Аңгеме
Ийинине өрүк как салынган чоң баштыкты көтөрүп, атасынан калбай басып келаткан секелек кыз болгону жети жашта, быйыл биринчи класска барат. Ал ийини оор жүктөн талып, ооруганына карбай, кадамын ыкчам койгонго аракет кылды. Чекесинен эчак тер кеткен, тизеси калчылдай баштады, энтигип да калды. Бирок кадамын басаңдаткан жок. Антсе атасынан калып калат, бу чоң, чоочун шаарда бир паста адашып кетчүдөй…
Үйдөн таң азанда чыгышкан, базарга дегдеген кыз эртең менен нанүштө да кылган эмес. Атасы базарга жөнөгөндө балдарын чанда гана өзү менен ээрчитет. Ал жалгыз барганды жакшы көрөт. Бу кыздын атасы жумасына бир ирет тажиктердин Исфара шаарындагы базарына жарым мүшөктөн көбүрөөк өрүк алып келип, сатып үйгө эт-аш, чай-чамек, иши кылып бир жумага жетерлик кем-кетигин бүтүрүп кетип жүрөт. Кыздын атасы ушинтип жума сайын айлап, жылдап өмүрү өткөнчө каттады. Өрүк багы бу кишинин үйбүлө бала-чакасын өмүр бою бакты. Ушуга шүгүр, антпесе колхоздон айлык жок, кээде гана буудай берип койгону болбосо, кайдагы пул. Ошон үчүн өрүк багын бу киши көз карегиндей сактап, убагында сугарып, түбүн жумшартып, баладай бапестеп асырады.
Толугу менен