Дүйшөн КЕРИМОВ: «Казак боорума кат»


Мына, Чүй дарыясын бойлой тикенек зымдан куралган “сепил” пайда болгонун баарыбыз көрүп келебиз. Кезегинде мындай заардуу тосмо,  балалыгым өткөн Ак-Сай өрөөнүндө СССР-Кытай чегарасын ажыратып турар эле. Азыр эми эсил кайран союз кулагандан бери чейрек кылым өттү, анын бири жок, тосмонун изи жок. Деги ар кандай тосмо, коргон менен абаны, сууну, кушту, ошол куштай кайкып учкан адам көңүлүн, кыялын, сүйүүсүн… токтотууга болобу, боорум!

толугу менен

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу: «Тизгинжаяр»


Азис окурманым!

Ушинтип, Сиздин назарыңызга дагы бир жаңы китеп сунулду – Коом-Мамлекет тууралуу. Сөздүн ырасы, мен бул жакка азыр (азырынча) кайрылбайм го, башка сансалаалардагы саргарып күтүп жаткан иштеримден башым-колум бошобойт ко деп ойлоор элем жана учурундагы узанган кызуу иштерим да ушул багытта эле. Анткени, 2012-жылы жарык көргөн «Теңирчилик. Коом-Мамлекет» китебимде бул маселеге байланышкан ой толгоолорду бир сыйра жыйнактап болгондой элем.

толугу менен

Чоюн  Өмүралиевдин  изилдөөсү жөнүндө учкай кеп


Улуттук дүйнөтааным, өзүн-өзү таануу, өзүн өзгөгө таанытуу жана өзгөнү өздөй таануу уңгусуна сүңгүп кирип, көчмөн дүйнөнүн түпкүрдөгү түбүн аңтарып, андагы оош-кыйыштарды бүгүнкү дүйнөтааным илиминин бийик сересинде саресеп салганга батыл киришип, бадырактай барсайган оригинал ойлорду ортого таштап, «мына, бүгүнкү аалымдар, ушуларды аңдоого акылыңар жетеби, кабылдоого кабыргаңар менен кеңеше аласыңарбы» – дегенчелик кылып, кыргыз эле эмес 21-жүз жылдыктын дүйнөтаануучуларынын алдына үзүктөй-үзүктөй собол таштаган ойчул (минтип атагандан жазгана албайм), өзөктүү чындыкка өчү бардай умтулган өжөр, улуттук чектеги алкактан эле угут алып, бирок дүйнөлүк рухий-нравалык жана табигый илимдерди жуурулуштура жумуру башына сиңирген аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ чыгыш таануу илиминин, жалпы эле дүйнө таануу илиминин өзөктүү көйгөйлөрүнүн бир өңүрүн түрө салган экен.

толугу менен

Таалайбек АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (3-БӨЛҮК)


1-БӨЛҮК жана 2-БӨЛҮК (ушул эки шилтемеден ачылат)

  1. Калькалоо

Буга чейин белгиленгендей,  котормо  тилинде  жок  бирдиктер транскрипция же транслитерация менен эле эмес, кээде калькалоо ыкмасы (французча calque «көчүрмө»  деген  сөздөн  алынган) менен да  которулат. Мында  сөздүн  же  сөз  айкашынын  курамдык  бөлүктөрү  (сөз  болсо – морфема,  сөз  айкашы  болсо –  лексема)  котормо  тилинин  тиешелүү бирдиктери  менен  берилет.  Калькалоонун  маңызы  –  түпнусканын лексикалык  бирдигинин  структурасын  көчүрүү  менен  котормо  тилинде жаңы сөз же сөз айкашын жаратуу.  Мисалы: superpower – супердержава – супердержава; mass culture – массовая  культура – массалык  маданият, green revolution – зелёная революция – жашыл революция.

толугу менен

Чоюн Өмүралиевдин жандоочусу


– Чоюнду көрүп жүрөсүңбү?

– О, канча болду аны көрбөгөнүм…

– Деги ал өзү каякта?

– Кытайда жүргөнүн укканым бар…

– Өгүнү шаарда жүргөнүн көргөндөр бар экен, өзүм көрө албадым.

– Мен да жолуксам, колун кысып коёт элем…

толугу менен

Жаңычыл Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ тууралуу


Жазуучу, публицист, тарых, философия жана табигый ар тармак илимдеринин синтезине чыгып ой калчаган энциклопедист-аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ 1952-ж. 10-январда Фрунзе шаа-рында төрөлгөн. Автор өзүнүн үй-бүлөлүк эскермелеринин биринде жазгандай, ал эки күчтүү таза булактын туундусу.

толугу менен

Таалай АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (2-БӨЛҮК)


1-БӨЛҮК (ушул шилтемеден ачылат)

ТРАНСЛИТЕРАЦИЯ  ТАЗА  ТҮРҮНДӨ  СЕЙРЕК  КЕЗДЕШЕТ 

Котормо тексттердин типтери

Котормо практикасын  жана  азыркы  котормотаануу  илиминдеги түшүнүктөрдү  системалуу  түрдө  талдоо  котормолордун  бирдиктүү типологиясын  түзүүгө  мүмкүнчүлүк  берет.  Котормолорду  типтештирүү төмөнкү параметрлер боюнча жүргүзүлөт:

толугу менен

Таалай АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…»


1-БӨЛҮК

Атактуу  жазуучу  Чыңгыз  Айтматов  алгачкы  «калем акысы»  болгон бир  жилик этти орусчадан  кыргызчага,  кыргызчадан  орусчага  которуп, тилмечтик  кылуу  менен  алган  экен.  Жазуучунун  эскерүүсүнө  караганда, бул мындай  болот: Жайлоого  алып  келишкен  зоот  айгырлардын  бири  уу чөп жеп алып, өлүп калат да, ушундан улам жакадан келген орус зоотехник менен  жылкычылар  тил  билбегендиктен,  бири-бирин  түшүнө  албай коюшат. Айла  кетип  турганда,  жылкычылардын  бири  эстей  коёт  да,  беш-алты жаштагы Чыңгызды алып келишет. Жергиликтүү жылкылар уу чөптү жебесин,  ал  эми  зоот  айгыр  аны билбестен  жеп  алып,  өлүп  калганын которуп  айтып  бергенде,  тигилер  бири-биринин  кебин  түшүнүп,  ыраазы болгондуктан, Чыңгызга бир жилик эт беришкен экен.

толугу менен

Нуралы КАПАРОВ: “Адашкандар жөнүндө ода”


«Чын. Билем. Өмүр кымбат…
От жагып жылуу үйдө жашайын дейм
чиркин-ай, көмүр кымбат»
деди да Абитайым жатып албай
төштөгү сарайдагы
тезек чапкан чабандарга кезек берип,
алардан арткандарын түк калтырбай
келди да тезек терип,
тепкедей жерди болжоп арадагы
тоодой тезек түшүрдү
түтүн чыкпай томсоргон
төрт бөлмөлүү үйүнө калаадагы.

толугу менен

Жолдош ТУРДУБАЕВ: «Сыйлык, наам сый-урматты арттырса…»


«Учу-кыйырсыз асманда каалгый учкан айры куйрук сөөк көмүүгө бараткандарды баштаган төөчөн кишинин төшүндөгү жалтырак нерселерди көрүп таң калды». Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынан

Бул темада жазарда эки мисалды эстедим.

1) Узак жылдар бою ушул жупуну, бирок жооптуу кесипти аркалаптыр. Бир айдай иштешкенде анын өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасаганын көрүп, ыраазы болгонмун: ар бир сөздүн, сүйлөмдүн эле эмес, бүтүндөй тексттин кемчилигин дароо байкайт, өзгөртүү сунушун редакторго айтмайынча жаны тынчыбайт. Гезит даярдалып бүтпөй кечиккенде, түн ортосуна чейин редакцияда кармалып жүргөн учурлары көп болгон экен. “Грамота сурап Ак үйгө канча ирет барганмын, – дейт пенсия курагына жакындаган корректор эже. – Кызым теңдүүлөр алган сыйлыктан куру калып жүргөнүмө арданбасам, сурабайт элем”.

толугу менен