Алмашуу


Белорус жомогу

Чал-кемпир жашаптыр. Экөөнүн тирлиги кепедей үйдө өтчү экен. Жерлери да кенедей, короолорунда кирип-чыгар чычкак улак болбоптур. Анык итке минген муңдуу турмуш ушу эмеспи.

Экөө эптеп акча топтойт. Чал анан базарга жөнөйт. Ак кула ат сатып алып, үйүнө кайтат.

Жолдон өгүз кайтарган бадачыларга кезигет.

– Арыбаңыз, аксакал! Кайдан келатасыз? – дешет.

толугу менен

Каргыш


БОЛМУШ

Жайдын толук кези. Үч салт атчан бирде жарыша, бирде алыша кырга чыга келишти. Колдорун серепчилей төмөнгө көз салышты.

– Суусун жута кеткенге айыл-апа көрүнбөйт го!? – деди бири.

– Айыл ылдыйда, Алтын-Булактын боюнда болуш керек!? – деди экинчиси.

– Тээтигинде бир караан жүргөнсүйбү? – деп үчүнчүсү оң колун көзүнө серепчилеген боюнча үзөңгүсүн тээп тура калганда, үзөңгү боосунун бири тарс үзүлүп кетти. – Олда кокуй ай-э! Эми эмне кылдым ээн талаада? – деп шыпшынып алды.

Толугу менен