Айтматовдун Жамийласы жеңил ойлуу болгонбу?


АДАБИЯТ ТААНУУ

Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести жарык көргөндөгү курч талаш-тартыштар биздин мезгилде кайра жанданып баратат. Анткени заман алмашкандагы коом менен жеке инсандын мамилесинде жаралуучу кыйчалыш жагдайлар “Жамийлада” алгач ирет ачыкка чыккан экен. Бүгүн да кыргыз көчү мындан ары кандай багыт менен жүрөт деген маселе кабыргасынан коюлуп, дал ушул «коом – үй-бүлө – инсан» катышына тиешелүү маселелер да орчундуу болуп жаткандыктан, бул темадагы түрдүү пикирлердин айтылышы мыйзам ченемдүү.

Толугу менен

Кыргыз жигиттери чечен, дагестандыктарча жокпу?!


“Мекендеш” рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап эмгектенген мекендешибиз Тахмина Нусупова…

– Тахмина, Питерде жашоо кечиргениңиздерге канча убакыт өттү?

– Питерде жашап жатканыбызга буюрса быйыл бешинчи жыл болот.

– Россия жаранысызбы же…

– Жо-ок… Албетте, биз келген убакта Россия жарандыгын алуу оңой болчу, бирок алган эмеспиз. Себеби кайра эле кетебиз деген ой болгон… Азыр жарандык алыш аябай кыйындап калды. Бизди жаңы келгенде алгыла деп катуу үндөшкөн, бирок албадык…

Толугу менен

Эркек менен аялдын айырмасы


2942_1

Оскар УАЙЛЬД

(1854-1900), англис жазуучусу

Байкасаңар, өңү серт аялдар күйөөлөрүн өлүп-талып кызганат, а ажарлуулар антпейт. Себеби, ажарлуулар башкалардын күйөөсүн башкалардан кызганат.

* * *

Эгер аял  өз кызынан он жашка жаш көрүнөрүнө көзү жетсе, ага мындан өткөн кубаныч жок.

* * *

Эркек ойлонот. Аял ойлонуп атам деп ойлойт.

* * *

Аялдарга ишеним артса болот, себеби алар маанилүү нерселерди эстерине түйө албайт.

* * *

Аял эркектен эч нерсесин аянбайт. Бирок бергендерин сөзсүз кайрып алат. Алганда да майдалап-майдалап отуруп алат.

* * *

Адам баласы кудайга сыйынгандай эле аялдар эркектерге сыйынат. Сыйынат да, ар нерсени тиленип, тажатып жиберишет.

* * *

Аялдар илимге ушунчалык жетти, андыктан аларды бактылуу никеден башка эчнерсе таңгалтырбай калды.

Толугу менен