Классикалык музыка күйөрмандарына кулак кагыш


Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин маалымдашынча: Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Композиторлор союзунун демилгеси менен композиторлордун музыка жумалыгы өткөрүлөт.

Программа боюнча:

6-декабрь. Кыргызстан композиторлорунун хордук чыгармалары. Мамлекеттик камералык хор ырдайт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичине залы. Башталышы 17-00.

7-декабрь. Жумалыктын ачылышы. Симфониялык музыкадан концерт. А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестр ойнойт. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залы. Башталышы 11-00.

7-декабрь. Камералык-аспаптык чыгармалар. П.Шубин атындагы музыкалык мектептин концерттик залы. Башталышы 16-00.

8-декабрь. Кыргызстан композиторлорунун романстары. А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера-балет театрынын кичи залында. Башталышы 17-00.

9-декабрь. Кыргызстан композиторлорунун балдар үчүн чыгармалары. М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын концерттик залы. Башталышы 16-00.

10-декабрь. Т.Чокиев, Г.Эсенгулова. “Алтын уя” балдар опереттасы. А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера-балет театрынын Чоң залында. Башталышы 11-00.

10-декабрь. Н.Давлесов. “Аста секин, колукту!”. Музыкалык комедия. А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера-балет театрынын Чоң залында. Башталышы 17-00.

11-декабрь. Жумалыктын жабылышы. Кыргыз композиторлорунун пленардык отуруму. Композиторлор союзунун залында. Башталышы 11-00.

Комментарий кошуу