1-БӨЛҮК жана 2-БӨЛҮК (ушул эки шилтемеден ачылат)
- Калькалоо
Буга чейин белгиленгендей, котормо тилинде жок бирдиктер транскрипция же транслитерация менен эле эмес, кээде калькалоо ыкмасы (французча calque «көчүрмө» деген сөздөн алынган) менен да которулат. Мында сөздүн же сөз айкашынын курамдык бөлүктөрү (сөз болсо – морфема, сөз айкашы болсо – лексема) котормо тилинин тиешелүү бирдиктери менен берилет. Калькалоонун маңызы – түпнусканын лексикалык бирдигинин структурасын көчүрүү менен котормо тилинде жаңы сөз же сөз айкашын жаратуу. Мисалы: superpower – супердержава – супердержава; mass culture – массовая культура – массалык маданият, green revolution – зелёная революция – жашыл революция.