Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу: «Тизгинжаяр»


Азис окурманым!

Ушинтип, Сиздин назарыңызга дагы бир жаңы китеп сунулду – Коом-Мамлекет тууралуу. Сөздүн ырасы, мен бул жакка азыр (азырынча) кайрылбайм го, башка сансалаалардагы саргарып күтүп жаткан иштеримден башым-колум бошобойт ко деп ойлоор элем жана учурундагы узанган кызуу иштерим да ушул багытта эле. Анткени, 2012-жылы жарык көргөн «Теңирчилик. Коом-Мамлекет» китебимде бул маселеге байланышкан ой толгоолорду бир сыйра жыйнактап болгондой элем.

Атаганда, коом, мамлекеттин келип чыгуу генезисинен тартып көчмөн мамлекеттүүлүк жана отурук мамлекеттүүлүк философияларынын түйүлдүк түйгөн жеринде башталган эң түпкү айырмачылыктар жөнүндө, соңку узаакы эволюциясы, айырмалуу баскан жолдору, «укукчул мамлекет» идеясынын келип чыгышы, ушул аруу ниеттин кийин сасык саясатка айландырылышы, бул вирустуу илдеттин эгемендик алгандын эртеси күнү азат мамлекетибиздин ичине билги (былгы!) жылжытылышы, ошондон онтоол дартталып оңолбой калган жайыбыз тууралуу ырааттуу кеп салынган эле. Мындан да зарылы – бул дартты бойдон кагып салуунун жолу нускалып улуттук идеологиянын уютундусу, улуттук укукчул мамлекеттин уңгусу – «Кыргыз Эл» республика Конституциясынын Долбоору сунушталган эле.

Жана мындан да башкы зарылы – ХХ кылым соңу, XXI кылым башы – эми цивилизациялык деңгээлде («цивилизациялардын согушу», башкы идеологу Самюэл Хантингтон – бул тууралуу сөз төмөндө) жаратман ички кубатын түгөтүп болуп, өзгөлөрдү гана эмес, эми өзүн өзү өзөгүнөн кемирип жегенге өткөн Батыш укукчул мамлекеттүүлүк философиясынын («АДАМГА» бек жамынып алып ИБИЛИС идеологиясын нык жүргүзгөн!) кризиси, ага анти – «Манас Цивилизациясынын Манифести» жарыяланган эле. Көрүп турганыңыздай, бу күнгө, бу багытта, Бир Негизги Сөз, бир сыйра айтылгандай эле.

Бирок… бирок, бир кез оттуу акын Жолон айтмакчы:

Акылдуумун деп ойлоп баарысынан,
Адам калат кутулбай карызынан.
Менменсинүү жарала берет улам,
Мезгил менен Адамдын жарышынан

– жаш Дүйнө экен, бу.

Демекчи, андан берки учкаяк мезгил алдыга дагы жаңы көйгөйлөрдү салк таштады. Ага жооп – жаңы ой толгоолор жазылды. Тык!.. Жаңы эле эмес экен. Эскиден келайткан не бир кески идеялар жаңы заманга ылайык түр өзгөртө коюп, жаңы адамдын, жаңы муундун, жаңы замандын жаш жан дүйнөсүн жаңыдан кайра бийлеп алып, ойлонгонго да үлгүртпөй оп соруп жаткан да карт Дүйнө экен, бу.

Мына ушул карт Дүйнөнүн «каңгыбаш» идеялары менен эми дагы, канчанчы бир жолу ишибиз чыкты. Баягы эле «Адам укугу», баягы эле «өзүн өзү башкаруу», баягы эле «укукчул мамлекет», баягы эле «ишеним, сөзгө, динге эркиндик!»  – артына куу  идеологиясын катып алган, бир айтып бир койбогон, эки айтып эзелим түгөтпөгөн эски-кески чуут ЖОМОК! Муну айткандан да эзелим тажашпайт экен (анткени, бул саясый гана эмес, идеологий гана эмес, экономикалык-колоний да, улуу курал!).

Бирок айла жок, «жомок» деген таттуу келет экен, анын апийим магдырында улам жаңы муун («алдаса болот жаш башты») манипуляциялуу алдана берет экен, илмекайып иллюзиясында жепен жетелене берет экен, демек, айла жок, акыры Дажаалга тажаал жооп берүүгө туура келет экен – өзүңдү-өзүң жүз бир ирээт кайталап!

Дегеним – мамлекетибиздеги эң соңку окуяларга байланышат. Конституцияга оңдоо киргизүү – мына, он экинчи ирээт кайталанганы отурат. Мына, он экинчи ирээт «баягы эле кыйды идеология», «баягы эле» кайран кыргыз кайрылып бир-бирибизге, кызыл кекиртек кыйкырышып, кырылышып турубуз – сеники буруш, меники дурус!

Эрксизден эзелки Платондун бир айтканы (биз да бир тажабай мисалдап келаткан) жадыда жаңырат:

«Люди, забывшие основы собственного общежития, обречены на то, чтобы постоянно принимать поправки к собственным законам».

Ооба, бул көрсө, улуттун ден табиятынын жашоого умтулган сырткы зор күрөшү, жан табиятынын өзүн сактаган ички улуу чыңырыгы экен! Орус айтмакчы: «инстинкт самосохранения!» Табигый, мыйзамдуу көрүнүш.

Демек, китептин да кыйла мазмунун жогоруда айтылган эски-кески идеялар түздү. Атаганда:

Биринчи. Адам укугу маселеси. Бул тууралуу биз эгемендиктин биринчи жылдарынан тарта айта келдик. Артыкча, Жер жеке менчикке чыгарылган кездери (1998, октябрь) бу «укуктун» түбүнө чейин түшүп, уңгусун копшоп-козгоп, ал кийин кандайча дүйнөлүк манипуляциянын универсалдуу куралына айланып алганын ачып бердик. Биздин оюбузча, мындан кийин, бул жакта орчун суроо деле болбошу керек эле, ачакей түшүнүккө жол жок эле. Жок, болбой эле, кайра эле ушул «укуктун» уулуу оюну ойнолуп жатат. Корголуп жатат – чыныгы гумандуу адам эмес, аны көшөгө жамынып алган АДАМ-ИБИЛИС.

Бул багытта, мурдагы белгилүү «адам укукчулардын» жийиркеничтүү тобун эми эң жогорку саясый чөйрөдөн эң белгилүү делген саясатчы эркечтердин тобу жигерлүү жирей баштаганы кызык. Суроо туулат: өз жеке кызыкчылыгы үчүн (биринде – доллар, экинчисинде – саясый сойкулук!) Эл-мамлекет кызыкчылыгын курман чалып бара берген бу саткынчылыктын акыры, чеги болобу? Бу элди ириткич «Адам укугунун» аңтара маңызына акыры мамлекеттик деңгээлде укукчул мамиле болобу? Жообу бир гана – болот! Адам – Мамлекет табигый эриш-аркакталган Улуттук Укукчул Мамлекетти куруп! Ушундай мамлекет гана улут чыккынчыларынын атын ачык атайт, улуттук так баа берет. Эмесе, мен да бул китепте АДАМ маңызына да бир ирээт сүңгүү үчүн жаш муунга арнап мындан он сегиз жыл мурда жазылган «Ата Журт коркунучта!» ой толгоомдон келки үзүндү берүүнү эп көрдүм. «Чоңдор го, киши жегенди адат кылып алыптыр, киши жегенге үйрөнө элек балдар калгандыр» (Лу Синь – кытай жазуучусу).

Экинчи. Айтылуу, «өзүн өзү», «же өз алдынча башкаруу». Аты эле шойком угулган бу эмне болгон «өз алдынча», же «өзүн өзү башкаруу»? Аңтара маңызын ача салсаң, мындан – «ар бир үйдө бир кара (үй башына бир Хан)»; дагы, укум саал арыласаң – «өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген» деген маңыз ачылбайбы?! Ооба, муну кыргыз элдик философиясы ээзелтен: караламан (Кара – Эл, аламан – хаос); башаламан (башсыз, бет-бети кеткен) деп тапатак мүнөздөп койгон.

Арийне, кыргыз «өзүн өзү», же «өз алдынча» деген кундуу маани-маңызды эч качан этибар албай койгон эмес, жокко чыгарган эмес, тескерисинче, аны өтө ыйык туткан, аздек кадырлаган – тек, аны дамамат өз деңгээли-ордунда кармап! Б.а. бул деген, каралык-элдик (мамлекеттик) деңгээлдеги эмес, ага чейинки, ага өстүрүп чыгарган таман таянчындагы эң түпкү элдик ынтымак, эң алгаачы өзү уйушуу (үй-бүлөдөн эле кийинки!) болгон.

Же бул, элдин демейки, күндөлүк турмушунда ар кандай шерине, деңгэнэ, катташуу, топтук түрлүү ынтымак (сөзсүз эле бир тууган, т.а. тууганчылыкка байланышпаган өзү уйушуу же бүгүнкү тил менен айтканда, горизонтал байланыш) борумунда көрүнгөн. Ал эми горизонтал эмес же дале бүгүнкү тил менен айтканда, тик-вертикал байланышы, албетте, тууганчылык (Чоң Үй, Жети Ата, урук) аркылуу өткөн. Ушинтип, кыргыздын «өзүн өзү», «өз алдынчалыгы», б.а. өзү уйушуусу коомдун ушул эң түпкү, эң биринчи түйүлдүк түйгөн жеринен уюп башталып, аны жеринен башбилги ырааттаган, жаки, өз алдынчалык дегени түбүндө башбилгиликке (башаламандыкка эмес!) байланган.

Демек, жеринде мындай Тик-Кыйыр, Өтмө-Катар чынжыр чырмалышкан өзү уйушкан коомдун түбүндө – чычкан мурду жөргөлөгүс жыш Алгаачы Ынтымак түзүлгөн! Кайталайбыз, байтүптөн! Мындай түбү чытырман жыш Ынтымак коомду эч бир жулкун партиянын, эч бир култуң НПОнун, эч бир бузуку укукчулдун арам акчасы аралай албайт! Ана, «өзүн өзүнүн» чыныгы философиясы кайда катылган, учу кайда жашынган?

Мындан жогору жагы, белгилүү, уруу, элдик (мамлекеттик) темирдей бек Ынтымакка өсүп чыккан: «баш жарылса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде!» Мамлекеттик-Элдик биримдик!

Ал эми бизге таңууланган Укукчул Мамлекет. Гражданчыл коом философиясында (1993-2010-ж.ж. Конституциялар бүт!) «жергиликтүү өзүн өзү», «өз алдынча» башкаруулар так ушул алгачкы байтүптүн башын аттап, жогору чыгып, мамлекеттин денесине (расмий бийлик) ойноп чыгып алган (мэриялар, айылдык бийлик). Ошого тең, мамлекеттин гана денесин ойрондоп тим болбостон (ар клеткасын өз-өзүнчө башаламан хаостоп!) так ушул байтүптөгү өзү уйушунун да башын айрандаган – АДАМ укугу аталган мите-вирусту чегип ийип!

Мына, бул тууралуу да канча бир жылдар бою какшалып келет, жок, кулак каккан киши жок, а дүмкулак «ата мекенчилер»: «Жок, мындай САМОуправлениеден эгерим, эч кайтпайбыз деп текирең теке секиргени секирген.

Китептин төртүнчү бабы бүтүндөй элдик өзү уйушмалдыктын эң Биринчи Негизине арналганы, ушул себептүү (Конституция Долбоорунда – II бап).

Ушинтип, Мамлекетти: эң биринчи клеткасында – Жаранда бир талкалап (айтылды, сырткы АДАМды ага манипуляциялуу кабатталыштырып ийип);

жергиликтүү Өзүн Өзү башкарууда (САМОуправление) эки ойрондоп, башаламандап салган соң, өлкөдө алар (сырткы «достор» – «укуктун» аталары!) күткөн, эңсеген эң сонун кырдаал, «бах, чиркин» АБАЛ түзүлдү – Эл жана Бийлик эки айрылып тынды.

Эми мындай эгерим душман эки жээктелген материкти бир-бири менен кабыштырып, чабыштырып коюп, төтөн, аны эң жарды, көзкаранды таз кейпке салган соң, бир тарабын жалаң чылк коррупцияга байлантып коюп; экинчи тарабын ага анти – ээ-жаасыз долу анархия булагына айлантып коюп, Байлыгын (Бийлигин кошо!) оп соруп, оонап жата берсең болот, дырр оосуруп – Кум Төр ичи толо ЧОЧКОДОЙ!  Мейли, караламан калк кара буусун-жаалын кез-кези «демократиялуу» чыгарып алышсын – маал-маалы натыйжасыз «курултай-мурултайларын» өткөрүп коюшуп…

Үчүнчү. Курултай маселеси. Ооба, Эл менен Бийликтин эки бөлүнүп калышы, мамлекеттик тышкы карыздын эң опуртал чекке жетиши (а бул «Мамлекет – Банкрот» дегендик; «банкрот денени» мыйзамдуу кескилеп, тытып, талап, бөлүп алса болот, укукчул мамлекет (биздей!) мындай УКУКТУ Конституциялуу таанып алган!) биздеги саал тынчый түшкөн курултайчыл кыймылдарды кайрадан жандантып чыкты. 2017-жыл, президенттик жарышта, бул, кызуу күчөйт.

Эми, «курултайчылар» деп жалпы атап койгонубуз менен булар да өз ичинде ар кыл көз карашка ээ, бирок, эң жалпы алганда, мазмуну бир: Эл – Курултай аркылуу Бийликти көзөмөлдөшү керек. Мында – «Эл» бир тарап, «Бийлик» экинчи тарап. Биринчилер экинчилерден бардык деңгээлде отчет алат, «канааттандырбаган» башчы (Президенттен баштап ылдый) кызматтан кетиши керек, кыскасы, Элдик Курултай өзү эң Башкы Бийликке айланышы керек.

Арийне, укканга, айтканга да, жакшы, бирок… Бирок бул көз караш: биринчиден, биз буга дейре, азыр да, жашап жаткан коомдук-саясый системанын туундусу көз караш;

экинчиден, «Эл» менен «Бийликти» эки жээктеп-материктеп салган батыш укукчул мамлекеттик системанын философиясынан агылып чыккан көз караш;

үчүнчүдөн, жана эң бурушу – мына ушул уулуу философиянын, б.а. «Эл» менен «Бийликтин» ортосуна салынган ор-жараканы мындан ары да сактап калууга иштеп калаар көз караш.

Эмесе, азыркы курултайчылардын барынын чектелген жери ушунда, же Эл менен Бийлик ажырымын априори карманган РЕЖИМДИН үстүнө курулгандыгында.

Биздин оюбузча, биз так ушул уулуу философияны  – режимди түбүнөн курутуп туруп гана чыныгы келечек жолго чыга алабыз. «Эл» менен «Бийликтин» биримдигин камсыздаган мамлекеттик түзүлүшкө келүү аркылуу гана чыныгы Улуттук Укукчул-Мамлекетти кура алабыз. Башка жол жок! Биз мына ушундай Курултайды сунабыз!

Эл-Бийлик – БИР!

Эл-Мамлекет – АЖЫРАГЫС!

Китептин үчүнчү бабы Курултайга жана улуттук укукчул Мамлекет долбооруна арналганы, ушул себептүү.

Китептин башкы бабы – «Шамбала изи» аталды. Неге?

Шамбала, т.а. Түндүк Шамбала – бул автордун ишениминде, Ысык-Көл, Көл түбүндө чөккөн шаар, Күн Шаары – Шамбалг («балг» – калаа, шаар).

Шамбала Борбор Азия тарыхы-рухундагы өзгөчө аяр мейкиндик. Универсалдуу чен өлчөм. Ал карт тарых бүктөмүндө калып кеткен эмес, Адам – Мезгил жарышында улам жаңыра-жаңылана, Болмушту алаканында экчеп келет. Баарына жообу бар…

Сөз башында биз азыркы адамзат (т.а. анын күрөөсүн аныктаган Батыш) цивилизациясы эми кедерине кеткенин, кыйратман мүнөз күткөнүн учкай эскердик эле. Бул, согушчул идеологиянын соңку атасы, кечээги Аллен Даллестерди андагыдан да ашкере өркүндөткөн жаңы футуролог Самюэл Хантингтон, анын «XXI кылым – цивилизациялардын согушу» идеясы. АКШ төбөлдөрү башында турган эл аралык Ибилис күч бул идеяны турмушка түз эле ашырууга өттү. Саддам Хусейнди жазалоодон башталган кадам Алдыңкы Азия мамлекеттерин башкы лидерлеринен  дээрлик тазалоо менен бүттү. Чыныгы лидерлеринен ажыраган калк жалган лидерлердин (дале АКШ жасаган!) жаңсоосунда бир-бири менен тытышып, кырылышып жатыры азыр.

Ислам цивилизациясына салынган кара чабуул эмки кезегинде – православие, Индия, Кытай бутасын мелжеп тур. Борбор Азия – Түрк цивилизациясы эфемер; саясый да, экономикалык да, маданий да, руханий-диний да мейкиндин баарында дээрлик мозаика абал (либерализм, социодемократизм, социализм; ислам, теңиризм (язычество, шаманизм, ламаизм – бүт ушунун ичинде!). Демек, кечээ эле мүмкүндөй көрүнгөн «цивилизациялардын диалогу» бүгүн планетардык деңгээлде дээрлик жокко чыгууда.

«Диалог» демекчи, бири-бирине зыңгыр бой тиреген Дүйнөлүк Идеялардын өзү бүгүн (диндер, философиялар, окуулар, табигый илимдер) диалогго келүү мүмкүнчүлүгүн түгөтүп болгондой. Буга коңшу Казакстандын жалындуу элбашы Нурсултан Назарбай уулунун канча бир жылдар бою «Дүйнөлүк» жана «… эмес» диндердин Баштыктарын Астана калаасына жыйнап, диалогго чакырып, бирок натыйжасыз калып келаткан Жыйындары күбө.

Демек, бүгүн, Дүйнө алдында «цивилизациялардын диалогу» эмес, андан да бийик деңгээл – цивилизацияларды бир Башкы Уюлга уютуу идеологиясы көлдөлөң түшүп калды. Балким, «Күн Шаар» философиясы, МАНАС идеологиясы!

О, Күн Шаары, Күн Шаары – Шам Балг!

О, Шамбала, Шамбала – Күн Шаары!

Байыркы Борбор Азия айдыңдан аргыган, дайымкы Жер Киндиги – Ысык-Көлдөн чубалган Байыры Из – Сен, неткен гана кыйырсыз кылкылдаган жолдорду баспадың! Сенин Жер Киндигинен чубалган бир изиң Азия айдыңдан Батышка агылып, Жер Орто деңизин кыйырлап, байыркы хэттей, андан этрусски, мындан латын маданиятына аргып, кайра – байырлуу грек, рим цивилизацияларынан каргып ойгондуң. Азия айдыңдан Чыгышка агылган экинчи изиң Улуу Мухит кечип, эзелки Индей жеринде гүлдөп майя, ацтек, инк цивилизацияларын жараттың. Батыш конкистадорлору өрттөп, кырып, тыптыйпыл жоюп күлдөп киргенде да, адамзатка, күйүп бүткөн жериңде күлдөн гүлдөп тирилдиң – Томазо Кампанелланын атактуу «Күн Шаар» жарыгында, Гарсиласо де Инка аркылуу  бир учук Нур болуп жылжып кирген. Андан Маркска, мындан Ленинге учурашып, адамзаттын түбөлүк эңсээл заман, аңсаал доору – социалисттик мамлекетинде реалдуу жашап – 70 жыл! – бул мүмкүнчүлүктүн кереге четин түрүп койгон да сен элең, о, Күн Шаары, Шамбала! Аал, Азия Борборунда-Алдында бул ШАМ идея эгерим сөнбөй, байыркы Шумер жеринде, байыркы Күн Эр (аргын-арий) элинде, «Ырк Бтиг» («Ригвед») дастандарында эзелим жашай келген – улуу МАНАС философиясына айланып алып!

Эмесе, мына ушул Дүйнөлүк Кан Жол – МАНАСЖОЛдун да эми Дүйнөлүк кайра ийрилээр-кайрылаар кезеңи келди, ТЕҢРИКУТ («Кут Куяр» – «Водолей») доору жанып!

Качандыр Күн нурундай Көлдөн таралган тарам Жол-Идея канча бир Элдин демин алып,  анча бир Жердин азыгына канып,  сомосун жышып, өзөгү жаркып, цивилизациялык кудурети артылып, кайрадан Ысык-Көлгө – Жер Киндигине кайрылар алды. Экинчи ирээт жергебизде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөн  оюндары  ошонун  куттуу  жышааны, кубаттуу шоораты. Арийне, оюн оюн менен; а бирак, оюн тулкусунда тунган ой-тааным, анын уңгусунда уюган дүйнөтааным, мунун да таянган байтүбү байыры цивилизация – булар өзүнчө бүтпөс кеп, оюлгус орошон сөз!

Бүтүн дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен эле катарлаш мааракеси белгиленген бүткүл түрк дүйнөсүнүн гана эмес, жаамы адамзат асманында жаркыраган жарык жылдыз миңжашаар Баласагундук Жусуп бабабыздын (Кампанелладан жарым миң жаш улуу!) даңазалуу «Кут этги Билиг» дастаны байыркы «Күн Шаар» философиясы менен тээ тереңден тепчилишип турганы, не кызык! Күн Шаарын бийлеген Күн Бийдин адилдик Жолу арада замандар азып, кылымдар тозуп, Кут Бийлик Башы Күнтууган Улуктун адамгер Жолунда уланышып кеткени, не сонун!

Байыркы карт, дайымкы жаш – Шам-бала Мекенде! Ысык-Көлдө!

Бул деген, демек, алгы жылдары Дүйнөлүк цивилизациялар мейкиндигин (азыр Хантингтондун согушчул доктринасында кырылышып баштаган!) жаңы мамырылашууга чакырган Дүйнөлүк Жаңы Идея жар салынышы керек дегенди билдирет. Кыргызстандан! Бул – замандын зарылдыгы.

Мындай кудурет бу күндө, Манастык Цивилизациянын ички мүмкүнчүлүгүндө уюп туру. Демек, Тэңири буйруп, Тагдыры жазып Көл кылаасында өткөрүлө баштаган Бүткүл дүйнөлүк көчмөн оюндары будан ары Дүйнөлүк Жаңы Жарыя – Манастык Цивилизациянын шаң-салтанат кадамы, Дүйнөлүк Жаңы Идеянын шөкөт-зоогу катары гана каралышы керек.

Ал эми ага алгы иш-чара – дүйнөлүк цивилизациялардын жаңыча диалогу, т.а.

бытыраан  чачыраган  ар кыл  цивилизацияларды Бир Башкы Уюл МАНАСТА мамырылаштыруу болуп калуусу шарт.

Бул деген, бир кездери, планетардык алп жазуучу, асыл жердешибиз Чынгыз Айтматов баштап,  аягы  дымый түшкөн  атактуу «Ысык-Көл шеринесинин» кайрадан жанданышы дегендикти билдирет. ШАМБАЛГ шамы, шаңы жаңырып жанат дегенди билдирет.

«Манас Цивилизациясынын Манифестин» жарыялап, китептин соңку барагы жабылмагы – ошо.

I БАП

ШАМБАЛА ИЗИ

Кайып Мекен

«Шамбала тууралуу айтылган аңыздарда, болмуштарда жана ырларда  Чыгыштын эң бир кундуу,   аялуу кабары катылган.  Эгерде кимде ким Шамбаланын жашоодогу маанисин билбесе, анда ал Чыгышты билдим, Азиянын күрөөсүн  кармадым  деп  айтпай  да  койсо  болот».
Н.К.РЕРИХ

Чыгыш элдерине аты кеңири таралган бир ажайып мекен бар. Ал – Шамбала.

Шамбала тууралуу ээзелден бери канча бир аңыз кеп жашайт. Канча бир ырлар ырдалып бүтпөйт. Кереңден терең сырлар чубалат. Бирок табышмагы ансайын артылат. Ал тууралуу кезинде Блаватская жазган, Рерих издеген. Пржевальскийдин саякатынын жарыя айтылбаган максатынын бири да ошол болгон. Европанын эчен миссионер, саякатчыл, саясатчылдары купуя сырын тартышка, байлыгын артышка, ошентип кереметин өзүнө оодурушка канчадан далбас урган. Тымызын да, ачык да…

Анткени, Шамбала, аңыз боюнча, адамзаттын өтмүшү гана эмес, болоор болмушу да. Мында Көк энергия менен Көкүрөк энергия бир ритмге келген, бириккен. Бул жерде баары мүмкүн. Кыялың чынга чыккан. Шамбала ээлерине чексиз кудурет бүткөн, т.а. ага өзүлөрү жеткен. Улуу тазалыкка умтулган – сулуу жүрөк менен; көр пенделигин жеңген – өр руханий эмгек менен. Жердин Тартуу күчүн жеңип кеткендер алар. Мүлдө адамзаттын Устаттары алар. Адам коому алгы заманда кандай болушу керегин нускаган, ага үндөгөн, жетелеген; ал Жолдон болбой эле кайыгандарга акыры аёсуз казат жарыялагандар да ошолор! Шамбалага азал күндөн аңсап-чаңкап умтулуу, ошондон!

Бирок ал, Шамбала, чөлдөгү закымдай бир андан, бир мындан көрүнүп-кубулуп, арамдын нээтин кереметинде билип-туюп, өзүнө жолотпой арада арытып өзүн ачпай келет; адалды колдоп, Жолуна салып, аал руху даяр, дили аяр Устаттыкка жеткен жан болсо жарыгына алып, шамын жагып, тереңги Сырын сактап келет, Байыркыдан азыркыга…

Айтмакчы, байыркыдан азыркыга чейин анын кай жерде жайгашканын да билген жан жок. А билгендер айтпайт, сырды сакташат. Шамбала анты ошондой. От опурталын билбеген балага чагылган карматып болобу? Адамзат коому азыр ага руханий даяр эмес деп, эсептешет Шамбала оёндору. Андыктан, алар тек, жалпы адамзатты сыртынан астейдил багып, көз салып, керек учурда кандайдыр жышаан берип эскертип, ал эми өтө зарыл учурларда адамдардын арасына түз эле келип, турмушуна аяр кийлигишип, түпкүлүктүү Жолго буруп да турушат делет. Ушундай бир сырдуу өлкө, сырдуу жандар. Кыргызча айтканда, кайып мекен десе болот. Айтмакчы, бул да шарттуу. Анткени, Шамбала өлкөнү жалаң гана кайыпка байлоо да бир жактуу, б.а. ал руханий купуя гана мекен эмес, ушул биз жашаган буурул жердин бир булуңунда бар жайгашкан, реалдуу мекен деген да идея жашайт. Эмесе, ал кайда, эмне мекен?

Европалыктарга биринчи ирет Шамбала идеясын тааныштырган немис профессору Грюнведель. Ал үчүнчү Ташы Лама тарабынан жазылган «Шамбалага жол» аталган Тибет манускриптин ушул кылымдын башында которуп жарыялаган. Тибет манускриптеринде көчмөн дүйнөгө тээ илгертен айрыкча мүнөздүү – каймана айтуу, кыйыта туюнтуу, аллегория, метафораларга чулгап берүү күчтүү өнүккөн. Андыктан, Батыш адамы, учурунда, анын купуя маңызынан баары бир сырт калган дешет.

Шамбала тууралуу орус тилдүү окурман журтуна алгач кең-кесири маалыматты Н.К.Рерих берген. Ал «Азия жүрөгү» аттуу сапар китебинин экинчи бөлүгүн «Шамбала» атап, бүтүндөй ошого арнаган.

«Если будет произнесено здесь самое священное слово Азии «Шамбала», вы останетесь безучастны. Если же слово будет сказано по-санскритски «Калапа», вы также будете молчаливы. Если даже произнесете здесь имя великого владыки Шамбалы Ригден Джапо, даже это громогласное имя Азии не тронет вас. Но это не ваша вина. Все сведения о Шамбале так рассеяны в литературе. На Западе нет ни одной книги, посвященной этому краеугольному понятию Азии.

В сказаниях о Шамбале, в легендах, преданиях и песнях заключается, быть может наиболее значительная весть Востока. Кто ничего не знает о жизненном значении Шамбалы не должен утверждать, что он изучал Восток и знает пульс современной Азии» [1] – деп жазат ал.

Ушинткен Рерихтин китеби байтак Азиянын бар тарабында, бар танабында чачылып жаткан зор баянды бир жерге топтоонун, чулу аңдоонун биринчи үлгүсү болду. Бирок Чыгыш эли махатма туткан бул залкар да өз идеалы улуу Гималайды даңазалап айтып, андан кылчактап алыс кете албай атып, балким, ал дагы уттуруп коет Улуу Чындыкка, кезинде.

Ырас, кийинчерээк ошол сайда сансыз чачылып кеткен жеңил экзотикага жеңдирген китептердин ичинде америкалык аалым Эдвин Браумдун «Шамбалага кеткен жол» деген башкаларга салыштырмалуу олуттуу китеби жарык көрөт. Бирок сыр түйүнүн бул да чечпейт. Табышмактуу зор дүйнөнүн татаалдыгы дагы артылат.

Биздин оюбузча, Шамбалага кайрылган басым авторлордун жалпы кемчилиги – алардын Тибет, буддизм, Гималай фактору менен ашкере «оорушканында» жана Шамбала Дүйнөсүн мындан сырт элестете да алышпагандыгында.

Ырас, акыркы эки кылым буддизмдин жылдызы Батыш Дүйнөсүнүн көз алдында көрүнөө көкөлөгөн чагы болду. Ал эми Шамбалага байланышкан ар кандай аңыз, туу түбү түшүнүктөрү, тутунган улуу устаттары буддизмге, айрыкча анын тантризм уюл, ламаизм канатына мүлдө байланышта сыпатталат. Шамбала идеясы негизинен буддизм алкагында ачылат.

Демек, бир жагынан, изилдөөчүлөрдүн мындай позициясын да түшүнсө болот. Бирок чыныгы тарых биз окуп билгенден, бизге окутуп келишкенден саал татаалыраак экен. Устатты тарбиялаган башка улуу устаттар, идеяны азыктандырган башка улуу идеялар бар экен. Ал кудум ушул Шамбаланын купуя маңызындай болуп, сыры тереңине тунуп, сырты жупуну көрүнүп-көрүнбөй калыптыр, көмүскөө келиптир! Бул тууралуу кези келгенде кеңири сөз кылабыз.

Соңку жылдары кыргыз авторлору да бул аяр темага кайрылып, ага өзгөчө өңүттөн мамиле этип, өз көз караштарын айта башташты. Мен мында Г.Мамбеталиева, Б.Айдаров, К.Байбосунов, Ш.Таштанбековдун басма беттеринде жарык көргөн да, көрбөгөн да оозеки ойлорун белгилеп атам. Бул, арийне, алгачкы гана карлыгач ойлор жана чын кубаттого арзыйт. Аманчылык болсо, алдыңкы келечекте Шамбала руху кайрадан жаңы кудуретинде улуу шаңшыйт, канат керет. Анткени, бул кудурет, Рерих айтмакчы, ар кылымда бир кайрылып, уктап бараткан адамзат рухун бир козгоп, дирр силкинтип турмайы бар. Тазалап алмайы бар. Ал эми сааты-күнү келгенде мүлдө баарын өз бийлигине өктөм алат.

Акыйкатта, Шамбала доору жакын, жакын келди. Жана анын жаңырып чыныгы серпилиши, эгер кечээ ал буддизмдин руханий жылдызынын жарык жанганына байланышса, эми ал алдыда көчмөн жылдызынын көкөлөшүнө байланышат. Түпкү Түндүгү алдында. Түп ураанынын шаңында. Теңирчилик тереңинде. Манаста! Жан сактоо инстинкти жандуу өнүккөн дүйнөнүн Батыш өңүрүнүн акыркы жылдарда көчмөн духуна көөнү өзгөчө бурулганы бекер эместир. Шамбала доору жакын, жакын…

Бирок биз ага эми өзүбүз даярбызбы? Күтүнүп ала алабызбы? Же күүлөнүп келаткан күүсүн кагып, ийин жандырып, буйдалтып зар күттүрүп да турабызбы, түркөйлүгүбүзгө алдырып, арамдыкка чалдырып… Арамдыкка – Дүйнөнү каптап барган, оо, ээзелде, ээзелде эле Вишну Пуранада айыпталган:

«И будут временные монархи на земле, цари сварливые, жестокого нрава, прилежащие ко лжи и ко злу. Они будут убивать женщин и детей … Они отнимут собственность подданых. Жизнь их будет ко коротка и вожделения ненасытны. Люди разных стран соединяются с ними...

Имущество станет единым мерилом. Богатсво станет причиною поклонения. Страсть будет единственным союзом между полами. Ложь будет средством успеха на суде. Женщины станут лишь предметом вожделения. Богатый будет считаться чистым. Роскошь одежд будет признаком достоинства… Так в Кали Юге будет постоянное падение…»[2]

Ушул караңгы уюктан кайра серпилтип алып чыгаар жазмыш Шамбала рухуна жазылган. Бул – дүйнөлүк жоопкерчилик…

Бирок ал тууралуу айтаардан алдын, дегеле Шамбала өлкө, шам кайыптар жөнүндө буга дейре жазылган китептерде эмне айтылат, булактарда не нускалат, окурман журтуна түшүнүктүү болсун үчүн бизге дейре жарык көргөн материалдарга таяна ушуну ирети менен сунуп алалы.

Шамбаланын санскриттеги туура окулушу – «Шамбхала». «Шам» уңгусун санскритологдор «бейпил, бейкут» (спокойствие) деп түшүндүрүшөт. Демек, Шамбала – бейпил өлкө, бейкут эл дегенди билдирет дешет.

Анын бейкуттугу бул өлкөдө жалаң Дааналар, Көрөгөндөр жашагандыгы менен түшүндүрүлөт. Алар элге көрүнбөйт, кайып жүрүшөт. Мекени да ошондой, кайып мекен. Ал мекенге барууга – көзү ачылган, зили арууланган улуу устат, уламаларга, махатма, архаттарга гана уруксат кылынган, Жол берилген. Башкаларга – Жол туюк. Адамзаттын көзү ачылган ошондой гөзөлдөрүнө мезгили сааты келгенде кайыптан кабар жетип, жышаан келип, өзүлөрү ээрчитип кетишет. Жакшылыкты тамыр чайлатып, Жамандыктын өзөгүн үзөөр, адамзат жашоосунун чыныгы асыл маңызы эмнеде катылганын нускап, Көктүн чексиз энергиясын Көкүрөккө ооштуруп алаар Улуу Купуя Илимдин сырын үйрөтүшүп, кайра Элге кайтарып турушат дешет.

Элдик аңызга караганда Блаватская, Рерихтер да ал сырдуу жайда болуп кайтышкан. Ошол Купуя Илим байыркы замандардан бери ар бир ыйык окуу сыяктуу эле жашыруун сакталган. Устаттан шакиртке табышталган. Кылкылдаган кылымдарды кечип ооздон оозго өткөн, дилден дилге көчкөн. Ошентип, соңкуларга жеткен. Эмесе, Манас айкөл, Каныкей кайып, Бакай даана, Семетей Эр, Айчүрөк аккуулар сызып кеткен Улуу Кайып Мекен ошол; ошол Кайыптан сыр даарып, аян алып күпүлдөп Манас айтып, күкүктөп Дарыя агып калган улуу манасчылыктын да Сыры ошол.

Бул илимдин кол жазма түрүндөгү алгач ачыкка чыгып белгилүү болушу IX-X кылымдарга таандык. Бутпарас Аттиш тарабынан алгач ачык даңазаланган. Ал «Калачакра – тантра» деп аталат. «Калачакранын» мааниси сөзмө сөз которгондо «мезгил дөңгөлөгү» же «айлампа мезгил» («колесо времен») дегенге келет. Ал эми «тантра» – сөзмө сөз алганда «агылган», «төгүлгөн» деген мааниге дал. Бирок будда адабиятында кең мааниде, «текст», «сөз», «баян» мааниге өтүп кеткен.

Ошентип, алгачкы эң башкы булак «калачакра баян» аталган да ал Тибет буддизминин же тантризмдин өзөгүн түзгөн. Аңыз боюнча калачакра илимин улуу Будданын өзү жараткан делет. Анын өзөгүн биринчилерден болуп Будданын өз оозунан Шамбала гөзөлү Сучандра уккан жана өздөштүргөн. Ошондон баштап Шамбала эли-мекени ал окуу менен куралданып жашап келет. Шамбаланын борбору – Калапа. Сучандра ушул борбордун дал Борборуна Калачакра илимине негиздеп, көз тайгылткан зор ак сарай салдырат. Ак сарайдын түзүлүшү кийин «тибет мандаласы» деген ат менен белгилүү болгон космогониялык схеманы эске түшүрөт. Анда бир лабиринттен экинчисине удургуп улам айланып кирип, уйулгуп кайра чыгып отурган ажайып система берилген.

Тантризмде мына ушул мандаланын өзөгүнө өтүүнүн өзгөчө Жолу нускалган, б.а. ал – руханий Жол. Өзүнүн көкүрөгүндө ой толгоп, сезим толгоп… толгонуп, толгонуп… отуруп, акыры, соңу Көк Теңирине толгонуп кошо өрүлүп кетүү бул. Өзүн жоготуп Ааламдан табылуу, же тескерисинче, Ааламдагы өзүн табуу, ачылып жаткан чыныгы табиятына жанашуу. Космостун чексиз энергиясына эритип Ой-Бой энергиясын кошуу, дирилдетип Көктү ийитүү. Көлкүтүп өзүнө түшүрүү. Буддизм айткан «пустота»«аңыр» мына ушул же ал Будданын маңызына толгон боштук! Шаңгыраган аавалкы Улуу Тунук. Шамбала башат!

Калачакра – тантранын мына ушул Көккө Көкүрөк аркылуу Жол салуу талабынан улам жана да реалдуу Шамбаланы Жер үстүнөн эч жерден эч таба алышпаганынан улам далай аалымдар баш чайкап: «Шамбала – бул эч кандай географиялык ченем-чек эмес, ал тек, руханий мекен, адамды чексиз арууланууга чакырган» деген да бүтүмгө келишкен. Бирок бирдар аалымдар Жер үстүндөгү чыныгы Шамбаланын бар экендигинен эч качан күмөн санашпаган, күдөр үзүшпөгөн. Аны издешкен, издешкен, талыбай издешкен. Табышпаган. Жок, табышкан! Бирок ар кай жерден, миң кыл аймактан – Гималайдан, Кунь-Луньдан, Тибеттен, Монголиядан, Тарим чөлүнөн, Бутандан, Кара-Корумдан, Памирден, атургай алыскы Орусиядан…

«Шамбала есть священное место, где земной мир соприкасается с высшим состоянием сознания. На Востоке они знают, что существуют две Шамбалы: одна земная, и другая невидимая...» деп жазат Рерих «Шамбаласында»[3].shambala2

Ошентип, Шамбаланы руханий да, географиялык да мекен деп тааныган күндө да аалымдар анын туу казык ордун табууга келгенде (локализация) ар башка көз караш тутунуп, натыйжада, Бир Шамбала эки айрылган. Чын эле, ушундайбы? Жер Шамбала бекерби? Же ал, тек, руханий кубулуш, купуя илимби, адам көкүрөгүндөбү? Алдэ, бардык жайда чачылып, жайылып кеткени да ыраспы? Ар бири бир-бир Шамбалабы? Мүмкүн, мүмкүн… Бирок баарына булактап ийип калган аавалкы Бир Шамбала башат болушу андан мүмкүн! Руханий да, Жер да маӊызы эки айрылбай ТЕӉ жаткан чулу негиз Түп Башат.

Баары ошол Бир Башаттан гана таралышы мүмкүн. Анткени акыл калчап отурсак, түбүндө ал экөөнүн бөлөк-салак ар жерде жаралышы акылга сыйбайт. Башат бирөө гана болот. Ошондон таралат. Балким кийин конуш тепкен жеринде ал идея жергилик мүнөз күтөт. Айрым өзгөчөлөнөт. Бирок Дене менен Жанды ажыратууга болбогондой, биринде бири дайым күзгү чагылгандай Жер-Руханий кубулуштун аавал биримдиги, кай жерде, качан да болсо, кала берет. Тек, аны таанып алмак гана парз. Биз бүгүн ошол Бир Башатты издеп көргүбүз бар. ТЕӉ чулу Шамбаланы…

Шамбаланын жайгашкан ордун эӊ биринчи жана эӊ башкы булак болуп саналган бая Калачакратантра өзү берет. Ал боюнча бул ыйык жай Сит дарыясынан түндүк жакта жайгашкан. Демек, түп булактын нускоосу башынан айкын. Эгерде байыркылар кокус эч нерсе айтпайт десек, алардын ар бир ишаарасында, ар бир символунда сөзсүз кандайдыр бир улуу мазмун тунуп турганына макул болсок (а чынында, дал ушундай), анда Шамбаланын Сит дарыясынын түндүк жагынан орун алганын да моюндап, аны обол ошол жактан издешибиз ийги.

Бул – талашсыз факт жана алиппедей чындык болууга тийиш. Бирок ошол Сит дарыясы өзү кайсыл, ал кай жерден агып өтөт? Талаш туудурган ушул. Будда адабияты бул тууралуу эч нерсе айтпайт. Ырас, соӊку аалымдар ал азыркы Чыгыш Түркстанда жаткан Тарим дарыясы болсо керек деп болжошот…

Түп булак бу дарыя менен катарлаш дагы бир маалыматты берет. Шамбаланы сегиз таажылуу лотос гүлүн элестеткен сегиз тоо айланта курчап турат. Ортодо кан ордосу Калапа орногон. Ал жана айткандай, Калачакра мандаланын өтө зор элесин эске салат. Түп Булактын болгон берген маалыматы ушул.

Айттык, Сита дарыясы кай жерде агаары беймаалым, Калапа шаар да кайсы урандыда чөккөнү белгисиз. Бирок бир нерсе белгилүү – Калапа каны Сучандрага Будда өзү калтырган илим же Калачакра-тантранын өзү. Ал эми бул купуя илимди адамзат арасына тараткандар, улуу гуру, махатмалар, ламалар. Демек, кандай да болсо айланып ал из бутпарас мекени Индостандан же Тибеттен табылаар?

Ырас эле, Шамбала изин Алтай, Монголиядан тартып Индия, Непал, Бутан чегин арытып, ар кыл элдер, тилдер арасында жайылып, чачылып кеткен аӊыз мифтерден бери аӊтарып издеп чыккан Рерих акыры Гималайга токтойт. Түп Шамбаланы адам аягы баспаган ак кар, көк муз тунган улуу тоолордон көрөт. Акыйкатта, ал жерди мекендеген даанышмандар өзүлөрүнүн ички кубатын Теӊирден агылып, тарап турган чексиз күчкө кандайча жалгаарды билет. Ошол кудуретке бир туташ жашайт. Андыктан, көрпенденин – биздей, – көйгөйлөрү аларга жат.

«На вершинах Сиккима, в Гималайских отрогах, среди аромата балы и цвета рододендронов, опять лама, подобный средневековому изваянию, указал на пять вершин Канченджунги и сказал: Там находится вход в священную страну Шамбалы. Подземными ходами через удивительные ледяные пещеры немногие избранные даже в этой жизни достигали священное место. Вся мудрость, вся слава, весь блеск собраны там…»[4].

Рерих бул ишенимин гималайлык ламанын эле айтканы менен бышыктап чектелбей, Алтайдын тереӊинде жашаган, көөнө дин туткан (старовер) орус чалынын да оюн келтирет.

«В далеких странах, за великими озерами, за горами высокими, там находится священное место, где процветает справедливость. Там живет высшее знание и высшая мудрость на спасение всего человечества. Зовется это место – Беловодье».

Рерих бул – Беловодье-Аксууну да кайрылып Гималайдан табат: «…и это направление, не удивляйтесь, опять ведет вас к Гималаям».

Шамбала ордун нускаган адабият-булактардын көбүнө мүнөздүү бир жагдай бар: ал Шамбаланы негедир дайыма Түндүк аймактан көрүү. Маселен, Тибеттин өзүндө Шамбала «Чан Шамбала», б.а. Түндүк Шамбала делет.

«Чан Шамбала… Этот эпитет вполне объясним. Манифестация учения произошла в Индии, откуда все по ту сторону Гималаев, очевидно, является северным»[5], –  деп жазат, Гималай позициясына бек Рерих.

Бирок бир даар адабияттарда Шамбала Гималайдан да артылып, бу Индиянын да түндүгүнөн орун алат. Кай бир адабияттарда Индия «түндүгү» башка түндүккө жылышат. Эсеби, байыркы индустардын «Курма Пурана» илиминде качандыр, качандыр бир кезеӊдерде, Түндүк деӊизде «Света-Двипа», же которгондо «Ак Арал» аталган арал болгон имиш, кийин деӊиз соолуп, анын ордуна азыркы Гоби чөлү пайда болуптур. Ал кезде суудан төбөсү чыгып турган арал кийин суу тартылган соӊ, турган ордунда опол тоого айланыптыр. Бул тоодо азыркы күнгө чейин кудуреттүү кудайлар жашайт дешет.

Ошентип, Шамбаланын закым элесин ээрчип, ак кар, көк муздан эриген эрме чөлгө да түшөбүз. Ушуга байланыштуу Рерихтин күзгү сыныгындай чачырап кеткен Шамбала күкүмүн кумдан терип чогулткан да бир мисалына назар таштайлы:

«Перед Зайсаном (Казахстандагы көл – Ч.Ө.) наш калмыцкий лама указывает на юго-восток, где серебрится снегами хребет:

«Вот там священная наша гора Саур. С вершины еө в ясные дни видны горы священной страны. Под горою засыпан песком город Аюши-Хана. Можно видеть еще стены и храмы и субурганы»[6].

Батыш оккультизмин негиздеген Елена Блаватскаянын кыялына канат байлап эргиткен да, жан дүйнөсүнө бүлүк салып жан азабын жедирген да дал ошол кум алдында түбөлүк калган шаарлар болгон.

Эргигени – ал учу-кыйырсыз мелжиген улуу кумдун алдында адамзаттын аавал тарыхы гана эмес, алдыӊкы келечекке да жообу катылып жатканын сезген.

«Гигантская и несокрушимая стена гор, окаймляющая плоскогорье Тибета, от верхнего течения реки Хуанхэ вниз к холмам Каракорума, была свидетельницей цивилизации на протяжении тысячелетий, и могла бы поведать человечеству странные тайны. Восточная и центральная часть этих областей – Нянь-шань и Алтын Таг – в далекие времена были покрыты городами, которые могли прекрасно соревновать с Вавилоном. Целый геологический период процесса над страною с тех пор, как эти города окончили свое существование, как это свидетельствует, барханы движущихся песков и бесплодная и ныне мертвая почва обширнейших, центральных равнин бассейна Тарима»[7].

Ырас, Блаватская түздөн-түз Шамбала мекен деп айтпайт биерде. Бирок бүткүл адамзатка таралган руханий илимдин түбү бир жана ал башат «Купуя Доктринада» катылган деп эсептейт. Ал эми «Купуя Доктринанын» куту анын кунун билген гуру, ламаларга – адамзат усттарына берилген. Гималайда, Тибетте… А бул, бая, шамбала илим.

Карт Азияда кайыптар мекендеп, аа касиеттүү даанышмандар үн салышкан ыйык тоолор Тибет же Гималай эле эмес. Байыркы замандан бери кудайлар түнөп кеткен, олуялар турук алып, өлбөстөр мекендеген дагы бир Улуу Тоо бар. Ал – Кунь-Лунь. Кытай Олимпи. Башында аны Байбиче Эне – Сиванму Кудай бийлеген. Кийин башкы Кудай Тайди оогон ага. Кунь Лунь.

Кунь Лунь кытай мифологиясында Асман – Жердин Тирөөчү саналат. Бул түркүктөн кудурет ээлери төмөн куюлуп түшөт, бул түркүктөн кудуретке сыйынып, жогору чыгышат. Ата-бабалардын арбагы да аерди Ордо тутат. Кайыптар төмөндө аккан тирүүлүккө сабырлуу көз салып турушат, аны жөндөп турушат.

Кунь-Лунь кытай аңыздары боюнча дайыма Дүйнөнүн Түндүк-Батыш чегинен орун алат. Ага өзүлөрүн Асман алдындагы Ордо аташаарын эске алсак, анда Кунь Лунь орду да кайрадан, бая, буга дейре болжонуп келген Шамбала ордун карай жылышат. Дал Шамбала сыяктуу же Кунь Лунь айланасын сегиз тоо курчап, жан жагында суулар ийрилет.

Бул тоодо Каймин – «Нур чачаар» аталган сырлуу жаныбар жашайт, ал асыл таштар менен айланта курчалган тогуз кудукту жана ага баштап бараар тогуз дарбазаны кайтарып турат. Айтмакчы, Шамбала аңызында да бул купуя мекенде тогуз кудук болгону жана тогузунун тең түбү Жердин толтоосунда кошулуп жатары айтылат. Ай-тоор, аты эле башка болбосо, заты көп жагынан бап түшөт.

Ушуга карап орус аалымы Алексей Маслов: «Шамбала – бул болду», болбоду, Кытайдын түндүк батышына карай сойлоп жаткан Тарим сууну бойлоп, Тибетти жээктеп, Синьцзянга жанашып учу-кыйырсыз созулуп жаткан улуу Кунь-Лунь тоо массиви болсо керек деп жыйынтык чыгарат. Ошентип, Шамбала болуу укугун талашып дагы бир талапкер аймак – Кунь Лунь тоо чыгат. Ырас, орус аалымынын айтканында да баары бир чалгайлык калат. Аны өзү да моюндайт:

«но, увы… При более тщательной проверке оказалось, что в преданиях речь идет о другой горе под тем же названием, месторасположение которой остается до сих пор загадкой. Китайские ученые высказали мнение, что это удивительная вершина могла находиться к востоку от современного массива Кунь-Лунь или в горной провинции Ганьсу, что расположена северо-восточнее Тибета, известный своими находками стоянок первобытных людей»[8].

Ошентип, Шамбала мекен кайрадан закымдайт, караанын кайытат. Кытай аалымдарынын «колу ийрейип» аны такыр эле Кытай борборуна ие тартышы, азыркы Гань-су провинциясына алпарышы – бул да болжол. Ал эми Шамбала ырас эле ушул Кунь-Лунь тообу, же?… Буга анан, кытайдын өз булактарына кайрылганда арналуу токтойбуз.

Арийне, чалгай чалганына карабай орус аалымынын позициясында да ойго учук алар жагдай бар. Ал Шамбала ордун Гималайдан, Тибет бийигинен эле эмес, бая түп булактарда нускалган «Түндүк аймагынан» табуу далалаты, Шамбала аӊызындагы Сита дайра деп саналган Таримдин башатынан, анын Жаркен, Хотан суу куймаларынан. Ырас эле бул жайда азыр Ак-Суу деп аталган шаар да бар, Шамбала Ак-Суусун эске салган.

Маслов бул оюнда жалгыз эмес. Мындай ойду ага чейин Тибет боюнча сыналган адис, италиялык илимпоз Г.Туччи да айтыптыр. Анын пикиринче, Шамбала Сита дарыясынан, б.а. Таримден анча алыс эмес жерде жайгашкан реалдуу, кадимки жер өлкө.

Алыскы бир Азияда, тоолордун ортосунда токтоп калган, жери бейпил, эли бейкут табият мыйзамына ылайык, таза, ага эриш-аркак адөөлөт жашаган эл тууралуу европалыктар да эртелеп кабардар болушкан. Байыркы грек жана узаакы орто кылымдагы элдир-селдир кабарларды эске албаганда да, жаӊы заман жазмаларында Шамбала закымы кайрадан калкып чыгат.

Эсеби, португалиялык миссионер Э.Кацелла Тибетте чейрек кылым жашап, кийин отчөтун жазганда (Рерих аны Шигатзеде 1650-ж. өлгөн деп берет), ошол ажайып жер тууралуу атайын эскерет деп белгилешет изилдөөчүлөр. Кацелланын сапарлашы Ж.Кабраль да Шамбалага кайрылат. Ал 1625-жылы мындай деп жазыптыр:

«По моему, Шамбала – это не катхей (кытайдын европалыктарча эски аты), но то, что на наших картах называется Большая Тартария»[9].

Автор андан ары өз оюн улантат:

«И действительно, на карте XVII века, изданной католиками в Анвере, такая страна значится. Более того, венгерский филолог К. де Корос, проведший четыре года в буддийском монастыре указывает, даже относительно точные географические координаты Шамбалы: между 45 и 50 градусами северной широты, за рекой Сыр-Дарьей»[10].

Шамбала тууралуу жарык көргөн дээрлик бардык адабияттарды аӊтарып системага салган, бирден бир авторитеттүү илим деп саналган америкалык чыгышпоз Эдвин Бернбаумдун «Шамбалага кеткен жол» деген китебинде бул ой дагы да дааналанат. Анда Сита – Тарим дайра эле эмес, Аму же Сыр дайра да болушу мүмкүн деп болжонот.

Ушинтип, байыркы аӊыз, бай адабияттарда түптөлгөн, бирде «бар», бирде «миф» делген Шамбала мекен акырындап Жер глобусунан булаӊгыр элес бере баштайт. Бирок Блаватская, Рерихтер Шамбала ордун Түп булак – «Калачакратантра» нускаган Сита – Таримден канча алыс түштүккө оодуруп кетишсе, соӊку авторлордун аны ошончо алыс түндүккө тартып алыстатып алышканы маселени кайрадан татаалдантат. Бая шектенген көз карашты кайра тутантат.

Балким, кай бир авторлордун айтканында жүйөө бар чыгаар; Шамбала, тек, сырга суусак адам табияты жасап алган кыял дүйнө, кайып мекен гана чыгаар. Балким… Бирок адамдын ушул эле табияты же сыр жандырууга ышкычылдыгы анын жанын да эч жай алдырбайт. Демек, кайра үӊүлөбүз, үрүлүп издейбиз, аны – Шамбаланы!

Ушунда эӊ түпкү булактарда бизди Шамбалага жетелеген Ситадан башка дагы бир жалгыз чыйыр калганын көрөбүз. Ал, бая айтылган Ак-Суу же Ак Арал. Бирок бул не – дайрабы, көлбү? Не, көл арасында орноп калган аралбы? Тарим суунун башында Ак-Суу шаары турганын көрдүк. Рерих Ак Аралды Гималайдан, Химоватанын батышынан көргөнүн билдик. Эми, Ак-Суу – Беловодьени, алыскы түндүккө, Орусия аймагына – Белугага алып кеткендер да бар… Демек, анда бул да мифпи? Жок, эгер бар болсо, анда чыныгы Ак Арал – Ак-Суу кайда?

Эмесе, аӊыз-болмуштарга кайрылып, кайрадан ошол изди дагы бир кууйлу, Ак Арал – Ак-Сууга кеткен…

Ообол, түп булакка кайрылалы. «Курма Пуранада» Түндүк Деӊизинен орун алган Света-Двипа же Ак Арал деген арал бар экени бая айтылган. Ырас эле, пурана адабиятындагы бу маалыматка Тибеттин асаба, тууларында тартылган сүрөттөр да таӊ каларлыктай дал түшөт. Анда көкжашыл оазистин дал ортосунда, ак чач тоолордун толтосунда Шамбала шаары тартылган. Шаар туш-тарабынан агын суулар, көлдөр менен курчалган. Демек, кандайдыр жалпыланган элес бар. Мына, ушул сырлуу дүйнө Ак-Суу тууралуу кабар Европа элине да эртеде белгилүү болгон. Бирок аны атайын шайланып издеп чыккандар жолдо жоголгон. Анткени, Шамбала анты руханий даяр эместерди өзүнө жуутпайт. Тазага гана койнун ачат. Чыгышта: «шакирт даяр болсо, устат табылат» – делет. Ошонун бири – Сергий ата.

Сергий ата Ак-Суу дайынын Грецияда, Атос монастырында жүрүп угат. Касиеттин кабары жанын жай алдырбай тынчын алып, акыры аны издеп жолго чыгат. Ийса жыл санагында, бул, 987-жыл. Ошондон жол азабы – көр азабын тартып, экспедиция мүчөлөрүнөн айрылып, аты арып, азыгы куруп, тону тозуп, бирок көжөлүп максатынан кайтпай, акыры сапарынын төртүнчү жылында жапан талаада жападан жалгыз калат.

«…путешественник достиг наконец границ Беловодья – белого озера, берега которого были покрыты слоем соли.

Русский монах был слишком измучен, чтобы возвращаться назад. И он решился следовать дальше. Еще через несколько дней пути к нему внезапно подошли двое незнакомца. Хотя они говорили на чужом языке, отец Сергий странным образом понял все, что они говорили»[11].

Ушинтип, жан азабынын кыйноосу Улуу Чегине жеткен ченде, эрлиги пенделигинен ашып кеткенде Сергий атага Шамбала чабармандары кол сунган экен. Өзүлөрүнө алган экен. Тилсиз жүрөктө сүйлөшүшкөн экен. Кийин ал адамзатка зарыл рухий илимге каныгып болгон соӊ кайыптар аны кайра элге кайтарышкан. Кырчын жолго чыккан жигит буурул кары болгондо Киевге аман-эсен жеткен. Бул Ийсанын жыл санагында 1043-жыл эле. Күн Батыштан Ак Арал Шамбалага келген жол – ушундай.

Эми, Алтайдан түшкөн жолго серп сал.

Көөнө кечил орус карыянын (старовер) бир айтканын Рерих өз китебинде келтирет:

«Отсюда пойдешь между Иртышом и Аргунью. Трудный путь, но коли не затеряешся, то придешь к соленым озерам. Самое опасное это место. Много людей уже погибло в них. Но коли выберешь правильное время, то удастся тебе пройти эти болота. И дойдешь ты до гор Богогорше, а от них пойдет ещө  труднее дорога. Коли осилишь еө, придешь в Кокуши. А затем возьми путь через самый Ергор, к самой снежной стране, а за самыми высокими горами будет священная долина. Там оно и есть, самое Беловодье»[12].

Абай баксак, Шамбала аӊызында да, Тибет тоосунда да, Сергий ата менен орус старовердин айткандарында да бир жалпылык дайын турат. Ал – Көл. Бирок Сергий ата бу туздуу Көлгө кай мерчемден кабылганын айтуу кыйын.

Изилдөөчүлөрдүн  Шамбала  Улуу  Тартарияда (Улуу Татария) Сыр Суунун сыртында,  атургай,  меридиан  боюнча  45⁰-50⁰  кеӊдикте  орун  алган  деген  кыйла  даана  кабарына  карап,  балким,  бу  Көл  Арал  деӊизи болбосун  деп  болжоого  болот.  Анда,  чын эле  «Барса  Келбес»  аталган  аты  эле  сырлуу эмес, заты да ажайып аралдар бар. Бирок аттиӊ, бул Деӊиз-Көлдү айланта курчап алган Улуу Тоолор гана жок…

Орус-старовердин баянындагы туздуу Көлгө келсек, Рерих аны Монголиядагы Цай-дам көлү деп санайт жана андан берки айтылган жер аттарын излеп отуруп, бая айтылгандай, Ак Аралды Гималайдан табат. Бирок мында түп булакта нускалган көлдүн жыты да жок. Ал эми, Ихэ жана Баха Цайдамга барсак, жан жагын шорлуу чопо баскан, саздактуу, жайылган тоолору бүлбүл алыста жаткан бу кош Көл да Шамбала шаӊын эске салбайт. Анан да Эртиш, Аргун арасы аркылуу Шамбалага куюлуп түшкөн жол сөзсүз эле Цайдам аркылуу өтөт деп кесе айтышка да болбойт. Бул Рерихтен мурда XIX кылымдагы орус староверлеринин өзүлөрү ата-бабалары айткан эски жолду унутуп, чаташтырып алышынан да чыгышы мүмкүн. Ал жол Монголияга эле эмес, Алтайдан ийрилип, Түштүк Батышка карай да кетет. Тарим тарапка!

Акыйкатта, Алтайдан Түркстанга түшкөн Эртиш кескен эски жолду көчмөн тарыхы жакшы билет. Мисалы, Манас көчүн. Айтса, бул көч жолдо тарыхта Туз-Көл деген ат менен белгилүү кадимки кыргыз деӊизи жатат. Ысык-Көл! Балким, Туз-Көл ушул чыгаар? Анткени дал ушул туздуу көлдөн же Шамбала аӊызында айтылган Тарим суунун (Ситанын) түндүгүнөн күн Батыштан Сергий ата келер жол да, Күн Чыгыштан старовер айткан жол да бир кесилишет. Баары бир түйүнгө түйүлөт. Жан жагын тоолор курчап, Асман өзүн күзгү каранган бул ажайып Көл, мелл-мелл өрөөн кай жагынан караба, чыны менен Шамбалага окшойт.

О, Шамбала! Шамбала!

Ушунча мейкинди арытып, ушунча тарыхты аӊтарган Рерих аз-аз жерден тийип-тийбей кайып калган алтын өрөөн ушул эмес бекен?!

«Некоторые указания, затемненные символами, указывали местонахождение Шамбалы на Памирах, Туркестане и Гоби. Вессел в своей книге «Иезуиты путешественники по Центральной Азии» упоминает иезуита Кассела, умершего в 1650г., в Шигатзе. Кассела, который пользовался необычайной дружбой со стороны тибетцев, получил от них предложение посетить страну Шамбалы… Так, например, указывается, что в местности Шамбалы люди живут в юртах и занимаются стадами, почему некоторые думают, что это относится к местности кочевьев Туркестана, но не забудем, что горные киргизы в местностях Куен Луня также живут в юртах и занимаются скотоводством»[13].

Керемет! Мында эми Шамбала мекенде боз үй тиккен, мал күткөн эл жайлаары эле эмес, «кыргыз» деген ат да тикелей айтылып тур. Бирок Рерихтин да минтип күмөнсүшкө толук акысы бар болчу жана анын себебине анан кеӊирээк токтолобуз. Азыр кайрадан туздуу Көлгө кайрылалы. Суроо туулат: Ырас эле, Шамбала ушулбу? Ушунча эл, ушунча аймакты, ушунча тытып издешкен, арыган, талыган, не бир улуу сапарлар карыган купуя Шамбала ушулбу? Ушунча көрүнөө турганбы? Ушуну көрбөй келишкенби? Же көрүнгөнгө көрүнөөр, көрүнбөскө Шамбала көк түтүн болуп бөлүнөөр башка да сыр себеби барбы?

Тилекке каршы, моюндашка туура келет, азырынча, бу да болжол. Анткени, «Шамбала ушул!» деп кадиксиз кылычтай шилтеш үчүн бир да бир күмөн ой калбаш керек. Ал эми бизде калабы? Аттигиниӊ, калат! Шамбалада, Көлдүн дал ортосунда Асман-Жер арасында калкып көк термел Ак Арал туру… Ак Аралды айтпаганда да, Ысык-Көлдүн Шамбала экенине күнөм туудурган да бир орчун факт бар. Европада эӊ алгач 1375-жылы Авраам Крескес тарабынан түзүлгөн «Дүйнөнүн каталон картасында» Ысык-Көл бар, өз атында аталган. Ал эми Шамбала ат жок. Ысык-Көлдүн Европа тарыхында биринчи ирээт картага алынганы ушул…

Ошентип, Шамбала карааны да закымдайт, карматпай кайыйт. Аны Жер бетинен табууга болгон далалат жемишин бербестей туюлат. Канатыӊ шалдаят. Бирок адам табияты өргө умтулгуч, сырга умтулгуч. Демек, ага эми башка өӊүттөн илик издешке аргасыз болобуз. Бирок кай өңүттөн? «Шамбала деген ат жок» дедик, демек, ат өңүттөн чыгалы эми. Ооба, Ат өңүттөн! Анткени, Аттын, Сөздүн философиясы өзү орошон. Түптөн келет. Биз адатта, сөз өзү эле айтылып калгандай, өзү эле табылып калгандай, жай турмушта анын ошол тереңги нурун анча ойлой бербейбиз, кармай бербейбиз, жарыгында маани чечпейбиз.

Акыйкатта, Сөз деген – энергия. Ар бир сөздө өзүнө эсептүү, ченемдүү күч бар.

Сөз жөн эле отуруп чыкпайт, жасалбайт, Адам Улуу Табият менен дирилдеп дилдешип, жүрөгү туташып, сезими чырмалышып, жуурулушуп тутум турганда («тотем» деген сөздүн теги ушул), ошондо Сөз чыккан, ошондо Ат угулган. Ыйыктар, Дааналар кереңдеги угулаар-угулбас Ыргакты угулган Добушка түйгөн, Тереңдеги көрүнөөр-көрүнбөс Элести көрүнгөн Сөзгө чийген.

Ошентип, Затына жараша Ат чыккан. «Ат – Асмандан!» деген сөздүн жөнү ошол. Сөз артында – дил толгоосу, жан ыргагы, ой салмагы жатат. Демек, бул тек, стихиялуу ар кыл акт эмес, Теңирге байланышкан тереңги аң-сезимдүү мөрт. Биринчи информация! Биз, ошол ар бир сөзгө тээ эзел заманда түп маани кошо түйүлгөнүн анчейин барк албай калганбыз. Ат тулкунда Зат тунганын жана ал аталыш кай улут журтун дал нускаарын унутуп, мезгил чаңында бастырып салганбыз.

Буга эмне үчүн атайын токтолдук? Анткени, будан ары, мисалы, буддизм же тибет ишенимине байланыштуу, болбосо, кытай иероглифтерине, алардын Шамбалага түз же кыйыр тиешесине карап кыйла-кыйла Ат-Сөз менен ишибиз чыгат. Ошондо Сөздүн оо абалкы, абалкы нурунда маани чечишке туура келет. Ошондуктан, буга арналуу токтолдук.

Белгилүү, ар бир улуу окуунун туу түбү идеясы, тутка түшүнүктөрү болот. Ошол туткасын тапсаң, эшигин ачасың. Акырындап, идея өзөгүнө өтөсүң. Болбосо, ал – сырын жандырбайт. Ар нерсени кайсар кармап адашып жүрө бересиң. Айталы, даосизмдин түркүк түшүнүктөрү «дао» жана «дэ» менен берилген. Индуизмде ал «Атман-Брахман» арасында жаа керилген. Буддизмде – «нирвана», «сансара» д.у.с. Эми, ошол Ат, Сөздөрдүн тээ эң биринчи төрөлүшү эмнеге байланышкан жана теги кай тилде жатат? Бул – орчун факт. Тааным тегин нускаган факт. Ошону тапсак, Чындыкка чыйыр жол ачылаар. Акыйкатта, Түбүн түргөн, Учун кармайт.

Анда эмесе, Шамбала атка келели эми. Андагы эң башкы аталыштар мына булар:

  1. «Калачакра-тантра» – тантризмдин же Тибет мистицизминин купуя илими. Шамбала негизи.
  2. Йога – ошол илимдин мистикалык уюлу.
  3. Калапа – Шамбаланын борбору, ордосу.
  4. Шамбала. Руханий да, Жер да Мекен, кайып да, реалдуу да кубулуш-көрүнүш.

Эми, Ат Зат арасындагы түпкү биримдик-тутумду тутушка аракет кылалы.

Биринчи. «Калачакра-тантра» Индияда, болжолу IX-X кылымдарда ачыкка чыккан дегенбиз. «Калачакраны» сөзмө-сөз которгондо – «мезгил дөңгөлөгү» («колесо времени») дегенге келет. Арийне, философиялык чечмелениши өзүнчө, ага азыр кирбейбиз. Бизге, жогорто айтылгандай, «Ат» «Сөздүн» теги баалуу азыр. Ошентип, сөздүн санскриттеги мааниси «мезгил» жана «дөңгөлөк» болду. Аттын (аталыштын), заттын (маанинин) арасында кандайдыр ажырым жатат. Чулулук билинбейт. Териштирели. Адегенде, «чакрага» токтололу.

«Чакра» – йогада адамдын өнө боюндагы энергетикалык борборлорду билдирет. Алар жалпы – жети. Индустар бу “чакраларды” Адамдын жүлүн-аркасында ийик чимирилген «дөңгөлөктөргө» салыштырат. Руханий-психикалык кубаты арткан сайын ал ошончо күчтүү чимирилет, ошон үчүн аны «дөңгөлөк» дейт. Маанисине карай «мезгил-чимирик» десе туура болот.

Эми, көчмөн тилинен издеп көрөлү муну. Ырас, бир карасаң биздин элге да, тилге да эч бир тиешеси жоктой көрүнөт. Бирок сырттай караганда гана. Тегине үңүлсөк, тереңи чыгаар.

Ошентип, жети чакра бар дедик Йогада. Ошол жети тепкич-жолду басып-басып, Адам Жолу Көккө өрлөйт. Ал канчалык руханий даяр болсо Көк ошончо көлкүп түшөт. Йог өз төбөсүнөн жогору ашканда, ошондо Асмандан Кут куюлат ага. Бой кошушат. Асман-Жер жалгашат. Объект-Субъект биригет. Веда философиясы муну «шакти аккан» маал деп атайт. Адам ушунда жаркыйт, Нурга уланат (просветление). Эми, эмне үчүн «чакра» делди?

Адам Көккө уйуганда Асман Кутун ылдый ЧАКЫРАТ – өзүнө, өз кубатын өргө ЧАКЫРАТ – Ээсине (Жаратканга). Ага кошулганда-жошулганда Адам Кутка тунат. Шактиге бөлөнөт. Демек, йогадагы «ЧАКЫР», «ЧАКЫРУУ» деген сөз эң түпкү түркий маанисинде дайын турат. Чыккан Ат да түпкү Зат да чулу, бир.

«Кала»га келели. «Кала» келтирилген сөз айкалышында «мезгил» дегенди билдирди. Бирок «чакыр» же «чакыруу» деген сөз менен бир контекстте кайнабайт. Кайнатсак, «мезгил чакырыгы» деген таптакыр башка маани чыгат. Демек, мында да «кала» – түркий контекстте «кала», «калаа» же шаар-кыштак маанисинде турат деп болжойбуз. Ушундай окуу гана бизди Шамбала философиясынын маӊызына алпарат. Муну төмөнүрөөктө, «Шамбала» аттын өзүнө токтолгондо айкын көрөбүз.

«Тантра» санскриттен сөзмө-сөз «агым», «тынымсыз агыл-төгүл», орусча – «поток», «непрерывность» деп которулат. Бирок буддистер муну философиялык мааниде гана түшүнөт жана колдонушат. Же буддизмдин «шакти – кутка» байланышкан мүлдө ыйык текстерин «тантра» деп аташат. Эзотериялык буддизмдин уюлу анын «ваджраяна – алмаз чимирик», б.а. тантризм агымында уюган. Демек, мында да байкалды: сөздүн карабашы жана анын адепки мааниси санскриттин өзүндө да бир жатканына карабастан кийинки маанилик чечмелениши эки ажырым калган. Индус кабылдоосунда. Ат, Заты айрым жатат.

Эми, түрк тилине келели. Кыргызда «тантыра» деген сөз бар. Оюна эмне келсе, ошону айтуу, т.а. ойлонбой туруп айтуу, төгүлүп кетүү. Агылып турган, төгүлүп турган ой агымынын, сезим селинин абалы бул. Эми, эмне үчүн «ойлонбой айтуу» керек?  Эмне үчүн антиш зарыл?

Акыйкатта, бир тынымсыз, тынымсыз… төбөдөн шаалдап агылып турган, көөлгүп төгүлүп турган Асман Аңы-Ою чексиз кудуретке эгедер. Мындай касиет Бир ТЕӉИРГЕ, Бар ТЕӉИРГЕ гана таандык, ал эми көрпенде аңы-ою мажес, майда. Ошол көрпенделик ой басканда Асман агымы буулат. Андыктан, Жер Пенденин көздөй максат-милдети: ошол агылып турган, төгүлүп турган таптаза Ой – Энергияга тазарып жуурулмагы ийги. Мөлл Кубатка мөлт эрип кошулуп-жошулмагы ийги. Ыбыр-сыбырдан арылуу.

Демек, «ойлонбой коюу» деген чыныгы философиялык маӊызында, бул, ойдон безүү эмес, тескерисинче, Ойду сезүү, ошого жетүү. Ушунда ал өзүн жеңет, кут түшөт ага, шакти – шаалкут! Ушунда көрпенделиги нурпенделигине өтөт. Тантризм, тантранын өзөккү идеясы ушул. Ага бутпарастар «мантра» дуба аркылуу жол салат.

Демек, «тантра», бул – тынымсыз шалдаган Асман агым, агыл-төгүл, Ой-Энергияга йогдун ички ааламынын «мантра» ачылышы. Ал эми бул абалды Аттын өзүндө, түп маанисинде түркий «тантыра» Сөзү мыктай кадап турат, кармап турат. Аты, Заты мында да бир, ажырагыс. Арийне, «тантыра» деген сөз биздин түшүнүктө кийин оюна келгенин төгө берүү, тантырай берүү өңдүү терс боёк алып кеткен.

Мунун себеби: көчмөн тирлиги жазуу-сызууну анча зарылдабай, сөздү жалаӊ эске түйгөн узаакы көч замандарда, Ойду, Сөздү ыраатка алып, улам көбүрөөк маани тундуруп барган тушта аавалкы «тантыра» маанисин күүгүм чалган, сөз терс оттенок алган. Ал эми Ой агымы Манаска оогон. Акыйкатта, Манас – бул Аалам Мантра десек эп!

Экинчи. «Йогага» келели. Бул атама бүгүн бүткүл дүйнөгө Индия деген сөздүн экинчи түрү, синониминдей эле угулуп калган. Мындан да түркий маани издөө бүгүн бирөөлөргө түркөйлүктүн чегиндей туюлар. Бейжай угулаар. Муну мен деле айкын түшүнүп турам. Бирок айла канча, Чындык качан да болсо улуу, дүйнөлүк түркөйлүктөн…

Эмесе, «йога» деген Сөздүн, Аттын өзү эмнени туюнтат? Йога билермандарынын өзүндө бирдиктүү пикир жок бүгүн. «Слово йога происходит от корня йудж («соединяться, объединяться»)» дейт Кундалини йоганын атасы саналган йогчу Шри Свами Шивананда. «Тибеттин улуу йогчусу Миларепа», «Тибеттин өлүм китеби», «Тибет йогасы» өӊдүү китептерди түп нускадан которгон, жазган, комментарийлеген авторитеттүү аалым В.И.Эванс-Вентц жазат:

«Слово ЙОГА, имеющее два различимых санскритских корня, имеет два возможных значения. Одним значением является «созерцать» или «входить в транс».

Другим значением является «соединять». В последнем смысле санскритское слово йога и английское слово «йоук – «ярмо» считаются, имеющими общий корень, и этот смысл ЙОГИ, видимо, более общепринят ЙОГИНАМИ, т.е. практикующими ЙОГУ»[14].

Йога индус түпкү булактарында, маселен, «Шветашватара – упанишадда» «көнүгүү» («упражнение») маанисинде, «Махабхарата» тексттеринде, айрыкча «Мокшадхармада» – «единение» маанисин «упражнение» мааниси көбүрөөк басып колдонулат. «Махабхаратаны» орус тилине которгон белгилүү аалым Б.Л.Смирнова:

«Слово йога происходит от глагола йудж, что значит, «прилагать усилия, стараться, упражняться, сопрягать, связывать». Отсюда два основных значения:

  1. «упражнение», «обуздывание»;
  2. «преданность», «сопряжение», «единение»[15] – деп жазат.

Индостандын каны-жанына өскөн, ириде ушул ыйык түшүнүктүн түбү күнү бүгүн минтип йоганын мекени саналган жайда күүгүм жатканы, көрсө, ал түпкү жарыгын түркий журтта жакканы, атаӊгөрү-ай, кимдин түшүнө кирген, кимдин капарына келген! О, көчмөн-дух, сенин Түбүң кайдан куралган да, Учуӊ кайда уланган, о, көчмөн журт, көчмөн журт!

Эмесе, ошол жарыктан Ат, Заттын аавалкы чулу биримдигин издеп көрөлү.

«Йог», биздин оюбузча, көчмөн түрктүн көөнө түркий «уйуг» сөзүнүн санскритте саал түр өзгөртүп сакталган түрү. Бул Сөз, Атама акырындап өзгөрүп отуруп «уйув», «уйуу» формаларын алган. Азыркы биздин тилдеги «уйуу, уйудум» деген маани ушул. Же «жүзүмдү кыбылага бурдум, иймамга уйудум» дейт намазга тургандар. Дагы далилдүү болсун үчүн, эӊ кеӊири таралган ушундай формада түр өзгөрткөн айрым сөздөр менен салыштыралы: «таг-тав-тау-тоо», «суг-сув-суу», “уйуг-уйув-уйуу”.

Ооба, ушинтип ЙОГ – уйуу («единение») мааниде; бирок Аттын, биринчиден, индустарда ар түрдүү чечмелениши ойго салса, экинчиден, санскритчилердин сөздү “жалаӊ” жана “коколой” көргөнү да кызык. А чынында, түркий кыртышында «уйууга» чейинкини камтыган бүтүндөй тааным процесс бар. Б.а. ал контекстте толук ачылат.

Обол, сезимде – ТУЙУУ, акылда – МУЙУУ; анан демейки акыл-сезимден өйдө көтөрүлүп кеткенде, ошондо УЙУУ ишке ашат. Ошентип, Эки Уйул (Уйук) биригет, кошулат-жошулат.

Бая айтылган, Кут түшөт. Жок, Жолдон адашса, анда буйугат (БУЙУГ). Йоганын принциби ушул. Ошентип, эӊ түпкү Заттын, т.а. АБАЛДЫН дал өзүнүн табиятынан сызылып чыккан Аттын ортосундагы аавал биримдик индус кыртышта ажырап калган, жок. Ал түрк тилинде туру. Чулу да, сулуу да!

Эми, «йоганы» – «йудж» деген сөздөн чыккан деген жогорку ойдо да бир чындык бар. Бирок мында да атама жана индус түшүнүгүндөгү маани ортосунда ажырым жатат. Чынында, «йудж» «соединяться» эмес, биздин тилдеги «уч» «летать» деген атама менен байланыштуу.

Далилдейли: йогадагы Абсолютка уйуу жолу Теӊиризмдеги «уч», б.а. «бакшы учкан» же «бүбү учкан» процесстин дал өзү. Тек, сырт көрүнүштөрү ар башка. Йогдо – ички экстаз, бакшыда – сырткы экстаз. Мазмуну, маӊызы бир. Ааламга ачылуу, куйулуу. Демек, Ат менен Зат биримдиги («учуу») дале көчмөн кыртышта тур. Аны көчмөн аргындар (арийлер) байыркы заманда Борбор Азиядан Индостан тереңине алып кирип кетишкен. Ушул жерден «Махабхаратаны» санскриттен которгон, талкуу жазган, сөздүгүн түзгөн ири аалым Б.Л.Смирнованын бир сөзүн келтирбеске арга жок. «Йога явление очень древнее, по всей видимости, не арийское…»

Акыйкатта, «не арийское» эмес, «не индийское» десек туура болот. Ал эми арийдин талаш тегине келсек, ал көчмөн аргын тарыхында чечилет. Жогорудагы азганактай талдоолордон эле арийбашат, санскрит негиздин тегинде КИМ, ЭМНЕ жатаары жылт көрүндү. Бул – терең кеп…

Йоганын негизи тууралуу эӊ учкай болсо да айтуунун зарылдыгы, бая башталган сөзгө – Шамбала тегин табууга байланыштуу болду. ТЕӉИРИЙ ЙОГА – ТЕӉИРГЕ УЙУУНУН бар тереӊи, келечекте, кези келгенде айтылаар…

Үчүнчү. Калапа – Шамбаланын борбору, кээде калаа ичиндеги Кан Ордосу. Бул да түркий тилде – кала, калаа; б.а. Ордо калааны билдирген сөз. А эмне үчүн «калаа» экени алдыда ачылат.

Төртүнчү. Шамбала. Санскриттеги айтылышы – Шамбхала. Мааниси – өлкө, мекен. Кай бир изилдөөчүлөр муну бөлүп да чечмелешет. Мисалы, З.С.Семенова: «Шам» санскритте «бейпил» дегенди билдирет. Демек, Шамбала «бейпил мекен» дегенди берет», – дейт. «Шам» кадимки эле күйгөн шамды, ал эми «бала» баланы; эки сөз айкашы биригип шам жанган баланы же шам кармаган ууз тазалыкты берет деген да көз караштар айтылат. Биздин оюбуз булардан өзгөчө.

Менимче, аны эки түрдө окушка болот, бирок экөөнүн теӊ теги да, мааниси да түбүндө бирөө эле, тек, дабыштык угулушунда кийин барып азыраак айырмага өсүп жеткен.

Биринчи вариантта «Шамбала» эки сөздөн куралган: «Шам» жана «Балг» атамадан. «Шам – кадимки шамды же от булагын билдирген, ал эми «Балг» – калаа, шаар маанисин берет. Бешбалык, Гузбалык, Ордо балык, Балгсагун (Баласагун), Кара Балгасун өӊдүү тарыхый шаар аттарында сакталып калган. Ошентип, «Шам шаар» «Шам балык» же «Шамбалг» десек болот. Соӊкунун дабыштык айтылышы оозеки түрүндө жүрүп отуруп «Шамбалага» айланып кеткен.

Экинчи вариант. Мында да «Шам» жогорудагыдай эле өз маанисинде жана түркий «кала» деген сөз менен бирдикте Шам шаарын же Шам калаасын билдирип турат. Ал эми санскриттеги «Шамбхала» угумга келсек, тибет, маӊгул тилдеринде адатта «к» дабышы алкымчыл «х», «г» дабыштары менен айтылат, натыйжада, «Шамбхала» угум келип чыгат. Шамбалг Шамбхаал болуп, тил мыйзамына ылайык өзгөрүшү да мүмкүн. Бирок кандай болгондо да эки вариантында теӊ түпкү бир маани – Шам калаа, Шам шаар, Шамбалг мааниси сакталган. Башатын бек кармап турат. Жогору жакта айтылган. «Калачакра», «калапа» аталыштардын экөөндө теӊ түркий түп маани – «кала» жатат дегенибиздин жөнү ушул.

Арийне, булар азырынча тек гана, Ат (б.а. термин, сөздөрдүн) маанисинин чечилиши, ал эми Зат мааниси, б.а. өзөккү мааниси Шамбалык же Шам шаардын ички түзүлүшүнө барганда, «калаа чакырыгын» ээрчип Калачакра тереӊине өткөндө, Калапа Ордонун бийигине өскөндө ачылаар. Ага барабыз. Ага чейин, адегенде, ошол шаардын өзүн табалы, дайнын алалы. Ал кай жерде жайгашкан, карааны кайда – көзгө сүртөлү. Тарыхта, тагыраак айтканда, биз Шамбаланы издеп жаткан Ысык-Көлдө дал ушундайча аталган шаар, аймак бар болду бекен, из калды бекен, ошону көрөлү. Эмесе, бу саам эми тарыхый да, географиялык да, эӊ эртеги маалыматтарды камтып турган байыркы Кытай булактарына кайрылалы.

Бирок ушунун алдында, жогорудагы санскриттеги атамалар менен болгон алакабызда көрүнгөн айрым көйгөйлөр бизди кытай булактарынан да күтүп тургандыгын эске алып, окурманыбызга өзүбүз зарыл деп тапкан төмөнкү учурду атайын эскерте өткүбүз бар.

Байыркы Кытай булактары менен иши чыккан адам көӊүлгө дайыма бир нерсени түймөгү эп. Түпкү булактарда байыркы авторлор кээде аталыштын, сөздүн маанисин кытай тилине которуп жазышса, кээде анын дабыштык угулушун беришкен. Буга ошол угумдардын ар башка иероглифтер менен белгиленишин же ошол ар башка иероглиф, графемалардын (иероглифтин курама бөлүктөрүнүн) кайрадан бири-бирине кошулуп, жуурулушуп, отуруп, соӊку татаал иероглифтердин келип чыкканын кошсок, анда кытайдын иероглифика системасынын, жазуу эстеликтеринин чыныгы түпкү маанисин чечмелөө канчалык кыйындыкка турары өзүнөн өзү түшүнүктү болуп чыгат.

Ошондуктан ушу күндө Кытайдын өзүндө да эӊ байыркы, байыркы, орто, жаӊы замандардагы жазма адабияттар менен шугулданган аалымдар өз-өз периоддору боюнча адистешет. Биринин тармагында экинчиси алсыз. Артыкча, байыркы тарыхка барган ченде, жан жагындагы элдер менен болгон жакын алакасына байланыштуу кытай эски жазмаларына ошол коӊшу элдердин тааным, сөздөрү түптүз эле дабыштык угум, же айтылышында мол кирип кеткен.

Жаки, колдонгон сүрөт чийме, белгилери, символдору кытай жазуусуна элес калтырган. Андыктан, байыркы тааным, тарых менен иши чыккан түркү аалымдары, улуттук синологдорубуз ушул багытта этиет болуп, башка аалымдар, анын ичинде мейли кытайлар, эмне айтпасын, аларды сокур ээрчий бербей, ар дайым чыгармачылык менен мамиле кылып, элдин өз тили, дили, тарыхынын призмасынан сындыра карап сын көздөн өткөрсө, өз позициясынан жарыта окуса, байыта түшүнсө деген тилек айткыбыз бар.

Эми кытай булагына келсек болот. Оболу, Шамбала-Шам калаа жайгашкан жалпы аймактын өзүн таап алалы. Анткени, бая көрдүк: өз аты менен жазылган Шамбала деген ысым жок. Бирок анын Батыштан да (Сергий ата), Чыгыштан да (орус старовер), түштүктөн да (Тарим түндүгү) нускалган болжолдуу орду болбой эле Ысык-Көлгө агылып келип атат. Ырас эле, буер Шамбала шаӊы жаӊырган абалтан Ыйык Жай болсо, анда кытай булактарында да бир шоорат калгандыр. Алар эмне дейт, илик салалы.

Эмесе, кытайдын эӊ эртеги эски жазмасы, биринчи «цзюан-баяндары» мындан кеминде үч миӊ жылдар мурда жазылган «Шанхай цзинге» («Жер-суу баяны» – «Книга гор и морей») кайрылалы. «Шанхай цзин» баштагы жылдары анча баамга алынбай келген. Ал апыртал миф, болжол имишке толо деп эсептелген. Бирок кийинчерээк аалымдар андан кыйла баалуу маалыматтарды таба башташты. Ырас эле, байыркы тексттердеги метафора, фантастикалуу айтымдардын артында географиялык чөлкөм, аэрди жайлаган элдин реалдуу турмушу, жашоо мүнөзү, ички ишеними ж.б. кыйла кылдат, элестүү берилген. Тек, анын азыркы саясатташкан аалымдар тарабынан кээде ар бөлөк чечмелениши, ордун натуура жайгаштырышы, башка кеп. Ошол «Шанхай цзинден» Ысык-Көлдүн караанын карайлы. «11-Цзюанда» мындай деген жери бар:

«…Зыбучие пески начинаются от горы Колокол. Они двигаются на запад и на юг, к горе Кунь Лунь. На юге Западе они подходят к морю и к горе Черной реки. Восточные Ху живут восточнее Большого озера»[16]

Айтылган эшилген эрме чөлдү, аалымдар, азыркы Гоби чөлү деп санайт. Ысык-Көл өзүнүн чоӊдугу жана тереӊдигинен улам байыркы авторлор тарабынан деӊиз катары саналганы да маалым. Гобиден Күн батыш тилкеде орун алган (Түштүк Батыш дегени анча так эмес) ошондой бирден бир улуу Көл-Деӊиз – Ысык-Көл.

Муну «Улуу Көлдөн Күн чыгышыраакта чыгыш Хулар жашайт» деген кабар да кыйыр ырастагансыйт. «Чыгыш Хулар» Бичуриндин аныктамасы боюнча «тоолук жундар», кээде «түндүк жундар» деп аталган күн батыш жакта жайгашкан көчмөндөр. Ал эми айтылган Улуу Көл алардан да Күн Батышта орун алган. Демек, аны Ысык-Көл деп болжошко болот. Баса, ушул эле Деңиз-Көлгө тушташ Каракол (Кара гоол – Черная река) аталган жай да (тоо) бар. Бул да Ысык-Көл башы Каракол сууну, ал куралып чыккан ак карлуу тоо аймагын (Каракол, Сары Жаз, Эңилчек тоолору) астейдил нуска байбы?

Ак кар демекчи, азыркы күндө да бул тоолуу кең аймак жалпы Ак Суу деп аталат (Шамбалага байланышкан Ак Суу – Беловодье тууралуу сөз алдыдан келет).

«Шанхай цзиндин» экинчи бир жеринде ушул эле аймактагы дал ушул Улуу Көлдүн улуу касиети эми кашкайта даана айтылган жери бар:

«…Это и есть Сад умиротворения Предка (Ди). Бог Инчжао управляет им. У него туловище коня и человечье  лицо. Он полосат, как тигр, но с птичьими крыльями. Носится над четырьмя морями… К югу приносят жертву горе Кунь Лунь. Там свет яркий и ослепительный, воздух ароматный и благовонный. К западу от нее приносят жертву Большому озеру. Туда ушел Владычествующий над Просом. Там много нефрита. На ее северном склоне растет много деревьев Яо и Жо. К северу от нее приносят жертвы горе Чжуби… В этом месте обитают ястребы-тетерявитники и ястребы-перепелятники.

К востоку от нее приносят жертву горе Хэн. Там живут демоны Цюн. У каждого из них по одной руке. Там течет река Инь. Воды её чисты и прозрачны. Там пребывает Небесный Бог. Он похож на быка, но у него восемь ног, две головы и конский хвост. Звук его голоса подобен голосу Дер-жавца Бо (Бокуан)… В четырехстах ли к юго-западу находится гора Кунь Лунь. Именно там земная (нижняя) столица Предка. Бог холма (Луу) управляет ею[17]

Керемет!

Канча алыстан кайып келген бу жаңырык канчалык баалуу маалымат берет! Бул аймакта тулкусу тулпарына туташ өсүп калган көчмөн эл жашайт (кийин-кийин буларды Батыш эли «кентавр» деп атайт). Аскадан аскага учкан канаттуу барстары бар (Скиф искусствосундагы канаттуу кабыландарды эстеңиз. Барскоон аталган байыркы жерди эстеңиз). Батышындагы Улуу Көлгө атап, Чыгышындагы Хэн (Хан Тоо, Хан Теңири) тоого атап курман чалышат. Мына ушул тоону Хан Теңири («Небесный Бог») өзү мекен кылган. Ал бир жагы тоо өгүзү топозго да окшойт (Жети-Өгүз жерди эстеңиз, Теңируулу Өгүзхан шаа мүйүз эрди эстеңиз). Алгыр куш аба жарат, а демек, Улуу Көлдө илбээсин өрүп кеткен. Анан да, түштүктөгү Кунь Лунь тоого атап курман чалышат. Анткени, Хан тоону Хан Теңири өзү турук кылса, Кунь Лунь тоону Ата арбагы мекен туткан Ал – жердеги (төмөнкү) Ордо…

Ошентип, биз Ысык-Көл деп болжогон бу жердин касиети байыркы даңзага дайын түшкөн.

Контексттен байкалгандай, биерде Кунь Лунь тоонун Тарим башатына таяган чет Түндүк батышы тууралуу сөз жүрүп жатат. Бая жогоруда бир даар аалымдар Кунь Лунду «Кудайдын жердеги туругу» атап, Шамбаланы ошерден көрүшөөрүн айткан элек. Башка эмес, байыркы Кытайдын түп булагы өзү буга кандай жооп берээрин эми көрдүк. Хан Теңир жана Кунь Лунь тоого баасын билдик. Демек, Шамбала ыйыкты да каяктан басымдуу издеш керектигине шилтеме алгансыдык…

Дагы, ушуган улай: Шамбала тууралуу аңыздардын бардыгында тең жер астындагы улуу үңкүрлөр тууралуу сөз жүрөөрү айтылган. Алар жер астын тепчип, бир өрөөндү экинчи өрөөнгө туташтырып турат. Кайыптар  жашайт. Дал ушундай улуу үңкүр күнү бүгүн дал биздин Хан Теңирдин түбүндө али сырын жандырбай жатат.

Өз убагында Совет өлкөсүнүн дээрлик бардык жериндеги үңкүр, таштарды үңүлүп изилдеп чыккан ири аалым А.Б.Окладников мындан чейрек кылым илгери сенсациялуу материалын жарыялаптыр. Анда дүйнөдөгү эң ири мөңгүлөрдүн бири Эңилчектин түбүнөн, Сары-Жаз суусунун оң алабынан, Ак-Чуңкур үңкүрүнөн байыркы таш дооруна таандык сүрөттөрдү тааптыр. Жошолуу өңдө (охра) тартылган бул сүрөттөр өзүнүн түсү боюнча гана эмес, жашы боюнча да алганда Карт Азиядагы үңкүр сүрөттөрүнүн эң улууларынан экен.

Т.а. Монголиядагы атактуу Хойт Цэн-хэр үңкүрүндөгү эң байыркы таш сүрөттөр менен жашташ чыгат, жашы он миң жылды санайт. Бирок биздин негизги айтаарыбыз бул эмес, башка. Элдик аңызга караганда улуу мөңгү түбүнөн башталган бул үңкүр Тескей Тоону түндүктү көздөй тепчип отуруп, акыры Жыргалаңдын капчыгайынан чыгат делет. Бирок бул али изилдене элек. Көл тарыхын иликтеген аалымдар А.Плоских шериктери менен Үңкүргө кирип, элүү кадам тереңдикке чейин барышкан. Үңкүр андан ары татаалдап, секиртмектеп улангандыктан, андан арылай алышпаган.

Дагы, Ак-Чуңкур үңкүрү Сары-Жаз суусунун жээгинде дедик. Ал эми Сары-Жаз – Тарим дайранын бир башаты! Ооба, канча бир аалымдар бая Шамбаланын түндүгүндө жаткан легендарлуу Сита дайранын дал өзү деп санашкан Тарим дайранын! Дал ушул Сары-Жаз суу азырынча кытай чегине кирген ченден Ак-Суу аталат да, анын таманында, ал Үч Турпан суусу менен кошулган жеринде бая сөз башында бир айтылган Ак-Суу шаары жайгашкан, легендарлуу Ак-Суу – Ак Арал багытын эске салган…

Ырас, кыйкымчыл окурманга мунун баарынан тең кынтык табылат. «Шанхай цзин» маалыматтарын да ар аалым кээде өз ыңгайында чечмелейт дегенбиз. Демек, шектенүү да, бир чети туура. Анан да, көчмөн уруулар Ху, Шаң Жуңдар да зор мейкинде кыймылдуу агылып жүргөнү чын; азыркы Ганьсу провинциясынан да артылып түштүккө чейинки аймактарда конуш тепкени да чын. Кунь Лунь тоо болсо Түндүк Батыштан Түштүк Чыгышка карай зор тилкени ээлеп миңдеген чакырымга созулат. Аталган аймактарда о илгери, илгери, ушерди каптап жаткан Байыркы Улуу Деңизден калган көз Жаштай болуп Көкөндөр (Кукунор), Лобнор, Баграшкөл көлдөрү жатат. Мына ушунун баары тең Шамбала аймактын бир Ысык-Көл экенинен шектенүүгө жүйөлүү негиз берет. Ал эми биз бая Шамбалага калганда кымындай бир шек, күмөндөр ой калбашы керек дегенбиз. Демек, Шамбаланы «Шанхай цзинден» башка булактардан да кыйла конкрет жана так изилдешке туура келет.

Эмесе, кытай тарыхынын атасы саналган Сыма Цянга келели. Анын атактуу «Шызи» – «Жылнаамаларынан» Борбор Азиянын байыркы мүлдө тарыхын таптиштеп иликтеп чыккан, которгон, комментарийлеген Иакинф ата Бичуринге кайрылалы. Ысык-Көлдөгү тарыхка аты так түшкөн байыркы шаарды табалы. Ал биздин заманга чейинки Усун уруу бирикмесинин ордосу Чигу болуп чыгат.

«Усунь. Правление усуньского Большого Гуньми в городе Чигу, от Чан-ань в 8900 ли…»[18]

«Чигу есть название города, бывшею столицею усуньского хана. Сей город лежал в 610 ли от Аксу на северо-запад от Тэмурту нора на северо-восток, от Кучу северо-запад, от Тэмурту нора на северо-востоке».

«Городок Чигу, бывший столицею в Усуни лежал по южную сторону реки Или»[19].

Бичурин боюнча алганда, Чигу анын Түп жагында орун алган. Бирок ушул эле Бичурин 1851-жылы өзү түзгөн картасында аны Көлдүн түштүк жээгине Тосор суусуна жакын жайгаштырганына карап, Плоских менен Мокрыниндер Чигуну Көлдүн түштүк жээгинде орун алган деп эсептейт. Бартольд боюнча да Чигу азыркы Жууку аймагында. «Ч» дабышы «Ж» га өзгөрүп кеткен дейт. Ырас эле, бул аймакта алигүн Чоң Кызыл-Суу, Кызыл-Суу аталыштар бар. «Алигүн» дегенибиз: «Чигу» (кээде «Чигучэн») деген атты аалымдар «кызыл өрөөндөгү шаар» деп чечмелешет. Буга чейинки дээрлик бардык авторлор ушундайча которот. Бирок дал ушундан баштап айтылгандарды кайрадан калчап, электен өткөрүп, бая, «Ат» менен «Заттын» ортосундагы эң түпкү байланышка чыгуу зарыл, түпкү чындыкты түшүнүү үчүн.

Биринчи: Бичуриндин «Ханьшудан» алган орусча тексттеринде «Чигу» деп гана берилет, б.а. ал эки иероглифтен 赤 «чи»кызыл жана 谷 «гу»өрөөн деген иероглифтерден турат. Бириккенде «кызыл өрөөн» (красная долина) дегенге келет.

Экинчи: Бичуриндин үчүнчү томунда келтирилген «Хань шунун» түп оригиналынан алынган картада Усундардын мекени үч иероглифтен: 赤 «чи»кызыл, 谷 «гу» – өрөөн жана «го» 国 өлкө иероглифтеринен турат. Мааниси «кызыл өрөөндөгү өлкө» дегенге келет. Ушул Чигу шаарын борбор эткен усундардын эл башын кытай булактары 昆莫Гуньмо, Куньмо, Гуньэр, кай бирде 昆彌Гуньми, Куньми деп да атайт. Гунь, Кунь угумдарынан кандайдыр биздин каныбызга  жылуулук тараткан эне тилдин илеби келгенсийт. Ата нусканын добушу тургансыйт. «Күн» сөзү кылайгансыйт. Анан да, «кызыл өрөөн», «кызыл өрөөндөгү шаар» деген аталыштардагы «кызыл» деген түшүнүк да кандайдыр ушул «Күн» деген мааниге ык салып турганын туябыз.  Ооба, «кунь» угуму ушундай.

Эми анын жазуу белгиси-иероглифине карайлы. Ал дагы дал ушундай болуп чыгат. Б.а. 昆Кунь кошмок иероглифи эки жөнөкөй иероглифтен (курама бөлүктөн) турат. Биринчи: 日 «жи» – «күн», экинчи:  比 «би» – «салыштыруу» белгисинен. Демек, ушу турпатында эле «күндөй» дегенге келет. Мындан тышкары 比 «би» иероглифинин «бий», «бай» деген уңгуда уюп турган бир канча маанилери бар.

Мисалы: байлашкан, бойлошкон, ээрчишкен (равняться, следовать); байма-бай, боймо-бой, б.а. дал (равняться, одного ранга); бой сунган (согласный, послушный, покорный, угодный); бийлеген (управлять);  бийлеген (состязаться, соревноваться, меряться силами – беттешке түшөр алдындагы эрлердин ритуал бийи) ж.б.

Дагы; 比 «би» иероглифинин өзүнүн уңгусундагы «би» – биг, бий; бэг, бек добуштары жаңырып турат.

Демек, 比 «би» иероглифинин аавалым башатында  «бий» деген түпкү сөз мааниси катылып жатат.

Эми «бий» деген бу маанини  昆莫 «куньмо»  аталыштын экинчи курамы 莫 «мо»  иероглифинин  өзү, дагы да, бышык-тап турганы мындан кызык: бэй (отрицание: не, не надо, нет, нельзя); беймаал (вечер, поздний час, темнота); байтак (безмерная ширь; широкий, безбрежный, необъятный); бейкут (безмолвный, тихий, спокойный). Демек,昆莫  «куньмо»  иероглифинен байыркы усундардын башчысы өзүнүн «Күн бий» деген аталышы менен чыгат, тапатак. Бул, бул болсун. Бизге эми мындан да зарылы日 «күн»  иероглифинин берилиши .

Ошентип, кытайча окулушуна келсек, эки иероглиф биригип бир кошмок «куньмо» иероглифин түздү, котормо мааниси «усунь эгесинин титулу» дегенди билдирди. Иероглифтин башкы ачкычы болсо «күн» – «жи» деген белгисинде катылган. «Жи» белгисинин тарыхына кайрылсак, ал кытайдын тээ эң биринчи жазмасы деп саналган ин жазууларынан баштап (анда: тегерек күн, ортосунда нокот коюлган – ) кийинки иероглиф системасына чейинки (мында: төрт чарчы, ортосуна сызык тартылган – ; же саал модернизацияланган) бардык белгилеништеринде ал бир гана «Күн» деген маанини алып келатканын көрөбүз.

Демек, «куньмо» титулда да эзелтен «күндөй» т.а. көчмөндөрдүн өзүлөрү атаган Күн бий, «Күн хан» деген маани жатканы айкындалып чыгат! Эми ушунун баарынан соң «Чигуга» келсек да, эстүү логика анын эң абалкы мааниси 赤 «чи» – кызыл эмес, ага өтө жакын, жумшак айтылган 日 «жи» – күн маани болгонун көрүнөө каңкуулап турат.

Ооба, балким байыркыда, Ин жазуу белгилери иероглиф системасына өткөн тарыхый процессте (б.з.ч. I миң жылдыктын башы) «күн» угум (жи), «кызыл» угумга (чи) аралаш оошуп, бирин бири жардамчы сыпаттап, бирок акырындап билинбей иероглифтик белгилениши кийин ар башка тарткандай.

Акыйкатта, анын эң аавал жана анык мааниси «кызыл өрөөн» эмес – «Күн өрөөн»; «Кызыл өрөөндөгү өлкө» эмес – «Күн өлкө»; же «Кызыл өрөөндөгү шаар» эмес – «Күн шаар» десек жарашат! «Кызыл» анын тек, кыйытып айткан сыпат мааниси. Тергеме аты. Ошондуктан, эң биринчи чийилген ханьшу картасында да ал «Чи гу го» – «Күн өрөөн өлкө (шаар)» деген гана үч иероглиф менен белгиленген жана ал бардык мазмунду толук камтып (айтып кетерибиз, байыркы кытай салтында «өлкө» да, «шаар» да бир эле иероглиф («го») менен жалпылай белгиленген), б.а. Күн өрөөнүндөгү Күн өлкөсүнүн Күн шаарын билдирген. Демек, «Чигучэн» аталыштагы «чэн» «шаар» иероглифи соңку кошулма, жана «кызыл өрөөндөгү шаар» мааниси чындыкты толук камтый албайт.

Ошентип, керемет, Күн өрөөнүндөгү Күн өлкөсүнүн Күн шаарынын Күн ордосунда олтурган Күн хандын карааны чыкты калкайып. Ал эми бул «Күн шаар» бая биз ушунча зарылып-зарыгып издеген Шамбалык – Шамбала эмес бекен! Ооба, дал өзү! Өзү! Кара чечекей көзү!

Арийне, бир эле жактан алынган мисал бир жактуу болуп калары бар. Эмесе, кытай булактарынан табылган бу маани башка булактарда бекемделеби? Ушуга келели. Ооба, «Чигу» шаары жергиликтүү түрк жана мусулман авторлорунун жазмаларында Күнкат (кээде Багкат), ал эми журт сураган башчысы Күнбак деп аталганы Мокрынин менен Плоскихтин китебинде айтылган. Демек, «Чигу» – Күн баг же Шамбалык да тегинде бир эле Күн шаары деп жыйынтык чыгарсак болот. Ырас, «Күн» түшүнүктүү, а «бак» сөзүндө кай маани жатат деген да суроо туулушу мүмкүн. Жооп беребиз, «Бак» символу байыртан Чыгыш элдеринде асманга учу сайылган «Дүйнөлүк дарак» маанисин алган, б.а. «түркүк» түшүнүгүн берген.

Демек, «Күнбак» аталышында да «Күн түркүгү» же Асман – Жерди тирөөч кошкон Теңирууулу деген маани жатканы айкындалат. Ушуга окшош: кытай булагында Гуньмо да кай бирде «Гуньэр» болуп кездешет дегенбиз. «Эр» иероглифи да кытайча «уул» деген маани берет (ал да эзелки түркий «эр»; «эркек» деген угумдан өткөн). Демек, мында да «Күнбак – Теңир уулундай» эле «Күн уулу» деген түшүнүккө келет.

Ырас, «Күн» менен «бактын», «каттын» байыркы астрономияга байланыш жаткан мындан да башка өтө орошон мааниси бар. Бирок ал башка маселе, өзгө сөз…

Ошентип, Шамбалык – Күн Шаар Чигу экени маалым болду. Бирок ал Чигу кай жерде? Көлдүн кай тарабында? Бичурин аны бир жерден, башкалар дагы башка орундан көрөт дедик. Балким, балким… Бирок эми Улуу Шамбаланын шаңы уруп, жаңырып шамы жанган соң, муну мынча тыкыр такташтын, бир ордунан табыштын, башканы билбейм, мен үчүн анча зарылдыгы калбай калат. Тагыраак айтканда, ал из эми бир жерден эмес, Көлдүн бар тарабынан чыгат.  Түндүктөн да, Түштүктөн да, Батыштан да, Чыгыштан да.

Анткени, чыныгы Күн Шаар Көлдүн ал бетинде, бул четинде деп локалдаштырууга болбойт. Ал Усун мезгилинде аталган тарыхый Чигудан алдаганча байыркы, балким, Ин заманынан да (б.з.ч. XIV-XI кк.) арыдан келген, Шаңлар (б.з.ч. XVII-XIV к.к.), же легендарлуу Ся заманына (б.з.ч. XVII к. аркы 3 миң ж.) барган, ал замандары түпкү  Күн хандын элинде азандагы өз атынан чакырылган легендарлуу Күн Шаар – Жигу болушу мүмкүн. Кийин-кийин ал шаар жер үстүнөн жок болуп кеткенде акыркы алыскы жаңырыгы соңку кытай булактарына «Чигу» иероглифинде жаңылыш-каңырыш түшүшү мүмкүн. Кийин аалымдар ар жерден көргөн Чигу шаар, акыйкатта, анык Жигу же Шамбалык эмес, т.а. Ордосу эмес, тек, анын Көл  сыртындагы жаңырыгы, же бир булуңу, чет тарабы. Ошондуктан, Улуу Көлдүн бир булуңунан Күн Шаардын бир бучкагын издөө, табуу Шамбала маселесин эч качан бүттү чечпейт.

Алкысса, бизге дагы бир тал нурду эмес, Күн Шаардын өзүн табуу лаазым эле, күдүк ойдон мүлдө арылтаар Күн-Оттун өзүн жагуу лаазым эле. Аттанган максатыбыз өзү ушул эле. Ана, аңгычаң, о дүнүйө, бая-бая «Курма Пуранада» айтылган, Тибет туусунда тартылган, айлантып көл, суу орогон, жан жагын тоолор торогон… жаныбарым Ысык-Көлдүн жан толтосунан калкып чыгат, ал – АК АРАЛ болуп мелмилдеп, Көк термел болуп закымдай… ШАМБАЛЫК – КҮН ШААР…

Ушунда, элдин тээ эртеги Көл түбүндө чөккөн балалыгынан жеткендей, эскен желдей, байыркы муңайым абаз сызылат, бүгүнкү бир уулунун деми-дирилинде – Алыкулдун…

  Ысык-Көл кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,
Көрүнбөй тереңинде жылтылдаган.

 

  Ысык-Көл кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган.
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган.

 

  Ысык-Көл күрдөөлдүү көл күрпүлдөгөн,
Көркүнө Көктөн башка сүртүнбөгөн.
Көк түсү таалай көркү, ырыс көркү,
Толкуса толкундары түркүмдөгөн…

Ооба, Көккө көк буурул жалын серпип, не Көл түбүнөн калкып чыкканы билинбей, не асмандан закым эленип балкып түшкөнү билинбей, Аппак Арал көз уялтып, дал пешенеңе алоо жанат. Шамбала шаар мунарланат! Күн Шаар!

Көл түбүндө чөгүп калган байыркы шаар тууралуу легендаларга – Көл Атлантидасына да ушундайча келебиз эми.

Эмесе, оболу, бул багытта буга дейре өкүм сүрүп келаткан көз караштарга кыска серпсал:

Көл түбүндө чөккөн шаар тууралуу аңыз-болжол көптөн айтылып келет. Эсеби, тарыхчы Плоских өзүнүн китебинде өткөн кылымда Чокон Валихановго Ысык-Көл тууралуу маалымат берген  Исаев деген соодагердин катынан үзүндү келтирген. Ал 1820-жылдары Ысык-Көлдөн өтүп баратып, жергиликтүү элден биерде мурда эч кандай көл болбогонун, ордунда качандыр бир чоң шаар турганын, кийин ал көл алдында калганын укканын жазат.

Көл өзү да ошол имиш-имиш кептердин теги тегин эмес экенин атайлап эске салгандай өз тереңинен маал-маалы менен сыртка кандайдыр эскерткич белги, эстеликтерди бүркүп чыгарып коюп турган. Кийин орус бийлиги орун очок алып калган соң зирек адамдар бул жөн эле асмандан түшкөн  аңыз эмес, түбүндө эски чындык жатканын өз көздөрү  менен көрүп, моюндап, атургай, көл түбүнө эң биринчилерден болуп экспедиция уюштурууга аракет кылышыптыр.

Буга ошол кездеги Жети-Суу генерал-губернатору Г.А.Колпаковскийдин өтө кызыкдар, бирок натыйжасыз аракети күбө. Ал 1869-ж. атайлап Ысык-Көлгө келип, күңгөйдөгү Кой-Суу деген жерден Көл алдындагы тереңге бойлоп кеткен шаар урандыларын өз көзү менен көрүп, аны изилдөө иштерине ышкысы ойгонгон. Орус географиялык коомуна илимий экспедиция түзүү өтүнүчү менен кайрылган. Ташкен генерал-губернаторлугуна кол кабыш кылуусун өтүнүп кат жазган. Окумуштуу саякатчы Федченкону чакырткан. Бирок изилдейм деген ниети ишке ашпай калган.

Ырас, Көл түбүндө шаар жатканынан шектенген көз караштар да болгон. Эсеби, саякатчы И.В.Певцовдун экспедициясы менен кошо барган сүрөтчү Дудин көл мөлтүрөп тунуп турган кезинде кайык менен сүзүп барып атайлап байкоо салган. Соңунда, «Көл алдында эч кандай курулуштун изи жок, алиги дубал дешкени, тек, толкун шилеген кум тилкелеринин нурга чагылышы» – деп жыйынтык чыгарган. Олку-солку ой күчөгөн.

Бирок 1894-ж. Көлдө болгон тарыхчы Бартольд Көл түбүнөн көрүнгөн элес, тек, нур закымы эмес, чыныгы уранды экенине ишенген. Жаргылчак таштарын, чопо идиштерин, кыштарды, дубал нугун өз көзү менен көргөн ал: «Балким, бул Мухаммад Хайдар айткан Аксак Темир Аралга курдурган, бирок кийин суу алдында калган сепил-шаар болсо керек», – деп болжол айткан. Ырасында, мусулман авторлору ибн Арабшах да, Мухаммад Хайдар да Аксак Темир Көл ортосуна Аралга сепил курдурганын жазышкан. Бирок аны менен эле чектелбей, алар да Көл түбүндө качандыр шаар чөгүп калганынан кабар берет.

Кийин, совет мезгилинде 20-ж.ж. ичинде П.П.Иванов, 60-ж.ж. баштап Винниктер да Көлдү айлана иликтешип, эски шаар урандыларын анын бар тарабынан – Тору-Айгырдын, Чоң Койсуунун, Сары-Булуңдун туштарынан табышат. Тескейден – Дархан, Улахол жээктерине жакын жайдан эски буюм дарды көл толкуну сыртка шилеп чыгарып салып турат.

Тарыхый материалдарга жана табылган археологиялык буюмдарга карап акыркы жылдары ата мекендик тарыхчыларыбыз В.Плоских жана В.Мокрынин «Иссык-Куль: затонувшие города» (Ф., 1986) аталган өздөрүнө чейинки топтолгон материалдарды, көз караштарды жалпылаган жана өз ойлорун билдирген китепти жарыкка чыгарышты. Булардын жана жогоруда аталган бардык авторлордун жазгандарынан келип чыгаар тыянактар мындай:

Биринчи. Көл түбүндө шаардын бар экени чындык. Ал байыркы усундардын  борбору тарыхый Чигу болушу мүмкүн.

Экинчи. Орто кылымдагы Көлдү жагалай салынган шаар, кыштактар болушу мүмкүн. Кийин Көлдүн деңгээли жогорулап аларды акырындап өз кучагына алган.

Балким. Биз бул айтылгандарды жокко чыгарбайбыз, жок, бирок Көл түбүндө жаткан байыркы шаардын дал өзүн; анын жашын да, ордун да, маанисин да өлчөөдө мунун баары тең жетишсиз жана тайыз деп эсептейбиз. Бул ишенимибиз ал сырдуу шаардын дал Күн Шаардын өзү же даңазалуу Шамбала экендигине байланышкан. Баяндан байкалгандай, баары айтылат, баары болжонот, орду изделет, бирок бир гана нерсе, а балким, эң башкы нерсе гана айтылбай келет.

Атаганда, Көл түбүндө жаткан шаардын дүйнө аалымдары бүлүнүп издеген атактуу Шамбала болушу мүмкүн экендиги, анын айныгыс далилдери, атургай, бу касиеттүү жайдан буга дейре эки бөлүнүп түшүнүлүп келген Географиялык да, Руханий да Шамбаланын бир тогоол биригээри, экөө бир эле зор Чындыктын эки ыптасы экени али эч жерде айтылбай келет. Анткени, ал Чындык ошончо керең тереңде жаткан. Бизге айтылган тарыхтардын ары жагында, бизге таңууланган философиялардын ары жагында – Теңирий тереңде. Бизге мына ошону ачуу озуйпа, милдет.

Анан да айтар кеп: эгерде Шамбала Мекенден биз кез келээр чындык кимдир бирөөлөрдүн буга чейинки чийип койгон чийинине, түзүп койгон схемасына туура келбей калса, ага ал Чындык – Чоң Тарых да эч качан күнөөлүү эмес, аны таасын аңдай албаган, а балким, тарыхты атайлап өз кызыкчылыктарында бурмалап түзүп, ал иллюзияга өзгөлөрдү көшөкөрлөнө ишендирип атып, соңунда өздөрү да айныксыз ишенип алышкан миф жараткандар («мифотворцы») күнөөлүү. Демек, мындай шартта, Шамбала жарыгында жалган көз караш, жасалма авторитет, маскүнөм нээттин да кандайы болсун, маскасын сыйырып, ал Чындыкты өз ордуна коюш да лаазым. Анткени, Шамбала анты – Дүйнө акыйкаты. Биздин нээтибиз ушул багытта, сөзүбүз ушул удулда. Теңирим өзү жар болсун.

Эмесе, айтылган тереңге келсек, ага кеткен бүлбүл учукту кайрылып калктын өзүнүн уламышы берет. Алар ар түрлүү, биринде мындай делет.

Илгери-илгери, бул аймакта созулуп асем шаар жаткан. Шаардын дал ортосунда көккө өрлөгөн тоо турган, ал тоону айланта курчап адеми үйлөр салынган. Чокунун учунда, ааламды алаканга салган туу кырда көз тайгылткан Кан Ордосу түшүптүр. Ошентип, баары шай экен, алы жай экен. Бирок аттиң, нетесиң, ошенткен шаар касиетине Жан касиети төп түшпөй, дили бузук, зили ыплас мал кумарлуу бир хан чыгыптыр. Ошол эле элде бир жардынын Ай десе аркы жок, Күн десе көркү жок, бир сулуу кызы болот. Сулуулукка айла барбы, кайыбынан кабылып Кайып Эрен өзү ашык болуп, бир күнү жети катар асманга куюндатып алып чыгып, ошерден бой кошкон экен ага. Нур тунган экен кыз боюна…

Сулуунун кабарын уккан хан көп айла-амал менен, күч менен аны Ордосуна келтирет. Аялым бол деп кыстайт… Кыз көнбөйт. Акыры, хан жаалданып, күчкө алмак болгондо, кайып махабатына бек  аруу жан туу чокудагы Ордодон куюкка боюн таштаган экен. Ошондо, бул укмушка чыдай албай Күн күркүрөп, Чагылган чартылдап, Жер жарылып, Аска кулап, Тоолор кыйрап, Дайра бөгөлөт. Асман, Жерди тоз каптайт. Алаамат басат… Эртеси Күн ачылганда ошол жексур окуяны эч  кимге, эч качан көрсөткүсү келбегендей, «Хан» деген ыйык атка калк ишенимин кирдеткиси келбегендей, баарын тереңине жашырып, жайкалган өрөөндү басып, жайылган шаардын ордунда жапжаш Сулуу Көл калыптыр. Аруу кыздай…

Аңыздын кыскача сабагы ушул. Кыска, бирок кылым баткан нускасы бар. Маанисинде эле эмес, окуянын дал өзүндө, тегинде. Окуя тегине ананыраак түшөбүз, ал азыр, адегенде, ал эмне болгон шаар – жалпы сүрөтүн көз алдыга тартып алалы.

Ошентип, мелмилдеген өрөөн жатты. Ортосунда бөлүнгөн тоо туру. Ага жармаша курулган үйлөр. Туу кырында Хан ордосу.

Шамбалык – Күн Шаар бир караганда, сыртынан ушундай. Ичтен түйшөлөбүз; Кандайдыр тааныш сүрөт, жылуу элес, бала кезден дилге уюган. Тарыхта ал бар эле, бар эле… Ооба, эми эстедик, бала күндөн, мектеп партасынан жадыбызга жат болгон мындай шаар бар болчу. Күн Шаары… Ошол элес эми ээ-жаа бербей, көңүл түпкүрүнөн көтөрүлөт:

«Я уже рассказывал тебе о своем кругосветном путешествии, во время которого попал я в конце концов на Тапробану, где был вынужден сойти на берег… очутился я на широкой равнине, лежащей как раз на экваторе.

На общирной равнине возвышается высокий холм, на котором и расположена большая часть города. Многочисленные же его окружности выходят далеко за подошву горы, размер которой таковы, что город имеет в поперечнике свыше двух миль, а окружность его равна семи… Разделяется город на семь общирных поясов или кругов называющихся по семи планетам. Из одного круга в другой попадают по четыре стороны света… На вершине горы находится открытая и просторная площадь, по середине которой возвышается храм, воздвигнутый с изумительным искусством»[20].

Мындан төрт жүз жылча илгери жазылган, дүйнөнүн мүлдө тилдерине которулган,  Батыш социализм идеясына байкарагай-устун суналып берген, китептен китепке  көчкөн атактуу «Күн Шаар» аталган чыгарма ушул – Томазо Кампанелланын; абалы кечил турмушун кечирген, кийин жалын тилек, жанар нээти үчүн еретик жарлыгы тагылып, инквизициянын жан чыдагыс кыйноосунда жаштыгы соолгон, өмүрү тозгон гүлойрондун…

Ооба, Кампанелла көз алдыга тарткан «Күн Шаары» менен кыргыз аңызында айтылган Күн Шаардын азырынча атынан жана сырткы көрүнүшүнөн башка анчейин жалпылыгы жок. Бирок менин терең ишенимимде Көл алдында калган байыркы шаардын реалдуу сүрөтү дал ушунда таамай жатат! Алтургай, эми мындан да ашыра айтамын: ал шаардын өзү да түбүндө балким, дал ушул биздин Ысык-Көл алдындагы шаар болушу мүмкүн!

Арийне, бул болжолду жокко чыгарыш үчүн азыр буга чейинки жыйылган материал, айтылган көз караштардын баары кайчы иштейт. Алар жетишээрлик мол. Бирок жогоруда көрдүк, Шамбала мекен тууралуу да ошончо оожалган материал топтолгон, бирок, анын бир да бири анык Шамбалага бизди алпарбады. Алпара да албайт, анткени, башат башкаякта эле. Дал ошол сыңары, Кампанелланын «Күн Шаарынын» да башат идеясын буга дейре ар башка жактан издешкен, көрүшкөн. Мисалы, Платондун «Мамлекетинен», Томас Мордун «Утопиясынан», Августинден; балким жолдон куюлган куймалары тургандыр, аны биз да жокко чыгарбайбыз, бирок мунун да эң алыскы, чыныгы түпкү башаты башка жакта, атаганда, Борбор Азияда жаткан, балким, биздин Көл ордунда, Шамбалыкта…

Албетте, буга адеп укканда ишениш кыйын, Шамбала кайда, Томаз кайда, Көл кайда? Арада эмне байланышы бар? Алдэ, көбүргөн көңүл, ээленген элеспи бул? Сыртынан караса ошондой көрүнөт. А тереңирээк баксак, көнүмүштүн артынан улам бир биз көнө элек жаңы чындык чыгат.

Акыйкатта, Кампанеллага кайрылган авторлор анын чыгармасынын оригиналдуу мүнөзүн байкашкан, бирок нетесиң, аналогия жок эле, андыктан аны жогоруда айтылган байыркы гректерден бери тарта Батыш авторлорунан мүлдө «таасирлентишке» аргасыз болушкан. Бирок ал таасирдин аавал башаты түк башка жактан да келиши мүмкүн эле.

Балким, ал – Кампанелла, жыңсыз түрмөдө кудайга зарлап, өзүнө эмес адамзатка нур тилеп, талып-карып жатканда, алыскы Күн Шаардын элеси жанып, аяны жеткендир кайыптан. Болбосо, жогорто айттык, орто кылымдары португалиялык, испандык, италиялык миссионер саякатчылар Азияга байма-бай каттап туруптур, балким, ошолор аркылуу Күн Шаар идеясы оозеки аңыздалгандыр, ошондо баргандыр. Балким, Чыгыш Аристотели саналган, бирок көп чыгармаларынын чыныгы теги өз эли тереңинен жылжып келген аль-Фарабинин «Мамлекет» идеясынан өткөндүр! Балким, балким…

Бул жакка булуңдагыбыз жок. Анан да, айтылгандарды айныксыз далилдеген күндө да, мындай фактылар «Күн Шаар» теориясы көчмөн духунда өтө көөнө замандардан аздектелип келээрин айгине далилдеп бербейт. Алсыз. Шамбалык идеясынын шарпасы шаңы оо качанкы караңгы замандарда кайып жатаарынан какжарган таасын кабар айтпайт. Тайыз. Андыктан, артыла чабылып, эми алыстан келели. Мезгил алыстыгынан эле эмес, аралык алыстыгынан да. Америка континенттен. Ооба, Байыркы Греция, соңку Европадан багыты башка жакта жаткан, Платон, Аристотелдин мүлдө баарын өз кучагына алган эбегейсиз таасиринен сырт, таза турган мейкинден чыгалы – Америка континенттен! Ооба, Байыркы индейлер аталган бай кыртыштан. Балким, ушунда бир бардык кыбыр эткенди Батышка байлай берген «таасирден» кутуларбыз. Анан да бул кыртыштын чыныгы башат тегинин табылышы, башаттын өз акыйкат баасын алышы – тарыхтагы кыйла чалкеш маселелердин башын ачып берет.

Анын ичинде айтылган Платондун же анын «Мамлекет» тегин гана эмес, дегеле антик дүйнөсүнүн ой башатына кыйыр таасир эткен орошон Ордо ордун, жаки, ошол эле Платонго чоң атасы Солон аркылуу жеткен, ага Египет жрецинен өткөн атактуу Атлантида табышмагынын тамыры кайда катылганын да астейдил каңкуулап берет. Акырында, ушунун баарынын артында турган, Сырга тунган Шамбала жанарына, Нурга жуулган Күн Шаар жарыгына алпарат. Андыктан, бир караганда, канчалык шектүү жана арада эч байланышы жоктой көрүнсө да, эң жакынга жетиш үчүн эми эң алыстан Жол чабалы. Байыркы индей аталган байтак дүйнөдөн чыгалы. Ушу учукту туталы.

Испан конкистадорлору барганга чейин Америка континентин мекен эткен жергилик калктын цивилизациясы өтө гүлдөп өскөнү маалым. Бул тууралуу ого көп жазылды. Бирок дурусунан бурушу көп, аныгынан таныгы арбын жагдай түзүлгөн биякта да.

Маселен, каяктандыр кайып келип, каяккадыр житип кеткен, акыл билими ай чапчыган майянын же өзүлөрүн акыркы Күн Уулдары санаган жааңгер Ак Жылаан Ацтек цивилизациясынын тамырын бирээрлер (албетте, актар көбүнчө) Күн Батыштан Европадан таралган деп санашат. Индей пирамидаларынын генезиси деп Египет пирамидаларын эсептешет. Викингдер Жер Орто деңизинен Атлантиканы кескени анык дешип, «хейердалмиф» жаратышат.

Бирөөлөр, тескерисинче, индей руху, маданиятынын Азия материги менен жаңырыкташкан белгилүү жалпылыгын моюндашат, бирок анын түп себебин түгөл түшүндүрө алышпайт да, ошондон улам түбүндө аны автохтондуу санап тим болушат. Ал эми кай бирөөлөр аны, мисалы, майя цивилизациясын, «автохтондуу» эле эмес, Улуу Галактика циклине ылайык алыскы бир планетадан адамзатка нускоочу катары атайын жерге түшүрүлгөн, анан кези келгенде, жер миссиясын өтөп болушкан соң, башка иерархияга кайрадан кайып кетишкен деп – майялыктардын өз жайын капыс табышмактуу таштап кетишин космикалык себеп менен түшүндүрүшөт (М.Аргуэльес).

Бирок индейлер табышмагы азия көчмөндөрүнүн тарыхы, тагдыры менен тыкыз байланышта жатканы, бу сыртынан эки башка өңдүү көрүнгөн дүйнө түбүндө бир руханий континент экени, генетикалык да, этнолингвистикалык да, маданий да тегиздиктин кай кай салаасынан болбосун, улам кийин орошон көрүнө баштады.

Айталы, индейлердин Күн Батыштан батышка, Атлантика аркылуу эмес, Күн Чыгыштан чыгышка Тынч океанды кесип өтүшкөнү биз жогоруда кайрылган байыркы кытай булагы «Шанхай цзинден» табылат. Түрк-маңгул жана нагуа тилинин уңгу-тегинде ушунча мол окшоштук жатат. Дин философиясынын теги Теңирчилик идеясын көрүнөө сайрайт. «Цолькин» («Жол Күн») аталган майя-ацтектин сыймык туткан календары азиялык көчмөндүн Күн Жол (Жол Күн) эсебин дал сактап калган. Майя жазуусунун идея-стили көчмөн оюмунун морфологиясын эске салат. Перудагы Асман-Көзгө ачылган гигант сүрөттөрдүн генезиси көчмөндөрдүн эпикалык ой жүгүртүү өзгөчөлүгүнөн табылат.

Айтоор, санай берсең түгөнбөйт. Бирок бул өзүнчө чоң сөз, башка китеп. Андыктан, биерде эми азыркы максатыбызга ылайык индейлердин өзүлөрү өз теги тууралуу эмне айтат, ошону угуп чектелели да, башкы багытыбыз Шамбала – Күн Шаарга байланышкан жагдайда гана кеп улайлы. Ал эми орошон Месоамерика цивилизациясынын Ордо башаты байыркы көчмөн дүйнөдө жатканы тууралуу кеңитип кеп козгоонун бир кези келээр…

Майя, ацтек, инктердин мүлдө жазуу эстеликтерин Европа баскынчылары тып-тыйпыл өрттөп, күлгө айлантып, желге сапырып ийгени маалым. Орошон маданияттан бар болгону төрт жазма эстелик калган. Ошонун бири «Пополь Вух» – Индейлердин Библиясы аталган китепте мындай бир жылт кабар бар:

«…Мы излагаем это, потому что у нас нет уже более светоча, Пополь Вух, какой именуется, ясного света, пришедшего с другой стороны моря, символа нашей защиты, светоча для ясной жизни…»[21]

Ата-бабалары бул нур кабарды ала келген «деңиздин ары жагын» кийин табылган бешинчи жазма эстелик «Какчикелей санжырасы» мындайча таамай, даана айтат:

«…с другой стороны моря мы пришли к месту под названием Тулан… Из четырех мест пришли люди в Тулан. Один Тулан на Востоке, другой в Шибальбайе, ещө один на Западе и мы сами пришли оттуда, с Запада, и ещө один там, где пребывает Бог[22]

Ушинтип, башка эмес, дал индейлердин өзүлөрү оо качандыр Батыш Деңизинин (б.а. Тынч Мухиттин) ар жагынан ата-бабалары баштап келген эски жолду эс тереңинде сактап калышкан. Ушул учукту улап, баштаар багытыбызга батыл жол салсак болот эми.

Эсиңиздедир, индейлердин пирамидалары. Алар Египет пирамидаларынан кыйла айырмалуу, б.а. мында пирамида шиш чокусуна чейин өсүп отурбайт, белинен «таарылган», же жогору бөлүгү жалпак, тегиз. Ошол тегизге храм курулган. Храмдын ичинде же кай бирде пирамиданын үстүңкү тегиз бетине тептегерек болуп КҮНдүн сүрөтү түшүрүлгөн. Ал балбылдап жанган жалаң алтындан куюлган же алоолонгон кызыл мармар, асыл таштардан чегилген. Өзүлөрүн Күн уулдары деп билген индейлер ошол ыйык храмда Күндү айлана отурушуп маселе чечишкен, жаңы жылды, жаңы күндү тосушкан. Күнгө арнап адамды (көбүнчө туткундарды) курман чалганда пирамиданын туу кырына алып чыгышып, Алтын Күндүн боюна суналтып жаткырышкан.

Анан тирүлөй көкүрөгүн жарып жиберишип жүрөгүн туйлатып сууруп алышкан. Канды булоон жүрөктү тул таштардын (балбал) жүзүнө сүртүп, храмдын керегесине чапкылашкан. Көккө, Күнгө даңаза айтып сыйынышкан. Жоо жеңилишине ушинтип салабат айтылган. Ушинтип көкшүн кандырган. Бул – пирамиданын сыйынуу мааниси.

Эми ошол «курмандыктын» жаны учкан Көккө Сиз да бир серпилип чыгыңыз да, пирамиданы куш учкан бийиктен караңыз. Сүрөтүн көрүңүз, ана, Пирамиданын негизи – төрт чарчы, төбөсүндө – төгөрөк Асман. «Төгөрөк» ортосунда нокот – «Күн». Б.а. төрт чарчы негизде төгөрөк элес орногон! Ушинтип, маңдайыңызга «төгөрөктүн төрт бурчу» аталган белги чыгат.

Тык! Абай багыңыз, караңыз: бул бая бизге тааныш, Манаста ырдалган «Төгөрөктүн төрт бурчун төрт айлана кыдырган...» белги эмеспи, бардык көчмөн жайда чачылып жаткан; Монголияда, Алтайда, Эне-Сайда, Сибирде, Тувада, Орто-Азияда, Карадеңизде, Эдилде, Рум түркүндө – таш сүрөттөрдө, белгилерде, шырдактарда, оюмдарда, саймаларда, атургай… Тибет мандаласында да! Ооба, индей пирамидасынын мааниси ушинтип капыс кеңейет да, куш учкан бийиктен чалгын кере бир континентке сыйбай чыгат. Канаты алдында калат, ал – Америка!

Дагы абай салыңыз, ортодогу Төгөрөккө карай пирамиданын төрт тарабынан улам жогорулап тепкич, тепкич жолдор чыгат. Төрт жагынан ортого умтулган тепкич жолдор төбөдөгү Асманга кошулат. Күнгө келип  тирелет. Эми, ал крестке окшойт. Ортодо: Күн – отого. Эмесе, бул белги да мүлдө көчмөн дүйнөгө байыртан таанымал белги – «Күн» белги эмес бекен! Тагыраак айтканда, башка элдер кийин «Күн» деп тайыздатып алган, акыйкатта, төрт жакты (индейлер айтмакчы: төрт «Чакты» – Эгени) Обо ордого уюткан «ТЕҢ» белги!

Индей пирамидаларынын символдук мааниси Египет пирамидаларынан ушинтип айырмалуу чыгат. Ырас, байыркы Египет фараондору да өзүлөрүн Күн Уулдары деп санаган. Улуу пирамида да алардын Асманга умтулган кудуретин билдирген. Бирок бул умтулуу зылдай бүткөн, чулу турат! Абсолютка жанашуу мында пирамиданын кылда учунда ишке ашкан. Ал эми индей пирамидасында ушул эле идея образдуу, метафоралуу берилген. Б.а. ал түбүнөн башына чейин жети, кээде тогуз секиртмек тепкичтүү курулган. Бул – жети, тогуз, он үч катар асмандын ар катмарын билдирет. Ошентип, «төрт чарчы» Жерден «төгөрөк» Асманга, анын жүрөгү Күнгө көтөрүлүп барган Жол символдуу туюнтулат.

Образ, дагы айтабыз, Азиянын атчандары жойлогон бардык кыйырларда чачырап калган байыркы эскерткич-белгилердин, буюм-тайымдардын өзөгүндө кыттай уюп жатат. Бул символ, жана да айтабыз, тек, Сырт Белги эле эмес, ичке түшкөн, ирим Жол да – руханий Шамбалага баштап бараар, Тибет мандаласынын купуя маңызына алынган ачкыч. Бирок буга анан атайлап кайрылабыз. Аа дейре, оболу Жер Шамбаланын жетесине че жетели.

Эмесе, кайрадан Кампанеллага келели. Эсиңиздеби, ал көз алдыга тарткан «Күн Шаардын» өзү да жети катмар дубал менен курчалган болчу. Ар катмар бир-бир планетанын атын алып жүргөн. Ар планета зор асмандын ар тепкичин эске салган. Бир катмардан экинчи катмарына, андан үчүнчүсүнө оролуп, билинбей өрлөп бийиктеп барганбыз. Ар бир тепкич деңгээлдин мааниси да өз-өзүнчө эле. Биринде бир чындык ачылат, экинчисинен башка чындык чыгат. Бир деңгээл чындык бийигине көтөрүлмөйүнчө экинчи деңгээлгэ Жол туюк. Байыркы индей ишеними да дал ушундай эле. Ал бар катмарды багынткан соң гана улуу Күн Уулу же Руханий Атага айланган.

Ошондуктан, пирамиданын эң бийигиндеги эң Ыйык Храмдын чок ортосуна уютулган Алтын Күндү кайтарып, анын Эркине ылайык иш бүтөө Улуу Жрецтин ыкыбалы болгон. Ал эми бул талап да Кампанелла «Күн Шаарында» тартып берген картинага кандай гана дал түшөт-ов:

«Верховный правитель у них священник, именующийся на их языке «Солнце», на нашем же мы называли бы его метафизиком. Он является главою всех и в светском и духовном, и по всем вопросам, спорам он выносит окончательное решение»[23].

Кампанелла «Солярий» (Күн) атаган бул улуу башчы төбөсү канчалык көк тиреп турса дагы, жалгыз эл башкарбайт. Анын үч негизги кеңешчиси бар, бири – Акылман, бири – Баатыр, бири – Мээрбан. Кезегинде ар бир кеңешчисинде үч-үчтөн болуп дагы тогуз жардамчылары бар. Ошентип, баары биригип он үч түркүк, ортодо Солярий тирек, Эл, Жер тагдырын кармап турушат – Асмандын Ыкыбалына шай! Байыркы индейлерде да дал ушул көрүнүш. Алар да он үч санды ыйык туткан. Асманды он үч катмарлуу элестеткен. Ыйык «Цолькин» календары он үч күндүн – жыйырма белгиге катышынан түзүлгөн. Дагы эчен он үчтөр…

«Цолькинди» айтканыбыз, ал Асман – Жерди уюткан («төгөрөктөгү төрт чарчы») пирамида образынын, философиясынын абстракт математика тилиндеги таң каларлыктай так жандырмагы, чексиз поэзиясы, ченемсиз гармониясы! Месоамерика цивилиза циясынын квинт эссенциясы! Кампанелланын «Күн Шаар» чыгармасын күндөй жаркыткан касиет да ушул – анын астрологиясы. Алар ушул кесилиштен айрыкча улардай кубулжуп үн алышат. Дал табышат. Бир ой толгоо үчүн бу салыштыруу жетишээр дейм, эми жетишээр…

Демек, Кампанелла идеясынын бир генезис тамыры Атлантика мухити артында – индейлер цивилизациясында жатаарына эми ишене берсек болоор.

Баятан бир гана мисалдын (пирамиданын) тегерегинде кеп курдук. «Күн Шаар» баянын окуган адам мындай дал түшкөн окшоштуктарга кадам сайын тушугат. Албетте, суроо туулат: «Мынча окшоштук кайдан келген, кайдан туулган?»

Мындай нерсе тегин болбойт. Экинчиден, адам фантазиясы канчалык күчтүү болгон күндө да Кампанелла китебиндегидей конкретика, тактык, кенендик, ырааттуулук оңой менен жумуру баштан жумурткадай эле «култ» түшө бербейт. Ал сөзсүз кандайдыр реалдуу көргөн, билген, окуган негизден от алышы, аа таянышы мүмкүн.

Ооба, Кампанелла китебинин генезиси боюнча да мындай ойлор, акыркы кезеңдерде, азыраак болсо да айтылды. Кай бир изилдөөчүлөрдүн пикиринче, анын заманында Европа эли жашоо турмушу дүйнөгө мамилеси өзүлөрүнүкүнөн түп тамырынан айырмалуу баракат жашаган мухит артындагы эл тууралуу кабардар болуп калышкан экен. Барып-келип байма-бай каттагандардан. Анан да, балким, испан конкистадорлору кеме-кемелеп ташыган орошон олжо мүлк менен бирге кийин жок болуп кеткен кол жазмалар да келиши мүмкүн, Кампанелла алар менен тушунда тааныш болушу да мүмкүн деген ой айтылат Испан монахы Сан Диего Ландаунун «Сообщение о делах Юкатане» аталган индей дүйнөсү тууралуу ырааттуу баян курган китепти балким, түрмөдө жатып окугандыр деген да ой айтылат.

Бул ойду, кезинде көрүнүктүү орус индеанисттеринин бири, маркум В.Кузьмищев айткан эле, кийин өнүктүрүлбөй калып кетти. Ушул ойдо чындык бар. Биз муну макул табабыз. Бирок арийне, бул али толук чындык эмес, анын бир канаты, жарымы, соңку жаңырыгы! Аал, аавал жана башкы булагы Азия тереңинде жатат.

Алкысса, Күн Шаарынын конкрет картинасы, элинин жашоо турмушу, салты, санаасы кандай экенинен индей кыртышы аркылуу жалпы кабардар болгон соң, эми анын башкы башатына Шамбала жаткан Азия айдыңына кайрылсак болот. Бирок Азия деген кенен. Күн Шаар анын кай жеринде? Биз Ысык-Көл түбүнөн тапкан Шамбалык – Күн Шаарына баары эле макул боло койбос. Эмесе, кайра эле Кампанелланын өзүнөн аттанып чыккан оң.

«Күн Шаары» китеби генуялык кемечи-саякатчы жана аны тосуп алган конолго ээси экөөнүн ортосундагы суроо-жообу иретинде түзүлгөн. Кемечи конолго ээсине – жерди айлана сүзүп отуруп, акыры Тапробану деген жайдан жээкке түшкөнүн, андан да ары жүрүп отуруп бир кеңири өрөөнгө чыкканын, Күн Шаарына ошентип кез болгонун баяндайт.

Ал шаар экватордун өзүндө жаткан эле дейт саякатчы. Изилдөөчүлөрдүн башын чаккан дал ушул Тапробану деген жай. Алардын көпчүлүгү аны азыркы Индонезиянын Цейлон аралы деп болжошот. Бирок Тапробану деп эски-эски карталарда, мисалы, Птоломейде, Суматра аралы да аталган экен. Бирок экөө тең экваторго түк туш келбейт. Грек авторлору Страбондо, Плинийде да эскерилет. Бирок конкрет орду нускалбайт. Ошондуктан, алигүнчө ал жай али сырдуу бойдон калып келет.

Айтмакчы, «Күн Шаардын» жазылышында алыскы индейлердин таасири болушу мүмкүн экендиги жөнүндөгү ойго жолтоо, балким, ушул Тапробану аралдын Азияда жайгашканы да себеп болсо керек.  А балким, ал айтылган жер Суматрада да, Цейлондо да эмес чыгаар. Анткени, «Күн Шаарда» баяндалган окуялар, шаар тартиби, философиясы негедир айтылган арал элдерине мүнөздүү эмес, такыр башка, башка… балким, бая Шамбала дүйнөнүн философиясына түгөлү менен бап түшүп тургандай.

Биринчиден, «Күн Шаарда» баяндалган ыраат, андагы элдин жашоо мүнөзү, ырым-жырымы, психологиясы, аскерий тартиби, ат өнөрү, табиятка мамилеси, Көккө ишеними, майрамдары, менчикке, үй-жайга мамилеси, мүлдө баары – Азия борборуна таң каларлыктай таасын жакын, ысык тааныш (биерде мисал келтирип олтурсак дагы бир китепти кайталап чыгууга туура келмек. Ал азыр мүмкүн эмес).

Экинчиден, айттык, Азия жанары – Шамбала Күн Шаар кабары Европа элине эң эртеги замандары, Ийсанын жыл санагына чейин эле жетиши мүмкүн эле, аңыздар аркылуу, Алдыңкы Азиядан Египетке, андан антик дүйнөсүнө (ооба, буга таң калбаңыз, байыркы дүйнөнүн таасир таралыш багыты буга чейин бизге таңуулап келишкендей эмес, дал анын тетирисинче жүргөн, же Борбор Азиядан жан жакка дамамат жанар аккан, Күн нурундай…).

Ошол көөнө, көөнө замандарда азыркы Гоби, Такла Макан чөлдөрүнүн ордунда жайкалып жашыл деңиз дүйнө жаткан экен дешет аалымдар. Андай болсо Кампанеллада генуялык кемечинин сөзү аркылуу кечээги орто кылым окуясы эмес, андан алдаганча мурдагы Азия аңызы баяндалып да жатышы мүмкүн, кийинки испандар алып келген индейлер тууралуу жаңы кабарларга жуурулушуп. Анткени, эки континенттин алыскы теги бир эле дедик.

РУХАНИЙ БИР КОНТИНЕНТ ДЕДИК

Үчүнчүдөн, экватор тууралуу. Биздин оюбузча, илимпоздорду чаташтырган Тапробану аралдын Шамбалык-Күн Шаар болмогу дал ушул «экватор» тууралуу маалыматта таамай катылып жатышы ыктымал. Анткени, эскиден келген кабарлар, асыресе Азия билиги, эч качан жылаңач, жалаңкат берилбестиги белгилүү. Ал дайыма символдуу, метафоралуу, эзотериялык мааниси этиет сакталып, купуя туюнтулган. Андай болсо, Тапробану да Жер экваторунан эч качан табылбайт, түбөлүк! Анткени, ишаарат мында физикалык экватор тууралуу эмес,  Жер Киндиги же руханий экватор тууралуу жүрүп жатышы мүмкүн.

Андай болсо руханий экватордун өзү да дал Шамбала Мекен аркылуу өткөн жайы бар. Анын далилине анан барабыз.

Төртүнчүдөн, жана акырында: эсиңиздеби, бая сөз башында эле Шамбала шаасы Сучандра анын борбору Калапанын дал ортосуна ыйык Калачакра илимине негиздеп космогониялык схеманы эске салган лабиринт Ак Сарай салдырганы айтылган эле. Кампанелланын «Күн Шаарын» да эми ошого салыштырыңыз – буруу-терүүсүз дал ошол Тибет мандаласынын лабиринт философиясына кез болосуз. Эмне, мунун баары бекерби? Мынча окшоштук кайдан келет? Кайдан бүтөт? Арийне, бекер эмес. Ал – бизге айтылган тарыхтардын, бизге белгилүү философиялардын артында жаткан, баарын бир тоогол-тоом бириктирген, баарына Башат-Тектин Улуу Чындыгы. Шамбала чындыгы… Теңирчилик теги…

Ошентип, бу айтылгандардын баары жыйылып, Кампанелла көз алдыга конкрет тартып берген шаар баяндын тегинде Азия Шамбаласы жатышы мүмкүн экендигин жалпы нускап турат. Аал, жалпы аймагы нускалган соң, эми Кампанелланын «Күн Шаары» менен Ысык-Көл алдындагы Күн Шаардын арасында көзгө түшкөн кандай даана байланыш жатат, ушуга келсек болот эми.

Жогоруда Кампанелланын китебинен билдик, Күн Шаарынын эң улуу башчысы алардын тилинде «Күн» деп аталат экен. Ушерден тексттен сырткар чыгып, анын тарыхына кайрылуу зарылдыгы бар. Анткени, китепке берилген түшүнүктө Кампанелла «Күндү» тегерек чийип, ортосуна нокот салып белгилеп (), латынча «sol» (солярий – солнце) деп жазган деп айтылат. Бирок негедир 1637-жана 1643-жылдардагы басылыштарында ал «sol» эмес, «Hoh» (Хох, Гог) деп берилген экен. Бул сөз италиян тилинде да, жанаша европалык тилдерде да эч бир маани түшүндүрбөй табышмактуу күңгүрт кала берген себептүү, ал кийинки басылыштарынын бир да бирине киргизилген эмес. Тек, белгиси гана колдонулган. Суроо туулат, бу эмне болгон табышмактуу сөз? Кайдан барган ага? Кайдан кирген? Эмнени туюнтат?

Байкагандырсыз, «солярий» белгинин өзү мында бая-бая көчмөн аскаларынын баарында чегилген, кийин кытайдын ин жазууларына түшкөн, андан иероглифке көчкөн аавалкы «күн»  белгинин өзүн берип турат. Мында талаш жок. Ал эми «Хох», «Гог» атамаларычы? Эмесе, мында да эч талаш болууга мүмкүн эмес, ал да дал ушул белгинин көчмөн түрк тилиндеги «Көк» деген сөздүн дал өзү!

Бул белги байыркы кытай жазуусуна «Күн» маанисин алып түшкөнгө чейин аавалда ушул «Көк» деген маанини берген деп болжойбуз. «Төгөрөк» – Ааламды же Асманды; ал эми ортоңку «нокот» – Аалам борбору күндү билдирген. Кийин, кийин жазуу системасына өткөндө «төгөрөк» да, «нокот» да өз алдыларынча, дайыма эле так маани сактай албай күдүк тарткан чакта биригип бир эле «Күн» мааниде колдонулуп кеткен. Кампанелла белгисинде байыркы жаңырыгы калган «Гогдун» – «Көктүн» табышмагы ушуяктан жанат.

Ошентип, Кампанелланын «Күн Шаар» тегин көчмөн тереңине жетелеген дагы бир орчун дарек табылды. Бая, Көл Көл болгонго чейинки Күн өрөөнүндөгү Күн хандын аты, ысымы, т.а. атак ысмы чыкты, анын «Көк уулу», «Күн уулу» экени белгилүү болду.

Дагы, Күн Шаарынын эң бийигинде, аскалардын башында, Күн хандын төбөсү Көк тиреген Ордосу курулган эле (бая аруу кыз боюн таштап жерге урган). Кампанелланын «Күн Шаарындагы» храмдын сүрөтү болсо мындай:

«… На вершине горы находится открытая и просторная площадь по середине которой возвышается храм воздвигнутый с изумительным искусством. Храм прекрасен своей совершенно круглою формой, он не обнесен стенами, а покоится на толстых и соразмерных колоннах. Огромный, с изумительным искусством воздвигнутый купол храма завершается посередине, или в зените малым куполом с отверстием над самым алтарем». Этот единственный алтарь находится  в центре храма и обнесен колоннами. Храм имеет в окружности свыше 350 шагов…»[24].

Абай бакканга, мында да Күн хандын ордосу менен Солярийдин храмында кыйла окшоштук байкалат. «Кыйла окшоштук» дегеним, мен эми Күн хандын Ордосун түптүз эле кыргыз боз үйүнүн борумунда элестетип, ошого окшотуп айтып атам. Караңыз: храм төгөрөк курулган, бирок дубалы урулбай, тоо түркүктөр орногон. Алар дал ортодогу зор куполду тиреп турат. Куполдун чок ортосунда жана бир кичи купол бар – асманга ачылган. Алдында алтарь – ички түркүк таяган.

Эмесе, бул кадимки көчмөн боз үйүнүн салтында салынган Ордо-Храмга окшобойбу? Айланта курулган түркүктөр кереге орду эмеспи? Уук тиреген жарымы – куполу эмеспи? Ортодогу асманга ачылган кичи купол түндүктү эске салбайбы? Алтарды тиреген ички түркүк – маңгул боз үйүндө жатпайбы (түндүк тиреген бакан). Алтарь өзү – кут тунган коломто эмеспи?

Албетте, буга да каршы чыгууга болот. «Кыялды чаргыта берсе, бүт баарын жасашка мүмкүн» деп ойлоого болот. Андыктан, кайрадан далил, жаңыдан салыштыруу издейли. Кайрадан Майя пирамидаларына баралы. Алардын да эң башында Ыйык Храмдар курулган дегенбиз. Бирок бизге белгилүү атактуу пирамидалардын храмы көбүнесе төрт чарчы порум алган.

Албетте, төгөрөк курулган храмдар да кыйла. Бул алардын кай замандары, кай тушта, не орундарда курулганына, б.а. маданий тегине байланыш (дегеле, индей маданиятынын, айталы, жазуусунун, оюулардын, болбосо, сүрөт-скульптураларынын, не, курулуштарынын чарчылуу формада өнүгүп кетиши, ал эми көчмөн Азия тегинин тетирисинче, тегерек формага ийкем өтүшү – бул, бир эле руханий тектин эки континенттеги отурук жана көчмөн психологияга байланышкан эволюциялык өтө кызык кубулуш. Биякта көп дүйнө буккан. Чечилиши али алдыда.).

Ана, ошонун бири Майяпан шаарынын эски урандыларында сакталып калган көөнө храм. Керемет! Керемет! Таштан курулган боз үй-храм зор дөбөдө калкайып, кандай гана расмий жана салтанаттуу таасын турат! Керемет! Керемет! Бул да кокустукпу? Жок! Ушу күндөгү Чичен Ицедеги «Каракол» обсерваториясы да ушул. Саилдеги «Мирадор» храмынын нугу ушул. Атургай, боз үй поруму көпчүлүк индеецтердин  үй куруу өнөрүндө да туруктуу сакталып калган. Демек, муну кокустук дешке болбойт. Керинче, чыныгы Күн Шаарынын Күн Храмы же Ордосу ушундай гана курулууга тийиш болчу. Анткени, боз үй – Ааламдын символу!

Түндүк – Күндөн уук-нурлар чачырап Жер-Дүйнөгө жайылган. Коломтодо – Жер Оту, Күн сыныгы, жаңырыгы… Кампанелла ырас айтат, бирок саал кайып айтат, тайып айтат; храмдын айланасы үч жүз элүү кадам эле дейт. Жок, биерде да, балким, эзелки эзотерий маани жатат. Үч жүз элүү кадам эмес, акыйкатта, үч жүз алтымыш, бирок градус ал. Ооба, 360 градус – туруктуу айлана. Кадам – ар храмда ар түрдүү; айлана гана бир түрдүү. Б.а. баары бирдей порумда. Кампанеллага жеткен кабарда балким, ошол «төгөрөк» идеянын тек кабыгы калган, өзөгү маңыган…

Ушинтип, Күн өрөөнүндөгү Күн Ордосунун сүрөтү эми акырындап көз алдыга дааналана баштагандай. Бая Көл үстүндө закымдап мунарланган ойноок элес, эми көңүлдөн токтолго таба баштагандай. Бирок адам табияты шекчил дагы, түкшүмөл ой түгөнбөйт. Суроодон суроо чыга берет. Макул дейли, Күн Шаарынын тирлиги, устукан-супаты ушундай эле болсун дейли, эми Ысык-Көл алдында калган шаардын башкача эмес, так ушундай экендигине ким кепил? Кана далил? Сенби? Кампанеллабы? Демек, «дал ушундай!» – деп колго кармап тургандай  шилтеп кесе айтуу, осолдук!

Балким, балким… Бирок адам табияты, көрсө, шекчил гана эмес, миңдеген жылдардагы эсин ар клеткасында тирүү түйүп жүргөн түпчүл да экен. Каткан дагы, тапкан дагы кампанеллакөкчүл экен! Эмесе, эми ошол түптө катылганды аңтарып ачыкташка аракет кылалы. Бул үчүн бая, эң байыркы жер-суу баяны «Шанхай цзинге» кайрадан кайрылалы. Ал Ордолуу Кытайдын Түндүк Батыштан Түндүк Чыгышка жайылган деңиз артындагы жерлерди баяндаган бабында мындай бир маалымат берет:

«…Слуга (чэнь) Бога разливов (Гунгуна) зовется Сянлю. У него девять голов (которые) которые вкушают пищу на девяти горах. Там где Сянлю ударился [о гору], образовалось горное озеро. Юй убил Сянлю. Его кровь столь была зловонна, что ни деревья, ни злаки там не могли расти. Тогда Юй закопал её на глубину трех жэней, но она трижды просачивалась поверх. Тогда Юй сделал алтари всем Предкам Севернее Кунь Луня к востоку от царства мягкотелых. У Сянлю было девять голов с человеческими лицами, туловище змеиное зеленого [цвета]. Не смеют стрелять в направлении севера: боятся капища Бога Разлива [Гунгуна]. Четырөхугольное капище расположено к востоку от него. В каждом углу головой на юг лежит свирепого вида змея»[25].

Келтирилген текст түшүнүктүүрөөк болсун үчүн муну көңкү кытай мифи менен жандыра окуу зарыл. Байыркы, байыркы замандары кытайдын легендарлуу каармандарынын бири Юйдун тушунда (б.з.ч. III миң жылдыктын ичи) дүйнөнү топон суу каптап турган болот. Ошондо аны ооздуктоого Юй аттанат. Ал төрт тараптын баарында тил оозсуз жайылып жаткан сууларды бир жагынан тосмо коюп, бир жагынан арыгын чаап, бир нукка алат, ооздуктайт. Баш бербеген суу кудайы Гунгунду куугунга алат.

Ошентип жүрүп, Түндүк аймактагы цю-аньжун (ит жундардын, б.а. бөрү ит-буруттардын десе болот) өлкөсүндө Сяхай деңизинде жана Хэн Шань тоосунда да болот. Текстте айтылган Гунгундун кызматчысы Сянлю менен ал ушул түндүк аймактан кездешип отурат. Сянлю тоого бой таштаган жерде тоо көлү пайда болду (бая-бая кыргыз легендасын ушерден бир эстеңиз). Анын кан-жини каптаган жайды тазартуу үчүн Юй Кунь Лунь тоонун түндүгүндө ата-баба арбактарына арнап алтарь курду. Демек, бу Көлдүн ордун да болжошко болот.

ЫСЫК-КӨЛ!

Ооба, бая Тарим өзөн башатында, Кунь Лунь тоонун түндүгүндө, тогуз тоонун арасында орногон бир гана улуу көл бар. Ал – Ысык-Көл. Дагы, окумуштуулар аавалда Тарим өрөөн, Гоби чөлдөрүнүн ордунда деңиз жаткан деп айтышат дегенбиз. «Шанхай цзиндин» бул кабары да «Түндүктөгү деңиз артындагы жерлердин каталогунда» берилип, деңиз сыртында жаткан жерлердин жайын айтат.

Дагы, бул аймактарда Сяхай деңизи жана Хэн тоосу да жайгашкан. Сяхай – Жэ-хайдын (Жэхай – Ысык-Көл), Хэн – Хан тоонун да дабышы бузулган жаңырыгы болушу мүмкүн.

Дагы, Сянлю – Юйдун жоосу. Анын образы да адам анчейин суктанаарлык эмес, терс. Демек, миф жараткан байыркы кытайлыктын жоо маанайы да түндүктү жайлаган эзелтен эгешкен элдерге карай түзүлөрү түшүнүктүү.

Дагы, тулку – ажыдаар, жүзү – адам, бул жети укмуш Сянлюнун мекениндегилер түндүккө каратып ок атпайт, курал кезебейт. Анткени, түндүктү Кут деп санашат. Гунгундун – Суу Кудайынын ордосунан коркушат (сыйынышат – Ч.Ө.). Ордо-Буткананын поруму төрт чарчы таризде, ар бурчунда баштары түштүктү карап ажыдаарлар сүрдүү буккан.

Керемет! Жана керемет! Анткени, «Шан-хай цзинде» баяндалган бу тоо көлүн балким ал башка көл болушу да мүмкүн деп күмөнсүп коюшка болот эле. Байыркы баян өтө жалпы аймакты камтып жатат, аны мынча тыкыр, так: «бул Ысык-Көл гана» деп кесе, локалдаштырууга эч болбойт деп каршы чыгууга болот эле. Болмок. Бирок ушу алыскы-алыскы баянда тартылган сүрөт менен Ысык-Көл түбүнөн табылган жакынкы фактынын дал жаңырыкташып турганы канчалык таң калыштуу керемет. Буйтатпас далил.

Буерде мен баянда айтылган буткана-ордо менен Көл түбүнө чөккөн шаардын биздин колубуз жеткен бир булуңундагы (мунун да чыгышындагы!) байыркы курулуш ордуна дал түшкөнүн айтып жатам! Караңыз, салыштырыңыз: ушу күндө Кой-Сары булуң жээгинен табылган (Көл көп тартылгандан кийин!) чоң-чоң таштардан курулган байыркы ноолу жатат. Архитектуралык поруму төрт чарчы, таш дубалдардын ар биринин узундугу – 14,2 метр, калыңдыгы – 2,4 метр.Төрт бурчу – дүйнөнүн төрт тарабына так эсептелген. Оозу Күн Чыгышты карайт. Таш дубалдын ички беттери трапеция сымал курулган (акыйкатта, ал трапеция эмес, «олдоксон оюк», б.а. төрт чарчы дубалдын ичине салынган төгөрөк болууга тийиш. Бая, «төгөрөктөгү төрт чарчынын» философиясы ушерде).

Мына, ушул Таш Коргондун ичинде он үч жыгач тактада он үч адамдын сөөгү коюлган. Бардыгынын баштары Түндүктү – Кутту караган. Таш Коргондун сырткы төрт бурчунда күн сымал төрт төгөрөк такоол орнотулган. Төрт такоол…

Ушунда мени бир нерсе терең-терең ойго салат, ал – «Шанхай цзиндеги» «буткана-ордонун төрт бурчунда аны кайтарып баштары түштүктү караган төрт ажыдар жатат» деген кабар. Алиги такоолдор эмне такоол? Аларга эмне орнотулган? Эмне турган? Айтмакчы, эмне үчүн он үч жыгач кабырга он үч жасат коюлган? Он үч… Бая, алыскы, олмек, майя, ацтек, инк цивилизациясында он үч сан өзгөчө ыйыкталаарын, ал майя таш календары, Цолькин – Жол Күндүн өзөгүн түзөөрүн айткан элек. Бул «он үчтүн» түпкү теги да кайрылып көчмөн журтка келет. Он үч – мүчөл сан.

Бияк өзүнчө кеңири сөз, мен мында, тек, алиги зор таш коргон менен индей пирамидаларынын ортосунда кайрадан ассоциация чакырыш үчүн айтып жатам. Ана, «Шанхай цзин» кабарындагы буткана-ордону бурч-бурчунан кайтарган ач ажыдаарлардын сыны-сыры да ушерден чечилет. Муну да караңыз, багыңыз; пирамидалардын ар бурчунда аны кайтарган ач ажыдарлар сүрдүү буккан. Сырында да, сынында да көчмөн духу дал турат!

Байыркы майялыктар бу ажыдарларын «Кукулькан» деп атаган, толтектер аны саал мурда «Кецалькоатл» дешкен. Европа аалымдары «канаттуу ажыдар» («пернатый змей») деп сынына карап тайкыланта которгон. Акыйкатта, ал көчмөн дүйнөтаанымдагы «Көк Үлкөн» дегенге келет. «Көк» – Асманды, Улуу Теңирди; ал эми «Үлкөн» – Алтай түркү «Ульген» атында сактап калган Улуу Кудайды билдирген. Айтмакчы, адам өлгөндө («өлгөн») ушу «Үлкөнгө» кетет. Кудайына кайтат.

Бирок чынында мындан да так, эң түпкү, Манас философиялуу мааниси бар: Күк Углан, Көк Оглан, б.а. Көк Уулу  – Теңир кулуну. Дабыш сыйлыгышып: «Күк Углан», Күкүлкан, Кукулькан угумуна өткөн. Алтай түркү калктарында аабалтан «Теңрикут» деп айтылып келген маани ушул, же «Ман!».

Көңкү кытай философиясында, бул Кош Ман, бири Жер түбүндө буккан, экинчиси Көк Ааламда аккан эгизкүч Ажыдаарлар катары сыпатталат. Ал эми Манас философиясында ал бир чулу маңызына айланып калган: «Асман менен Жериңдин  – Тирөөсүнөн бүткөндөй…».

Ман – түбөлүк жылоо, Теңрикут,  Көк Оглан, Кукулькан…

Менин тереңги баамымда, Көл түбүндөгү зор таш дубалдардын ар бурчундагы такоолдорго аавалда дал ушул ман-ажыдаарлардын башы орнотулган. Алар Түштүктү караган, анткени, Түндүк-Кутту кайтарган! Байыркы Кытайдын Юй каарманынын Кунь Лунь тоонун түндүк жагына – ата-бабасынын  арбагына сыйынып, алтарь куруп атканы ушул, Түндүккө беттеп! Башы – киши, дени – ажыдаар, тогуз башы тогуз тоого жөлөнгөн (Көлдү курчап торогон) бая Сянлюнун дал эле ушундай башы киши, дени ажыдаар майя Кукульканына окшош сүрөттөлүшү да бекер эмес.

Ажыдаарлардын баштары, балким, Көл ордундагы шаар кыйраганда кулаган, сынган; не кум алдында басырылган; не бизге көрүнгөн төбөсү – нугу. Айтмакчы, бу таш ноолу да мындагы жападан жалгыз курулуш эмес, анын уландысы Көл иримине карай ийирилип кеткен… Тереңге! Балким, Күн Шаарынын борборун көздөй; балким, чоң-кичине пирамидалары алма-телме алмашкан гигант комплекс Теотихуакандай; толтектердин легендарлуу ордосу – толгонгон Толлан шаардай… биз анын бир, бир гана (!) булуңун тутуп турубуз, Чыгыш булуңун…

Ошентип, байыркы баян «Шанхай цзинден» алынган бул кабар да Ысык-Көл ордун, ордун гана эмес, андагы Күн Шаардын да бир элесин эртеден келген эскен желдей көз алдыга жылт тартып өтөт. Сыпатын көрсөтөт. Башканы билбейм, мен үчүн эми Көл түбүндө калган шаардын байыркы Күн Шаар экенинен күмөнсүшкө күкүм акым калбайт.

Ушунда эми, эң соңку ирээт эсил Рерихке бир кылчаям, кылчаям да, анын бая сөз башында бир эскерген Шамбаланы сабылып издеген зар үнүн угам:

«В Тибете Шамбала называется Чан-Шамбала, то есть, Северная Шамбала. Этот эпитет вполне объясним. Манифестация учения произошла в Индии, откуда все по ту сторону Гималаев, очевидно, является северным».

Ооба, Шамбала түндүктө эле, бирок Индия мекенди ушунча берилип сүйгөн индусчул Рерихтин «Гималайдан карагандагы Түндүгүндө» эмес, дал “Тибеттин өзүнөн карагандагы Түндүктө” – Ысык-Көлдө эле; анткени, мында – чыны менен, аяны эми гана ачыкка чыккан кайыбы Кара-Таш чөккөн:

«Много внимания уделялось чудесному камню, упавшему с далөкой звезды, который появляется в различных странах перед большими событиями… Камень обычно приносится совершенно неизвестными неожиданными людьми. Тем же неожиданным путөм в должное время камень исчезает. Чтобы опять появиться в сужденный срок в совершенно другой стране. Главная часть этого камня находится в Шамбале. Лишь небольшой кусок его выдан и блуждает по всей земле, сохраняя магнитную связь с главным камнем»[26].

Ана, ушунда эми кулагымда:

Шамбала шаңы ачык жаңырат!
Беталдыда Шамбала закым дааналанат!
Карегимде Күн Шаар жанат!
Бал-балл…
Кампанелла тартып берген, Майяпанды артып келген, кыргыз аңызы айтып берген, Манас аяны калкып келген, Күн өрөөнүндө Күндү көздөй толгонуп өскөн арчадай өктөм, Көккө өрлөгөн – Шамбалык – Күн Шаар…

ШАМБАЛА!

1998-жыл.

P.S.
Бул ой толгоо мындан он сегиз жыл мурда жазылып, ооболдо «Шамбала аза» аталган эле. Аал, неге аза?

Анткени, ошол жылы (28-май, 1998-жыл) касиеттүү Көлгө Барскоон суусу аркылуу уу агылып түшүп, бул апаатка (анда эч айыккыстай сезилген!) жан сабыркап, дил сыздап, ой толгоо ички улуу ый катары жазылып башталган эле.

Жан азабым жеп жатып, ал бүтпөй да калган, учурунда. Кайриет, Көл оор онтоп жатып, ошондо, Теңирден касиеттүү Күч оошуп (Жер Киндиги – Көлдүн төбөсү ачык, ал Аалам жүлүнүнө биртуташ! Бирок Кум-Төрдөгү рак очок – цианид оржара опурталы түбөлүк калууда…), өзүн дабалап алган эле.

Ошондо,  Күн Шаар  –  Идеалдуу Коом куруу идеалыма биротоло зак кеткендей жүрөгүмө так кетип, «азалап» башталган эле ал сөз. Бүгүн, дээрлик, жыйырма жуук жыл өтүп, ал Шамыма шаң кирип, Идеалыма жан кирип, сергек тартып калганым.

Түндүк Шамбаланы – Күн Шаарын кайра тикелеп алуунун мүмкүндүгү туулганы…

Төтөн, «Тизгинжаяр» ойдо айтылгандай, көңкү көчмөн дүйнөгө,  сырттан дүйнөлүк кызыгуунун улам күчөшү; ичтен – улуттун тереңги кудурети козголушу анын байыркы рухуна, тарыхына болгон умтулуусун баштагыдан да эселеп артылтат.

Тарыхтын айланган алды – келечек.

Адам баласы аабал күндөн акырыга че аңсап кала берери – адил заман. Демек, Шамбала Шамы шаңы, Идеалдуу Коомго чакырыгы, түбөлүктүү.

Ой толгоонун биринчи бөлүгү, орду-жайы – алиге так белгисиз, талаштуу; реалдуу-рухий жагдайы – күңгүрт сырлуу келаткан бул Улуу Дүйнө тууралуу дүйнөдө жашап келе жаткан түшүнүктөргө автордук жаңыча үнкошук болду.

   Автордун нээти муну менен чектелбейт эле. «Идеалдуу Коом» идеясы таза эле асманда калкыган жомок эмес, аны жерде реалдуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү барлыгын нускоо эле асыресе, Манас цивилизациясында учугу жаткан.

Демек, мындагы ой толгоолор – автордун узаакы жылдар бою Шамбала жарыгы алдында чыныгы элдик түзүлүштү издөө машакаты, манасчыл мамлекетти түзүү далалаты катары каралмагы туура.

Аал, Шамбаланын кийинки тарыхый-рухий издери, асыресе, айтылган байыркы географиялык трактат «Шанхай цзинде» («Жер-Суу баяны») катылып жаткан так даректери алдыда, буюрса, түпнуска иероглификадан түз жандырылып берилерин эсиңизге салабыз. Баяндын биринчи барагын жабабыз.

[1] Рерих Н.К. Избранное, М: 1979, 152-б.
[2]  Ошондо эле – 167 б.
[3] Рерих Н.К. Избранное, М: 1979, 190-б.
[4] Ошондо эле – 159 б.
[5] Рерих Н.К. Избранное, М: 1979, 190-б.
[6] Ошондо эле – 174 б.
[7] Блаватская Е.П. Тайная доктрина, М: 1991, 19 б.
[8] Маслов А.А. Ж-л “Знак беды”, М: 1990, 58-б.
[9] Семенова З.С. Ж-л “Знак беды”, М: 1990, 176-б.
[10] Ошондо эле.
[11] Рерих Н.К. Избранное, М: 1979, 174-б.
[12] Ошондо эле  – 176 б.
[13] Рерих Н.К. Ошондо эле – 191 б.
[14] Тибетская йога. Киев, 1993, т. 1, 57-б.
[15] Махабхарата. Ашх., 1981, 169-б.
[16] Шанхай цзин.
[17] Шанхай цзин, М: 1977, 43-б.
[18] Бичурин И. Собрание сведений… II т. 190-б.
[19] Ошондо эле. III т. 73-б.
[20] Кампанелла Т. Город солнца. М: 1948,    -б.
[21] Пополь Вух. М: 1993, 9-б.
[22] Летопись Какчикелей. Ж-л Лат. Амер. 1988, № 5
[23] Кампанелла Т. Город солнца. М: 1948.
[24] Т.Кампанелла, Город Солнца.
[25]  Шанхай цзин, 99-б.
[26] Рерих Н.К. Избранное, М: 1979, 180-б.

1 thoughts on “Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу: «Тизгинжаяр»

  1. Негизи кооз создор менен кыргыз элинин жашоо-тиричилигин ондоо мумкун эмес, жон гана баш айлантуу болот. Андан коро дагы эле 21 кылымдагы улуу цивилизацияга баш багып, жонокой жашоо дэнгээлди которуунун жолдорун корсотуу керек го деп ойлойм. Айталык,ысырапкорчулукка богот коюу, кантип жакшы тамактанса болот, туалет маданиятын оздоштуруу, уйдун тегерегин таза кармоо .
    Кыргыз эли улуу эл, аны эскиге ундобой, жаны жашоого ундойлу.

    Like

Комментарий кошуу