Конкурска: Балык сөздүк


№13

Балыктын биздин өлкөдө
Жетимиш тогуз түрү бар.
Анын жыйырма алтысы,
Ысык-Көлдө билип ал.

Окунь деген балыктын,
Кызгылт болот канаты.
Алабуга деп аны,
Аккан суудан табасың.

Форель деген балыкты,
Жилингир дейт кыргызча.
Тузсуз суудан сен аны,
Көрсөң керек турмушта.

Кадимки алабуганын,
Жилингир сымал түрү бар.
Фореловый окунь дейт,
Эсиңе муну түйүп ал.

Ошондуктан айрымдар,
Форелди алабуга деп.
Жаңылганын билбестен,
Кармап алса, коёт жеп.

Осман деген балыкты,
Кыргыз эли көк чаар дейт.
Эки түрү темгилдүү,
Ысык-Көлдү мекендейт.

Орусча сом деп аталган,
Жаян деген балык бар.
Кыргызча сом деп аталат,
Лосось деген балыктар.

Сом балыктын бир түрүн,
Сига дешип сатышат.
Илгертен аны кыргыздар,
Май канат деп аташат.

Момун балык – пелядь,
Судак деген – көк серке.
Щука – чортон билип ал,
Боло бербейт көп жерде.

Өтө эле кылкандуу,
Карп деген балык – каңылтыр.
Сазан анын бир түрү,
Билбегениң айыптыр.

Змееголов – жылан баш,
Таран дейт лещ дегенди.
Маринка – жылтыр кыргызча,
Жактырсаң керек жегенди.

Жерех деген балыкты,
Кой балык деп жеп коёт.
Толстолобик дегенди,
Макоо балык деп коёт.

Издей берсең сууларда
Далай, далай балык бар.
Желчү, желбес түрлөрү,
Энес, түрпү, чабактар.

Ысык-Көлдүн, Соң-Көлдүн,
Байырлаган балыгын.
Эне тилде айтканың,
Тилге кошкон салымың.

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Комментарий кошуу