Зыялынын добулбас!
Кийинки окуу жылынан тартып Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептерине жаңы окуу планы киргизилгени турат. Эгер буга чейин мектептерибизде 24-25 предмет окутулуп келсе, кийинки жылдан 14-15 предмет гана калат деген министрликтин планы бар. Себеби, батыштагылар ошондой окуйт экен, балдардын жүгү оор болуп кетиптир. Анда кайсыл предмет кыскарат дегенде айтарыбыз: адеп сабагы кыскарды, эми баягы эле кыргыз тили, кыргыз адабияты, Кыргызстандын тарыхы… Мисалы, окутуу орус тилинде, өзбек тилинде, тажик тилинде жүргүзүлгөн класстардын кыргыз адабияты сабагы түп тамырынан жоюлуп кетиши мүмкүн болуп турат. Эң кызыгы – кыргыз мектептеринин кыргыз адабияты «Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты» деп окутулганы турат, а түгүл анын болжолдуу программасы да түзүлүп, окуу китептери даярдалып калды деп уктук. Мына, бул предметтин окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин 5-класстары үчүн түзүлгөн болжолдуу программасына бир назар салыңыз эле. Жомокторго арналган бир бөлүмдө окулуучу чыгармалар: А.С.Пушкин «Ханыша жана жети баатыр жөнүндө жомок», Г.Х.Андерсен «Жака», «Чайнек», «Кар-ханышасы», А.Токомбаев «Акай мерген», М.Гапаров «Жүзүм шиңгили», М.Байджиев «Байыркы жомок», Р.Киплинг «Рики-тики-тави», О.Уайльд «Жылдыз бала» или «Счастливый принц».