Кыргыз жомогу
Дөбөдөй болгон чоң аю муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч бир жазыгы жок байкушту кулагынан чойгулап кыйнайт. Өлүмгө жеткирбесе да эсин оодарганга чейин алпарат. Ошондо коен капаланып:
– Кулак жазылар, көздүн жашы кургар, бирок ушунча кордук көрө турган эмне жазыгым бар! Аю токойдогу аңдардын чоңу, күчтүүсү, карышкыр менен түлкү араларынан кыл өтпөгөн ысык достор. Эми мен кимге корголойм? – деп арман кылат өзүнчө.