АЛЬ-ФАРАБИ


БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Күн чыгыш элдеринин илиминин өнүгүшүнө бирдей таасирин тийгизген улуу илимпоз, саякатчы, географ, тарыхчы, философ, адабиятчы, музыка таануучу, математик, астроном, теолог, б.а. ошол замандын теңдешсиз энциклопедиячысы Абу Наср Мухаммед ибн Тархан аль-Фараби 870-жылы Казакстандын азыркы Чымкент облусундагы Отрар шаарында төрөлгөн. Уруусу кыпчак болгон. Ал мезгилде Отрар шаары арабча Фараби деп аталган. Демек, Фарабинин ысымы чыгыш илимпоздорунукундай эле кийин ошол шаардын аты менен аталып калган.

Фарабинин балалык чагы Сыр-Дарыянын боюнда өткөн. Ал өз курбу-курдаштарынан илим-билимге болгон зиректиги менен айырмаланган. Эл ичиндеги айтылып жүргөн аңгеме-жомокторду, ыр-дастандарды көңүл коюп угуп, көкүрөгүнө түйгөн. Отрар медресесинен окуп, анын китепканасындагы кол жазмаларды толук окуп чыккан. Кийин ал ошол кездеги ири маданий борбор болуп турган Багдадга келген. Ал жерден Аристотель, Евклид, Птолемейдин эмгектери менен таанышкан. Кийинчерээк Орто жана Кичи Азияны кыдырып, өмүрүнүн акырында Сирияга келген. Араб, латын, фарсы, грек, хинди ж.б. бир катар тилдерди үйрөнгөн.

Өзү абдан тырышчаак жана эмгекчил болгон. Бир маалымат боюнча Аристотелдин “Физикасын” 40 жолу, “Риторикасын” 200 жолу окуп чыккан экен. Фараби негизинен философия боюнча эмгектерди жазып, Аристотелдин жолун жолдоочу катары таанылган, ошол эле учурда Аристотелди философ, окумуштуу катары Фараби дүйнөгө тааныткан. 25-30 жаштарында эле чоң илимпоз катары белгилүү боло баштаган. Ошол мезгилдеги илимдин бардык тармактары боюнча 150дөн ашык эмгек жазган. Анын “Музыка боюнча чоң китеп”, “Илимдер тизмеги”, “Органон”, “Философиялык илимдин туусу”, “Табигат менен адамзат”, “Кайырлуу калаа” ж.б. эмгектери бизге белгилүү. Ошол мезгилдеги көптөгөн чыгыш илимпоздору андан таалим алышкан жана аны өзгөчө урматтап, “экинчи устат”, “экинчи Аристотель” аташкан.

Фараби ошол кездеги илимдин бардык тармактары менен тааныш болуп, логика, медицина, философия, музыка, математика, астрономия боюнча көптөгөн эмгектерди калтырган, аларды жаңы багытта өнүктүргөн. Өзү чоң музыкант, ырчы жана акын да болгон. Домбра, комуз сыяктуу аспаптарды өзү жасап, өзү чертмек түгүл күү да чыгарган. Ал изилдеп, өнүктүрбөгөн бир дагы илим тармагы жок. Аль-Фарабинин эмгектери Ибн Сина менен Омар Хаямга чоң таасир берген.

Фараби 950-ж. Дамаск шаарында каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Комментарий кошуу