Айгүл тоо


Мурза ГАПАРОВ

АҢГЕМЕ

Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети…

Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу жок. Иса аны качырата ачып, ичкери кирди. Үйдүн ичи муздак, караңгы. Ал желкесиндеги сумкасын жерге коюп, көпкө чейин сыйпалап күкүрт издеди. Күкүрт өз ордунан – очоктун боюнан табылбады. Очоктун эки жагындагы текчелерди тинтип көрсө, казан-аяк калдырайт. Дубалдын боорунда чалдын нан салган эски куржуну, туз баштык жана чай салгыч калталары болчу эле деп, аларды караштырды. Куржундан колуна тандырдын катыган наны урунду, туз баштыкта туз, чай салгычта чай бар экен, бирок күкүрт жок. Күкүрт түгөнгөн же аны бир чылым чеккен айбан чөнтөгүнө салып кеткен. Эми эмне кылыш керек? Жөн эле жатып алганга курсак ач, анын үстүнө жатакана суук болуп жатпайбы, аны жылытып жатпаса, уйкусу келеби кишинин…

Толугу менен