хор ырдайт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичине залы. Башталышы 17-00.

Толугу менен

«Курманжан датка» – кыргыз кереметин улаган жаңы шедевр  


Көч үзүлгөн жок. Кыргыз кино тарыхындагы биринчи жолу тартылган эпикалык негиздеги «Курманжан датка» тасмасынын кеңири масштабдуулугу коомчулук күтпөгөн, атүгүл кино адистери да күтпөгөн маданий жаңылыкты жаратты. Көркөм табылгалары менен  эл аздектер чыгарма тартылганына күбө болдук. Жогорку деңгээлдеги коэффиценттик өзгөчөлүктөрү толук иликтенер, жиликтенер мындай тасма кыргыз кино өнөрүндөгү жаңы бурулуш, жаңы доор, жаңы дүбүрт, жаңы мектеп, жаңы бийиктик. Совет доору менен бирге «Кыргыз керемети» атанган кино көчү да үзүлдү деген басыңкы маанайды кайрадан дүрт эттирип жандырган чыгарма аталган фильм болду. Өрнөктүү нуска болор чыгарма жаралмайын көркөмдүк сапаты жагынан баары шайма-шай тасмалар албетте тартылбайт.

Толугу менен

Алгачкы дебьют же атак-даңк алып келген тасма тууралуу…


Роза БЕКТУРОВА 

МУРАС ТААНУУ

Жылдар өтүп, мезгилдер алмашып, кинорежиссёрлордун агымы толукталса да, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океевдин тасмалары өз актуалдуулугун эч качан жоготпойт деп ойлойм.

Т. Океев – 20 көркөм жана документалдуу фильмдин автору.

Эс тартып калган кезимде, 1970-жылдары, телевизордун жанынан чыкпай «кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолоруна катуу таасирленгем. Алардын бири – режиссёрдун “Биздин балалыктын асманы” же “Бакайдын жайыты” тасмасын негедир канча көрсөм да тажабайм. Аталган тасма дүйнө эли тааныган “кыргыз кереметин” толуктап турат.

Т. Океев – 25 жашында ийгиликке жеткен алгачкы кыргыз режиссёру. Анын эң алгачкы дипломдук эмгеги “Бакайдын жайыты” тасмасы болгон. Дипломдук ишин жазууда режиссёр өзүнүн балалыгы тууралуу тасма тартуу кыялын толук ишке ашырган.

Толугу менен

Кыргыз киносу эки доор тогошуусунда


МУРАС ТААНУУ

Кыргыз кинематографы улуттук маданиятта ѳзүн кѳркѳм кѳрүнүш катары ѳткѳн кылымдын алтымышынчы жылдарында кѳрсѳтѳ алды. Ошол мезгилдеги советтик кѳрүнүктүү режиссерлордун кимдир бирѳѳсү алыскы чѳлкѳмдѳгү жаш кинематографчыларга дем берүү максатында алардын алгачкы дебюттарын “кыргыз керемети” атады. Бул жарк эткен эпитет аларга биротоло таандык болуп калды:  бирѳѳлѳр аны жаш кинематографтарга берилген калыс баа катары кабыл алса, башкалары аны улуттун даңкталышы катары кабыл алып, бардык жерде бул туурасында сыймык менен айтууга ѳтүштү. Мына ушул  жагымдуу маанайдын учурунда “кыргыз кереметинин” табиятын терең караштырып кѳрѳйүн деген эч ким болгон жок, экинчи жагынан улуттук маданияттын символдорун чечмелѳѳ менен жасалган ак ниет талдоо ошол мезгилдин идеологиясынын чакырыгы болуусуна сѳзсүз алып келмек.

Толугу менен

Энтони Хопкинс «Качандыр бир алкаш болгонума аябай сыймыктанам» дейт


Актёр жөнүндө кыскача таржымал

Улуу Британия менен АКШ кино жана театр актеру Филипп Энтони Хопкинс 1937-жылы 31-декабрда туулган. «Молчание ягнят», «Ганнибал», «Красный дракон» кинофильмдеринде кан ичкич-каннибал доктор Ганнибал Лектердин ролун ойноо менен таанылган. Хопкинс «Лев зимой», «Магия», «Никсон», «Маска Зорро» ж.б. ондогон фильмдерге ойногон. 2000-жылдан бери Америка жарандыгын алып, АКШда жашайт. «Оскар» сыйлыгына татыган. Ошондой эле «Эмми» сыйлыгынын эки жолку, BAFTA сыйлыгынын үч жолку лауреаты.

* * *
Адамда жакшы сапат кеч өнүгөт. Мен мектепте жеткен макоо элем. Бир да балага кызыгып, мамиле түзбөгөм. Андайларды азыр дислексия же ынтаасы начар деп коюшат. А мен жөнеле көңдөй челек болчумун. Ошон үчүн актер болдум.

Толугу менен

Улуулуктун жөнөкөйлүгү


Бүгүнкү көрөрмандардын көпчүлүгү окуя кубалаган жеңил-желпи мазмундагы фильмдерге азгырылып жаткан заманда кино өнөрүнүн дүйнөлүк классиги Ф.Феллининин картиналарына атүгүл искусствонун ушул жаатында билим алып жаткан жаштар да кызыкпай калгандыгын орустун эски муундагы бир режиссеру кейип айтканын кулагым чалган эле. Бул өңүттөн алганда Актан Арым Кубат тарткан «Свет аке» фильмин да атайын даярдыгы бар, «айсбергдин деңиз астындагы жетиден алты бөлүгүн» (Э.Хемингуэй), б.а. кинонун ичиндеги кинону көрө билгендер гана толук түшүнбөсө, аламандын бүйүрүн кызыта албай тургандыгы айныксыз чындык. Эл аралык жана дүйнөлүк бир катар сыйлыктарды жеңген бул тасма тууралуу кыргыз коомчулугунда анча-мынча субъективдүү сын пикирлер айтылганы же учкай макталганы болбосо, али күнгө чейин жетиштүү талданып, калыс баасын ала элек. 

Толугу менен

Дем алыш күндөргө театрлар афишасы


29-октябрь саат 12.00, 17.00 А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Евгений Шварцтын «Дракон»  спектакли;

29-октябрь, саат 11.00дө Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында балдар жана чоңдор үчүн «Пеппи Длинныйчулок» жомогу;

29-октябрь, саат 18.00дө Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында француз драматургу Жан Коктонун «Человеческий голос» спектакли; 

Толугу менен

Театрлар афишасы


Искусство сүйүүчүлөрүнүн эсине!

20-21-октябрь күндөрү А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Евгений Шварцтын «Дракон»  спектакли;

21-октябрь, саат 18.00дө Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында «Смешные деньги» комедиясы;

22-октябрь, саат 17.00дө А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера-балет театрында Людвиг Минкустун «Дон Кихот» балети; 

Толугу менен