Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: “Адамдык кудурет”


ӨНӨРКАНА 

Эч ким мени дүйнөгө өзүмдөй айтып бералбайт. Адам аткарган иши, ачкан ачылыштары болобу, айтор, кай тарабынан болбосун, элдин элегинен өтөт. Алардан өзүңдү жашырам деш, акылсыз далбаса. Мен туулган, турган турпатым менен өз китебимдемин.

толугу менен

Жазуучу Мурза Гапаровдун досу Азиз Сейитбеков менен маек


Мурзакем Мургабда…

Адам тагдырында ар кандай жолугушуулар болот: бир жолугушуу дароо эстен чыгат, жолуккан адам экөөң бири-бириңди алеки замат унутасың, ал эми айрым жолугушуулар өмүр бою эсиңден чыкпайт, а түгүл дал ошол жолугушуу сенин өмүрүңдө бурулуш жаратат. Жазуучу, драмачы, киночу Мурза Гапаров менен айылдык мугалим Азиз Сейитбековдун 1962-жылдагы «дүйнөнүн төбөсү» Памирдеги жолугушуусу да ошол алардын өмүрлөрүнө өчпөс из калтырган. Мурза Гапаров жарык дүйнөдөн кеткенине он төрт жыл болуп калды, ал эми анын досу Азиз ава Тажикстандын Мургабынан Кыргызстандын Сары-Өзөн Чүйүнө келип орун-очок алып калганына да бир топ жыл болуптур. Экөөнүн бириктирген – мугалимдик кесиби, же теңтуштугу гана эмес, ички дүйнөлөрүнүн жакындыгы экендигин мен сексендин кырына келген Азиз ава менен баарлашып отуруп дагы бир жолу ынандым. Сөз жазуучунун Памир мезгилине арналды. Ал кезде – 1962-жылы  Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин жаңы бүткөн жаш жигит романтикалуу турмуш издеп Тажикстандын Мургаб районуна аттанат. Дал ошол Мургаб жылдары анын «Кара-Көлдүн каздары», «Жол кырсыгы» деген аңгемелеринде, «Кыштакча» повестинде, «Ак поезд» деген киносценарийинде мыкты чагылдырылган.

Толугу менен

Бейтааныш аялдын каты


Автор тууралуу

Австриялык атактуу жазуучу Стефан Цвейг 1881-жылы Вена шаарында туулган. Адабиятка эрте аралашып, он тогуз жашында алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган. Бирок ал дүйнөлүк даңкты ырдан эмес, новеллаларынан тапты. Адам тагдырына аябаган жапакечтик менен жазылган терең психологиялуу, нукура көркөм новеллаларынын бир тобу дүйнөлүк маданият кенчинен орун алды. Гитлер бийликке келип, Германияда фашизм доору башталганда, гуманист жазуучунун китептерине тыюу салынган. Австрияны фашизм басып алганда ал Ата Журтунан алыс качууга аргасыз болуп, Европаны фашизмдин өртү каптап, бардык идеал, үмүттөрү ошол өрткө күйүп жатканын көрүп, Стефан Цвейг 1942-жылы өз өмүрүн өзү кыйган.

Толугу менен

Хемингуэйдин чыгармачылык портрети (1-маек)


ӨНӨРКАНА

Лилиан РОСС

 Америкадагы ашкан улуу романист, нары чакан аңгеменин жетик чебери Эрнест Хемингуэй эле болсо керек… Ал киши Нью-Йоркко анда санда гана болбосо, көп келүүчү эмес. Аялы жана тогуз кызматкери менен Гаванадан тогуз чакырым алыс Фринк Виджиа фермасында эч жакка чыкпай, узак жылдардан бери жашап келе жатат. Карамагында 52 мышык, 16 ит, 200гө жуук көгүчкөн, 3 ую бар. Нью-Йоркко болсо, жол үстү гана тие кетүүчү.

1949-жылдын аяк ченинде Хемингуэй Европага баратып, Нью-Йоркко бир нече күн аялдады. Мына ушул учурдан пайдаланып мен ага кезигишсек деген оюмду айтып кат жаздым. Машинкага бастырылып, мага жиберилген жооп катта: «Кезигишүүгө каршы эмесмин, аэропорттон көрүшөлү. Мен өзүм жактырбаган кишилерди көргүм келбейт. Келгенимди билдирип, элге дабран салууну да, бирөөлөргө убактымды бөлө берүүнү да жактырбайм, – деп жазыптыр, – Бронкстеги зоопаркта, Метрополитен музейинде, азыркы заман көркөм өнөр мүзейинде, табият тарыхынын мүзейинде болгум келет. Бокс оюнун жакшы көрөм. Метрополитендеги Брейгель өңдүү асыл адамдардын сүрөттөрүн, бир эмес, эки Гойяга татырлык жакшы сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын, Эль Греконун «Толедосун» көргүм келет. Ал эми, Тутс Шоруга (Нью-Йорк борборуна жайгашкан жазуучулар, сүрөтчүлөр жана артисттер келүүчү ресторан) баргым келбейт. Шаардан кетээр кеткенче эч кимге сөз айтпоого тырышам. Түнкү барларга да барбайм. Басма сөз өкүлдөрү менен кезигишүүдөн баш тартууга да болбойт. Кыскасы, убактым жолдош-жоролорумду көрүүгө гана жетет».

Толугу менен

Ит атаар жана башкалар


Устат-шакирт өнөрканасы

Мен билгени «Күн тууду» Салижан Жигитовдун энтамгадай көргөн чыгармасы, эңсеген суусуну эле. Эңсеген суусун эсиме келгени: «Ушул «Ит атаарымды» ийине жеткире иштеп өлсөм арманым жок эле, түп-тамырынан бери кайра жазмакмын, роман кылмакмын» – деп, башкасын билбейм, мага көп ирет айтты. Мен уюштуруп, гезитке жарыяланган кайсы бир интервьюсунда: бу кытай жазуучулары жаш кезинде каражат топтоп, карыганда нык отуруп жазат экен, мен кудай урганда, акча чогултканга да жарабапмын маанисинде масел айтып, кайрадан «Ит атаарын» кыйытканы бар. Көр оокаттын көйгөйү болбосо, айлык акы, кызмат деп ак урбай, ойду бир жерге топтоп, ушул романымды бүтүрөр элем дегени. Мен анда шап ооздонуп, Фолкнердин бир каймана сөзүн айтсам: «А кудай урган, анысы да бар» – деп каткырган. Фолкнер француздардын «Жаштык билсе… карылыктын каруусу жетсе…» деген ылакабын алып, анда гениалдуу чыгармалар дүйнөгө жамгырдай жаамак, тилекке каршы, жазуучу жаш кезинде жазып атканын түбүнө түшүрө билбейт, качан билгенде, карылык келип, каруу-күчү жетпейт маанисинде чечмелеген.

Толугу менен

Уильям Фолкнердин жазуучулук өнөрканасы…


Виргиния университетинин студенттери, окутуучулары менен аңгеме

Суроо: Готорн өмүрүндө оң каармандын образын түзө албаптыр. Анткен менен ал түзгөн терс каармандар чыгармачылык залкарлыгынын өзөгү болуп калды. Мындан биз, оң каарманга караганда терс каармандын образын оңой деп ойлосок болобу?

Жооп: Бул, жазуучунун кулк-мүнөзү, таалим-табитине эле эмес, дегеле адамдык табиятына байланыштуу болсо керек: дүйнөнүн жарык жактарынан көрө, караңгы жактарын чындыкка сыярлык, турмуштагыдай ишенимдүү сүрөттөө жеңил.

Суроо: Мистер Фолкнер, жазуучу болуш үчүн жогорку билим, сөзсүз, керекпи, же?..

Толугу менен

Айгүл тоо жана Мурза Гапаров


Мурзакенин 80 жылдыгына арналган эскерүү

murzakeАйгүл гүлүн бала кезден билем. Ал мезгилде гүлдөр тоонун этегине дейре кыпкызыл болуп жайнап өсөт эле. Боюбуз менен тең чамалаш узун гүлдү кучак-кучак толтуруп үзүп алып, үйгө көтөрүп келчүбүз.  Гүл муздак, жыты такыр жок, ошондой болгону менен өзү абдан кооз, коңгуроого окшогон  кызыл чанагы көз жоосун алат. Күндү, ысыкты сүйбөгөн гүл.  Ошон үчүн аны Айдын гүлү дешет. Ошон  үчүн ал тоонун  тескей жагына гана өсөт, күнгөй жагына такыр өспөйт. Көктөмдө гүлдөйт да  күн жаңыдан ысып келаткан апрель айынын аягында биротоло куурап калат.

Толугу менен