Эски жыл, эски маанайлар…


Назгүл ОСМОНОВА

ПОЭЗИЯ

МЕКЕНИМ
Буюккан муңун көтөрүп,
Буулуккан ушул жылдардын
Ата Журт күлсө мен күлүп,
Ыргалса кошо ыргалдым.
Кайгысы элдин каржалтып,
Калпынан качтым жыргалдын.
Кымбатым, элим, кыргызым,
Кан менен кошо айланып,
Сен күлгөн кезде мен күлүп,
Ырымда кошо ырдалдың…

ЫСЫК-КӨЛ
Ысык-Көл, келдим сага жол арытып,
Кайрадан сырдуу, сүрдүү шарпылдачы.
Сезилсең башкаларга деңиз болуп,
Мен үчүн сен аялуу бермет тамчы.

Бүткөндөй кыргыз элдин маңдайына,
Чаңкаса булак болдуң таңдайына.
Күч бердиң, үмүт бердиң үзүлбөгөн,
Карабай кимдигине, кандайына.

Сен бир көл кылымдарды жайпап өткөн,
Үстүңдөн күн кучактап, жылдыз өпкөн.
Таңданып кыял жеткис сулуулукка,
Мен акын жээгиңде жашын төккөн.

Кылчайып карап көрсөм өмүр артын,
Кайгысын, кубанычын бирдей таттым.
Жоготкон миң сан күндүн арасынан,
Мен дале издейт экем махабатты…

Толкундар жээкке урунуп, күр-шар этсе,
Өткөн күн тасма сындуу келет эске.
Тагдырлаш, санаалашым өзүң болгун,
Бүгүнкү күнүм жана келечекте…

Таңданып кыял жеткис сулуулукка,
Мен бир жан жээгиңде жашын төккөн…

* * *
Кыйчалыш тагдыр кимди уккан,
Кез болот кээде буулуккан.
Андайда абай бастырып,
Кымбатым, келсең ат минип,
Атыңды алсам суулуктан.

Күлкүңдү төгүп жиберип,
Акырын белден имерип.
Өңбү же түшпү, ишенбей
Айбыгып турсам жаныңда,
Көөдөнгө көөдөн тирелип…

Ачылып көңүл буулуккан,
Атыңды алсам суулуктан…

ЭСКИ ЖЫЛ, ЭСКИ МААНАЙЛАР…
Ай толгон ушул дүйнөнү,
Сүйдүмбү, жокпу? Ким билет.
Сирендей күздө гүлдөгөн,
Маалынан же кеч бүрдөдүм…
Жүзүмдү сылап шамалың,
Жыттадым жыпар гүлдөрүң.

Кайрылбас ушул өмүрдө,
Кайгылар көппү? Ким билет.
Канаттуу ушул жүрөгүм,
Аз күлүп… көп, көп үшкүрөт.
Кыялдар неге чарчашып,
Үмүттөр неге эскирет?

Ай толгон Бишкек асманын,
Сүйдүмбү, жокпу? Ким билет.
Жай билбес жалын жүрөгүм,
Оо, качан деги тим жүрөт?!

БУЛЬВАР… ФЕВРАЛЬ…
Неге мынча санаа тартып,
Неге мынча кирдедим?
Бүт ааламдын тазалыгын,
Балким сенден издедим.
Жүрөк ооруп, жалгыз келем,
Карда калып издерим…

Кайда калды өрттүү жаштык,
Желге учтубу кыялдар?
Кыраңдагы биздин гүлдөр,
Өңдөн азган, кыярган.
Аппак карда кайда катам,
Нур жүзүмдү кубарган?

Бульвар… февраль… Кыштын кечи,
Карда калды издерим.
Неге мынча жүрөк сыздап,
Деги кимди издедим?..

МЕНДИКСИҢБИ?..
Мендиксиң… мендик дагы эместейсиң,
Кымбатым, ойго тунуп нени эстейсиң?
Жанымда олтурсаң да чачым сылап,
Кайрылбас аялуу бир элестейсиң.

Сендикмин… сендик дагы эместеймин,
Сен үчүн кол жеткис бир белестеймин.
Турсам да мен жаныңда колуң кармап,
Билбедим… жүрөк сыздап нени эстеймин?

Мендиксиң… мендик дагы эместейсиң…

ТООЛОР АЛИ КАРДЫН ЖЫТЫН СЕЗЕ ЭЛЕК…
Cезим сенек… Жашап келем жай гана,
Өттү мына кыш да, жаз да, жай дагы.
Ийне сындуу жүрөгүмө тепчилип,
Ичиркенткен ойлор келет кайдагы?

Таарындыбы? Демек, анда кымбатым,
Менден али ой-тилегин үзө элек.
Күз жакындап калган менен санаалар,
Күмүш күздүн күн илебин сезе элек.

Мен сагындым балалыкты. Андагы,
Терезе түп. Ойлуу кызды секелек.
Шашылбачы аптаптуу жай алыска,
Тоолор али кардын жытын сезе элек…

Шамалдуу күз келээринен бейкапар,
Улуу тоолор кардын жытын сезе элек…

* * *
Унчукпа, жүрөк унчукпа,
Ызалуу ойдон тумчукпа.
Азаптуу сезим баянын,
Эстебей түндө тынч укта.
Сыздаткан оору басылар,
Жарк этип таңда күн чыкса.

Баркыңды балким, билбестир,
Сенчелик жанып-күйбөстүр.
Ага арнап жазган ырларың,
Көңүлгө деле түйбөстүр.
Сен арзып сүйгөн ал адам,
Сени түк балким сүйбөстүр.

Сыздаткан сезим басылат,
Жарк этип таңда күн чыкса.
Унчукпа жүрөк, унчукпа…

КЫШТАГЫ МАХАБАТ
Кебездей жумшак, керемет,
Кар жааса аппак себелеп.
Карегим тойбой көркүнө,
Болдубу жаным эбелек?
Ишенген тунук сүйүүгө,
Өзүмдү келем жемелеп.

Бейишке жетип бардыңбы,
Сен дагы мендей жандыңбы?
Ичиңден сызып а балким,
Салкындап мага калдыңбы?
Алдаган менен ак карды,
Алдаган болбос тагдырды.

Аппак кар көктөн себелеп,
Айланам мынча керемет!
Ак карда ак нур издеген,
Ишенчээк жаным эбелек.
Кыш кечи ойго чөмүлүп,
Өзүмдү келем жемелеп…

* * *
Жубардай аппак мөлтүрөп,
Бишкектин сулуу таңдары.
Издерди улап келемин,
Себелеп жааган кардагы.
Көңүлдө жалгыз кубаныч,
Сезимде жалгыз ардагым.

Күтүүлөр мейли, узарсын,
Жашайсың дайым дилимде.
Ойлосом оюм бактылуу,
Таңында, мейли күүгүмдө.
Өмүргө келсе күз айы,
Жаз айы келди сезимге.

Берметтей деңиз түбүндө,
Көп жылдар жүргөн көрүнбөй.
Толкутуп, бирде ташытып,
Төгүлүп, бирде төгүлбөй.
Ак карда кардай таптаза,
Бир сүйүү келди өмүргө…

* * *
Ойлогондо өлүм жөнүн калтырап,
Калабыз ээ үрөй учуп жалдырап.
Күздүн күнү күбүлөрбүз дарактан,
Жаз, жай бою турган элек жаркырап.
Таксыр тагдыр буйрук берсе арга жок,
Биз баарыбыз дирилдеген жалбырак,
Биз баарыбыз күүлүп түшөр жалбырак…

БИР СЕЗИМ
Каректе жаш… Көкүрөктө көп санаа,
Гүлдөр мынча күзүндө кооз гүлдөгөн!
Билиш үчүн махабаттын кадырын,
Жашоо керек адам менен сүйбөгөн.

Жаштык өттү жашыл атлас жамынып,
Жаз да бүттү жака-белди көрктөгөн.
Сезиш үчүн ажырашуу азабын,
Мен кайрадан сүйүү отуна өрттөнөм.

Жаным сыздайт ардагымды жоготуп,
Кимдер чиркин жаңылбаган, күйбөгөн?
Билиш үчүн балким сүйүү кадырын,
Жашоо керек адам менен сүйбөгөн…

Гүлдөр мынча күзүндө кооз гүлдөгөн?..

* * *
Кыйлага жашым барса да,
Күтүүдөн карек талса да
Окшото берем өзүңдү,
Соолубас жашыл арчага.

Көрсөм да күндө өзүңдү,
Айталбай аруу сезимди
Сагынып жашап келемин,
Толукшуп толгон кезиңди.

Мен кайың, а сен тал болуп,
Жашасак деймин жар болуп
“Үмүтүң үз” деп айтышса,
Кең дүйнөм кетер тар болуп.

Айланып чөлдү келемин,
Бир тамчы сууга зар болуп…

АСЫЛ ЖАРГА
Неге мынча ойго батып,
Сейрек тартты күлүшүң?
Балким ушул өктөм тагдыр,
Актабады үмүтүң…
Түйшүктөрдөн баш көтөрбөй,
Эмгек кылдың күнү-түн.

Неге мынча көп ойлонуп,
Азайгансыйт күлүшүң?
Чиркин өмүр өттүбү же,
Күтүп күндүн дурусун?
Асыл жарым, аздегим-ай,
Чачтарыңдын актарында,
Менин да бар үлүшүм…

ӨТҮНҮЧ
Күзгө… Сизге деген сагыныч,
Тургансыйбы дайым сезимде.
Жаным өйкөйт назик таарыныч,
Жазбадыңыз мага кечинде.

Күтүп, күтүп уктап калгамын,
Оңойбу анан күндүн түйшүгү.
Чалбасаңыз мейли, чалбаңыз,
Калтырыңыз жалгыз билдирүү.

Тосуш үчүн таңды жаркырап,
Калтырыңыз жалгыз билдирүү…

* * *
Табигат ыйлап күн бою,
Көзүнүн жашын тыйбады.
Күтүүдөн бүткөн эзилип,
Кайгымды менин туйбады.

Ачкандай жаңы ааламды,
Сезимдер толкуп туйлады.
Күлдүрүп, бирде өкүнтүп,
Кырктагы сүйүү кыйнады.

Сабыры анын суз белем,
Кырктагы сүйүү күз белем.
Шыбырын угам калтырай,
“Үмүтүң андан үз!” деген…

САГЫНЫЧ
Ааламдын кайсы бир бурчунда,
А балким, ой жеткис учунда.
Жашайсың сагынтып кымбатым,
Бакыттын кол жеткис кушундай.

Кандайча, канткенде, кай күнү,
Үмүттүн ак жиби үзүлдү?
Өзүңсүз өткөргөн ирмемдер,
Кылымга татырлык сезилди…

Сезимди анчалык кыйнаба,
Күтө албайм узакка… кыйлага.
Сооротом өзүмдү түшүмдө,
Кой эми, басылчы… ыйлаба…

Күтө албайм узакка… кыйлага…

Комментарий кошуу