Ибн Сина жана орто кылым


БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

 Өмүр баяны, баскан жолу, жасаган иштери так хронологиялык тартипте жазылып калбаса да Батыш менен Чыгышка бирдей белгилүү болуп, чыгыш элдери табыпчылыктын пири катары Улукман аке аташса, Европа өлкөлөрүндө аны латын транскрипциясы менен Авиценна дешкен. Ибн Сина 980-жылы 16-августта Бухара шаарынын жанындагы Афшана деген кыштакта төрөлгөн. Улуту тажик.

Ал учурда Саманилер мамлекети ошол кездеги Мавераннахр, Хорасан, Түндүк жана Чыгыш Иран, Хорезм, Систан, Горган, Решт, Газна, Табарстан деп аталган жерлерге бийлик жүргүзүп турган. Бухара шаары ал мамлекеттин борбору болуп, андан башка Самаркан, Үргөнч, Фергана, Нишапур, Мерв, Хожент, Герат, Балх сыяктуу шаарлар дагы гүлдөп өнүгүп-өскөн чоң маанидеги шаарлардын катарына кирген.

Ошол мезгилде Орто Азиядагы бирдиктүү мамлекеттик түзүлүш бекемделип,  архитектура абдан өнүккөн. Шаарлар кеңейген, кооз курулуштар көбөйгөн, суу курулмалары кеңири өрүш алган. Бухара ошол кезде Саманилер мамлекетинин эле борбору болбостон, Чыгыштагы илим менен маданияттын, адабият менен искусствонун да эң ири борбору болуп турган. Рухий маданияттын деңгээли өтө жогору болгон.

Бухарага ошол кезде Чыгыштын бардык өлкөлөрүнөн окумуштуулар, акындар тынымсыз агылып келген. Алардын ишмердүүлүктөрү, бири бирине болгон таасирлери өзүнчө бир зор илимий мектептерди элестеткен. Ошентип,  бүгүн Батышта цивилизация өз ооматын сүрүп турса, орто кылымдагы чыгыштын жалпы маданият деңгээли ошол мезгилдеги батышка караганда өтө жогору болгон. Ал мезгилде Орто Азиянын илими дүйнөдө биринчи орунду ээлеп турганы бүгүн жашыруун эмес. Бухаранын китепканасы эң эле бай даңктуу китепканалардан болуп, бардык шаарларында медреселер иштеген. Ошол мезгилде мусулман дини мамлекеттик идеологиянын негизин түзүп турган.

Бухарадагы балалык

Ибн Синанын атасы бийлик чөйрөсүндө иштегендиктен уулу 5 жашар кезинде Бухарага көчүп келишкен. Ибн Сина 5 жашынан башталгыч мектепте окуп, Куранды бүтүндөй жатка билген. 10 жашынан баштап дин илими менен бирге эле математика, физика, философия, логика, мыйзам илимдерин окуган. Араб, перс, инди, антика маданиятын жана илим-билимин терең өздөштүргөн. Байыркы грек илимпозу Аристотелдин эмгектерин үйрөнгөн. Араб, парсы тилдерин, чыгыш элдеринин көптөгөн тилдерин жана латын, грек тилин да мыкты билген. 17 жашында эле чоң илимпоз жана дарыгер катары элге таанылган. Кордово халифтигинин башкаруучусу Мансур шахты эч бир табып айыктыра албаганда, аны айыктырып, ого бетер атак-даңкка ээ болгон. Ошондон кийин шахтын китепканасынан кеңири пайдалануу укугун алган. 1002-жылы Хорезмдин борбору Үргөнчтө, 1012-жылдан Иранда хандын дарыгери жана вазири болгон. Ошол мезгилде, б.а. Ибн Синанын курагы жыйырмадан өтүп, чыгармачылык баралына жетип турган учурда Саманилер мамлекетинин кыйрашы, Караханийлер, Газневилер мамлекеттеринин пайда болушу жана ал мамлекеттерде негизги идеологиялык курал катары диндин өтө күчөп турушу Ибн Синанын чыгармачылыгына терс таасир тийгизген. Анын илимдеги ачылыштары, идеялары диндин идеяларына карама-каршы келген.

Өлбөстүктүн дарысы

Ошого карабастан Ибн Сина илимдин бардык тармактарын жаңы жол менен өнүктүрүүгө кара жанын карч уруп эмгектенген. Ал дүйнөгө көбүнчө дарыгер катары кеңири таанылган. Анын “Дарыгерлик илимдин канону” деген эмгеги 1020-ж. жазылып, анда оорунун эмнеден пайда боло тургандыгы, ал ооруларды айыктыруучу дарылар жазылган. Бул китеп Европадагы мамлекеттердин бардык университеттеринде медицина боюнча бирден бир окуу куралы катары колдонулуп, отуздай жолу кайра басылган. Бул дүйнөлүк медицина илиминин узак убакыт боюнча эң даңктуу китеби болгон. Ал грек врачы Гиппократтын окуусун уланткан жана дүйнөлүк илимде алгачкылардан болуп, адамдын анатомиясын изилдеген. Ошол кезде али сыры ачыла элек суу чечек, кызамык ооруларын айыктыруунун жолун тапкан. Боор оорусун изилдеп, тамакты мүнөздөп ичүүнү сунуш кылган. Ооруну аба жана суу аркылуу жугузуучу майда бөлүкчөлөрдүн бар экендигин биринчи болуп айткан. Андай бөлүкчөлөрдү 800 жылдан кийин гана француз врачы Луи Пастер вирус деп атаган. Көздү да эң алгач изилдеген. Чума менен холераны биринчилерден болуп изилдеп, алардын айырмасын аныктаган. Менингит, ашказан жарасы, сарык, плеврит, котон жара, кулгуна ооруларын айыктыруу жолдорун, наркоз дарысын алуу жолун тапкан. Айтор медицинанын бардык тармагы боюнча ачылыштарды жасаган. Ал “Мансил фит-тибб” (“Дарыгерликтин мааниси”) аттуу төрт сап ырлардан турган 1322 сап поэма жазып, медицинанын теориялык жана практикалык маанисин ачып көрсөткөн. Ошол мезгилдеги медицина илимин жаңы баскычка көтөргөн. Ибн Синанын өлбөстүктүн дарысын жасагандыгы, аны биринчи ирет өзү каза болгондо сынап көрүүнү чечкендиги жана Ибн Сина каза болгондо шакирти анын керээзин аткарып жатып, Ибн Сина кадимкидей жашарып жана кыймылдай баштаганда апкаарып-толкундануудан айнек идишти колунан түшүрүп алып, тажрыйба улантылбай жана керээз ишке ашпай калгандыгы жөнүндөгү аңыз алиге эл ичинде уламыш катары айтылып келе жатат.

Педагог, окумуштуу жана акын

Ибн Сина тарбиячы-педагог катары да белгилүү. Баланы тарбиялоо жаңы төрөлгөн балага уккулуктуу, айтууга оңой ат коюудан башталат деп эсептеген. Наристе баланын тарбиячысы ата болууга тийиш деген. Ошондой эле ар бир уул бала жана кыз бала билим алууга тийиш жана кол өнөрчүлүктү билүүлөрү зарыл деп эсептеген. Анын пикири боюнча мектепте окуучуларга бардык жактан үлгү боло турган гана адамдар иштөөсү зарыл. Мугалим кичи пейил, адилет жана тарбиялоонун түрдүү усулдарын билүүгө тийиштигин белгилеп, кайдыгер, көңүл кош болбошун эскерткен. Мугалимдин жүрүм-туруму балдарга үлгү болгондо гана балдар жакшы тарбия алат  деп эсептеген.

Ибн Сина рубаи (төрт сап ыр) формасында жазылган ырлары менен бизге акын катары да таанымал. Ал дүйнөлүк поэзияга рубаи жанрын киргизген. Анын философиялык рубаилери өтө көркөм келип, дүйнөлүк адабиятка абдан таанымал.

Ибн Сина Жердин географиялык абалын, тоолордун пайда болушун, материянын козголушун, өнүгүшүн, өсүмдүк жана жан-жаныбарлардын өсүп-өнүгүшүн, кен байлыктардын минералдан куралуу теорияларын изилдеген. Ал минералдуу кен катмарлары, темир, күйгүчтөр, туздар деп төрт түргө бөлүп, тарыхта тунгуч ирет 50 минералды толук сыпаттап жазган. Анын ааламды жеткире изилдеген философиялык эмгеги “Даныш-Наме” (“Билим китеби”) деп аталган.

Ибн Сина 300дөн ашуун эмгек жазып, илимдин көптөгөн тармактарын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Анын ичинде логика, математика, физика, метафизика, астрономия, музыка, ботаника, зоология ж.б. илимдердин негиздүү маселелерин камтыган жана илимпоздун өз көз карашын чагылдырган “Шыпаа китеби”, “Нускоо жана насият китеби”, “Илим-билим китеби” ж.б. философиялык чыгармалары бар.

Жаңыны ким эле жактырсын?

Ибн Сина өзүнүн туура ой-пикирлери, сунуштары, идеялары үчүн көзү барда көп кордук, азап-тозок көргөн, кыйноолорду тарткан. Айрым бийлик эгедерлери, эмирлер анын дарыгерлиги менен даанышмандыгына тан берип, ордо кызматтарына, вазирликке көтөрүшсө, айрымдары анын эркин ойлонуусун жактырбай куугунтукка алышкан. Дүйнөнүн материалдык түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү идеясы дин кызматкерлерине жакпагандыктан, катуу куугунтукталган. Ибн Сина өз өмүрүндө бир нече жолу камакка алынган, ал турсун өлүм жазасына да тартылган. Көп ирет үй мүлкү талоонго түшкөн. Ал кара жанын калкалап шаардан шаарга качкан. Барган жеринде анын дарыгерлиги, акылмандыгы бийлик башындагылар тарабынан дароо эле колдоого алынып, бирок, алдыңкы идеялары үчүн тез эле кайрадан куугунтукка түшүп турган. Ошого карабастан ал кайда гана болбосун ишмердүүлүгүн уланта берген. Ошондой катаал шартта да анын зор илимий мектеби болуп, Бахманер, Жүзжанин, Насиреддин Туси, Омар Хаям ж.б. сыяктуу жакынкы жана орто чыгыштын ири илимпоздору анын шакирттери болуп эсептелет. Ибн Синанын өмүр баяны жана эмгектери жөнүндөгү маалыматтарды топтоп, кийинки урпактарга мурастоодо анын шакирти Абу Убайт Жүзжаниндин эмгеги зор. Мына ушундай ири куугунтуктоолордун натыйжасында Ибн Сина өмүрүнүн акырын жакырчылыкта өткөрүп, 1037-ж. Ирандын Хамадан шаарында, 57 эле жашында адам катары далай азап-тозокторду башынан кечирип каза болсо да, орто кылымдагы Орто Азия элдеринин атактуу аалымы, улуу ойчул-энциклопедиячы катары кылымдардан кылымдарга экинчи өмүрүн сүрө бермекчи. Анын илимий жана чыгармачылык эмгектери бүгүнкү күндө да али өз күчүндө.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Комментарий кошуу