Кыргызды кайра бутуна тургуз!


Илгери тартаар башка кем болуп,
Иш билги кары-жашка кем болуп,
Илкиди калкым илинчээк таппай
Ичинен чыккан итке жем болуп.

Ириди калкым ит аалы сымал
Ичинен чыккан итке жем болуп.
Толугу менен

Сен кимсиң, аялзат?


АНОНС!

Урматтуу журналисттер, публицисттер жана жалпы эле калемгерлер! «Коом жана Мен» сайты «Сен кимсиң, аялзат?» деген тема алдында мыкты публицистикалык чыгармалар жана журналистикалык иликтөөлөр боюнча конкурс жарыялайт. Үйбүлөнүн куту Аялзат, Эне, Жар деген эмне? Анын социалдык турмуштагы башкы ролу эмнеде? Эмнеге бүгүн турмуштун эң оор жүгүн Эне мойнуна артып таштадык?  Буга эмне себеп?.. Бул туурасында конкурстун жобосун жана жалпы байге фондун жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын 8-Март аялдардын Эларалык майрамы күнү чыгарылат.
Чамдай бериңиздер! Конкурска жарыяланар эмгектериңиздерди камдай бериңиздер! Аялзатына жүрөгүңүздөрдү арнай бериңиздер! 

Эскертүү: конкурска жөнөтүлгөн публицистикалык макалалар буга чейин эч жерде жарыяланбаган болсун! Сынакка катышууну каалаган авторлорго «Сен кимсиң, аялзат?» деген соболдун мааниси кандай өңүттө ачылууга тийиш экени түшүнүктүү болсун үчүн биз адегенде белгилүү публицист Ысмайыл КАДЫРОВ агабыздын төмөндөгү макаласын жарыялоону эп көрдүк. Бирок бул эмгекке конкурстан тышкары өзүнчө сыйлык бериле тургандыгын эскертебиз…Себеби конкурска катышаар авторлордун аты-жөндөрү сынактын Жобосу боюнча иш-чара жыйынтыкталган мөөнөткө чейин жарыяланбайт…

Толугу менен

Күкүк менен Зейнеп


Кыргыз жомогу

Илгери-илгери  бир  куш  жыгачтын  башына  уя  салып,  эки  балапан чыгарат.  Ал  балапандардын  биринин  аты – Күкүк,  экинчисинин  аты – Зейнеп экен. Балапандар бат эле чоңоюп, уядан учууга жакындап калат.

Учуп  кетүү  алдында  Күкүк  менен  Зейнеп  даярдык  көрүп,  алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт.

Бир  күнү  Зейнеп  канаттарын  күүлөп  бүтүп,  ордуна  келип  жаткан соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт. Ошентип жатып Күкүк кулап кетет да тоголонуп отуруп жердин түбүндөгү жаракага кирип кеткен экен.

Толугу менен

Чабалекейлер, кайра кайткыла


Абдыкерим МУРАТОВ

АҢГЕМЕ

Кемпир бүгүн күндөгүдөн да эрте турду. Таң сүрүлүп, Чыгыш жак жарыгын Батышка карай кууп баратыптыр. Ал намазына жыгылып атып кокусунан эстеп калды. Былтыр ушундай саратанда орозо болбоду беле? Быйыл он күн алдыга жылса, орозонун убагы келип калды го? Ойлоп-ойлоп, качан айт, качан арапа экенин, орозо качан башталып, курбан айт качан өтөрүн эстей албай койду? Жаңыларга окшоп чысланы билсе кана? Балдардан сураса бекен, алар кайдан биле койсун? Айт-арапада өлгөндөргө багыштап, чалына атап куран окуп бата кылбаса болобу, арбагы бата тилеп жакындарына келип турат дейт, ошол арбагын сумсайткандан көрө өлгөнү артык эмеспи, куранды ким окуйт, эркек жоксунуп өзү окуйбу, өткөндө небересин айтса, «куран оку» десе, «куранды билбейм эне, анан көрө мектепте жаттаган ырым бар эле, ошондон айтып бата кыла берели» дебедиби, чунак бала.

Толугу менен

Гапаровдун балдар үчүн жазылган ырлары


Мурза ГАПАРОВ

ОТУНЧУ
Кыш келсе жок коркунуч,
Кыштакта бар отунчу.
Колуна балта, араа алат,
Токойго кирет аралап.
Куураган шакты кыйратат,
Кыйкырып бизди жыйнатат.

Толугу менен

Жиндинин актануусунан


Пётр ЧААДАЕВ 1794-жылы 27-майда (7-июнь) Москвада дворяндык үй-бүлөдө туулуп, 1856-жылдын 14-(26) апрелинде Москвада каза болгон. Орус турмушунун чындыгын катуу сындаган чыгармалары үчүн бийлик тарабынан жинди аталып, Россия империясында чыгармаларын басып чыгарууга тыюу салынган орус философу (өзү айтмакчы «христиан философу») жана публицисти. 1807–1811-жылдары Москва университетинде окуган. Декабристтерди колдогону үчүн сүргүнгө айдалган. 1812-жылы Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн св. Анна жана пруссиялык Кульмск крести менен сыйланган. 1829–1831-жылдары өзүнүн атактуу «Философиялык каттар» сериясын чыгарган.

* * *

Ата Мекенди сүйүү – ажайып керемет парз. Чындыкты сүйүү – андан да керемет. Ата Мекенди сүйүү – баатырларды төрөйт. Чындыкты сүйүү – акылмандарды, адамзат камкорчулугун жаратат. Ата Мекенге болгон сүйүү улуттук араздашууну, айрым учурда жер үстүндөгү кызыл кыргын, ала сүргүндү алып келиши ыктымал. Чындыкты сүйүү илим жарыгын чачат, адам пендесин Кудайга жакындатат. Кудайга жеткирер жол Ата Мекен аркылуу эмес, Чындык аркылуу өтөт. Ырас, биз, орустар, чындык кайсы, жалган кайсы деп акыл айланткандан эринген калкпыз, андыктан анча-мынча кемчилигин айтсаң, кокуйлаган орус коомчулугуна таарынбаш керек.

Толугу менен