Улуттук дүйнөтааным, өзүн-өзү таануу, өзүн өзгөгө таанытуу жана өзгөнү өздөй таануу уңгусуна сүңгүп кирип, көчмөн дүйнөнүн түпкүрдөгү түбүн аңтарып, андагы оош-кыйыштарды бүгүнкү дүйнөтааным илиминин бийик сересинде саресеп салганга батыл киришип, бадырактай барсайган оригинал ойлорду ортого таштап, «мына, бүгүнкү аалымдар, ушуларды аңдоого акылыңар жетеби, кабылдоого кабыргаңар менен кеңеше аласыңарбы» – дегенчелик кылып, кыргыз эле эмес 21-жүз жылдыктын дүйнөтаануучуларынын алдына үзүктөй-үзүктөй собол таштаган ойчул (минтип атагандан жазгана албайм), өзөктүү чындыкка өчү бардай умтулган өжөр, улуттук чектеги алкактан эле угут алып, бирок дүйнөлүк рухий-нравалык жана табигый илимдерди жуурулуштура жумуру башына сиңирген аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ чыгыш таануу илиминин, жалпы эле дүйнө таануу илиминин өзөктүү көйгөйлөрүнүн бир өңүрүн түрө салган экен.
Чоюн Өмүралиевдин жандоочусу
– Чоюнду көрүп жүрөсүңбү?
– О, канча болду аны көрбөгөнүм…
– Деги ал өзү каякта?
– Кытайда жүргөнүн укканым бар…
– Өгүнү шаарда жүргөнүн көргөндөр бар экен, өзүм көрө албадым.
– Мен да жолуксам, колун кысып коёт элем…
Жаңычыл Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ тууралуу
Жазуучу, публицист, тарых, философия жана табигый ар тармак илимдеринин синтезине чыгып ой калчаган энциклопедист-аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ 1952-ж. 10-январда Фрунзе шаа-рында төрөлгөн. Автор өзүнүн үй-бүлөлүк эскермелеринин биринде жазгандай, ал эки күчтүү таза булактын туундусу.