МУСУЛМАН САНАТЫНАН
СААДИ
(1203 же 1210–1292 ж.ж. аралыгы), перс акыны жана даанышман
Адатта, арстанды эшектен жогору коюшат, бирок адамга кол салган арыстандан көрө кулагы узун эшек артык экени кеп кылынбайт.
* * *
Пайдасыз жан үрөгөн эки адамды билем: бирөөсү байлыкка ээ болуп, бирок жыргалын көрбөйт, бирөөсү турмушка керексиз илимдин артынан түшүп алат.
* * *
Алсыз душманды тоотпостук – кенедей учкун алоолонгон өрткө айланып кетерин күтпөгөндөй кеп.