Дүйшөн КЕРИМОВ: «Казак боорума кат»


Мына, Чүй дарыясын бойлой тикенек зымдан куралган “сепил” пайда болгонун баарыбыз көрүп келебиз. Кезегинде мындай заардуу тосмо,  балалыгым өткөн Ак-Сай өрөөнүндө СССР-Кытай чегарасын ажыратып турар эле. Азыр эми эсил кайран союз кулагандан бери чейрек кылым өттү, анын бири жок, тосмонун изи жок. Деги ар кандай тосмо, коргон менен абаны, сууну, кушту, ошол куштай кайкып учкан адам көңүлүн, кыялын, сүйүүсүн… токтотууга болобу, боорум!

Улуу көчмөн цивилизациясынын акыркы нускасындай болгон, кат-сабатсыз, чоң тебетейчен, жайы-кышы кымыз жыттуу чоң атам мени атка өңөрүп баратканда ырдаган ыры: «Базарбайдын Төлөгөн, андан ары жөнөгөн. Кыз Жибеги кылактап, алдынан чыкты булактап…» эле. Бул атакемдин өз ыры го дечүмүн. Анткени күн бүткөндөн, ай бүткөндөн ыры ушул, угарманы да, көрөрманы да мен. Көрсө бул керемет саптар казак элинин айтылуу «Махабат» дастанына таандык экенин тээ студент куракта  кинозалдан кездешип, алгачкы көргөн «Кыз Жибек» фильминен кийин айрыкча аңдагам, атакем кайра тирилип келгендей териме батпай кубангам. Дегеле бул шедевр фильмди көргөндөн азыр да тажабайм, кайран көчмөн калктын урпагы катары толкуп, сыймыктанам.

Ошол баёо, Алa-Тooнyн мөлтүр булагындай таптаза бала кезде, кыштын узак түнүндө, шеринеге чогулган чоң тебетей-чалдарга алп «Манасты» шишелүү чырактын айжаркын жарыгына салып, өзөлөнүп окуп берип жаткан чагымда, «Айдаркандын эр Көкчө, жер жайнаган кол менен, ал да келди жаркылдап…» деген жерге келгенде, «Мына эми, кайран Көкчөбүз да келген тура!» деп аксакалдар сүрөп турушаар эле да…

Береги кыска да, ары узак да,  жаман, жакшы өмүрдө не деген китеп окубадык. Көбү агып өткөн селдей, бир көргөн түштөй эстен учту. А бирок Абай, М.Ауэзов, С.Муканов, А.Нурпеисов, О.Бокеев, М.Макетаев, О.Сулейменов, М.Шаханов, К.Мырзалиев, Д.Оңгарсынова менин акын, жазуучуларым бойдон калды. Курмангазынын күүлөрүн, Шамшы аганын обондорун, Бибигул эженин, Розанын ырдаганын укканда Ысык-Көлдөй толкуйм-ов! Н.Жантурин, А.Ашимов, Д.Жолжаксынов, Н.Аринбасарованын өңүн экрандан көрсөң, кыргыздан айырмасы барбы? Бир курдай «Хабарды» адаттагыдай көрүбатып, андагы отуздай төкмө ырчынын айтыш өнөрүн тыңдап олтуруп, жанымдан түңүлдүм! Кыргызды не деп кордошподу, поктошподу… Бу не жорук? Бу нарксыз, пастыкты тыйганга алардын арасынан бир эстүү, күйүмдүү, тууганчыл казак чыкпады го!? Куштун эки канатындай, төөнүн эки өркөчүндөй кайран эгиз элдин элчи болор ырчылары ушинтип көчөнүн арсыз иттериндей арсылдап үрүп калабы…

«Покту чукусаң, ошончо сасыйт» деген орой кеп бар. Ташбоор тарыхта кимди ким чаппаган да, кимди ким сактаган. Абылай,  Барак, Кененсары, Ноорузбай кыргызга «чабам, алам!» деп келди. « Кыргыз да өз жери, жаны үчүн татыктуу жообун берди. Кана көрсөтчү, кайсы кыргыз кең талаага капилет кол салды? «Мейли мага ини бол, мейли мага ага бол, тилегеним бир гана, казак боорум аман бол!» – деп ыр арнаган эмеспи токсондогу акыныбыз Сүйүнбай Эралиев. Чыңгызхандын, калмак ойроттун, Ермактын чапкынында бирге болуп, чачырап, бүлүнүп, «Гисар ашып, кайың саап» аман калган казак-кыргыз тикенек зым менен коргондосо эле жоо болуп калбайт чыгаар…

Үйүнө жылан кирсе да ак чачып, аман-эсен узаткан кеңпейил кыргыздын өткөн эки президенти тең катынкор, канкор, кемпай чыгып, анысы аз келгенсип, ушундай акыбалдан үзүр тапкысы келген өздөн чыккан жаттар боорго тээп, «өз» го дегени өзөктү өрттөп, байыркыдан келаткан улуу кыргыз, касиеттүү Манас тукуму кыйналып тур, кылчайнап тур… Каныкей, Кыз Сайкал, Наал эже, Жаңыл Мырза, Курманжан даткадай асылдарын ардактап, даңктап келген эмеспи кыргыз эли…

Акыйкатсыз, теңсиздик башкарууга бүгүн, байыркы маданий цивилизациянын очогу Египет баштаган араб өлкөлөрүнүн эли да дал биздей каршы көтөрүлүп тур…

Күлбө, шылдыңдаба, кыйынсынба… боорум. Кыргызды да кудай жараткан, өзгөчө казакка бирбоор жараткан. Өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын кыйын кезеңинде өз жеринен тентип, ачкачылыктан ыргалып келген сан миңдеген казакка Орто Азияда кыргыз гана боорун ачкан. Тууганга кылган жакшылык колко эмес. Бирок бүгүнкү жасабаткан мамилең аргасыз айттырат, боорум. Эсеби, маселен, жалгыз эчкисинин сүтүн, бир баштык талканынын жарымын казак балага бөлүп берген кыргыз эненин эрдиги, бул – улуу факт!

Өткөн жылы насип буйруп, Алма-Атага кудасөөктүн той салтанатына барып калдым. Ченемсиз сый, урмат болду. Биз да казак калк касиетин, нарк-насилин канчалык деңгээлде андап, билээр дараметибизди айгинеледик го. Бирок… Той башы жигиттин билип да, билбей да ары калжың, ары кекээрлүү кеби, койнума жылан салгандай ичиркентти. «Кененсары агабыздын башын Омбуга алып барган сизби?!» Мындай капилет тике суроого тайсалдоого болобу? Кыргыз эч качан корккон да, качкан да эмес да. «Ооба, дал өзүмүн! Ормон дегенди уктуңуз беле? Нарындыкмын, ошол отуз миң кол менен Сары Өзөн Чүйдү канга боеп, капилет басып алган Кененсары, Ноорузбайды болгону беш миң кол менен келип, быт-чытын чыгарган Ормондун урпагымын, мырза…», – дедим.

Албетте, тойдун ээси, казактын нарктуу карыясы бейбаш жигитти тилдеди, тыйды. А бирок көңүл кирдеп, мамиле муздай түштү. Береги тууганчылык, адамгерчиликке зил аралап, эс тарткандан жанымдай көрүп, жомоктой ойлогон казактын кең талаасын аралай, касиеттүү Ала-Тоомо мезгилсиз баса бердим… Ошондон тарта бу тарыхты терең изилдеп, тыкыр иликтеп көрдүм. Баары болгон. Бир гана, бая айтылган «Кененсарынын башы» жөнүндө эч кандай так маалымат жок. Илимпоздор да, санжырачылар да, «Андай болгон эмес, тек бул чагымчылардын иши» дешти. Көрсө, бул кыргыз менен казактын арасын алыстатуунун, түбөлүк жоолаштырууну эң ыңгайлуу, натыйжалуу амалы экен да!

Кыргыз-казактын орток дөөлөтү, айкөл агабыз Чынгыз Айтматовдун «Маңкурт баянындагы» жуан-жуан деген кас эл биздин Жети-Суу аймагын көп жылдар талаша-тартыша жердеп, эң кордугу, дүйнөдө, адамзат тарыхында кездешпей турган мыкаачылыгы, колго түшкөн боордошторубуздун башына шире кийгизип, эс-акылынан ажыратканын бүт дүйнө окуп, таңгалган эмеспи. Эстеп, ойлончу, боорум. Дал ошол жуан-жуан дейбизби, калмак ойротпу, айтор, казак-кыргыз бир туруп, асыл мекенибизден айдап чыккан душмандын урпактары, балким, арабызда дале жүргөндүр, а балким, бийлик сересине аралашып, ак пейил бирбоор элибизди араздаштыруунун, алсыратуунун айла, амал уусун байкатпай себелеп, азгырып жаткан окшобойбу… Менин жаман акылым ушул пикир тыянагына аргасыз такалды. Кечээги «Желтоксон», 90-жылдагы Ош окуясы алааматында эки элдин жаштары бири-бирине эш, дем болгонун ошол мезгилдин күбөлөрү унутпайт.

«Ач тоюнат, жыртык бүтөлөт», «Кедейлик кемтик эмес» дейт элибиз. Мухаммад алайхис салам: «Билгиниң, жеңиш чыдамкайлык менен, рахат кайгыдан кийин, жеңилденүү кыйынчылыктан соң болот» деген экен. Ак мөңгү тоосундай, ак өргөө боз үйүндөй, ак калпак, ак элечегиндей ак пейил, Ысык-Көлүндөй мээримдүү кыргыз элинин келкели, ооматы али алдыда! Ылайым, сен да алгалай бер, боорум! Сенин жакшылыгың мага да таандык.

Казак-кыргыз куштун кош канатындай жуп элбиз! Бул улуу, ыйык сөз байыркы бабаларыбыздан бери келет. Бул сөздү көрөсөн эл башы Нуракенин өз оозунан да далай эшиттик го. Ойлочу боорум, куш жалкы канаты менен кайкып учуп, оболой алабы? Сөз кадырлаган, сөз кудуретин аңдаган уңгулуу калктын чын урпагы болсок, анда улуу сөз магиясына кулдук!

…Айлар калып, жылдардан озот элес,
Ата даңкы балага мазак эмес.
Дастарконун жыйбаган бабалардын,
Кайран салтын жойгондор казак эмес!..
Бу керемет ыр саптары алп мүнөз акын агабыз Мухтар Шахановго таандык. Арийне, казактын ар бир уул, кызы эки Мухтардай – Ауэзов менен Шахановдой, кыргызга бир боор, күйүмдүү тууган боло алса, аттиң…

А кыргыздын дасторкону дайыма жайылганы жайылган…

Комментарий кошуу