Нуралы КАПАРОВ: “Адашкандар жөнүндө ода”


«Чын. Билем. Өмүр кымбат…
От жагып жылуу үйдө жашайын дейм
чиркин-ай, көмүр кымбат»
деди да Абитайым жатып албай
төштөгү сарайдагы
тезек чапкан чабандарга кезек берип,
алардан арткандарын түк калтырбай
келди да тезек терип,
тепкедей жерди болжоп арадагы
тоодой тезек түшүрдү
түтүн чыкпай томсоргон
төрт бөлмөлүү үйүнө калаадагы.

толугу менен