Абдыкерим МУРАТОВ: “Өзүмдү өзүм”


Шиңгил аңгемелер

Айлыма бардым. Жүрөгүм элеп-желеп, өзүм өзүмө батпай, сагынып, кусаланып, балалыгымды издеп жүрдүм…

Ар кимге жүгүрүп барам да, суроо узатам:

– Мени тааныйсызбы?

Атам жооп бербеди.

– Мени тааныйсыңарбы?

Инилерим унчукпайт.

толугу менен

Махабат кайрыктары


Атахан КОЖОГУЛОВ

ПОЭЗИЯ

* * *

Жүрөк жыргап күлкүсүн угат дагы,
Эске келет элеси булактагы.
Сүйдүм эле бир кызды суудай таза
Бешинчиби, алтынчы класстабы?

Түндү термеп, капыстан ооругандай
Жаман түштү, жакшыга жоругандай,
Көчөсүнө көп эле келип жүрдүм
“Жолугам” деп умсунуп жолугалбай.

Толугу менен

Жазуучу Бейшебай Усубалиев: «Жазуучулар деген – бул ыйык журт»


(1-маек)

Бүгүнкү коом турмушун карап отуруп, окурман көңүлүн жылытаар нерсени сыйпалап издейсиң. Издейсиң, отура бергиң келбейт… Издегениңди таппайсың же! Окурман көңүлүн сууткан окуялар, жаңылыктар күнүгө теле, күнүгө интернет, күнүгө гезит бетин талашат. Кым-куут заман баарын камгактай удургуткан азыркы доордо акылынан шоола жанган дервиштин алдынан жолугуп калсам дейсиң. А дервишке жолугуш кайда бүгүн… Дүйнөгө дервиштей адамдар гана түркүк эмеспи… Дүйнөгө түркүк болор, элге түркүк болор, арка болор инсанаттарды санап баштайсың. Алардын айрымдарынын көздөрү өтүп кетти, ата-а! А көбү өз арбайы менен жүргөн эл каймактарындай туюлат. Кээде-кээде азчылык арасындагы адам өңдүү адамдарга кезиге калганда шүгүр дейсиң кайра. Бирок алар бүгүн сүрмө топтон алыс. Элге айтаар сөздөрү жоктой, коомдон четтеп жүргөндөй… Бирок сүйлөшө келсең, көңүл жылый түшөт. Көңүлүң «жылт» дей түшөт. Ошондой адамдардын оозу менен окурман көңүлүн жылытышты ойлонуп отуруп, бир адамга көңүлүм тартып туруп алды. Ал – Бейшебай Усубалиев. Бу киши адамдын ички дүйнөсүн аңтарып салган чебер жазуучу экенин тээ студент курагымдан билем. Анда бу кишини көбү кыргыздын Шукшини дешчү. Азыр акын-жазуучулардын арасынан бирине бири жылуу сөз айтканы жок, анан алар окурман көңүлүн жылытмак беле. Окурман көңүлүн жылытаар киши азыр К.Жусубалиев же Б.Усубалиев. Тирүүлөрдөн ушул экөөнү кыйгап өтпөй окугула…Чыгармаларын окугула, маегин окугула… 

Толугу менен