Булбулдардын устаты


Адатта жайнаган ырчы-чоорчуларыбыздын эмнеге ырчы болуп калганын сурасаң, дээрлик көпчүлүгү «чоң атам комуз чертчү же таянем кошокчу болгон үчүн…» дегенди кайталашат. «Улукмырза Полотовдон таалим алганым үчүн ырчы болуп чыктым» дегендерин аз угасың. Ооба, талант укум-тукум уркунан да болот. Бирок ушунча болуп таята-таянеси же чоң атасынын колунан ырчылыкка тарбияланган бир да ырчы жок. Азыркы базары жүрүп аткан ырчылардын далайы Улукмырза Полотовдун мектеп босогосун аттаган үчүн да эл сүймөнчүлүгүнө, эл аздегине айлангандыр… Алардын арбирин карапа жасаган устадан бетер тиягынан бир, биягынан бир карап, кимисине кандай нускоо жетпей атканын, кимисине кайсы ыр ылайыктуу экенине толгонуп, анан барып кимисинен ырчы чыгар-чыкпасына көзү жеткен устат ушу киши го.

Айылдан ырчы болом деп келген дуңку сезимдеги улан-кыздардын кимисинен ырчы чыгып, кимисинен чыкпасын Полотов дадил баамдайт. Ага чейин элетте кой кайтарып жүрүп тоо жаңырта ырдап же айыл клубунда майрам сайын эл астына чыгып жүргөнүнөн өзүн булбул эсептегендин канчасы Полотовдун астына келгенден кийин ындыны өчөт же келечегинде ырчы болор-болбосуна биротоло ынанат. Буга мен а кишинин мектеп улагасын далай жолу аттап, өз көзүм менен күбө болгон жагдайлар бар…

Ал кишинин колунан канча жыл бою вокалдан тарбия алдым, бирок окуучуларынын ичинен музыкага тийди-качты мамиле кылгандыктан, мага ырчылык кесип буюрган жок, калем деген азгырык этегимден тартып, сахнага чыгарбай койду… Бир жагынан бул деле мага ырас болду дейм, ошондо да тагдырымда олжосуз калган жокмун: вокал дүйнөсү деле чабыты кенен илим сыяктуу изилдей берсе боло берер өзүнчө булак экенине түшүндүм. Музыкалык билими меникинен терең музыковеддер – ушу киши вокал искусствосунун бекем жерпайын түптөп, кантип өз мектебин негиздегенин эбак сөз кылчу жерде эле, бирок алардын өмүрү кыргыз музыкасын изилдөөгө эмес, Европа менен орус композиторлорунун симфониялык чыгармаларын «жиликтөөгө» арналса керек ко… Ошол изилдөөлөрү менен профессор, докторлук наамга жеткендердин баары бүгүн биз түшүнбөгөн том-том китептердин авторлору. Көбү ушуга чейин кыргыз кыртышынан алыс музыкалык эмгектерди жаратуу менен убакыт өткөрдү. Менин ичим ушуга ачышып, акыры Улукмырза агайды ээрчип жүргөндөгү айрым байкоолорум – ыр жандуу элибизге вокал боюнча түшүнүк берүү зарылчылыгы жөнүндө ойлорго түрттү. Илимдин өкүлдөрү, кайсы бир «илинчектин» артынан илинчек таап чыгышкандай эле өзүн мыкты санаган арбир ырчы үндүн кооз тембрин издей келсе, үндө чек жок экенине ынайт. Улукмырза агай так ушул илинчекти таап, вокалдык искусствого илимге ызаат мамиле кылган адамдардай аяр, кылдат болду.

Полотовдун ысымы мүмкүн кыргыз музыка тарыхына алтын тамга менен жазылар кийин. Эмнеге дегенде, таза улуттук колоритте ырдаган Атай, Муса, Мыскал, соңкулардан Асек Жумабаевдин ырдоо ыкмасын кийинки муунга өткөргөн устат жалгыз ушул киши. Шакирттерин ырды үн менен гана эмес, өзөк менен, жүрөк менен ырдоого үйрөткөнү үчүн комуз коштоосунда ырдаган вокалисттердин бүгүн асманы кеңейди. Ыр көмөкөйдөн чыгат, туура. Бирок көмөкөйдөн чыккан үн менен ырдоо отурушта же тойдо ырдаган ышкыбооздордун деле колунан келет эмеспи. А бу киши көмөкөйдөн чыккан үндү кантип каңылжаардан чыгарса, үн ошончо бийик көкөлөрүн арбир окуучусуна какшап жүрөт. Жогоруда ушунча болуп таята-таянеси же чоң атасынын колунан ырчылыкка тарбияланган бир да ырчы жок дегеним ошондон. Бир өкүнүчтүүсү, бу киши профессионал опера ырчысы катары өзүнүн потенциалдык мүмкүнчүлүгүн дагы терең ачкан жок…

Көрсө, анын баардык себептери өз убагындагы маданият тармагын жетектеген аткаминерлердин эле алысты көрбөгөнүнөн болуптур. Бир гана Күлүйпа Кондучалованын колдоосу менен айылга кетем деген андагы бозулан ошондо борбор шаарга калтырылбаганда балким бүгүн У.Полотовдун сыймыктуу ысымын атап жүрөт белек, жокпу – белгисиз…

Өз учурунда «…бир өрөөндөн чыккан жалгыз опера ырчысын көралбайсыңар» деген Кондучалованын көрөөгөчтүгү менен ырчылык да, мугалимдик да кесипти аркалап калганы, бир жагынан турмуштук кокустуктан да болгондой… Чынында бизде профессионал опера ырчылары иттин кара капталынан көп, бирок Улукмурза Полотовдой ошол профессионалдар комуз коштоосунда элдик секетбай, ашыктык ырларды чоң аудиториянын алдында аткарып чыкканын укканыбыз жок. Алардын репертуарынан орус жана дүйнө классикасындагы белгилүү ария, романстарды көп эле угуп жүрөбүз. Ал чыгармаларды аткарса Полотов деле башкалардан ашса ашат, асты эчбир опера ырчысынан кем ырдабайт. Тек, бу киши сахнада ырдоодон да маанилүү мугалимдик жолду тандаганы – кыргыз үчүн алтынга бергис байлык. Себеби, алтын үндүү Атай, Муса, Мыскал, Асектин ырдоо ыкмасын кийинки чыккан ырчыларга машакаттуу жол менен жеткиликтүү үйрөтүп келет.

Полотовдун мектебин «сагаалагандар» эмнеге көп?

«Полотовдун вокалдык мектебин «сагаалаган» ырга ышкыбооздор эмне мынча арбын?» деген собол дайыма башымда жүрөт. Менин байкоомдо, бизде арбир шакиртинин үнүнө гана эмес, дикциясына чейин басым койгон жагынан Полотовдой талапты катуу койгон мугалимдер барбы, жокпу, билбейм. Бу кишинин мектебинин улагасын аттасаң, бир окуучусун жаңылмач айтканга «мажбурлап» аткан болот; даа бир окуучуун «оозуңан чыккан созулма үндүү тамгалар дубалды жарып кеткендей жаңырсын» деп кара терге салып атканын көрөсүң. Ал эмес кээсине «каткалаң үндүү тамгалардын арбири оозуңдан буудайдай чубуруп турсун» деген талап койгон үчүн Полотовдун «уясынан» үнү булбулдай так шакирттери канат кагып атабы деген ойго келесиң…

Даа бир байкаганымды кепке кыстаргым бар. Мүмкүн кээсине жакпас, бирок кээсине жакпайт деп да чындыкты чымга бастырып кеткен болбос. Дикция жөнүндө сөз кылганымдын себеби, келечектеги ырчылар үчүн маанилүү деген нерсени ачыкка чыгаргым келет. Батыштын опера искусствосу биздин элдин да маданиятынан өз кыртышын таап, дүйнөлүк аренада Болот Миңжылкиевдин жылдызы жанды. Миңжылкиев менен катар Токтоналы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева, Хусейин Мухтаров, Артык Мырзабаев сыяктуу СССР эл артистигине чейин жеткен белькантолордун шоораты деле дүйнөлүн далай жерине жетти. Булардан кийинки чыккан да алтын үндүүлөрдүн ысмын атай берсек, толтура. Бирок кеп Ала-Тоо койну мыкты ырчылардын мекени экендигинде эмес, кеп, жогорудагы алтын үндүү ырчыларыбыздын кимисинин дикциясы кулак кужурун кандыргандыгында. Менин байкоомдон шек санаганыңыздар болсо, кыргыз теле-радиосунун алтын фондусундагы музыкалык мурастарга жакшылап кулак төшөп көрүңүздөр. Бири кем дүйнө деп кыргыз жер муштагандай, Х.Мухтаров, А.Мырзабаевден башка ырдын текстин так айткан профессионал опера ырчыларыбыз өтө аз. Аларга караганда айрым өздүк көркөм чыгармачылык кружоктордун арты менен таанылган ырчылар сөздү жутуп албай, так ырдайт. Ооба, Б.Миңжылкиевдин улуу ырчылыгында талаш жок, бирок улуу ырчыбыздын аткаруусундагы айрым ырларга, романстарга кулак төшөсөңүз, эмне жөнүндө ырдап аткандыгын ажыратуу кыйын. Дегеле дүйнөдө дикциясы начар ырчы дегендерден Б.Миңжылкиев же Т.Сейталиев сыяктуу урку кыргыз залкар таланттар эле эмес, Италия ырчыларынын арасында деле толо экендигин музыка тарыхын окугандар жакшы билет. Ырчылардагы андай кемчиликтерди белгилеген далай-далай музыкалык сынчылар түзөй албаган дүйнө көчүн албетте, мен кайдан түзөй алат элем. Бирок ошондой болсо да мурункулар калтырган «алтын мурастарды» жалаң чаң жугузбай мактай бербестен, кийинкилер сабак алчу жактарын эске ала жүргөнүбүз да ийги…

Музыка «кумары»

Арийне, керемет музыка кубулжуп турганда көбүбүз сөздүн маанисине анча көңүл бурбайбыз. Андай ырларды кыргыз ырчыларынын аткаруусунда далай угуп, «бышы кулак» болуп да келатпайбызбы. Ал эмес башка тилде ырдалган ыр, романс же ария болсун, мейли анын маанисине түшүнбөсөк да үндүн кооздугу жаңырган жерде музыканы кумарга чөгүп уга беребиз. Музыканын улуулук сыры ушундадыр… Андыктан бул жерде сөздүн ролу деле анчалык мааниге ээ эмес сыяктуу туюлат. Бирок ошого карабай музыканын да, сөздүн да маанисин туйган кандай кош керемет. А негизинен кыргызың кылымдар бою оозеки чыгармачылыктын коломтосун өчүрбөй сактап келгенинин сыры эмнеде? Албетте, сөзгө терең маани берип келген касиетинде. Болбосо дүйнөнүн кайсы эли кыргыздай куйма кулак касиети менен салмагы сайдын ташындай «Манастай» эпосту эстутумга сактап калмак… Андыктан, байыртан бери сөз кастарлап, сөз сыйлап келген кыргыздын куйма кулак касиетин унутпашыбыз керектир… Демек, ириде биздин эл музыкадан мурда, сөзгө жасаган мамиледен айрылбаса!

Окурман ашык көрбөсө, ушул жерден эми бир кыстырманы эскере кетпесем, компьютер клавишасындагы (мурда калем койкоңдоткон колум дечүлек) колум кычышканын коёр эмес. Ал кеп мындай: мен да убагында ырчы болом деген дуңку сезим менен опера-балет театрыбыздын вокалдык студиясынан билим алып жүргөнүмдө, ал кезде Орто Азияга кеңири жайылган «Караван» гезитине Болот Миңжылкиевдин интервьюсу жарыяланганы эсимде. Албетте, Миңжылкиевдин ошондогу айткан айрым ойлору мага азыр гана чоң баалулук болуп олтурат. Болбосо гезитке айткан ойлорун өзү айткандагыдай кыстара кетсем, бул макаламдын да чырайы чыга түшөт эле, аттиң. Бирок «Караван» гезитинин ошол санын сактап калбаганыма эми жер муштап отурам. Жаштыктын жетегинен чыкпай жүргөн ал учурда мага Миңжылкиев өлбөчүдөй көрүнсө керек ко… Бирок улуу ырчыбыздын айтканы сөзмө-сөз эсимде сакталбаса да, журналисттин суроосуна кайтарган жообу мындай нукта эле: «Бир курдай (Европанын кайсы бир өлкөсүн атаганы бар. О.Ш.) сценадан италиянча операнын речитативин унутуп калдым. Залдагылардын кулагы менде, токтоп калганга болбойт. Речитативди эч болбосо орусча вариянтында ырдайын десем же орусчасы эсиме келбейт. Ошондо кыргызча «төккөнгө» туура келди. Акыры спектакль аяктап, залда дуулдаган кол чабуулар жаңырып, кучагым гүлгө толду…» Ошондо айрым күйөрмандары «сиз жана кайсы тилде ырдадыңыз» дегенине, Миңжылкиев өз эне тилинде ырдаганын айтса, күйөрмандары: «Сиздин элдин тили абыдан музыкалуу тил экен» дептир. Андан соң журналист Миңжылкиевден кыргыз тилинде эмне деп ырдаганын сураса, «мен өз тилимде деле эжелеп сүйлөгөн адаммын. Ошондо сахнада эмне деп ырдаганым эсимде жок» дегеги бар. Муну мисал кылган себебим: Миңжылкиевдей улуу ырчылардын кубулжуган үнү далай-далай чоң аудиторияларды арбап алгандыктан, андай алтын үндүүлөр кайсы тилде ырдаса да, ал эчкандай мааниге ээ эмес. Бирок ошондой болсо да төрт аягын бирдей шилтеген тулпар чанда эмеспи…

Мына ушул жагына келгенде У.Полотовдун аткаруусундагы алтын фонддо жазылган ырларды, арияларды, романстарды тыңшап көрүңүздөр, ырдын арбир сөзү, арбир сабы дайын. Жана муну өз шакирттеринен дайыма талап кылып келет.

«Дыхание есть пение, пение есть дыхание»

XX кылымдагы улуу таланттардын бири Муслим Магомаев сахнада азербайжан элдик ырларын же композиторлорунун ырларын аткарса азербайжандардын; орус элдик ырларын аткарса орустун мүнөзү көз алдыга элестеп, ал эми эстрада коштоосу менен ырдаса, таптакыр башка ырчыдай сезилет. Ошол сыяктуу кыргыз ырын кыргызча мүнөздө жеткирген вокалисттерден Полотовдон башка ырчынынын ысымы барбы?..

Вокалдык искусство деле илим экенине Карузо, Шаляпинче түшүнгөн бизде эки мыкты ырчы бар. Бири – Улукмурза Полотов, бири – Талгар Жакшылыков. Экөө эки башка жол тандаган устат. Экөөнүн тең артынан котолоп ээрчиген окуучуларына эсеп жетпейт. Экөөнүн тең окуучулары бүгүнкү атпай-журтка кеңири таанылган ырчылар…

Бу кишинин комуз менен ырдап калганынын даа бир себеби: атасы Полот жана чоң атасы Бокой комузду мыкты черткендиктен өзү да бала күнүнөн тарта комуз тиштеп, комуз кармап чоңоюптур. Мындайча айтканда, комуздун добушун таңдайы менен татып чоңойгон экен…

Өз доорунда немис композитору Вагнер «арбир улуттун өзүнө энчилүү операсы болууга тийиш. Эмнеге Европа композиторлорунун баары италиялык опералардын алкагынан чыкпашы керек» деп чаң салып, операны немис колоритинде жазууга далбастагандан кийин орус композиторлору да опера искусствосуна өз улутунун колоритин жармаштырып, доор алмашкан сайын опера искусствосу ар улуттун мүнөзүн чагылдыруу өңүтүнө бурулган. Муну айтканым, Полотов да узак жылдардан бери улутка энчилүү «почеркти» издеп жүрүп, аны тапты. Мен бу кишини карапа жасаган устага окшоштурганым – арбир шакиртинин үнүндөгү кооздукту тапмайын эл астына чыгарган жок. Вокал искусствосуна илим катары мамиле жасады. 2X2=4 сыяктуу вокал искусствосунда «дыхание есть пение, пение есть дыхание» деген түшүнүктү ырчылык кесипти тандагандардын зээнине куйду.

Элибиз таланттуу экенинде шек жок. Бирок талантты таптаганга Полотовдой устат болбосо, азыркы комуз коштоосундагы ырлардын далайы унутта калмактыр… Аларды азыркы ырчылар ырдайт беле, жокпу, бир жараткан өзү билет. Арийне азыркы комуз коштоосунда ырдагандардын арбирине «сен муну, сен тигини ырда» деген ушул кишинин экмети менен уккулуктуу элдик ырлар элге жетип отурат. Албетте, элдик ырлар Полотовдун вокалдык мектебисиз деле элге жетип, өз өмүрлөрүн улай бермек, бирок азыркы деңгээлдикке чыгат беле, жокпу? Эң башкысы, элдик казына Полотовдун шакирттеринин аткаруусунда атпай журтка жетип, рухий мурас, рухий таберикке айланып, арбир ыр өзүнүн жаңы өмүрүн сүрүп келет, болгондо да арбашка боёк менен…

Олжобай ШАКИР

Комментарий кошуу