Таалай АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (2-БӨЛҮК)


1-БӨЛҮК (ушул шилтемеден ачылат)

ТРАНСЛИТЕРАЦИЯ  ТАЗА  ТҮРҮНДӨ  СЕЙРЕК  КЕЗДЕШЕТ 

Котормо тексттердин типтери

Котормо практикасын  жана  азыркы  котормотаануу  илиминдеги түшүнүктөрдү  системалуу  түрдө  талдоо  котормолордун  бирдиктүү типологиясын  түзүүгө  мүмкүнчүлүк  берет.  Котормолорду  типтештирүү төмөнкү параметрлер боюнча жүргүзүлөт:


  1. Котормолордун түпнуска тили менен котормо тилинин катышы боюнча бөлүнүшү.
    Бул боюнча котормолор эки негизги топко бөлүнөт:

1) бир  тил  ичиндеги  котормо –  бир  тилдеги  тексттин  ошол  эле тилде чечмелениши. Бул топ ич ара экиге бөлүнөт:

  • диахроникалык (тарыхый)  котормо –  эски  тилде  жазылган тарыхый тексттин азыркы тилдеги котормосу;
  • транспозиция – бир жанрга  же  функционалдык  стилге  тиешелүү тексттин башка жанрдагы же функционалдык стилдеги котормосу.

2) тил аралык котормо – бир тилде берилген маалыматтын экинчи бир тилде берилиши. Мындай котормолор ич ара үч топко бөлүнөт:

  • бинардык котормо – бир  табигый  тилден  экинчи  бир табигый тилге которулган текст;
  • интерсемиотикалык котормо – табигый  тилден  жасалма  тилге же тескерисинче которулган текст;
  • трансмутация – бир жасалма  тилден  экинчи  бир жасалма  тилге которулган текст.

  1. Котормолордун которуу ишиндеги субъектинин мүнөзү жана анын түпнуска авторуна карата  мамилеси  боюнча  бөлүнүшү.
    Бул параметр боюнча котормо тексттер үч негизги топко бөлүнөт:

1) салттуу котормо – адам  тарабынан  аткарылган  котормо.  Мунун эки түрү бар:

  • авторсуз котормо – автор катышпаган котормо;
  • автордук котормо – түпнусканын автору  тарабынан  аткарылган котормо;
  • автор жактырган  котормо  –  түпнуска  тексттин  автору жактырган котормо;

2) машина  (автоматтык)  котормосу –  компьютер  тарабынан которулган текст;

3) аралаш котормо – салттуу ыкма жана машина ыкмасы аралаш колдонулуп которулган текст.

III.
Котормолордун  сегментация  тиби  жана  которулуучу материалды  кайра  иштеп  чыгуу  ыкмасы  боюнча  бөлүнүшү.
  Бул боюнча котормолор өз ара төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:

  • морфемалык котормо – структуралык  байланыштарын  эске  албастан туруп, морфемалардын деңгээлинде аткарылган котормо;
  • сөздүк котормо – сөздөрдүн ортосундагы маанилик, синтаксистик жана стилистикалык байланыштарды  эске  албастан  туруп,  айрым  сөздөрдүн деңгээлинде которулган котормо;
  • фразалык котормо  –  биринин  артынан  бири  ырааттуу  түрдө которулган  айрым  сүйлөмдөрдүн  же  фразалардын  деңгээлиндеги котормо;
  • абзацтык-фразалык котормо  –  ырааттуу  түрдө  которулуучу  айрым сүйлөмдөр менен абзацтардын деңгээлинде аткарылган котормо.
  • бүтүн тексттик  котормо –  айрым  сөздөр,  сүйлөмдөр  же  абзацтар котормо  бирдиги  катары  бөлүнүп  көрсөтүлбөгөн  чулу  тексттин котормосу.

  1. Котормолордун түпнуска текст менен котормо текстти берүү формасы боюнча бөлүнүшү
    . Бул  критерий  боюнча  котормолор  эки негизги топко бөлүнөт:

1) жазма котормо – жазуу түрүндө аткарылган котормо. Мунун эки түрү бар:

  • жазма тексттин  жазма  котормосу  –  жазма  тексттин  жазуу түрүндө которулган котормосу;
  • оозеки тексттин  жазма  котормосу –  оозеки  тексттин  жазуу түрүндө которулган котормосу.

2) оозеки  котормо – оозеки  түрдө  аткарылган  котормо.  Мунун  эки түрү бар:

а) оозеки  тексттин  оозеки  котормосу –  оозеки  тексттин  оозеки түрүндө которулган котормосу. Мунун төмөнкүдөй түрлөрү бар:

  • синхрон котормо  –  түпнуска тексттин  айтылышы  менен дээрлик бир учурда аткарылган оозеки котормо;
  • ырааттуу котормо  –  түпнуска  тексттин  белгилүү  бир бөлүгү айтылгандан кийин аткарылуучу оозеки котормонун бир түрү;
  • бир багыттуу котормо – бир тилден экинчи бир тилге бир багытта аткарылган оозеки котормо;
  • эки багыттуу  же  кайчылаш котормо –  аңгемелешүүнү ырааттуу  түрдө  которуу,  мында  биринчи  тилден  экинчи тилге жана экинчи тилден биринчи тилге которулат.

б) жазма тексттин оозеки котормосу – жазма тексттин оозеки түрдө которулган котормосу.


  1. Котормолордун котормо тексттин түпнуска текстке дал келүү мүнөзү боюнча бөлүнүшү.
    Бул боюнча котормолор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1)  эркин  котормо  –  түпнускадагы  негизги  маалыматты  берүүчү котормо,  мында  айрым  нерселер  кошумчаланып  же алымчаланышы мүмкүн; тексттин деңгээлинде аткарылгандыктан, тилдик  бирдиктердин  эквиваленттүүлүгү  мында  анча  эске алынбайт.

2)  адекваттуу котормо – түпнускага дал келген жана түпнускадагы эле коммуникациялык максаттарды көздөгөн котормо.

3)  так  (туура)  котормо  –  семантикалык  тактыгы  менен өзгөчөлөнгөн, б.а. түп нусканын мазмуну так жана толук берилген котормо.

4)  аутенттүү  котормо –  расмий  документтин  юридикалык  күчү түпнуска менен  бирдей  болгон  котормосу;  эл  аралык  укуктарга ылайык,  келишимдин  тексти  бир  тилде  иштелип  чыгып,  кабыл алынышы  мүмкүн,  бирок  анын  эки  жана  андан  көп  тилдердеги котормолору аутенттүү деп таанылат.

5)  ырасталган  котормо –  түпнуска  менен  бирдей  экендиги юридикалык түрдө ырасталган котормо.


  1. Котормолордун түпнуска мазмунунун  толуктугу  жана берилүү  тиби  боюнча  бөлүнүшү.
    Бул  боюнча  котормолор  төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1)  толук котормо – түпнуска тексттин мазмуну жана функционалдык-стилистикалык өзгөчөлүктөрү толук берилген котормо.

2)  толук  эмес  котормо –  түпнусканын  мазмуну  кыскартылып  же айрым жерлери алынып ташталып которулган котормо.

3)  үзүндү  котормо –  бүтүндөй  текст  эмес,  анын  бир  үзүндүсүнүн котормосу.

4)  аспектилик  котормо  –  белгилүү  бир  аспектиге  ылайыкталып алынган тексттин бир бөлүгүнүн котормосу.

5)  аннотациялык  котормо –  которулган  тексттин  негизги  темасы, предмети жана милдети гана чагылдырылган котормо.

6)  рефераттык котормо – рефератталган документ жөнүндө, б.а. анын милдети,  тематикасы,  изилдөө  методдору,  алынган  натыйжалары сыяктуу кенен маалыматтар берилген котормо.

VII.
Котормолордун  негизги  прагматикалык  функциялары боюнча бөлүнүшү.
Бул боюнча котормолор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1)  жумуштук  котормо  –  редакцияланбаган,  негизинен,  басып чыгарууга эмес, практикалык колдонууга даярдалган котормо.

2)  жарыяланган котормо  –  элдин  кеңири  катмарына  арналып, басылып чыккан жазма котормо.

3)  үйрөнүүчү  котормо –  котормочуларды  даярдоо  үчүн  же  чет  тил үйрөтүүнүн  бир  ыкмасы  катары  окуу  процессинде  колдонулуучу котормо.

4)  эксперименталдык  котормо  –  изилдөө  максатында  аткарылган котормо.

5)  эталондук  котормо – квалификациялануучу  котормо  салыштырыла турган үлгү котормо.

VIII. 
Котормолордун  түпнуска  тексттин  биринчилиги  боюнча
бөлүнүшү. Бул боюнча котормолор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) тике  (биринчи,  түздөн  түз)  котормо  –  түздөн  түз  түпнускадан которулган котормо.

2) кыйыр  котормо – түпнуска тексттин  өзүнөн  эмес,  анын  кайсы  бир тилдеги котормосунан которулган котормо.

3) кери котормо – которулган текст түпнуска тилине кайра которулган эксперименталдык же үйрөнүү котормосу.


  1. Котормолордун адекваттуулук тиби  боюнча  бөлүнүшү.
      Бул параметр боюнча котормолор төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1)  семантикалык-стилистикалык  жактан  адекваттуу  котормо  – котормо  тилинин  функционалдык-стилистикалык  нормаларына ылайыктуу,  семантикалык  жактан  толук  жана  так,  стилдик  жактан эквиваленттүү котормо.

2)  прагматикалык (функционалдык) жактан адекваттуу котормо – түпнусканын  негизги  коммуникативдик  функциясын  туура  берген котормо.

3)  талапка ылайыкталган котормо – керектөөчүнүн информациялык муктаждыгына толук  жана  туура  жооп  берген  котормо,  мында түпнусканын  толук  мазмуну  жана  коммуникативдик  функциясы берилбей калышы да мүмкүн.

III. КОТОРУУ ЫКМАЛАРЫ

  1. Которуунун жолдору

Которуу –  бул  түпнуска  тилиндеги  маалыматты  котормо  тилинде берүү.  Тилдер  грамматикалык  түзүлүшү  жана  сөз  казынасындагы сөздөрдүн  саны  боюнча  айырмаланарын  эске  алуу  менен  эле  так котормонун болушу мүмкүн эмес деп жыйынтык чыгарууга болот. Мындан тышкары  которуунун  жолу  менен  натыйжасына  таасир  тийгизе  турган маданий  айырмачылыктар  да  бар  экендигин  унутпоо  керек. Башканы мындай  коёлу, түрк  жана  кыргыз  тилдери  сыяктуу  тектеш  тилдерде  да мындай айырмачылыктар жок эмес. Мисалы: аялдардын сулуу көзү кыргыз тилинде  ботонун  көзү  менен  салыштырылса,  түркчөдө жейрендин көзү менен салыштырылып, эки тилде бото көз жана жейрен көз деп айтылат.

Ал  эми  орус  тилинде  өгүздүн  көзү  менен  салыштырылып, волоокая деп айтылат. Ушул сыяктуу эле «жаным» деген сөз кыргыз тилинде эркелетүү, жакшы  көрүү  маанисинде айтылса,  түрк  тилинде  мындан  тышкары  таң калуу  же  нааразы  болуу  сыяктуу  маанилерди  да  билдирет.  Мындан тышкары  кыргыз  тилинде  бул  сөз  эркек  тарабынан  эркекке  карата айтылбайт,  ал  эми  түрк  тилинде  айтыла  берет. Мындай  айырмачылыктар которуу  ишинде  эске  алынбастан,  тике  которула  турган  болсо,  котормого олуттуу  залал  келтирери  бышык. Салыштырма  грамматикалар  жана  кош тилдүү сөздүктөр болгону менен ар түрдүү элдердин маданияттары боюнча салыштырма  эмгектер  жокко  эсе  болгондуктан,  котормочулар  менен тилмечтер эки элдин маданиятын бирдей билүүгө тийиш. Бирок дайым эле мындай  боло  бербегендиктен,  айрым  учурда  котормочу  түпнускадагы айрым элементтерди болжолдуу түрдө которууга мажбур болот.

Бирок негизинен, жалпы маданий баалуулуктарга же бери болгондо салыштырылуучу  баалуулуктарга  негизделген  тексттер  ийгиликтүү  түрдө которулуп  жүрөт  жана  мында  жалпы,  универсалдуу  түшүнүктөргө  көңүл бурулат  да, көп  кыйынчылыктарды  туудургандыктан,  улуттук-маданий салттардын  элементтерине  анчалык  басым  жасалбайт.  Мындай кыйынчылыктардын диапазону бир топ кеңири, б.а. айрым элементтерден тартып,  бүтүндөй  текстке  чейин  болушу  ыктымал  жана  бир  эле  проблема которуу  жолуна  жараша  өзгөрүшү  ыктымал. Мисалы,  түрк  тилиндеги расмий кайрылууда сүйлөөчү өзү кайрылып жаткан адамды өзүнө таандык кылып айтат, мисалы, ал ректорго кайрылып жаткан болсо, Sayın rektörüm деп айтышы мүмкүн. Бул кайрылууну сөзмө сөз Урматтуу ректорум деп которо  турган  болсок,  бул  кыргыз  тилинин  стилдик  нормасына  туура келбей калар эле, тактап айтканда, 1-жактын таандык мүчөсү сөзгө башкача боёк берип калмак. Ушул сыяктуу эле иш кагаздарын англисчеден орусчага которуп жатканда, Dear Sir деген англисче форма көп учурда Дорогой сэр болуп  берилет.  Бул  орус  тилиндеги  иш  кагаздар  стилинин  табиятына ылайык келе бербейт жана сезимтал окурман муну бир аз какшык түрүндө да  кабыл  алышы  ыктымал.  Муну Уважаемый  господин  директор  деп которгондо,  орус  тилинин  иш  кагаз  стилине  төп  келмек,  бирок  андай болгондо, котормо адекваттуу болбой калат.

Ошентип, бул эки варианттын бирин  тандап  алуу котормочунун  эркинде  болот  жана  ал  муну  кырдаалга жараша жасайт. Бирок ушул эле проблема орусчадан англисчеге которууда да  кездешет  жана Глубокоуважаемый  господин  Шредер! деген  сыяктуу кайрылууну Deeply respected Mr Schroeder! деп которууга болбойт, анткени англосаксон салты бир топ консервативдүү болгондуктан, Dear Sir же Dear Mr  Schroeder  деген  салттуу  форманы  бузуу  этикетти  бузуу  катары кабылданат.  Бул  сыяктуу  проблемалар  котормочунун  иш-аракети,  колдо бар  грамматикалык  справочниктер,  кош  тилдүү  сөздүктөр  жана  ар  түрдүү элдердин  маданияты  боюнча  колдонмолордун  (эң  жакшысы  – котормочунун  жеке  тажрыйбасынын)  жардамы  менен  чечилет.  Мында иштин  ийгилиги  котормочунун  тигил  же  бул  которуу  жолун  тандап алышына,  тиешелүү  стратегияны  колдонушуна  жана  котормо  бирдигин аныкташына жараша болот.

Которуу  ишинде  котормочу  баарынан  мурун  которуу  жолун  тандап алат.  Мында  максатка  жараша  толук  которуу  менен  кыскартып которуунун  бири  тандалат.  Кыскартылган  котормого  жөнөкөй  каттан баштап  романга  чейинки  бардык  тексттер  кириши  мүмкүн.  Кыскартып которуунун натыйжасында тезис, конспект, реферат, аннотация, баяндама, дайжест сыяктуу тексттер пайда болот. Мындай тексттин көлөмү, лексика-семантикалык, синтаксистик жана стилистикалык мүнөзү котормочу тандап алган  которуу   жолуна  жараша  болот.  Кыскартылган  котормо,  негизинен, тандап которуу жана функционалдык которуу жолдору менен ишке ашат.

Тандап которуу – бул түпнуска тексттин негизги бөлүгүн тандап алуу жана аны толук которуу. Мында түпнуска тексттин калган бөлүгү экинчи даражадагы  нерсе  катары  каралуу  менен  которулбайт.  Мындай  жол  иш кагаздарын,  гезит  материалдарын,  билдирүүлөрдү,  докладдарды  ж.б. кыскача  баяндоодо  көп  колдонулат.  Тандап  которуу  жолунда  тексттин маңызын  түзгөн  негизги  бөлүктү  кылдаттык  менен  тандоо  керек,  болбосо түпнускадагы  маанилүү  маалыматтын  бир  бөлүгү көз  жаздымда калып кетиши да ыктымал.

Функционалдык которуу – бул түпнуска тексттин мазмунун кыскача берүүнүн  бир  жолу  жана  мында  түпнуска  тексттин  бирдиктери функционалдык  жактан  өзгөртүлөт.  Функционалдык өзгөрүү  түпнуска тексттин  лексика-семантикалык,  грамматикалык  жана  стилистикалык өзгөрүүлөрүнө  негизделет  жана  бул  жалпы  кыскартуу  же жөнөкөйлөштүрүү  максатында  болот.  Буга  чоң  адабий  чыгарманын жөнөкөйлөштүрүлгөн вариантын мисал катары келтирүүгө болот.

Толук  которуу,  кыскартып  которуудан  айырмаланып,  түпнуска тексттин  бардык  компоненттерин  чыпчыргасын  коротпой  котормо  тилине өткөрүүгө багытталат. Толук которуу ар түрдүү жолдор менен ишке ашат, алардын ичинен кеңири таралгандары – сөзмө-сөз которуу, семантикалык которуу жана коммуникативдик которуу.

Сөзмө-сөз  которуу  –  бул  түпнуска  тексттин  мазмунун  сөзмө-сөз түрүндө котормо текстке өткөрүү жана мында мүмкүн болгон учурларда ал турсун  сөз  тартиби  да  сакталат.  Бул  жол  коммуникативдик  максаттарда, негизинен,  сейрек  колдонулат  да,  адатта  илим  тармагында  гана  кездешет. Мисалы,  лингвистикалык  талдоодо  сөзмө-сөз  которуу  башка  ыкмаларга караганда  артыкчылык  кылат,  анткени  түпнусканын  синтаксистик структурасы  жөнүндө  маалымат  бере  алат.  Сөзмө-сөз  которуу  которулбас сөз  оюндарына  же  фразеологиялык  бирдиктерге  берилген комментарийлерде  да  колдонулат  (эреже  катары,  «сөзмө-сөз:»  деген эскертүү менен коштолот).

Семантикалык которуу – бул түпнуска элементтеринин контексттик маанисин  котормо  тилинин  элементтери  менен мүмкүн  болушунча  толук берүү.  Семантикалык  которуу,  эреже  катары,  маанилүү  тарыхый документтерге,  адабий  чыгармаларга,  уникалдуу  эпос  үлгүлөрүнө  ж.б. карата колдонулат. Тупнуска текстти майда-чүйдөсүнө чейин берүү аракети кээде котормо тексттин окууга татаал болушуна да алып келет. Которуунун мындай  жолу  баарынан  мурун  тар  чөйрөдөгү  адистерге  арналган академиялык  басылмаларда,  аутенттүү  котормолордо  колдонулат.

Семантикалык  которуу  жолу  техникалык  инструкциялардын,  илимий публикациялардын, юридикалык документтердин тексттерин которууда да талап кылынышы мүмкүн. Коммуникативдик  которуу  –  бул  тупнускадагы  маалыматты таасирин  жоготпостон  кабылдоочуга  берүү.  Которуунун  бул  ыкмасында негизги  объект  түпнуска  тексттин  тили  эмес,  анын  мазмуну  менен эмоциялык-эстетикалык  мааниси  болот.  Мында  функционалдык которуудан айырмаланып, түпнуска кыскартылбайт жана жөнөкөйлөшпөйт.

Адатта көркөм которуу деп жүргөнүбүз дал ушул коммуникативдик ыкма болуп  чыгат  жана  мында  кабылдоочунун  прагматикасы  эске  алынат.  Бул ыкма  көркөм адабият,  публицистика,  айрым  учурда  илимий-теориялык жана илимий-популярдык ж.б. тексттер үчүн алгылыктуу. Коммуникативдик  которуунун  өзгөчө  бир  варианты –  поэтикалык которуу, анткени ыр табияты боюнча жөнөкөй семантикалык которууга да, сөзмө-сөз  которууга  да  ылайык  келбейт.  Лексика-семантикалык  жана грамматикалык  элементтерин  толук  берүүгө  аракет  кылуу  менен  ырды проза  түрүндө  которуу  да  эч  кандай  натыйжа  бербейт,  анткени  мында поэзиянын  негизги  өзөгү –  анын  фонетикалык  жана  ритмметрикалык компоненттери которулбай  калат,  демек,  мындай  текст  поэзия  болуудан калат.

Которуунун тигил же бул жолун тандоодо котормочу башка бардык жагдайлардан  тышкары,  бул  жолдор  которуу  процессинде  таза  түрүндө сейрек  колдонуларын  эске  алууга  тийиш.  Татаал  тексттердин  көпчүлүгү, эреже  катары,  ар  түрдүү  жолдор  менен  которулат,  бирок  алардын  бири негизги болот. Ошентип, жыйынтыктап айтканда:

  • Кыскартып которуу  түпнуска  текстти  котормо  тилинде тааныштыруу  максатында  жана  толук  маалымат  зарыл  болбогон учурларда колдонулат.
  • Тандап которуу  докладдардын,  иш  кагаздарынын,  стандарт билдирүүлөрдүн, гезит материалдарынын жана башка ушул сыяктуу тексттердин  мазмунун  которууда  колдонулат  жана мында кеңири тааныштыруу биринчи кезектеги милдет болбойт.
  • Функционалдык которуу  түпнуска  текстти  окурмандардын  кеңири катмарына же даярдыгы азыраак окурмандарга ылайыктап которууда колдонулат.  Буга  ар  түрдүү баяндамалар,  адаптациялар,  версиялар мисал боло алат.
  • Толук которуу мазмуну  толук  берилүүгө  тийиш  болгон  абдан маанилүү тексттерди которууда колдонулат.
  • Сөзмө-сөз которуу  башкаларга  салыштырмалуу  сейрек  учурларда, мисалы,  илимий  максаттарда,  уникалдуу  тексттердин  (анын  ичинде эпостордун) академиялык басылмаларында ж.б. колдонулат.
  • Семантикалык толук  которуу  жолу  абдан  маанилүү  илимий  же коомдук-маданий  эмгектерди  которууда  колдонулат  жана  мындай котормолор адатта адистердин кеңири чөйрөсүнө арналат.
  • Коммуникативдик толук  которуу  кабылдоочулардын  кеңири катмарына арналган, коомдук-маданий мааниге ээ болгон тексттерди которууда колдонулат.
  1. Котормо бирдиктери жана текстти жиктөө

Котормочунун  негизги  чеберчиликтеринин  бири – түпнуска  текстти ар  түрдүү  ыкмалар  менен  жиктей  билүү.  Жаңы  которо  баштаган котормочулардын  кеңири  таралган  жаңылыштыгы – сөзмө-сөз  которууга умтулуу,  б.а.  алар  түпнуска  текстти  айрым  сөздөргө  ажыратып,  алардын тиешелүү  котормосун  таап,  ордуна  коюу  менен  текст  түзүүгө  аракет кылышат. Мисалы: «Алар үй курушту» деген сүйлөм «Они построили дом» деген орусча сүйлөмгө дал келет. Бирок бир караганда ушуга окшоп турган «Алар  турмуш  курушту»  таптакыр  башка  лексика-грамматикалык комплекске –  «Они  поженились» деген  сүйлөмгө  дал  келет.  Эгер  муну биринчи сүйлөмдөгүдөй кылып которсок («Алар турмуш курушту» – «Они построили  быт»),  сүйлөмдүн мазмуну  бузулуп  калат. Адатта  котормочу сөздөрдүн  контекстке  баш  ийип,  ага  жараша  мааниси  өзгөрөрүн билбегендиктен ушундай жаңылыштыктарды кетирет.

Которула  турган  бирдик  котормо  бирдиги  деп  аталат  да,  аны  так аныктоо  так  которуунун  эң  маанилүү  шарттарынын  бири  болуп  саналат. «Котормо  бирдиги»  деген  түшүнүктүн  өзү  да  белгилүү  бир  деңгээлде шарттуу  нерсе  жана  бул  туурасында  окумуштуулардын  арасында  жалпы бир  пикир  жок.  Л.С.Бархударовдун  эмгегинде  берилген  төмөндөгү аныктаманы  жалпы  аныктама  катары  кароого  болот:  “Котормо  бирдиги дегенде  биз  котормо  текстте  шайкеш  келчү  бирдиги  бар, бирок  курамдык бөлүктөрү  өзүнчө  которулбай  турган  түпнуска  тексттин  бирдигин түшүнөбүз» (Бархударов Л. С. Язык и перевод. М.: МО, 1975, С. 175).

Котормодо  сөз  эле  эмес,  фонемадан  сүйлөмгө  чейинки  ар  кандай тилдик  бирдик өзүнчө котормо  бирдиги  болушу  мүмкүн.  Түпнусканын которула  турган  бирдигин  аныктоонун  негизги  шарты  тигил  же  бул түпнуска  бирдигинин  тексттеги  функциясын  аныктоо  болуп  эсептелет.

Сөзмө-сөз  которуудагы  жаңылыштык  тилдик  бирдиктердин  тексттеги функцияларын  туура  эмес  баалоодон  улам  келип  чыгат:  тигил  же  бул кептик  ситуацияга  туш  келгенде  сөз  тилдин  бирдиги  катары  башка сөздөрдүн чөйрөсүнө кирет да, аларга көз каранды болуп калат. Жогоруда айтылгандай,  бул  көз  карандылык  системалуу  мүнөздө  болот  жана минималдык (жанаша  келген  сөздөр)  жана максималдык  (бүтүндөй  текст) контексттердин  иерархиясын  түзөт.  Ошентип,  котормочу  айрым  сөздөр менен эле эмес, сөздөрдүн өз ара көз карандылыгы менен да иштей билүүгө тийиш.  Жаш  котормочунун  типтүү  жаңылыштыгы  анын  айрым  көз карандылыктарды  жана  көз  карандылыктардын  системасын  баалай билбегендигинен келип чыгат.

Котормо  бирдигинин  статусун  жана  параметрлерин  аныктоодо  биз текстти  адегенде  сөздөн баштап бүтүндөй  эпизодго,  ал  турсун  бүтүндөй текстке чейинки үзүндүлөргө бөлүп алабыз.  Мындагы маанилүү критерий ушул:  сөз  контекстке  канчалык азыраак көз  каранды  болсо,  анын  өз алдынча  бирдик  болуу  мүмкүнчүлүгү  ошончолук  жогору  болот.  Эгер  сөз контекстке  көз  каранды  болсо,  ал  башка  сөздөр  менен  биригип,  котормо бирдигин түзөт. Натыйжада:

  • Эгер сөз  жанындагы  сөздөрдөн  көз  каранды  болбосо,  ал  котормо бирдиги катары кабыл алынат жана өз алдынча которулат.
  • Эгер сөз жанындагы сөздөрдөн көз каранды болсо, курамында ошол сөз бар сөз айкашы же жөнөкөй сүйлөм котормо бирдиги болот.
  • Эгер сөз  тексттик  компоненттердин  бир  нечесинен  көз  каранды болсо,  кайра  түзүлүүчү  котормо  бирдиги  татаал  сүйлөм  же  эпизод болот.
  • Эгер сөз  көптөгөн  тексттик  компоненттерден  көз  каранды  болсо, түпнуска текст бүтүндөй бойдон котормо бирдиги болуп эсептелет.
  • Эгер сөз тексттин чегинен тышкаркы шарттардан көз каранды болсо, котормочу культурологиялык  комментарийлерди  берүүгө  же транслитерация же транскрипция жолу менен жаңы бирдикти түзүүгө тийиш.
  1. Которуудагы өзгөртүүлөрдүн түрлөрү

Түпнуска  текстти  жиктөөдө  жана  котормо  бирдиктерин  аныктоодо которулуучу  бирдиктердин  эки  тиби –  стандарт  жана  стандарт  эмес бирдиктер  келип  чыгат.  Стандарт  бирдиктерди,  б.а.  эквиваленттүү бирдиктерди которуу лексика-грамматикалык шайкештиктердин негизинде эки тилдин типологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен оңой эле ишке ашат. Мындай бирдиктер адатта ар кандай тексттин негизин түзөт. Мисалы:
Он написал мне письмо.
Ал мага кат жазды.
I always remember his words.
Мен анын сөздөрүн дайыма эстейм.

Ал  эми  стандарт  эмес  бирдиктер  атайын  которуу  ыкмаларын  талап кылат,  анткени  алардын  түзүлүшү  жана  аткаруучу  функциясы  эки  тилде эки  башка  болушу  мүмкүн.  Мындай  бирдиктерди  которууда  атайын ыкмалар талап кылынат жана мында тилдик, маданий жана психологиялык факторлорду да эске алуу керек.

Тилдик  жагынан  алганда,  түпнуска  тексттин  стандарт  эмес бирдиктерин  которууда  котормочу  лексикалык,  грамматикалык  жана стилистикалык  ыкмаларды  колдонот.  Лексикалык  ыкмалар  түпнуска текстте  сөз  деңгээлиндеги  стандарт  эмес  бирдиктер,  мисалы,  түпнуска тилинде  сүйлөгөн  элге  мүнөздүү  болгон  энчилүү  аттар,  тигил  же  бул кесипке  тиешелүү  терминдер,  улуттук  өзгөчөлүккө  ээ  болгон  көрүнүштөр менен  түшүнүктөр  болгон  учурда  колдонулат.  Мындай  сөздөр  которуу процессинде  абдан  маанилүү  орунду  ээлейт,  анткени  алар  контексттен салыштырмалуу түрдө эркин болгону менен котормо текстке багыт берип турат.  Мисалы,  «верст»  жана  пуд»  деген  сөздөрдү  колдонуу  менен Россиянын,  «доллар»  жана  «парти»  деген  сөздөрдү  колдонуу  менен Американын,  «текила»  жана  «тортилье»  деген  сөздөрдү  колдонуу  менен Мексиканын  жергиликтүү  колоритин  жаратууга  болот.  Ал  эми  англис тилиндеги Bloody Mary деген  сөз  бир  эле  учурда  коктейлдин  атын  жана англиялык королеванын ылакап атын билдиргендиктен, орусчага Кровавая Мэри (коктейль) жана Мария Кровавая (королева) болуп которулат.

Түпнусканын  стандарт  эмес  лексикалык  бирдиктерин  которууда кеңири  колдонулган  лексикалык  ыкмаларга  төмөнкүлөр  кирет:

транскрипция,  транслитерация, калькалоо,  семантикалык  модификация, сыпаттоо (экспликация), комментарий, аралаш (параллель) которуу.

Грамматикалык  ыкмалар  түпнусканын  морфемадан  сүйлөмгө чейинки стандарт эмес грамматикалык бирдиктерин которууда колдонулат. Лексикалык проблемаларга караганда грамматикалык проблемалар бир топ жеңил,  бирок  алардын  өзүнчө  өзгөчөлүгү  бар  жана  мындай  бирдиктерди которууда белгилүү бир ыкмалар талап кылынат. Мисалы, англис тилинде көп колдонулуучу абсолюттук чакчыл түрмөктөр кыргыз тилине которууда грамматикалык түзүлүштү өзгөртүүнү талап кылат:

The work having been done, everybody felt a great relief.

Иш бүткөн соң бардыгы жеңилдей түштү. же:

Ишти бүтүп, бардыгы жеңилдей түшүштү.

Грамматикалык  ыкмаларга  грамматикалык  алмаштыруу, сүйлөмдөрдү  бириктирүү,  сүйлөмдөрдү  жиктештирүү,  антонимдик котормо сыяктуу ыкмалар кирет. Стилистикалык ыкмалар стандарт эмес стилистикалык бирдиктерди которууда  колдонулат.  Мындай  бирдиктердин  айрымдары  таптакыр которулбайт, башкалары болсо өзгөртүүнү талап кылат жана азыраак гана бөлүгү  котормодо  стандарт  шайкештикке  ээ  болот.  Стилистикалык ыкмаларга,  негизинен,  төмөнкүлөр  кирет: сөз  курамын  алмаштыруу, образдарды  алмаштыруу,  тропту  алмаштыруу,  өтмө  маанини  алып таштоо, сөзмө-сөз которуу (чечмелеп же чечмелебестен).

  1. Которуунун лексикалык ыкмалары. Транскрипция жана транслитерация

Котормо транскрипциясы – лексикалык бирдикти которуу ыкмасы, мында  түпнускадагы  бирдиктин тыбыштык  формасы котормо  тилиндеги тамгалар  менен  берилет.  Тилдердин  фонетикалык  жана  графикалык системалары  бири-биринен  бир  топ  айырмалангандыктан,  түпнуска тилиндеги сөздү котормо тилинде берүү бир топ шарттуу жана болжолдуу мүнөздө болот: боулинг, тренинг, бодибилдинг, шоу, шейпинг, картинг ж.б.

Которуунун дагы бир ушундай лексикалык ыкмасы транслитерация деп аталат, мында түпнускадагы бирдиктин графикалык формасы котормо тилиндеги  тамгалар  менен  берилет.  Буга  англис  тилинен  кирген «пэр», «мэр»,  «лендлорд»,  «эсквайр»,  испан  тилинен  кирген  «гидальго», «коррида»,  «тореро»  деген  сөздөрдү  мисал  келтирүүгө  болот. Транслитерация  котормо  тилинде  тиешелүү  сөз  жок  болгон  учурда  жана сыпаттап  которуу  эмес,  кыска  атоо  зарыл  болуп,  улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү  баса  белгилөө  керек  болгон  учурда  колдонулат.  Башка элдердин  турмушу  жөнүндө  жазган  авторлор  да  кээде  ушул  ыкманы колдонушат. Мисалы, «аул», «кишлак», «сакля», «ашуг», «саз» деген сөздөр орус тилине ушундай жол менен кирген.

Котормо  транскрипциясы  менен  которулуучу  энчилүү  аттарга ысымдардан  тышкары  элдер  менен  уруулардын  аттары,  географиялык аталыштар,  мекемелердин,  компаниялардын,  фирмалардын,  мезгилдүү басылмалардын,  спорт  командаларынын, музыкант  топторунун,  маданий объектилердин  аттары  кирет.  Булардын  көпчүлүгү  көбүнчө  транскрипция менен, сейрек учурларда транслитерация менен которулат:

Bank of London — Бэнк оф Лондон
Minnesota — Миннесота
Wall Street Journal — Уолл Стрит Джорнал
Beatles — Битлз
Metropolitan — Метрополитен ж.б.

Транслитерация  таза  түрүндө  сейрек  кездешет  жана  эреже  катары калыптанып калган формалар менен байланыштуу:

Illinois — Иллинойс (Илиной эмес)
Michigan — Мичиган (Мишиган эмес).
Бир катар объектилердин аттары салттуу түрдө которулат жана алар түпнускасы менен жарым-жартылай дал келиши мүмкүн:
Москва — Moscow
the Hague — Гаага
Санкт-Петербург — St. Petersburg
the Capitol — Капитолий

Айрым учурларда таптакыр дал келбей калышы да ыктымал:
England — Англия
the English Channel — Ла-Манш ж.б.

Географиялык аталыштардын транскрипциясында түпнуска тилинин фонетикалык  өзгөчөлүктөрү  менен  шартталган  басым  жылып  кетиши мүмкүн:
Florida (басым 1-муунда) – Флорида (басым 2-муунда)
Washington (басым 1-муунда) – Вашингтон (басым 2-муунда).
Эреже боюнча, аталыштын курамында өзүнчө мааниге ээ болгон сөз болсо,  көп  учурда  аралаш  которуу,  б.а.  транскрипция  жана семантикалык которуу колдонулат:
Gulf of Mexico — Мексика булуңу
River Thames — Темза дарыясы
the Pacific Ocean — Тынч океан
Hilton Hotel — Хилтон мейманканасы

Бирок мында да проблемалар болушу ыктымал. Мисалы, Бостондогу No  Name  Restaurant  аттуу  ресторан  «Ноу  Нейм»  рестораны  болобу  же «Аты  жок»  ресторан  болобу?  Биздин  оюбузча,  бул  «Ноу  Нейм» рестораны болуш керек.

Транскрипция  фирмалардын,  компаниялардын,  басмалардын, автомобиль  маркаларынын,  мезгилдүү  басылмалардын  аттарын  которууда да колдонулат. Мисалы:
Subaru — Субару
Ford Mustang — Форд Мустанг
Facts On File — Фэктс Он Файл
New Press Quarterly — Нью Пресс Куотерли
Новая газета — Novaya Gazeta.

Бирок окуу жайларынын аттары, эреже катары, толук эмес же толук семантикалык которууга дуушар болот:
Western Michigan University – Батыш Мичиган университети
Cherry Hill High School – Черри Хилл жогорку мектеби
Санкт-Петербургский государственный университет – St. Petersburg State University

Ар  түрдүү  өлкөлөрдөгү  билим  берүү  салттары  ар  кандай болгондуктан,  которууда  да  бир  топ  кыйынчылыктар  болот.  Мисалы, Американын  билим  берүү  системасында school  деген  сөз  ар  түрдүү деңгээлдеги  жана  типтеги  окуу  жайларына  карата  колдонула  берет: high school – «жогорку деңгээлдеги орто мектеп»; school of law — “юридикалык институт”, graduate school — “аспирантура” же “магистратура “. Ушуну эске  алуу  менен Princeton  School  of  Law  кээде  которулуп  жүргөндөй Принстон укуктук мектеби эмес, Принстон университетинин юридикалык институту болуп которулууга тийиш.

Эл  аралык  үлгүдөгү  ар  түрдүү  анкеталарды  толтурууда  окуу жайынын  аталышын  эки  вариантта,  семантикалык  жана  транскрипциялык которуу менен берүү сунуш кылынат:

Кыргыз-Түрк  «Манас»  университети –  Kyrgyz-Turkish  Manas  University жана Kyrgyz-Turk Manas universiteti.

Комментарий кошуу