Алтай жомогу
Күн жылымык тартып жаз келгенде каркыра Алтайга учуп келди. Өзүнүн тааныш сазына конду. Буттары менен жер чапкылап, канаттарын күүлөп, өзүнчө ырахатка батып аткан.
Жанынан ач түлкү шимшилеп өтүп баратып аны көрүп калды. Каркыранын ойноп-жыргап атканына таң кала, тамшана минтти:
– Карайм-карайм, көргөн көзүмө ишенбейм – каркыра бийлеп атат! Ал бечаранын эки эле буту бар эмеспи!