Баланы туура тарбиялоо жолу


KӨPKӨM ЧЫГАРМАЛАРДЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ

Балдар көркөм адабияты жаш муундарды ар тараптан тарбиялоонун куралы катары кызмат кылуу менен алардын эстетикалык, нравалык сезимдеринин өсүшүнө жана калыптанышына, образдуу көркөм сүйлөөсүнө, өз ой-пикирин системалуу, туура айтып бере билүүсүнө, эне тилдин байлыктарын түшүнө жана аны пайдалана алуусуна зор таасирэтет. Көркөм чыгармалар бөбөктөрдүн түшүнүгүн кеңейтип, акыл-эсин өстүрүп, алардын ар нерсеге болгон кызыгуу жөндөмдүүлүктөрүн активдештирет.

Мектеп жашына чейинки балдар китепти окуй алышпагандыктан алар угуучулар катары гана эсептелет. Ошондуктан көркөм чыгармалар менен жаш бөбөктөрдү тааныштырууда жана үйрөтүүдө башкы роль тарбиячы менен ата-энеге таандык. Демек, алар көркөм чыгармаларды бөбөктөргө тааныштыруунун жол-жобосун, ыгын жакшы билүүлөрү зарыл.

Ар бир көркөм чыгарма менен тааныштыруу иши максатка ылайык пландуу, системалуу түрдө жүргүзүлүүгө тийиш.

Ыр, жомок, сүрөт бөбөктөрдүн түшүнүгүндө, жашоо турмушунда айлана-чөйрөсүн таанып билүү, үйрөнүү менен бир мезгилде пайда болот. Эң алгачкы учурда бөбөктөр ырлардын, сөздөрдүн угулушун, ритмин гана кабыл ала алышат.

Ошондуктан бөбөктөрдүн аң-сезимине таасир этүүчү ритмге бай келген угулушу жагымдуу, таасирлуу көркөм чыгармаларды тандап угузуунун мааниси бар. Чыгармалардын мазмунун толук түшүнүү үчүн бөбөктөр улуу кишилердин кайталап айтып берүүсүнө муктаж болушат.

Алар улуу кишилер менен бирге өзүлөрүнө жаккан, сезимине таасир эткен сөз саптарын туурап кайталоого аракеттенишет. Бул болсо бөбөктөрдүн өз алдынча сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өстүрүп, көркөм сөзгө болгон активдүүлүгүн, кызыгуусун пайда кылат, көркөм чыгармалардагы ритмдерди сезе билүүгө көмөк көрсөтөт. Бара-бара бөбөктөр чыгарманын маанисине терең түшүнө башташат.

Акын, жазуучу жана сүрөткер өзүлөрүнүн чыгармаларында айланадагы турмушту, кубулушту канчалык кылдаттык, тактык менен туура, образдуу чагылдырса, ал бөбөктөргө ошончолук ачык, так    түшүнүктүү келип, алардын ой жүгүртүүсүн, ар кандай таасирленүүлөрүн пайда кылат.

Көркөм чыгармалардын таасири аркылуу бөбөктөрдү жаратылыштын кооздугун көрө, сезе билүүгө, аны сүйүп баалай билүүгө тарбиялоо бөбөктөрдүн эстетикалык табитин калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Бөбөктөрдү жомоктор өтө кызыктырат, жомокто элдин ар кандай доордогу турмуш-тиричилиги, айлана-чөйрөгө болгон мамилеси, күрөшү, келечек жөнүндөгү ой-максаттары, үмүт-тилектери чагылдырылат эмеспи. Жомоктор жана ырлар менен бөбөктөрдү тааныштыруу иши жөнөкөйдөн татаалга карай дидактикалык принциптин негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш. Башкача айтканда, элдик оозеки жана акын-жазуучулардын чыгармалары бешик ырларынан, жөнөкөй ыр саптарынан, көңүл ачуу оюндарынан жана көңүл коюучулукту талап кылуучу жомокторду, аңгемелерди үйрөтүүдөн турат. Кенже курактагы балдарга сунуш кылынган бешик ырларында этикалык, адептүүлүк тарбиянын элементтери бар экендигин белгилөөгө болот.

Элдик оозеки чыгармалар элдин кылымдан кылымга сакталып келген акылмандуулугун, үрп-адатын, образдуу көрктүү тилин чагылдырат. Ошондуктан көркөм чыгармалар аркылуу бөбөктөрдү ар улуттун маданияты, үрп-адаты, образдуу көркөм тили менен тааныштыруу керек.

Орус элинин классик-жазуучусу  Л.Н.Толстой балдарды адептүүлүк жактан тарбиялоодо жана тил байлыгын калыптандырууда китептин тарбиялык маанисин өтө бийик баалаган. Балдар үчүн атайын аңгемелерди, жомокторду жазган. Көрүнүктүү педагог К.Д.Ушинский балдарга арнап ар түрдүү темада чыгармаларды жараткан. Анын чыгармалары элдик чыгармалардын негизинде кайрадан иштелип чыгып, жаңы идеяга, жаңы көркөмдүүлүккө ээ болгон. Анын адамдар, буюмдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр жөнүндөгү түшүнүктөргө бай чыгармалары жеңил, жөнөкөй тил менен жазылып, бөбөктөрдүн өз оюн ачык, так бере билүүгө үлгү көрсөтүп, логикалык ойлоосун өстүрүүгө багыт берип тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Анын жаратылыш жөнүндөгү чыгармалары мазмунунун тереңдиги, поэтикалык өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат.

Кыргыз элинин демократ акыны Тоголок Молдо менен билгилүү акын А.Осмонов да элдик оозеки чыгармаларды кеңири пайдаланышкан жана анын негизинде жаңы идеядагы, жаңы формадагы не бир сонун-сонун чыгармаларды жаратышкан.

Тоголок Молдонун «Абышка-кемпирдин көмөчү», «Жер жана анын балдары», «Торпогум», А.Осмоновдун   «Түлкү менен каздар», «Балдар менен турналар» сыяктуу чыгармаларында балдардын күлк-мүнөздөрү, оюну, ар нерсеге болгон ынтызарлыгы зор чеберчилик менен сүрөттөлгөн.

Ар кандай оюндар бөбөктөрдү айланасындагы кубулуштарды, көрүнүштөрдү ой жүгүртүп байкай билүүгө, аны терең баамдап түшүнүүгө, ар бирин өзгөчөлүктөрүнө жараша айырмалоого жана ага карата мамиле кылууга тарбиялоодо зор роль ойнойт.

Көркөм чыгармалар бөбөктөрдү моралдык жүрүм-турумдун нормаларына тарбиялайт. Анда балдардын кубанычтуу, көңүлдүү жүрүм-турумдары, күлк-мүнөздөрү, жигердүүлүгү, чечкиндүүлүгү, тайманбастыгы сыяктуу сапаттар сүрөттөлөт. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр көркөм чыгармадагы окуяларды угуу менен өзүлөрү кошо аралашып жүрүшкөндөй сезишет.

Ошондуктан чыгармадагы катышуучу баатырлардын оң образдары бөбөктөргө үлгү, таалим болуу менен аларды ошондой болууга чакырат. Ушундан улам бара-бара бөбөктөрдүн мүнөздөрү, өздүк сапаттары калыптана баштайт, ошондой эле көркөм чыгармалардын таасири астында бөбөктөрдүн маданияттуу жүрүм-туруму пайда болот. Ошондуктан маданий жүрүм-турумга, адептүүлүккө тарбиялоочу, жолдоштору, теңтуштары, улуу кишилер менен өз ара карым-катышта болууда өрнөк болорлук чыгармалар менен бөбөктөрдү көбүрөк тааныштыруунун, бул ишти ар кандай ыкмалар менен айкалыштыруунун ролу зор.

Көркөм чыгарма бөбөктөрдү жоопкерчиликке, өз милдетин сезе билүүгө да тарбиялайт. Башкача айтканда, өзүнөн кичинекейлерге кам көрүүгө, ата-энелерин, улуу кишилерди, теңтуштарын урматтоого, сылык мамиле жасоого тарбиялайт. Албетте, бөбөктөрдү мындай сапаттарга тарбиялоо жана аны калыптандыруу оңой-олтоң иш эмес, ал тарбиячылардан, ата-энелерден системалуу тарбия ишин, узак убакытты, чыдамдуулукту талап кылат. Көркөм чыгармаларда эмгекти сүйгөн, келечекке умтулган балдардын образдары да берилет. Бул жөнүндө көрүнүктүү педагог А.С.Макаренко балдар бүгүнкү күндөн эртеңки күндүн артыкча, сонун болорун сезиши керек деген. А.Токомбаевдин   «Ким болом», В.Маяковскийдин «Ким болгум келет» сыяктуу чыгармаларында келечекке умтулуу, үмүт-тилектер даана сүрөттөлгөн.

Мындай чыгармалар бөбөктөрдү өз күчүнө  ишенүүгө, келечекке умтулууга, өз алдына максат коюуга, келечекте кесипти тандоого алгачкы фундаментти түзөт. Ошондой эле бөбөктөргө курчап турган айланa-чөйрөдөгү түрдүү заттар жана кубулуштар жөнүндө да түшүнүк берет. Ошондуктан бөбөктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша алар жөнүндөгү ар кыл көркөм чыгармаларды окуп берип, түшүндүрүү ишин ырааттуу алып баруунун мааниси зор.

Мисалы, өзүлөрү күнүгө жеп жүрүшкөн нанды кантип даярдайт, өзүлөрү сүрөт тартып жүрүшкөн карандаштарды кайдан, кантип жасайт, үйдү эмнеден, кантип кимдер курат сыяктуу суроолордун тегерегинде тарбия ишин алып баруу бөбөктөрдүн жаратылыштын ар түрдүүлүгү, анын адам үчүн пайдасы, аны сүйүү жана коргоо, адамдардын эмгектерин баалоо жөнүндөгү түшүнүктөрүн кеңитет жана калыптандырат. Жаратылыштын ар түрдүү ажайып кооздугу, көрүнүштөрү женүндө жаңы түшүнүк берүүчү чыгармалар бөбөктөрдүн чаржайыт, так эмес түшүнүктөрүн тактап, системалаштырышат жана жаратылыш кубулуштары менен көрүнүштөрү жөнүндөгү бөбөктөрдүн кызыгуусун арттырат, аны андан ары терең үйрөнүүгө, ага карата аракет жасоого жол ачып, активдүүлүгүн көтөрөт. Бир зат менен экинчи бир заттын өзгөчөлүгүн айырмалап түшүнө баштайт, окшош жактарын салыштырышат, өзүлөрү аныктама берүүгө машыгышат. Өз түшүнүктөрүн жолдошторуна, ата-энелерине, тарбиячыларга системалуу айтып берүүгө көнүгүшөт. Өзгөчө айбанаттардын, канаттуулардын,  жерде-сууда жашоочу жаныбарлардын жашоо шарты, тиричилиги, өзгөчөлөнгөн айырмачылыктарын сүрөттөгөн чыгармаларды окуп берип, түшүндүрүү зор роль ойнойт. Ошондой эле кесиптин түрлөрү, илим менен искусство, маданият, техниканын жетишкендиктери менен тааныштыруу, мамлекеттик коомдук, көрүнүктүү жетекчилердин ишмердигин түшүндүрүү сыяктуу иштерди алып баруу керек.

Жомоктор, ырлар, бат айтмалар, жаңылмачтар, табышмактар, макал-лакаптар бөбөктөрдүн ойлоо жөндөмдүүлүгүн, ички дүйнөсүн кеңитип, образдуу, көрктүү сүйлөөгө үйрөтөт. Ошондуктан бул чыгармаларды бөбөктөргө тааныштыруунун ыкмаларын чыгармачылык менен пайдалана билип, убагын, мезгилин тандап алуу, алардын жаш өзгөчөлүгүн, билим деңгээлин эске алуу менен түшүнүк берүү, алган түшүнүктөрүн тактоо, бекемдөө жана калыптандыруу бул тарбиялоо ишиндеги негизги максат экендиги тарбиячылардын көңүлүнүн чордонунда болууга тийиш.

Төрт жашар бөбөктөр менен суу жөнүндө аңгеме жүргүзгөндө алардан: суу арык менен агат, муздак болот. Сууну ичебиз, сууга түшөбүз. Сууну мал да ичет деген жоопторду угууга болот. Ал эми суу жөнүндөгү  Ж.Бөкөнбаевдин «Жазгы суу» деген чыгармасын окуп берип, ал жөнүндө аңгеме жүргүзгөндөн, экскурсияга баргандан кийин суунун тоо башындагы мөңгүлөрдөн, карлардан, муздардан эрип пайда болорун, суу жалпы эле жашоо-тиричиликтин булагы, суудан электр тогу күйөрүн, талаага агып барып түрдүү эгиндердин, жер-жемиштердин, өсүмдүктөрдүн суусунун кандырарын айтып келип, жаз мезгилнндеги агын суунун киргилденип, алдас урган образдуу көрүнүштөрүн элестүү түрдө түшүндүрүүгө болот.

Жаратылыштын ажайып кооздугун, кубулушун, ажарын сүрөтөгөн чыгармаларды окуп бергенден кийин балдар жаратылышка өз каалоолору боюнча кылдат байкоо жүргүзөрүн айта кетүүгө болот. Алты жашар бөбөктөргө А.Токомбаевдин «Кайсы кез» деген чыгармасын окуп бергенден кийин, алар жылдын төрт мезгилинин өзгөрүшүн, алмашышын, ар биринин адам баласынын жашоо-тиричилигиндеги маанисин терең баамдашып, аларга ар тараптан аң-сезимдүү байкоо жүргүзүп, ыр саптарындагы көркөм салыштырууларды комментарийсиз эле түшүнө алышат. Ал гана эмес жаз мезгилиндеги айлананын өзгөрүшүн кооз килемге, кыштын күнкү тоолордун көрүнүшү ак жоолук салынган аялга окшоштугун, карды кумшекерге салыштырышат. Мунун өзү балдар үчүн өтө көңүлдүү экендигин айтып, кышка, аязга тиешелүү табышмактарды таап айта алышарын белгилей кетүүгө болот.

Бөбөктөрдүн бир нерсе жөнүндө тез ойлой билүүсүн жана куудулдук жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүдө тамашалуу ырлардын, анекдоттордун, калптар жөнүндөгү чыгармалардын мааниси зор. Мындай чыгармалардын сөздөрү өтө так, таасирдүү, курч келип, көңүлдүү ыр формасында болуу менен, эне тилин кылдат өздөштүрүүгө түрткү берет да, бөбөктөрдү чын-тамашаны, акыйкаттыкты ажырата билүүгө тарбиялайт.

Белгилүү педагог К. Д.Ушинский балдарды тамашалуу чыгармалар менен кеңири тааныштырууну сунуш кылган. Ал гана эмес өзүнүн «Родное слово» аттуу башталгыч класстардын окуу китебине кошуп, аны системалуу пайдалануунун үлгүсүн көрсөткөн. Ошондой эле К.Чуковскийдин,  С.Маршактын, С.Михалковдун, А.Бартонун чыгармаларына жана анын мазмунуна жараша тартылган сүрөттөр бөбөктөргө күлкү тартуулап, көңүлүн курсант кылат.

KӨPKӨM ЧЫГАРМАЛАР МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУНУН КЭЭ БИР ЖОЛДОРУ

Тиги же бул көркөм чыгармаларды тандап алууда бөбөктөрдүн билиминин көлөмү, жаш өзгөчөлүгү, таламы эске алынууга тийиш экендигин жогоруда эскерттик. Көркөм чыгармалар бөбөктөргө толук түшүнүктүү болуш үчүн аларды көрктүү окуп, аңгемелеп же жатка айтып берүүнүн ыкмаларын кылдат, туура пайдалануунун, сөздөрдү так айтып, түшүнүксүз сөздөрдү түшүндүрүп берүүнүн мааниси өтө зор. Бул ишке тарбиячы алдын ала даярдануусу зарыл. Көркөм чыгармаларды окуп же аңгемелеп айтып берүүдө тарбиячы шашпай, өзүн токтоо кармоо менен ашыкча кыймылдарды жасабай, чыгарманын мазмунуна жараша үн кубултуп, тынымды, басымды туура пайдалануусу керек. Мындай жагдай бөбөктөрдүн көңүл буруусун бир жерге топтоого, материалдын мазмунун терең, жетик түшүнүүлөрүнө шарт түзөт. Эскерте кетчү дагы бир нерсе: бул тексттин мазмунуна төп келген түстүү  сүрөттөрдү тандоо менен бирге, аны иштин кайсы бөлүгүндө көрсөтүү керектигин тарбиячы унутпоосу керек.

Катышуучу каармандары анча көп болбогон, бир окуядан кийин экинчи бир башка окуя берилген көлөмдүү көркөм чыгармаларга тартылган түстүү сүрөттөрдү көрсөтүү ошол чыгармалар көркөм окулгандан же аңгемеленип айтылгандан кийин сунуш кылынса, ал эми көлөмү анча чоң эмес катышуучу каармандары көбүрөөк болгон же бир эле каармандын айланасындагы окуялардын кайталанып беришине жараша тартылган түстүү сүрөттөрдү болсо көркөм окуп берүү же аңгемелеп айтуу учурунда көрсөтүү сунуш кылынат. Сүрөттөрдү көрүү бир нече жолу кайталанышы мүмкүн.

P.S. Бул материал «МЕКТЕП» басмасы тарабынан 1989-жылы даярдалып, бөбөктөр үчүн хрестоматия катары колдонулуп келген «Наристе» китебинен алынды.

Комментарий кошуу