Өз кемчилигин ойноштор гана бири бирине көрсөтпөйт


Пьер БУАСТ
(1765-1824), француз афористи жана лексикограф  

 Нике – чоң утушка ээ болуп калармын деп ар ким ишенген лотереядай.

***

Саясат менен көз таңмай экөө окшош. Баарынын көзү таңылуу: кээси гана жол тапса табат.

***

Эгер адам баласынын баардык каалаганы аткарыла берсе, жер бети тозокко айланмак.

толугу менен

Дүйнөлүк адабияттан: Жөргөмүштүн желеси


Рюноскэ АКУТАГАВА
АҢГЕМЕ

Бир жолу Будда өзү жалгыз бейиштин шалбаасында сейилдеп жүрдү.

Шалбаанын баардык жерин акактай аппак суугалдактар[1] курчап, алардын алтын түстүү жүрөкчөлөрүнөн жагымдуу жыттар аңкып турду.

Бейиште ошол маалда эми жаңы таң аткан.

Ой кучагындагы Будда капысынан суу үстүндөгү суугалдактардын жайылган жалбырактарынын арасындагы суу терезесинен Суугалдак көлмөсүнүн тереңинде эмнелер болуп жаткандыгын көрүп калды.

Толугу менен

Жаңы анекдот көз жарды


%d1%80%d0%b0%d0%b9-%d0%b8-%d0%b0%d0%b4_2

Турсунбек Акундун түшү

Түшүндө Турсунбек Акун одүйнөнүн эшигин тоскондордун арасына кошулуп калат. Бир убакта босогодон Курманбек Бакиев кирсе, эшик тоскондор аны түз эле бейиштин бөлмөсүнө жетелейт. Анын артынан Алмазбек Атамбаев башбагып кирсе, эшик тоскондор аны тозоктун бөлмөсүнө жетелеп баратканын көргөн экс-акыйкатчы чыркырап жиберет: «Эй, силерде акыйкаттык деген барбы?! Бейишке кирчү кишини тозокко, тозокко барчу кишини бейишке апаратасыңар» десе, эшик тоскондор:

Толугу менен