1-кат
Кандай дос? Иштер ийгиликтүү өтүп атабы? Ден-соолуктар чыңбы? Үйдөгүлөрдүн баары жакшы жатышабы?
Эми мени сурасаң, баягыда 10-август күнү 2-автобус менен кеткем. 26-август күнү кайра келдим. Мына бүгүн 31-август. Ишке орноштум, бут үзүлгөнчө жүгүрүп жүрүп. Иш «Ленин жолу» газетасында. Должность зам. нач. областного литературного отдела.
Эми бир аз лирикалык чегинүү жасабаса болбойт. Баягыда мага капа болгон жоксуңбу? Бара деле берет элем үйүңөргө, бирок ошол күнү эмнегедир настроение жок эле. Сен ага капа болбо. Менин анча-мынча кыялымды түшүнөсүң го.