Коомдун абийирсиз катмары бийлик төрүнө чыкты


ТӨӨМАТЕК

Ушуну көрмөксүңөр. Дагынкысын дагы көрөсүңөр! Атамбаевден. Ага ушул гана керек болчу. Референдумду өткөрүп алды. Көзбоёмочулуктар менен. Аны жамы журт көрдү. Көргөндө не: күңкүлдөп-мыңкылдагандардын аягы бас-бас болуп тынмак… Өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктап калганы аны акыры ушуга түртмөк. Бийлик даамын татып калган адам ач түлкү болуп калары атам замандан белгилүү. Адамзат тарыхында бийлик тагына көчүгү конгон адам бийликтин чексиз ченемин, мансап кумарын таткан соң андан эзели ажырагысы келбеген…

Балга конгон аарыдай жабалактаган айланасындагылар да бийлик даамын таттыбы, эми алар тизгинде карышкан колдорун чыгарбоо үчүн күрөшөт. Ал күрөшүн көрүп атабыз: коомчулукта канчалаган каршылыктарга карабай, жалпы элдин каалоосу деген шылтоо менен Башмыйзамга өзгөртүү зарылчылыгы жаралгандыгын «аргументтештирип», көмүскө чечим менен көшөрүп атып референдумду өткөрүп алышты. Муну жалпы «элдин каалоосу» катары КТРден дүңкүлдөтүп, дүжүрлөрүн сүлкүлдөтүп таңуулашты. Айтылуу немис философу Фридрих Гегель айтмакчы: «Тарыхты, турмушту карагылачы: эл да, бийлик да тарыхтан эч бир сабак албай келатат!» – дегени ушул.

Чейрек кылымдан берки эгемен Кыргызстандын эки падышасынын түбү барып башын жуткан Башмыйзам болгонун азыркы бийлик төрүндө отургандар да таназар алышпады. Бийликтин үч бутагын бөлүштүрүүдө улам бир артыкчылык киргизүүнү самаган А.Акаев, К.Бакиевдин тагдыры акыры эмне болгонун темененин көзүндөй эстутумдан чыгарып коюшту! Бул мерте көмүлгөн иттин өлүгү өкмөткө артыкчылык берүү керек деген аргументтер менен ширетилди. Себеби президенттик мөөнөтү соңуна чыгып калган А.Атамбаевге президенттин бийлигине артыкчылык берүүнүн кереги тиймекпи? Ага көшөгө артынан көмүскө бийлик жүргүзүү керек үчүн – Башмыйзамда өзгөртүлгөн артыкчылык өкмөт башыга берилиш керек болду…

Атамбаев азыр Дездемонаны кысканган Отеллодон эч айырмасы жок. Отелло Дездемонаны кандай сүйсө, биздин Алеша бийликти ошончолук катуу сүйүп калды. Бир гана айырмасы – Шекспирдин баш каарманы Отелло сүйүү кызганычынан улам Дездемонасын муунтуп өлтүрсө, Алешабыз бийликке атаандаш боло турган күчтөрдүн бирин калтырбай муунтуп өлтүрүүдөн кайра тартпай турган саясатка өттү. Бийликке болгон кызганычын ушундан билиңиз – азыр өзүнөн башканын баары Кыргызстанды жакшылык жолуна салбай турган: шайтандар, коррупционер шылуундар, Акаев+Бакиевдин куйруктары,  айтор, мародерлер, элди кой сымал ээрчитип кетер теке бар арасында. Өзүнөн башка бир соо киши жок! Кыргызстан үчүн бакисинин ниети бузук! Алар мурундан аркыны көрүшпөйт, муну (өзү айтмакчы) АША айтпаса ким айтат?! Башканын оозу барабы буга?

О.ШАКИР

Комментарий кошуу