Таалай АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…»


1-БӨЛҮК

Атактуу  жазуучу  Чыңгыз  Айтматов  алгачкы  «калем акысы»  болгон бир  жилик этти орусчадан  кыргызчага,  кыргызчадан  орусчага  которуп, тилмечтик  кылуу  менен  алган  экен.  Жазуучунун  эскерүүсүнө  караганда, бул мындай  болот: Жайлоого  алып  келишкен  зоот  айгырлардын  бири  уу чөп жеп алып, өлүп калат да, ушундан улам жакадан келген орус зоотехник менен  жылкычылар  тил  билбегендиктен,  бири-бирин  түшүнө  албай коюшат. Айла  кетип  турганда,  жылкычылардын  бири  эстей  коёт  да,  беш-алты жаштагы Чыңгызды алып келишет. Жергиликтүү жылкылар уу чөптү жебесин,  ал  эми  зоот  айгыр  аны билбестен  жеп  алып,  өлүп  калганын которуп  айтып  бергенде,  тигилер  бири-биринин  кебин  түшүнүп,  ыраазы болгондуктан, Чыңгызга бир жилик эт беришкен экен.

Адамдардын күндөлүк турмушундагы ушул чакан бир эпизоддон эле котормо  ишинин  канчалык  зарыл,  керектүү  экенин  байкоого  болот. Чындыгында эле котормо адам ишмердүүлүгүнүн эң байыркы түрлөрүнүн бири  экени  шексиз.  Анткени  адамзат  тарыхында  тилдери  айырмаланган адамдардын жамааты пайда болор замат эле алардын өз ара карым-катыш жасап,  мамиле  түзүшүнө  жардам  бере  турган  кош  тилдүү  адамдар – тилмечтер пайда болгон. Тилмечтер деп айтып жатканыбыздын себеби, ал кезде  жазуу  али  пайда  боло  элек  болгондуктан,  бул  кош  тилдүү  кишилер оозеки которгондугу талашсыз.

Ушул  жерде  тактай  кете  турган  бир  жагдай,  кыргыз  тилинде «тилмеч» жана «котормочу» деген эки сөз бар. «Тилимди билбес эл болсо, тилмечи  менен  келсин  де»  деп  «Манаста»  айтылгандай,  булардын биринчиси  тилибизде  илгертен  эле  колдонулуп  келген.  Ал  эми  экинчиси болсо  революциядан  кийин  орус  тилиндеги  «переводчик»  деген  сөздөн калькаланып  которулган  («перевод –  котормо», «-чик –  -чу»).  Азыркы учурда бул эки сөз көп учурларда синоним катары колдонулуп, ал турсун «Кыргыз  тилинин  түшүндүрмө  сөздүгүндө»  (Фрунзе,  1969)  да  бул  эки сөздүн  маанилик  ажырымы  көрсөтүлгөн  эмес:  «Тилмеч – котормочу,  бир тилден  экинчи  тилге  которуп  берүүчү  адам»  (597-бет).  «Котормочу – бир тилден  экинчи  бир  тилге  которуу  жагында  иштеген  адам»  (337-бет).

Маркум Түгөлбай Сыдыкбеков «адам» деген өздөштүрүлгөн сөз өзүбүздүн «киши»  деген  төл  сөзүбүздү  сүрүп,  четтетип  баратат  деп  какшагандай, азыркы  тапта кийин  жаралган  «котормочу»  деген  сөз  «тилмечке»  ыдык көрсөтүп, оолактата баштагандай  түрү  бар. Заманында  бул төл сөзүбүз славян  тилдерине  өтүп,  «толмач»  болуп,  «оозеки  которгон  киши» маанисинде активдүү колдонулуу менен жазуу түрүндө которуучу кишиге -«толковникке» каршы коюлган. Азыркы күндө да Россияда «Толмач» деген котормо  агенттиктеринин  бар  экенине  күбө  болуп  жүрөбүз.  Биздин оюбузча, «тилмеч» жана «котормочу» деген бул эки сөздүн маанисин так ажыратып,  бери  болгондо  котормотаануу  илиминде  өз  алдынча  термин катары  колдонуу  зарыл. Тагыраак  айтканда,  оозеки  которгон  кишини тилмеч, жазуу түрүндө которгон кишини котормочу, ал эми алардын иши менен  кесибин  тилмечтик  жана  котормочулук  деп  алсак,  күндөлүк турмушта  эле  эмес,  котормотаануу  илиминде  да  абдан  жакшы  болор  эле.

Анткени  котормотаануу  илиминде  которуу  ишинин  бул  эки  түрүнүн  чоң айырмасы  бар  жана  аны  аткарган  кишилер  да  өз-өзүнчө  аталат.  Мисалы, англис  тилинде translator  –  «котормочу», interpreter  –  «тилмеч»; орус тилинде переводчик – котормочу, переводчик-синхронист – тилмеч. .

Эми  сөз  учугун  уласак,  жазуу пайда  болгон  соң оозеки  которуучу тилмечтерге  расмий,  диний  ж.б.  ар  түрдүү  тексттерди  жазуу  түрүндө которо  турган  кишилер  –  котормочулар  келип  кошулган.  Жазма котормонун жайылышы башка элдердин маданий жетишкендиктерине жол ачуу  менен  адабияттардын  жана  маданияттардын  өз  ара  аракетке  келип, байышын  камсыз  кылды.  Албетте,  чет  тилдерди  билүү  ал  тилдердеги китептерди түпнускасынан окууга мүмкүнчүлүк берет, бирок тил үйрөнүү талыбаган  аракет  менен  узак  убакытты  талап  кылган  түйшүктүү  жумуш болгондуктан, чет тилдердин бирөөнү билүү да ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Котормонун  алгачкы  теоретиктери  өзүнүн,  кээде  кесиптештеринин тажрыйбаларын  жалпылап,  жыйынтык  чыгарууга  аракет  кылган котормочулар  болгон.  Өзүнүн  «котормочулук  кредосун»  чыгаан котормочулар гана жарыялай ала турганы өзүнөн өзү түшүнүктүү. Алардын айткан  пикирлери  азыркы  илимий  талапка  жооп  бербей,  ырааттуу  бир илимий  концепцияны  түзө  албаганы  менен  айрым  ойлору  кызыгууну туудурат. Алсак,  байыркы  дүйнөнүн  котормочулары  түпнуска  менен котормонун  жакындык  деңгээлин  кеңири  талкуулашкан.  Ыйык  жана  үлгү катары  эсептелген  Библия  сыяктуу  чыгармалардын  алгачкы котормолорунда  түпнусканы  тууроого умтулуу  басымдуулук  кылган,  бул болсо  котормонун  түшүнүксүз  болушуна  алып  келген.  Ошондуктан кийинчерээк  айрым  котормочулар  котормочунун  өз  ишинде  эркинирээк болушун,  сөзмө-сөз  эмес, мазмунду  берүүнүн  зарыл  экенин  теориялык жактан негиздөөгө аракет кылышкан.

Кийинчерээк  айрым  котормочулар  «жакшы»  котормо  же  «жакшы» котормочу жооп берүүгө тийиш болгон бир катар талаптарды коюу менен «котормонун нормативдик теориясын» түзүүгө аракет жасашкан.  Француз гуманисти,  акын  жана  котормочу  Этьен  Доле  (1509-1546) котормочу төмөнкү беш принципти сактоого тийиш деп эсептеген:

  1. которула турган текстти жана автордун айтайын деген оюн жакшы түшүнүү;
  2. түпнуска тили менен котормо тилин мыкты билүү;
  3. түпнусканын мазмуну менен  формасын  бурмалоого  алып  келе турган сөзмө-сөз которуудан оолак болуу;
  4. котормодо кеңири колдонулган сөздөрдү пайдалануу;
  5. сөздөрдү туура тандоо  жана  жайгаштыруу  менен  түпнусканын таасирине жетишүү.

1790-жылы  А. Тайтлердин  «Котормонун  принциптери»  аттуу китебинде котормого коюлуучу төмөнкү талаптар көрсөтүлгөн:

  1. котормо түпнусканын идеяларын толугу менен берүүгө тийиш;
  2. котормонун стили менен  баяндоо  манерасы  түпнусканыкындай болууга тийиш;
  3. котормо түпнускадай эле жеңил окулууга тийиш.

Котормонун  илимий  теориясынын  негиздери  20-кылымдын  орто ченинде, тилчилер котормонун проблемасына көңүл бура баштаганда гана иштеле  баштады.  Буга  чейин тил илими  изилдеген  маселелерге  котормо кирише  албайт  деп  эсептелген.  Ал  эми  котормочулар  болсо  котормонун лингвистикалык  аспектилери  «которуу  искусствосунда»  бир  аз  гана техникалык  роль  ойнойт  деген  пикирде  болушкан.  Албетте,  котормочу түпнусканын  тилин  да,  котормонун  тилин  да  билүүгө  тийиш,  бирок  тил билүү  котормочулук  менен  тилмечтиктин  алгачкы  гана  шарты  болуп эсептелет.  Котормочунун түпнуска  тили  менен  котормо тилин билүүсүн көп учурда композитордун нотаны билиши менен салыштырышат.

Бир  жагынан  тилчилер  өздөрү  да тил  илимине  тике  тиешеси болбогондуктан,  которуу  ишин  изилдөөнүн  зарылдыгы  жок  деп эсептешкен.  Анткени  тил  илиминде белгилүү  бир тилдин  өзгөчөлүктөрү, анын  уникалдуу  структурасы,  грамматикалык  түзүлүшү  жана сөздүк курамы  изилденген.  Мунун  баары  ар  бир  тилдин  өзгөчөлүгүн  түзүп, мындан ар башка тилдерде жазылган же айтылган тексттер эч качан бирдей болбойт  деген  жыйынтык  чыгарылган.  Котормо  түпнусканын  мазмунун толугу менен берүүгө тийиш болгондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн тилдик себептерден  улам  котормо  иши жүзөгө  ашпас иш  катары  эсептелген.  Ал эми  атактуу  жазуучу-акындардын  чыгармаларын  которуу  боюнча  сөз  да болушу  мүмкүн  эмес  деген  пикирлер  айтылган.  Тилчилердин  котормого болгон мындай мамилеси  В.Гумбольдттун  белгилүү  немис  жазуучусу Август  Шлегелге  жазган  катында  таамай  белгиленген:  «Менин  оюмча,  ар кандай котормо ишке ашкыс нерсени жүзөгө ашыруу үчүн жасалган аракет болуп  эсептелет.  Анткени  ар  кандай  котормочу  сөзсүз  түрдө  эки  нерсеге дуушар  болот:  ал  же  түпнусканы  ээрчүү  менен  өз  элинин  табити  менен тилине  доо  кетирет  же  өз  элинин  табити  менен  тилине  таянуу  менен түпнускага доо кетирет».

Кийинчерээк «которулбастык теориясы» деген ат менен  белгилүү  болгон  бул  көз  карашты  көптөгөн  тилчилер  колдошкон жана алардын арасында котормочу катары белгилүү болгондору да бар эле. Бул  теория,  албетте,  котормо  практикасына  таасир  тийгизе  алган  жок, анткени котормочулар «ишке ашкыс» милдетти аткарууну уланта беришти. Бирок ал котормонун тилин талдоо ишине бир топ жолтоо болду.

20-кылымдын  орто  ченинде  тилчилер  котормо  ишине  болгон  көз караштарын өзгөртүү менен аны системалуу түрдө иликтөөгө киришти. Бул мезгилде саясый, коммерциялык, илимий-техникалык ж.б. материалдардын которулушу биринчи планга чыкканы бизге маалым. Мында автордун жеке стилдик  өзгөчөлүктөрү  анчалык  маанилүү  эмес.  Ушуга  байланыштуу котормонун негизги кыйынчылыктары жана котормо процессинин мүнөзү бул  процесске  катышкан  тилдердин  структуралык  жана  грамматикалык өзгөчөлүктөрү  менен  шартталары  белгилүү  болду.  Мисалы,  түрк тилдеринин  ич  ара  котормосу  менен  англисче-кыргызча  котормолорду салыштырып  көрсөк,  булардын  биринчиси  экинчисине  караганда  алда канча жеңилирээк экендигин көрөбүз. Ушундан улам Түркия түркчөсүндө башка  тилдерден  которулган  тексттер  çeviri,  ал  эми  түрк  тилдеринен которулган тексттер aktarma деген атайын терминдер менен аталат.

Мындан  тышкары котормонун  так  болушуна  коюлган  талаптардын өсүшү  да  тилдик бирдиктердин  маанилүү  экенин  туюндура  баштады.  Мындай  материалдарды  которууда  тексттин  «жалпы  жонунан» тууралыгына,  түпнуска  менен  котормо  таасиринин  бирдейлигине канааттануу  менен  чектелүүгө  болбойт  эле.  Анткени  котормодо түпнусканын  майда-чүйдөсүнө  чейин  которулушу  керек  жана  ал түпнускага  толугу  менен  дал  келүүгө  тийиш.  Ошентип  котормо  ишинин өзөгүн тил түзө тургандыгы барган сайын ачык боло берди. Ошол эле учурда котормо иши болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгө баштады. Мунун негизги себеби эл аралык мамилелердин кеңейиши болду.

1955-жылы  «Babel»  журналынын  биринчи  номеринде  ХХ  кылым котормонун кылымы деп жарыяланганы бекеринен эмес. «London Computer Integrated Translation»  уюмунун  маалыматына  караганда,  мындан  20  жыл мурун эле, тагыраак айтканда, 1987-жылы эле дүйнө жүзүндө котормонун көлөмү 200 миллиондон ашуун бетти түзгөн жана ошондон бери котормого болгон муктаждык жыл сайын 15 процентке өсүп келатат.

Котормочулар  абдан  зарыл  болгондуктан,  көптөгөн  өлкөлөрдө котормо  мектептери,  факультеттери  жана  институттары  түзүлө  баштады. Котормочуларды  даярдоо  иши,  эреже  катары,  чет  тилдер  окутулуучу университеттер  менен  институттардын  базасында  жүргүзүлүп,  мындагы окутуучулар  котормо  боюнча  рационалдуу  программаларды  жана  окуу китептерин  түзүштү.  Адис  тилчилер  жогорку  квалификациялуу котормочуларды  даярдоо  үчүн  зарыл  илимий  база  түзүүгө  тийиш  эле.

Котормочуларды  массалык  түрдө  даярдоо  «которуу  үчүн  эки  тилди  жана сөз  болуп  жаткан  нерсени  билүү  жетиштүү»  деген  салттуу  формуланын жетишсиз экенин көрсөттү. Көрсө, бул формулада көрсөтүлгөн факторлор жетишсиз экен, тилдерди билүү менен эле чектелбестен, бир тилден экинчи тилге өтө билүү керек экен. Азыркы  күндө «котормо»  деген  түшүнүк  абдан  көп  нерселерди камтыйт. Бир тилден экинчи тилге ырлар, көркөм проза, публицистика, ар түрдүү  тармактарга  тиешелүү  илимий  жана  илимий-популярдык адабияттар,  дипломатиялык  документтер,  иш  кагаздары,  саясый ишмерлердин  сөздөрү  менен  макалалары,  ораторлордун  сөздөрү,  гезит кабарлары,  ар  түрдүү  тилдеги  аңгемелешүүлөр,  кинофильмдер  которулат.

Ушундан  улам  котормого  кызыгуу  күчөп,  топтолгон  практикалык тажрыйбаны бир системага  келтирип, жалпылоо зарылдыгы келип чыкты. Ошентип,  азыркы  филология  илиминде  котормо  илими  же  котормонун теориясы,  же  кенен  алганда,  котормотаануу  илими  пайда  болду. Орус тилинде  бул  илим теория  перевода, переводоведение,  англис  тилинде theory  of  translation,  science  of  translation,  кийинки  учурларда  болсо translatology  деп  аталат. Мунун  өзү  бул  тармактын  белгилүү  бир илим тармагы  деген  статуска  ээ  болгонун  жана  анын  өзүнчө  предмети  жана милдеттери бар экенин далилдеп турат.

Котормотаануу илиминин предмети – котормо. Котормо иши:

  • бир тилден экинчи бир тилге (тектеш, тектеш эмес) которуу;
  • адабий тилден анын диалектисине же диалектиден адабий тилге, же бир тилдин диалектисинен экинчи бир адабий тилге которуу;
  • эски тилден кийинки жаңы тилге которуу түрүндө болушу мүмкүн.

Котормотаануу  илиминин же  котормо  теориясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • которуу процессин жана анын мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөө;
  • түпнуска менен  котормону  салыштыруу  аркылуу  ар  түрдүү деңгээлдеги  котормо  шайкештиктеринин  маңызын  жана  мүнөзүн аныктоо;
  • которуу ыкмаларын жана жолдорун сыпаттап берүү;
  • котормо практикасы менен теориясынын тарыхын иликтөө;
  • ар түрдүү  маданияттардын  өнүгүшүндөгү  котормонун  ролун аныктоо.

Котормотаануу илими бир жагынан жалпы тил илими менен, экинчи жагынан  конкреттүү  тилдердин  лексикологиясы,  грамматикасы, стилистикасы, тарыхы менен тыгыз байланышта. Котормотаануу илиминде булардагы  фактылар  менен  аныктамалар,  тилдин  өзгөчөлүктөрү  боюнча корутундулар менен жыйынтыктоолорду алып турат.

Котормотаануу  илиминин  изилдөө  объектиси  болуп  которуу процесси  жана  ар  түрдүү  котормо  тексттер  жана  алардын  түпнускалары эсептелет. Котормотаануу илиминин бир нече бөлүмдөрү бар. Котормонун  жалпы  теориясында  которуу  процессинин  жалпы мыйзамченемдүүлүктөрү  изилденет  жана  тил  аралык,  стилистикалык, функционалдык ж.б. шайкештиктердин теориялык негиздери, оозеки жана жазма котормонун өзгөчөлүктөрү аныкталат.

Котормонун жеке теориясында болсо конкреттүү бир тилден экинчи бир тилге которуунун өзгөчөлүктөрү, андагы тилдик бирдиктердин шайкеш келүү  типтери  иликтенет.  Албетте, котормонун жалпы теориясы менен жеке теориясы  бири-бири  менен  дайыма  өз  ара  байланышта  болот. Котормонун  жеке  теориялары  кеңири  эмпирикалык  материалга  таянуу менен жалпы теорияны байытып, ага далил катары кызмат кылат. Котормонун  атайын  теориясында котормочулук  иштин  ар  кандай түрлөрүнүн  (оозеки,  жазма,  синхрондук,  ырааттуу  ж.б.)  өзгөчөлүктөрү, которулган  чыгарманын  жанры  (көркөм,  илимий,  техникалык, публицистикалык  ж.б.  адабияттардын  котормолору)  менен  шартталган мыйзамченемдүүлүктөрү иликтенет.

Котормо  теориясы  менен  практикасынын  тарыхында  котормо ишинин  негизги  багыттары,  анын  тарыхый  этаптары,  улуттук адабияттардын өнүгүшүнө котормо адабияттын тийгизген таасири сыяктуу маселелер иликтенет. Котормо сынында котормонун түпнускага адекваттуулугу бааланат. Бул багыт адатта көркөм адабият котормолору менен байланыштуу болуп, котормотаануунун  илимий  жактан  негизделген  бөлүмү  катары  жаңыдан гана калыптанып келе жатат.

Машина  котормосунун  теориясы  өзгөчө  орунду  ээлейт,  мунун негизинде  табигый  которуу  процессинин  моделин  түзүү  менен  которуучу машиналарды  жасоо  аракеттери  көрүлүүдө. Мунун  алгачкы  натыйжасы катары которуучу  программаларды  мисал  келтирүүгө  болот.  Машина котормосунун  теоретиктери  информатика,  кибернетика,  математика, семиотика  сыяктуу  илимдердин  маалыматтарына  таянышат.  Машина котормосу  көркөм  котормого  жараксыз,  бирок  ал  илимий  тексттерди,  иш кагаздарын которууда адамдардын эмгегин бир топ жеңилдетери бышык.

Котормонун  методикасы  да  котормотаануу  менен  тыгыз байланыштуу.  Мында  бир  тилден  экинчи  бир  тилге  оозеки  жана  жазуу түрүндө которууну үйрөтүүнүн оптималдуу методдору иштелип чыгат.

  1. Котормонун классификациясы

Которуу  иши  ар  кандай  шарттарда  аткарылышы  мүмкүн; которулуучу тексттер да тематикасы, тили жана жанры боюнча ар түрдүү болот; котормолор жазуу же оозеки түрүндө аткарылат; котормонун толук жана  так  берилиши  боюнча  да  котормочуларга  ар  кандай  талаптар коюлушу  мүмкүн.  Котормонун  айрым  бир  түрлөрү  котормочудан  өзгөчө билимдер менен көндүмдөрдү талап кылышы ыктымал.

Бул айырмачылыктар маанилүү болгону менен котормонун маңызын, анын тилдик негизин өзгөртө албайт. Котормонун ар кандай түрү баарынан мурун  котормонун  өзүнө  гана  тиешелүү  өзгөчөлүктөрү  менен  шартталып турат.  Бирок  ошол  эле  учурда  котормонун  айрым  түрлөрү  олуттуу өзгөчөлүктөргө  да  ээ.  Ушул  өзгөчөлүктөрдөн  улам  котормонун түрлөрүн илимий  классификациялоо  жана  ар  бир  түрдүн  өзгөчөлүктөрүн  кенен изилдөө зарылдыгы туулат.

Котормонун түрлөрүн классификациялоонун эки негизги түрү бар:

  • которулган тексттердин негизинде классификациялоо;
  • которуу процессиндеги котормочунун/тилмечтин  иш-аракетинин негизинде классификациялоо.

Биринчи  классификация  түпнусканын  жанрдык-стилдик өзгөчөлүктөрү,  ал  эми  экинчиси  жазма  жана  оозеки  котормонун психолингвистикалык өзгөчөлүктөрү менен шартталат.

Тексттик классификация боюнча  котормо  экиге  бөлүнөт:  көркөм (адабий) котормо жана маалыматтык (атайын) котормо.

Көркөм  чыгармалардын  котормосу  көркөм  котормо  деп  аталат. Көркөм  котормо  котормонун  башка  түрлөрүнөн  көркөм  эстетикасы  же поэзиясы  менен  айырмаланып  турат.  Ар  кандай  көркөм  чыгарманын негизги  максаты – белгилүү  бир  эстетикалык  таасирге  жетишүү,  көркөм образ түзүү. Мына ушул милдетке байланыштуу көркөм котормодо мазмунже  маалымат  өтө  так  берилбейт.  Муну  көркөм  чыгармалардын котормолорунан байкоого болот:

SALKIMSÖĞÜT
Akıyordu su
gösterip aynasında söğüt ağaçlarını.
Salkımsöğütler yıkıyordu suda saçlarını!
Yanan yalın kılıçları çarparak söğütlere
koşuyordu kızıl atlılar güneşin battığı yere!
Birden
bire kuş gibi
vurulmuş gibi
kanadından
yaralı bir atlı yuvarlandı atından!
Bağırmadı,
gidenleri geri çağırmadı,
baktı yalnız dolu gözlerle
uzaklaşan atlıların parıldayan nallarına!

Ah ne yazık!
Ne yazık ki ona
dörtnal giden atların köpüklü boynuna bir daha yatmayacak,
beyaz orduların ardında kılıç oynatmayacak!

Nal sesleri sönüyor perde perde,
atlılar kayboluyor güneşin battığı yerde!

Atlılar atlılar kızıl atlılar,
atları rüzgâr kanatlılar!
Atları rüzgâr kanat…
Atları rüzgâr…
Atları…
At…

Rüzgâr kanatlı atlılar gibi geçti hayat!

Akar suyun sesi dindi.
Gölgeler gölgelendi
renkler silindi.
Siyah örtüler indi
mavi gözlerine,
sarktı salkımsöğütler
sarı saçlarının
üzerine!

Ağlama salkımsöğüt
ağlama,
Kara suyun aynasında el bağlama!
el bağlama!
ağlama!
(Nazım Hikmet)

МАЖҮРҮМ ТАЛ
Айнегинде чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу
чайкайт күмүш саамайын сууга малып.
Кылыч менен талдарды чаап шакка
кетти кызыл атчандар батыш жакка
батыш жакка күн батып бара жаткан.
Ок жаңылды капыстан!
Бир жаш атчан
кушка окшоп канатка аткан
кулады аттан!

Бакырбады,
кеткендерди жалбарып чакырбады,
башын жерден көтөрүп бир азга араң
арман толгон көз менен карап турду
аттардын туяктарын кылактаган.
Арман күн ай,
атаганат,
каргып туруп ал эми кайра аттанып
өбөктөбөйт ак көбүк ат жалына,
ак аскерди кубалап айгай салып
ойното албайт кылычын баштарына!

Кулагында алсырап жаткан жандын
өчүп барат дүбүртү чапкандардын.
Кылк-кылк этип кызарып күн баткан жер
жутуп алды караанын атчандардын.
Атчандар, атчандар, кызыл атчандар,
аттары шамал-куюн канатчандар,
аттары шамал канат…
аттары шамал…
аттары…
ат…

Өмүр өттү атчандай шамал канат!
Аккан суунун үнү өчтү ир алдыда,
дүйнө бүтүн боёлду караңгыга,
жабылды кара парда
мөлтүр тунук көгөргөн көзүнө анын,
төгүлдү мажүрүм тал
сары чачы төгүлгөн бетине анын!
Баратат коюу тартып түн карасы.
Ыйлаба мажүрүм тал, ыйлабачы!
Ыйлаба,
ыйлабачы!
Ыйлабачы…
(Которгон Салижан Жигитов) 

Түпнусканын белгилүү бир жанрга тиешелүү экенине жараша көркөм котормонун  да  өзүнчө  түрлөрү  болот.  Буга  поэзиянын,  пьесалардын, сатиралык  чыгармалардын,  көркөм  прозанын  ж.б.  котормолорун  мисал келтирүүгө болот.

Негизги  функциясы  окурманга  көркөм-эстетикалык  таасир  берүү эмес,  кандайдыр  бир  маалыматты  берүү  болгон  тексттердин  котормосу маалыматтык  котормо деп  аталат.  Мындай  тексттерге  илимий,  расмий, коомдук-саясый ж.б. мүнөздөгү тексттер кирет. Буга маалыматтык баяндоо үстөмдүк  кылган  ар  кандай  детективдер,  саякатчылардын  аңгемелери, очерктер ж.б.у.с. чыгармалар да кирет. Мисалы:

Основная  часть  материала,  включенного  в  сборник,  была  собрана  в ходе  работы  над  восточными письменными  источниками  по  истории киргизов  и  Киргизии,  проводившейся  в  Институте  востоковедения  АН СССР  с  1954  по  1957г.  Работа  по  отбору  и  переводу  этого  материала производилась  по  инициативе  Киргизского филиала  АН  СССР  (ныне Академии  наук  Киргизской  ССР)  и  была  вызвана  необходимостью привлечения  более  широкого  круга  письменных  источников  при исследовании истории киргизов и Киргизии, многие ранние этапы которой (вплоть до XVIII и начала XIX в.) до сих пор еще недостаточно изучены.

(Материалы  по  истории кыргызов  и  Кыргызстана.  КТМУ  «Манас», Бишкек)

Жыйнакка киргизилген материалдардын негизги бөлүгү 1954-жылдан 1957-жылга  чейин  СССР  Илимдер  Академиясынын  Чыгыш  таануу институтунда  кыргыздардын  жана  Кыргызстандын  тарыхы  боюнча жазма  булактарды  иликтөө  иштеринин  жүрүшүндө  жыйналган.  Бул материалдарды  тандап  алуу  жана  которуу  иштери  СССР  Илимдер академиясынын  Кыргыз  филиалынын  (азыр  Кыргыз  ССРинин  Илимдер академиясы)  демилгеси  менен  жүргүзүлүп,  көптөгөн  алгачкы  этаптары (XVIII кылым  жана XIX кылымдын  башына  чейин) азыркыга  чейин  толук изилдене  элек  кыргыздардын  жана  Кыргызстандын  тарыхын  изилдөө иштерине  жазма  булактардын  бир  топ  кеңири  чөйрөсүн  тартуу зарылчылыгы менен шартталган.

(Кыргыздардын  жана  Кыргызстандын  тарыхый  булактары. Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Бишкек, 2002)

Көркөм котормо жана маалыматтык котормо деп бөлүү түпнусканын негизги  функциясына,  анын  котормодо  берилишине  гана  негизделет. Чындыгында  көркөм  котормонун  айрым  бир  жерлеринде  маалыматтык котормо, ал эми маалыматтык котормонун айрым бир жерлеринде көркөм котормо болуп калышы да толук ыктымал.

Маалыматтык  котормонун  түрлөрүнө  саясый-публицистикалык материалдардын, кабарлардын, расмий материалдардын, иш кагаздарынын ж.б. котормолорун да мисал кылууга болот.

Котормолордун  иш-аракеттик  классификациясында  түпнуска текстти кабыл алуу жана котормо текстти жаратуу ыкмалары эске алынат жана  буга  ылайык  котормолор  жазма  жана  оозеки  котормо  болуп  экиге бөлүнөт.

Жазма  котормодо которуу  иши  жазуу  түрүндө  болот  да,  түпнуска менен  которулган  текст  туруктуу  болуп,  котормочу  ага  бир  нече  жолу кайрылышы мүмкүн. Бул болсо которулган текстти кайра карап чыгып, аны котормонун  тиешелүү  бөлүгү  менен  салыштырууга  жана  ага  зарыл өзгөртүүлөрдү,  толуктоолорду  киргизүүгө  мүмкүнчүлүк  берет.  Котормочу текстти окуп, анан аны жазуу түрүндө которгон котормо жазма котормонун классикалык  үлгүсү  болуп  эсептелет.  Мунун  аты  да  ушундан  улам  келип чыккан.

Оозеки  котормо – бул  түпнуска текст жана  анын  котормосу  оозеки түрүндө болуп, ушундан улам тилмеч түпнуска тексттин бир бөлүгүн бир жолу  гана  кабылдай  турган  жана  которулган  текстке  кайра  кайрылып, оңдоо  киргизе  албай  турган  котормонун  бир  түрү.  Оозеки  котормонун классикалык  үлгүсү  тилмечтик  болуп  эсептелет,  б.а.  мында  тилмеч түпнуска  текстти  тыңдап,  аны  кайра  оозеки  которот.  Оозеки  котормодо текст түзүү түпнусканы кабыл алуу менен параллел түрдө же түпнусканы кабылдоодон кийин болушу мүмкүн. Ушуга ылайык оозеки котормо экиге бөлүнөт: синхрон котормо  жана  ырааттуу  котормо. Адатта  тилмечтер  бул экөөнүн  бирине  адистешет,  анткени  булардын  ар  бири  өзүнчө  атайын тилдик жана психологиялык даярдыкты талап кылат.

Синхрон  котормо – оозеки  которуунун эң  татаал түрү.  Ал биринчи жолу  Нюрнберг  процессинде  (1945-46-жылдары  башкы  нацисттик кылмышкерлер  соттолгон  сот  процесси)  колдонулган.  Мында  тилмеч сүйлөөчүнүн  сөзүн  тыңдоо  менен  бир  эле  учурда  (2-3  секунд  артта  калуу менен)  которуп  да  турат.  Адатта  синхрон  котормо  техникалык каражаттарды  колдонуу  менен  атайын  кабинада  жүргүзүлөт.  Мында сүйлөөчүнүн сөзү наушник аркылуу тилмечке берилет да, ал микрофондон которуп  турат  жана  котормо  андан  кабылдоочуларга  берилет.  Синхрон котормонун бир түрү «шыбыроо» болуп эсептелет, мында тилмеч кабинада отурбастан,  наушник  же  микрофон  аркылуу  же  аларсыз  эле  шыбырап которуп турат.

Жогоруда белгиленгендей, синхрон котормо – оозеки котормонун эң татаал  түрү,  анткени  ал  тилмечтен  бир  эле  учурда  бир  тилде  тыңдоо, экинчи  бир  тилге  которуу  жана  ошол  тилде  сүйлөө,  ошол  эле  учурда сүйлөөчүдөн  калып  калбоо  сыяктуу  ар  түрдүү  иштерди  аткара  билүүнү талап  кылат.  Ушул  үч  аракеттин  бир  учурда  болушу  чымырканган  акыл ишин,  зор  ынтаа  коюуну,  бир  тилдин  фактыларын  экинчи  бир  тилге ылайыкташтырууну,  эмне  айтыла  тургандыгын  алдын  ала  болжолдоону, көз  ирмемдин  ичинде  чечим  кабыл  алууну  талап  кылат. Эл  аралык  иш-чараларда тилмечтер адатта чет тилден эне тилине которушат.

Медициналык  эксперименттер  иш  учурунда  тилмечтин  жүрөгү мүнөтүнө  160ка  чейин  согорун  көрсөткөн,  бул  болсо  жүк  көтөрүп  жаткан штангисттикинен да көп. Энцефалограммалар да мээнин өтө чымырканып иштей  тургандыгын  жана  15-20  мүнөттүк  ушундай иштен  соң  ал  өзүн сактоо  үчүн  тормоздолуп  каларын  көрсөтөт.  Ушундан  улам  синхрон тилмечтер  адатта  үч-төрт  кишиден  болуп  иштешет  жана  ар  бир  15-20 мүнөттөн кийин алмашып турушат.

Которуп  жаткан  тилмеч  бир  аз  гана  буйдала  түшсө,  сүйлөөчүдөн артта  калып,  сөз  учугун  жоготуп коюшу  ыктымал.  Тилмеч кабинада  отуруп,  сүйлөөчүнүн  айтканын  кайра  сурап  же  тактай  албай турган шарттарда мунун кесепети өзгөчө оор болот.

Тилмечтик тилди мыкты билүүдөн тышкары белгилүү бир инсандык сапаттарды,  кенен  эрудицияны,  ийкемдүүлүктү  жана  сезимталдык  менен тамашакөйлүктү да талап кылат. Синхрон которуу котормонун эң оор түрү болгондуктан, синхрон тилмечтердин эмгек акысы да абдан жогору болот.

Оозеки  котормонун  экинчи  бир  түрү – ырааттуу  котормо,  мында тилмеч  сүйлөөчү  сүйлөп  бүткөндөн  кийин  же  сөзүнүн  белгилүү  бир бөлүгүн  айткандан  кийин  аны  которо  баштайт.  Кептин  которулуучу бөлүгүнүн  өлчөмү  ар  түрдүү  болушу  мүмкүн,  мында  айрым  бир  сүйлөм болушу  да,  20-30  же  андан  көп  мүнөттүк  сөз  болушу  да  мүмкүн. Котормонун  бул  түрү  тилмечтен  бир  топ  көлөмдөгү  сөздүн  мазмунун которо  баштаганга  чейин  эсте  сактап  турууну  талап  кылат.  Эгер түпнусканын  көлөмү  бир  нече  сүйлөмдөн  аша  турган  болсо,  тилмеч сүйлөөчүнү  тыңдап  жатып, унутпоо үчүн  сөздүн  мерчемдүү  жерлерин, цифраларды, даталарды, аттар менен аталыштарды дептерине жазып турат. Бул үчүн атайын тилмечтик тез жазуу колдонулат.

Айрым  учурларда  тилмечтер  жол  көрсөткүч  (гид)  болуп  да эмгектенишет,  мында  тиешелүү  тилдер  эле  эмес,  тигил  же  бул  тармак (саясат, тарых, маданият, география, экономика ж.б.) боюнча билимдер да абдан  маанилүү  болот.  Мындай  адистер  адатта  атайын  программалар боюнча даярдалат.

Оозеки  котормого  оозеки  кабыл  алуу  менен  оозеки  текст  түзүү мүнөздүү, ал эми жазма котормодо кабыл алуу  менен текст түзүү иштери жазуу  түрүндө  болот.  Бирок  айрым  учурларда  алардын  айрым  бир элементтери  бири-бирине  өтүп  кетиши  да  ыктымал.  Котормочу  (тилмеч эмес!)  түпнуска  текстти  аудиокассетага  жазылган  түрүндө  алышы  же  өз котормосун  диктофонго  же  машинисткага  айтып  жаздырышы  ыктымал. Бирок  кандай  болгондо  да  мындай  котормо  жазма  котормо  бойдон  кала берет, анткени мында текст кандайдыр бир формада жазылып калат да, аны кайра карап чыгып, кабылдоочуга бергенге чейин оңдоого болот. Тилмеч да которордон  мурун  текст  менен  таанышып  чыгып,  синхрон  же  ырааттуу котормо  учурунда  аны  жардамчы  материал  катары  колдоно  алат.  Оозеки котормодо  жазма  текстти  пайдалануунун  өзгөчө  бир  түрү  «кагаздан которуу» деп аталат, мында тилмеч сүйлөөчүнүн сөзүн ал сүйлөп жатканда эмес,  кагаздан  которуп  берет.  Мында  да  оозеки  котормонун  негизги белгиси – кабылдоочуга бергенге чейин текстти кайра карап чыгып, оңдоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу сакталат.

Жазма  котормо  менен  оозеки  котормону  айырмалоодо  убакыт фактору  да  маанилүү  роль  ойнойт.  Жазма  котормодо  котормо  процесси убакыт  менен  катуу  чектелбейт.  Мында  котормочу  каалаган  убагында котормону  токтотуп,  которгон  текстине  кайра  кайрылуу  менен  ага  оңдоо киргизиши,  же  болбосо  сөздүктөр  менен  справочниктерге  карашы  же адистерге  кайрылып,  алардан  кеңеш  сурашы  мүмкүн.  Бул  болсо котормонун  татаал  проблемаларын  чечүүгө  жана  ар  кандай  көркөм  же маалыматтык тексттерди которууга мүмкүнчүлүк берип, шарт түзөт. Жазма котормодо эквиваленттүүлүктүн эң жогорку деңгээли талап кылынат жана буга  жетишүү  мүмкүн. Ал  эми  оозеки  котормодо  тилмечтин  иш-аракети сүйлөөчүнүн  сүйлөө  темпи  менен  чектелүү  болот,  б.а.  котормочу  андан калып  калбоого  тийиш.  Ушуга  байланыштуу  тилмечтин  ойлонууга, варианттарды  тандоого  жана  справочниктерге  кайрылууга  убактысы болбойт. Жарым автоматтык көндүмдөрдүн, туруктуу штамптар менен дал келүүлөрдү  билүүнүн  ролу  өсөт.  Муну  менен  бирге  тилмеч  текстти жөнөкөйлөштүрүп  которууга,  айрым  бир  маалыматтарды  калтырып кетүүгө,  текстти  кыскартууга,  эквиваленттүүлүктүн  төмөнкү  даражасына ыраазы  болууга мажбур  болот.  Кыска  убакыт ичинде  көп  нерселерди айтып үлгүрүү зарыл болгондуктан, тилмечтердин иши оор болуп, алар 20-30 мүнөт гана өз милдетин толугу менен аткара алат. Ошондуктан синхрон котормо  учурунда  ар  бир  кабинаны  бир  нече  тилмеч  тейлеп,  алар кезек менен иштешет.

Жазма  котормо  менен  оозеки  котормонун  дагы  бир  маанилүү айырмачылыгы түпнусканын которула турган бөлүгүнүн ар түрдүүлүгүндө. Котормочу  түпнускадагы  сүйлөмдөрдүн  биринин  артынан  бирин  которуп жүрүп  отурат,  анын  колунда  которула  турган  текст  бүт  бойдон  болот. Котормочу  айрым  бир  сүйлөмдүн  маанисин  аныктоодо  контекстке кайрылып, андан кошумча маалыматтарды алышы мүмкүн. Ал эми тилмеч болсо  текстти  сүйлөөчүнүн  сүйлөшүнө  жараша  которот,  б.а.  анын түпнусканын  бүтүндөй  текстине  кайрылууга  мүмкүнчүлүгү  болбойт. Ырааттуу  котормодо  тилмеч  бир  же  бир  нече  сүйлөм  менен  гана  иштейт.

Синхрон котормодо кабылдоо менен котормо бир учурда болуп, убакыт тар болгондуктан,  тилмеч  которулган  бөлүктөрдөн  бүтүндөй  сүйлөм кураштырууга мажбур болот. Жазма котормо менен оозеки котормо маектешүүгө катышкандардын байланыштарынын мүнөзү боюнча да айырмаланат. Жазма котормо, адатта «кабинеттик шарттарда» өтөт да, котормочу коммуниканттар менен түз же кыйыр  байланышта  боло  албайт.  Котормочу  түпнусканын  автору  жана кабылдоочулар  менен  котормо  процессинен  башка  учурда  гана таанышышы  мүмкүн.  Адамдардын  ортосундагы  байланыш  мында  эч кандай  роль  ойнобойт,  мында  котормочунун  көңүлү  бүт  бойдон  текстке гана  бурулат,  анын  ишин  коммуниканттар  котормо  бүткөндөн  кийин  гана баалай  алышат.  Ал  эми  оозеки  котормодо  тилмеч  коммуниканттар  менен сүйлөшө  алат,  ал  турсун  алардын  реакцияларын  байкашы  да  мүмкүн.  Ал мында сүйлөөчү менен тыңдоочунун бири-бирин түшүнө билүүсүн камсыз кылууга тийиш.

Ар  кандай  кептик  байланышта  маалымат  бир багытта болот,  б.а. маалымат  булактан  кабылдоочуга  карай  кетет.  Ошондуктан  котормо  да булактан  чыккан  тексттен  кабылдоочуга  карай  жүрөт.  Котормочу түпнусканын  тилинен  кабылдоочунун  тилине  карай  которот.  Жазма котормодо тилдердин катышы өзгөрүүсүз болот да, котормочу бир тилден экинчи  тилге  өзгөрүүсүз  которо  берет.  Оозеки  котормодо  түрдүү  тилде сүйлөгөн  коммуниканттар  кезек  менен  сүйлөө  аркылуу  булактын  да, кабылдоочунун да ролун аткарышы мүмкүн. Мындай учурда тилмеч тигил тилден да, бул тилден да которуга мажбур болот. Мында да котормо иши булактан  кабылдоочуга  карай  жүргөнү  менен  түпнуска  тили  дайыма өзгөрүп  турат  жана  тилмеч  бир  тилден  экинчи  тилге  дароо  өтүп  турууга тийиш.

Теориялык  жагынан  алып  караганда,  котормону  түрлөргө бөлүштүрүү  ар  бир  түрдүн  өзгөчөлүгүн  ачып  бере  турган  котормонун атайын  теорияларын  иштеп  чыгуу  менен  байланыштуу.  Ал  эми практикалык  жагынан  алып  караганда,  котормону  классификациялоо котормочулардын  котормо  ишинин  белгилүү  түрлөрүнө  адистешүүсүнө негиз  болуп  берет.  Өзүнүн  өзгөчөлүктөрүнө  жараша  котормонун  түрлөрү теориялык анализди талап кылат.

Комментарий кошуу