Таалайбек АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (3-БӨЛҮК)


1-БӨЛҮК жана 2-БӨЛҮК (ушул эки шилтемеден ачылат)

  1. Калькалоо

Буга чейин белгиленгендей,  котормо  тилинде  жок  бирдиктер транскрипция же транслитерация менен эле эмес, кээде калькалоо ыкмасы (французча calque «көчүрмө»  деген  сөздөн  алынган) менен да  которулат. Мында  сөздүн  же  сөз  айкашынын  курамдык  бөлүктөрү  (сөз  болсо – морфема,  сөз  айкашы  болсо –  лексема)  котормо  тилинин  тиешелүү бирдиктери  менен  берилет.  Калькалоонун  маңызы  –  түпнусканын лексикалык  бирдигинин  структурасын  көчүрүү  менен  котормо  тилинде жаңы сөз же сөз айкашын жаратуу.  Мисалы: superpower – супердержава – супердержава; mass culture – массовая  культура – массалык  маданият, green revolution – зелёная революция – жашыл революция.

Котормодо  транскрипция  менен  калькалоо  бир  учурда  колдонулган учурлар  да  аз  эмес: transnational – транснациональный – трансулуттук, petrodollar – нефтедоллар – нефти  доллар, miniskirt – мини-юбка –мини юбка.

Саясат,  илим  жана  маданият  тармактарындагы  көп  сөз  айкаштары калькалоо жолу менен алынган:

глава правительства — head of the government – өкмөт башчысы

Верховный Суд — Supreme Court – Жогорку Сот

слушатель – угуучу; показатель – көрсөткүч, указание – көрсөтмө.

Калькалоо,  транкрипциядан  айырмаланып,  түпнуска  тилиндеги форманы  котормо  тилине  өткөрүү  үчүн  жасалган  жөнөкөй  механикалык операция  эмес,  мында  айрым  өзгөртүүлөрдү  киргизүүгө  туура  келет.  Бул баарынан мурун жөндөмө формаларын, сөз айкашындагы сөздөрдүн санын, аффикстерди,  сөз  тартибин,  сөздүн  морфологиялык  же  синтаксистик статусун өзгөртүүгө тиешелүү. Мисалы:

maldistribution  of  costs  –  неправильное распределение  затрат – чыгымдарды туура эмес бөлүштүрүү

maltreatment  –  неквалифицированное лечение –  туура  эмес  же квалификациясыз дарылоо

non-taxable  income  –  не  облагаемый  налогом  доход  –  салык салынбаган киреше

Адатта  терминдер,  көп  колдонулган  сөздөр  жана  сөз  айкаштары, тарыхый жана маданий эстеликтердин аттары да калькаланат:

Зимний дворец — Winter Palace – Кышкы Сарай

White House — Белый Дом – Ак Үй

Көркөм чыгармалардын аттары калькаланат:

“Белая Гвардия” — The White Guard – Ак гвардия

Over the Cuckoo’s Nest — “Над кукушкиным гнездом

Саясий партиялардын жана кыймылдардын аттары калькаланат:

the  Democratic  Party  —  Демократическая  партия –  Демократиялык партия

Наш дом – Россия — Our Home Is Russia – Биздин үйүбүз Россия

Тарыхый окуялар калькаланат:

нашествие Бату-хана — the invasion of Batu Khan

Сөз айкаштары калькаланат:

плоды просвещения — the Fruits of the Enlightenment ж.

Айрым  учурларда,  өзгөчө  тарыхый  окуялардын  же  мезгилдердин аттарын  которууда  бир  нече  калька  же  калька  менен  транскрипция колдонулат:

смутные времена — the period of unrest же the Time of Trouble

татаро-монгольское нашествие —  the Mongol invasion  же the Tartar conquest

Успенский собор — Uspensky Sobor же the Cathedral of the Assumption

раскольники-староверы — raskolniki же Old Believers.

Эгер  «которула  турган»  компоненттери  бар  болсо,  тоолордун, көлдөрдүн,  деңиздердин  аттары  сыяктуу  географиялык  аталыштар  калька жолу менен которулат:

the Rocky Mountains — Скалистые Горы – Аскалуу тоолор 

the Salt Lake — Соленое Озеро – Туздуу көл

Черное Море — the Black Sea – Кара деңиз

the Indian Ocean — Индийский океан – Индия океаны

Ivory Coast — Берег Слоновой Кости – Пил сөөгүнүн жээги

Эгер  аталышта  мааниси  унутулуп  же  кандайдыр  бир  себептерден улам  которулбай  турган  сөздөр  болсо,  анын  бир  бөлүгү  транскрипция, башка бөлүгү калька жолу менен которулат:

Ладожское озеро — Lake Ladoga – Ладога көлү

River Dart — река Дарт – Дарт дарыясы

Калькалоо  терминдерди  которууда  да  колдонулушу  мүмкүн, мындайда  сөздүн  структурасы  которулат  же  сөз  айкашынын  тиби көчүрүлөт:

income tax — подоходный налог- киреше салыгы 

decision-making — принятие решений – чечим чыгаруу

Кээ  бир  сөздүн  өтмө  мааниси  башка  бир  тилдеги  ошол  эле  сөздүн өтмө  маанисин  өзүнө  көчүрүп  алуу  менен  да  пайда  болот.  Сөздөгү  жаңы маанилердин  бул  сыяктуу  жол  менен  пайда  болушу  семантикалык  калька деп аталат. Семантикалык калька тыбыштык түзүлүшү боюнча жаңы сөз же жаңы сөз айкашын жасабастан, тилдин лексикасында мурунтан колдонулуп келаткан  сөздү  гана  жаңы  маани  менен  байытат.  Мисалы: красные -кызылдар, белые – актар,  правые – оңчулдар, левые – солчулдар,  борьба-күрөш, течение – агым, волна – толкун ж.б.

Ошентип, жыйынтыктап айтканда:

  • Калькалоо котормо  текстте жаңы  сөздү  жаратуу талап  кылынып, ошол эле учурда түпнуска бирдиктин формасы менен функциясынын элементтерин сактоо керек болгон учурларда колдонулат.
  • Калькалоо географиялык  аталыштардын  бөлүгүн,  тарыхый-маданий окуялар  менен  объектилердин,  титулдардын  жана  наамдардын,  окуу жайларынын,  мамлекеттик  мекемелердин,  музейлердин  аттарын, терминдерди ж.б. берүүдө пайдаланылат.
  • Айрым учурларда  калькалоо  транскрипция  жана  лексика-семантикалык модуляция менен бирге колдонулат.
  1. Лексика-семантикалык өзгөрүүлөр

Жогоруда  сөз  болгон  которуу  ыкмалары  (транскрипция, транслитерация жана калькалоо) контексттен көз каранды болбогон жана ушундан  улам  түпнуска  жана  котормо  тилдеринде  бир  эле  маанини билдирген  сөз  же  сөз  айкаштарын  которууда  колдонулат.  Айрым  бир айырмачылыктар  көпчүлүк  контексттерде  эч  кандай  роль  ойнобойт. Транскрипция,  транслитерация  жана  калька  котормо  текстке  «чет  элдик боёк» берет, бирок мындан сөздүн маанисине доо кетпейт.

Ал  эми  контекстке  жараша  ар  түрдүү  маанилерди  берген бирдиктердин  жагдайы  мындан  башкача  жана  аларды  которууда  өзгөчө ыкмалар  талап  кылынат.  Мындай  бирдиктерге  шайкеш  сөздөрдү  издөө адатта  сөздүк  макаласын,  кээде  ар  түрдүү  сөздүктөрдөгү  макалаларды кылдаттык  менен  иликтөөдөн  башталат.  Мында  божомол  түрүндөгү контексттик  маанилер  да  болушу  мүмкүн.  Сөздүн  өзү  эмес,  анын контексттик  мааниси  маанилүү  болгон  мындай  учурларда  котормочу которуу  модификацияларына кайрылат.  Алардын  катарына  түпнускадагы маанини  конкреттештирүү  же  жалпылоо,  эмфазаны  нейтралдаштыруу  же күчөтүү,  функционалдык  алмаштыруу,  сыпаттоо  сыяктуу  котормо модификациялары кирет.

Түшүнүктөрдү  конкреттештирүүдө  жалпы  түшүнүк  жеке  түшүнүк менен  берилет  же  кең  маанидеги  сөздүн  мааниси  контекстке  жараша конкреттештирилет.  Мисалы,  англис  тилиндеги to say жана to tell деген сөздөр  «айт-,  де-»  деген негизги маанилеринен  тышкары  контекстке ылайык конкреттүү маанилерде которулат:

«So what?» I said.

– Эмне болуптур? – деп сурадым мен.

He told me I should always obey my father.

Ал мага атаңдын сөзүнөн чыкпа деп кеңеш берди.

The boss told me to come at once.

Кожоюн мага дароо кел деп буюрду.

Англис  тилиндеги man  деген  сөздүн  мааниси  да  кеңири  жана  ал кыргыз тилине тилине конкреттүү маанидеги сөздөр менен которулат:

Не is a man of taste.

Ал кишинин табити жакшы.

all the king’s men

королдун бардык солдаттары

Then you will be a man, my son

Мына ошондо сен эркек болосуң, уулум.

Ал  эми  түшүнүктөрдү  жалпылаштырууда,  тескерисинче,  жеке түшүнүк  жалпы  түшүнүк  менен  берилет  жана  мында  маанинин жалпылаштырылышы мазмунга доо кетирбөөгө тийиш.  Мисалы:

He visits me practically every week-end.

Ал мага дээрлик жума сайын келип турат.

Мында жалпы маанидеги сөздү колдонуу менен котормочу «уик-энд» деген  эмне  экенин  түшүндүрүү  жана  мында  ишемби  же  жекшемби  сөз болуп жатканын тактоо түйшүгүнөн кутулган.

Rasim bir akşam okuldan döndüğü vakit kendi adına gelmiş bir zarf buldu.

Расим бир күнү кечинде мектептен келип, өзүнө келген бир катты көрдү.

Бул  котормодо  «zarf – конверт»  деген  сөз  жалпы  маанидеги  «кат»  деген сөз менен алмаштырылган.

Кээде тигил же бул конкреттүү предметтин аты кабылдоочу үчүн эч кандай деле мааниге ээ болбой калат:

He showed us his old beat-up Navajo blanket.

Ал бизге өзүнүн эскирген индеец одеялын көрсөттү.

Жалпы  маанидеги  сөздү  колдонуу  стилистикалык  себептер  менен шартталышы  да  ыктымал.  Көркөм  чыгармаларда  адатта  каармандардын бою  менен  салмагы  так  көрсөтүлбөйт,  ошондуктан  англис  тилиндеги a young man of 6 feet деген  сөз  айкашы «узун  бойлуу  жаш  жигит» болуп которулат.

Конкреттештирүү  да,  жалпылаштыруу  да  мүмкүн  болгон  учурда котормочу жалпылаштырууну артык көргөн учурлар да болот:

Then this girl gets killed, because she’s always speeding.

Анан  ал кыз  өлөт,  анткени  ал  дайыма жол эрежесин буза  берет.

(Техникалык  вариант  менен  салыштырыңыз:  «ал  дайыма  ылдамдыкты жогорулата берет»)

Бардык  жагынан  шайкеш  келип,  бирок  эмфазалык  потенциалы жагынан  төп  келбеген  сөздөрдү  которууда  да  бир  топ  кыйынчылыктар болот.  Мисалы  a  cow-eyed  girl  контекстке  жараша  ар  түрдүү шайкештиктерди  талап  кылышы  мүмкүн: девица  с  коровьими  глазами же волоокая  красавица. Булардын  биринчиси  терс  эмфазаны,  экинчиси  оң эмфазаны  түзөт.  Эмфазалаштыруу  ыкмасы  абдан  эффективдүү  келет, бирок ал тексттин мазмунуна күчтүү таасир тийгизгендиктен, мында абдан этият болуу керек. Айрым талаш учурларда ушундан улам мунун тескериси болгон нейтралдаштыруу  ыкмасы  колдонулат.  Бул  ыкманы  колдонуу менен жогорку сөздү девушка с большими глазами деп которууга болот.

Тектеш  болуу  менен  кийинчерээк  жаңы  кошумча  маанилерге  ээ болгон  бир  топ  сөздөр  бар.  Буларга  мисал  катары  латын  же  грек  тилинен келген сөздөрдү келтирүүгө болот. Мындай сөздөрдө адатта жалпы маани да сакталып калган:

pompous — помпезный жана пышный

ambitious — амбициозный жана грандиозный

politician — политик жана политикан ж.б.

Функционалдык  алмаштыруу лексика-семантикалык  проблемаларды чечүүдөгү  эң  татаал  процесс  болуп  эсептелет.  Бул  сөздүктө  сунуш кылынган  маанилердин  эч  бири  контекстке  туура  келбеген  учурда  зарыл болот. Мисалы, англис тилиндеги the relaxation of the well-earned rest деген сөз  айкашын  которууда  англисче-орусча  сөздүктөрдөгү relaxation  деген сөзгө  берилген  маанилердин  (азаюу,  жумшаруу;  начарлоо;  көңүл  ачуу;  эс алуу)  эч  бири  бул  контекстке  туура  келбегендиктен,  котормочу  муну «татыктуу эс алуудан ыракат алуу» деп которсо болот.

Функционалдык  жактан  шайкеш  сөздөрдү  табуу  эквивалентсиз сөздөрдү  которууда  өтө  актуалдуу  мүнөзгө  ээ  болот.  Адатта  бул категорияга  жаңы  пайда  болгондуктан  улам  сөздүктөргө  али  кирбеген  же котормо тилинде сүйлөгөн элге белгисиз болгон нерселерди, түшүнүктөрдү билдирген  сөздөр  («культуронимдер»)  кирет.  Ылдам  өнүгүп  бараткан азыркы  цивилизацияда  жаңы  нерселер  менен  түшүнүктөрдү  билдирген сөздөр да ылдам көбөйүүдө. Ар бир он жылда англис жана орус тилдеринде 5-6  миңден  кем  эмес  сөз  пайда  болуп,  алар  бир  тилден  экинчисине  өтүп турат жана мында алар маанилик жактан айрым өзгөрүүлөргө да учурашы мүмкүн.  Сөз  жасоонун  мындай  агымына  эч  бир  сөздүк же  тиркемелер жетише  албайт.  Мында функционалдык  шайкештиктерди  табуу  иши котормочулардын  мойнуна  жүктөлөт. Алардын  тапкан  шайкештиктери оңунан  чыкса, сөздүктөргө  киргизилет,  ийгиликсиз  болсо,  бир аз гана пайдаланылган боюнча кала берет.

Сөз ыкмаларынын эч бири ылайык келбеген учурларда котормочулар сыпаттоо  ыкмасын  колдонушат.  Сыпаттап  которуу,  эреже  катары, транскрипция  менен  бирге  терминдерди,  культуронимдерди,  уникалдуу объекттерди ж.б. которууда колдонулат. Ошентип, жыйынтыктап айтканда:

  • Маанини конкреттештирүү түпнуска  бирдиктин  мааниси кеңири болуп,  контекстке  жараша  аныктала  турган  учурда  колдонулат. Мында сөздүн өзү эмес, анын белгилүү бир контексттеги конкреттүү маанилик варианты которулат.
  • Түпнуска маанини жалпылаштыруу түпнуска тилиндеги бирдиктин конкреттүү  мааниси  котормо  тилинде  жок  болгон  же  аны  берүү котормо  тилинин  стилдик  нормаларына  ылайык  келбеген  жана жалпы  мааниде  которуу  тексттин  мазмунуна  доо  кетирбей  турган учурларда колдонулат.
  • Түпнуска маанини эмфазалаштыруу же нейтралдаштыруу салттуу көз караштарга ылайык жүргүзүлөт жана мында сөздүн мааниси ого бетер күчөтүлүп, же болбосо басаңдатылып берилет.
  • Түпнуска бирдиктин  маанисин сыпаттап  берүү  котормо  тилинде шайкеш келе турган сөз жок болгон учурда болот. Сыпаттоо мүмкүн болушунча кыска болууга тийиш.
  • Котормо комментарийи  сөздүн  котормосун  коштоп  жүрүүчү кошумча  ыкма  катары  каралууга  тийиш.  Мисалы,  түшүндүрмө сөздүктөрдө  ошол  сөздүн  мааниси  толук  берилбесе  же  мындай түшүнүк  таптакыр  жок  болсо,  же  котормо  тилинде  бул  сөз  башкача чечмеленсе, бул ыкманы колдонууга болот.
  1. Формалар окшош болгон учурдагы морфологиялык өзгөрүүлөр

Котормо  өңүтүнөн  алып  караганда,  тилдердин  грамматикалык түзүлүшүндөгү  айырмачылыктар  тилдик  бирдиктердин  грамматикалык касиеттери  окшош  болгон  учурдагы  котормо  проблемаларынан  жана тилдик  бирдиктердин  грамматикалык  касиеттери  айырмалуу  болгон учурдагы  котормо  проблемаларынан  байкалат.  Мындан  тышкары  айрым грамматикалык  бирдиктердин  (сөз  формаларынын)  жана  составдуу грамматикалык  бирдиктердин  (сөз  айкаштарынын,  сүйлөмдөрдүн)  кайра түзүлүшүнөн улам да кыйынчылыктар пайда болот.

Грамматикалык  формалардын,  алардын  функциялары  менен маанилеринин  ортосундагы  айырмачылыктар  жана  окшоштуктар  толук жана  толук  эмес  болушу  мүмкүн.  Ушундан  улам  алардын  которулушу  да толук жана толук эмес болот. Адатта толук окшоштуктар жана которулбай турган кескин айырмачылыктар аз кездешет.

Мында түпнускадагы контекст чечүүчү роль ойнойт жана ар түрдүү өзгөчөлүктөр  эске  алынууга  тийиш.  Мисалы,  англис  тилинде  таандык маани  салт  боюнча  ачык  түрдө,  өзүнчө  сөз  менен  берилет: Не raised his hands.  Мында  сөзмө  сөз  которуу  котормонун  келегей  болушуна  алып келгендиктен, his кыргыз тилине которулбайт жана таандык маани таандык мүчө  менен  берилет: Ал  колун  көтөрдү.  Ал  эми  орусча  котормодо таандык маани берилбейт: Он поднял руки.

Мындай  учурда,  албетте, толук  эмес  же  нөлдүк  котормо колдонулууга тийиш. Нөлдүк котормо – түпнуска тексттеги грамматикалык бирдиктин  мааниси  ашыкбаш  болгондугуна  байланыштуу  которулбай калышы.  Айрым  учурларда  бир  эле  грамматикалык  маани  лексикалык  же грамматикалык каражаттар менен кайталанып берилиши мүмкүн. Мындай кайталануу котормодо берилбейт:

Give the book that you bought yesterday.

Сен кечээ сатып алган китепти берчи.

By that time he had already left the country.

Ошол кезде ал Англиядан эчак эле кетип калган болчу.

Бул  сүйлөмдөрдүн  биринчисинде  белгилүү  артиклдин  мааниси багыныңкы  сүйлөмдө  кайталанып  берилген,  ал  эми  экинчисинде Past Perfect менен берилген мурун болуу мааниси лексикалык каражаттарда да болгонунан улам ашыкбаш болуп калган.

Нөлдүк котормо ат атоочторду которууда да колдонулат:

they say — говорят – дешет

say it — скажи – айт

Түркчө-кыргызча котормолордо  илик  жөндөмөнүн  мүчөсү  катар келген учурда  алардын  бирин  которбой  аттап  өтүү котормонун  стилдик сапатын жогорулатат:

‘Batı’nın güvenliğinin kefili olan ABD…

Батыш коопсуздугунун кепили болгон АКШ…

Котормочулар  мындайда  көбүнчө  функционалдык  алмаштыруу ыкмасына  кайрылышат.  Буга  мисал  катары  чак  формаларын  келтирүүгө болот.  Мисалы,  орусча Он  читал лекцию деген  сүйлөм кыргыз  тилине Ал лекция  окуду (бир  жолу  болгон  окуя  баяндалган  учурда), Ал  лекция  окучу (кайталана берип көнүмүшкө айланган окуя баяндалган учурда), Ал лекция окуган (мурун болгон бир окуя баяндалган учурда) болуп которулат.

Функционалдык  өзгөрүүлөр  грамматикалык  айырмачылыктар  менен эле  эмес,  түпнуска  жана  котормо  тилдериндеги  лексика-семантикалык айырмачылыктар,  ошондой  эле  кептик  салттар  менен  да  шартталышы мүмкүн.  Мисалы,  түрк  тилиндеги rica etmek  жана arz etmek  эки  башка шартта  колдонулат,  тактап  айтканда, rica etmek  кызмат  абалы  боюнча жогору тургандар тарабынан төмөн тургандарга карата колдонулат, ал эми arz etmek болсо, тескерисинче, төмөнкүлөр тарабынан жогору жакка карата колдонулат.  Орус  тилиндеги извините деген  сөз  көпчүлүк  контексттер (жеке кат жазышууда, расмий кат жазышууда, иш кагаздарында ж.б.) жана кырдаалдар  үчүн  жарамдуу (извините  за  беспокойство,  извините  нас  за несвоевременный ответ, извините за неудобства ж.б.у.с.). Ал эми англис тилине  которууда бул  формалар  төмөнкүдөй  которулат:  толук  же  жарым-жартылай шайкештик: (excuse me, excuse his manner ж.б.); функционалдык шайкештик: (sorry for being late, we must apologise for the delayed answer, inconveniences, ж.б.).

Көп  учурда  түпнуска  форма  контекстке  же  кырдаалга  жараша морфологиялык өзгөрүүгө дуушар болот: Мисалы:

Presumably Egypt is the oldest highly advanced civilisation and is often seen as a symbol for everything ancient and secret.

Египет является, как полагают, древнейшей высокоразвитой цивилизацией и часто рассматривается как символ всего древнего и таинственного.

Оозеки  контекстте вероятно,  предположительно  деген  сыяктуу толук шайкештик болушу ыктымал, бирок булар илимий стилдин талабына жооп бербегендиктен как полагают болуп которулду.

Айрым  учурларда  формасы  боюнча  дал  келген  тигил  же  бул грамматикалык  формалар  аткарган  кызматынын  ар  түрдүүлүгүнөн  улам бир топ татаал өзгөртүүлөрдү талап кылат. Мындай ыкмалардын катарына окшоштуруу,  конверсия  жана  антонимдик  котормо  ыкмаларын  кошууга болот.

Окшоштуруу,  б.а.  ар  түрдүү  грамматикалык  формаларга  жалпы грамматикалык  касиеттерди  берүү,  мисалы,  англис  тилиндеги инфинитивдүү түрмөктөрдү которууда колдонулат:

Не glanced up just to see a stranger on the neighbouring roof.

Ал  жогору карады  да,  коңшу  үйдүн  чатырындагы  бейтааныш  кишини көрдү.

Он взглянул наверх и в  этот  момент увидел на  крыше  соседнего  дома незнакомца.

Котормо  конверсиясы адатта  форманын  морфологиялык  статусун өзгөртүү  зарыл  болгон  учурда  колдонулат.  Мисалы:  as  long  as  live  “ контекстке  жараша  кыргыз  жана  орус  тилдерине  төмөнкүдөй  болуп которулушу мүмкүн:

And, help me God, I’ll never eat spinach again as long as I live.

Кудай урсун, эми мен эч качан шпинат жебейм.

И, Богом клянусь, я больше никогда в жизни не стану есть шпинат.

I’ll take care for her as long as I live.

Көзүмдүн тирүүсүндө аны кароосуз калтырбайм.

Я буду заботиться о ней, пока я жив.

Англис  тилинде  этиш  менен  берилген  сүйлөм  мүчөлөрүн  кыргыз жана орус тилдерине которууда атоочтук транформация көп колдонулат:

Не did his best to place his firm among the most notable companies.

Ал фирманы абдан белгилүү компаниялардын катарына кошконго көп күч жумшады.

Он  потратил  много  сил на  выведение фирмы  в  ряды  наиболее  заметных компаний.

Конверсия  тигил  же  бул  грамматикалык  структуралардын  стилдик функциялары дал келбей калган учурларда да колдонулат:

Julia was paying no attention to what they said. 

Жулия алардын кебине көңүл бурган жок.

Джулия не обращала внимания на их болтовню.

Антонимдик  котормо  –  лексика-грамматикалык  трансформация, мында  түпнускадагы  грамматикалык  оң  форма  котормодо  терс  форма менен алмаштырылат же тескерисинче болот жана бул түпнуска тилиндеги лексикалык бирдиктин котормо тилиндеги карама-каршы маанилүү бирдик менен алмаштырылышы менен коштолот. Мисалы:

Tne United States did not enter the war untill April 1917.

Кошмо Штаттар согушка 1917-жылдын апрелинде гана кирди.

Benim çok mutaassıp bir beybabam vardır ki çok az sokağa çıkmama izin verir.

Атам абдан катаал киши, көчөгө көп чыгарбайт.

Антонимдик  котормо  кээде  трансформациянын  башка  түрлөрү (лексикалык же грамматикалык) менен да коштолот:

The people are not slow in learning the truth.

Эл чындыкты тез эле билип алат.

Unlike many Muslim girls in the United States today, who wear the hijab in high school, Salwa did not cover until several years ago.

Бүгүнкү  күндө  Кошмо  Штаттардын  орто мектептеринде жоолук салынып жүргөн көптөгөн мусулман кыздардан айырмаланып, Салуа соңку жылдары гана жоолук салына баштады.

Антонимдик  котормо  котормо  тилинде  табигый  структураны  түзүү үчүн  колдонулат  жана  грамматикалык  форма  лексикалык  айкашуу эрежесине  карама-каршы  келип  калган  учурдагы  кыйын  абалдан  чыгууга жардам берет:

Не did not have much time at his disposal.

Анын убактысы аз калган эле.

У него оставалось мало времени.

inferiority of our troops – превосходствовойскпротивника

he did not die till – ал –га чейин жашады – он жил до

Ошентип, жыйынтыктап айтканда:

  • Толук которуу түпнуска жана котормо тилдериндеги грамматикалык формалар, алардын  маанилери  менен  формалары  толугу  менен окшош болгон учурда колдонулат.
  • Нөлдүк которуу  түпнуска  жана  котормо  тилдериндеги грамматикалык  формалар  окшош  болуп,  бирок  ошол  форманын мазмунунун  тигил  же  бул  элементин  ачык  көрсөтүү  салты  дал келбеген учурда колдонулат.
  • Толук эмес  которуу бир  эле  грамматикалык  форма  бир  нече мазмундук  милдет  аткарып,  алардын  саны  түпнуска  жана  котормо тилдеринде ар түрдүү болгон учурларда колдонулат.
  • Функционалдык алмаштыруу түпнуска  жана  котормо  тилдериндеги грамматикалык  формалардын  функциялары  же  маанилери  дал келбеген  учурларда  колдонулат.  Мындай  учурларда  түпнускадагы форма котормо тилиндеги функциясы окшош башка бир форма менен алмаштырылат.
  • Окшоштуруу түпнуска жана котормо тилдериндеги курамы жагынан дал келбеген грамматикалык формаларды которууда колдонулат.
  • Конверсия түпнуска жана котормо тилдериндеги айкындыкты камсыз

кылуу үчүн жана грамматикалык формалардын айкашуусу ар түрдүү болгон учурларда колдонулат.

  • Антонимдик котормо  түпнуска  жана  котормо  тилдериндеги бирдиктердин  лексикалык  жана  грамматикалык  айкашуусундагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн колдонулат.
  1. Формалар айырмаланган учурдагы морфологиялык өзгөрүүлөр

Тектеш  эмес  тилдердин  морфологиялык  формалары  бири-биринен айырмалангандыктан, мунун өзү котормодо өзгөчө мамилени талап кылат. Мында  сөз  түркүмдөрүнүн  курамын,  морфологиялык  категориялардын структураларындагы айырмачылыктарды жана алардын берилүү жолдорун эске  алуу  керек.  Ушундай  айырмачылыктардан  улам  келип  чыккан котормодогу  кыйынчылыктар  абдан  ар  түрдүү  болгону  менен  мында колдонулган ыкмаларды жалпылоого болот.

Мындай ыкмалардын биринчиси жана эң жөнөкөйү нөлдүк котормо, б.а.  тигил  же  бул  эквивалентсиз  форманы  которбой  аттап  өтүү  ыкмасы болуп эсептелет. Мындагы негизги шарт – маанинин толук берилиши. Буга мисал  катары  англис  тилиндеги белгилүү  жана  белгисиз артиклдерди которууга байланыштуу учурларды келтирүүгө болот.

The boys talked him away and he forgot about his fears for a while.

Ал балдардын аңгемесине алаксып, коркконун да бир азга унутуп койду.

Своими рассказами мальчики отвлекли его, и он забыл о своих страхах на какое-то время.

Көрүнүп  тургандай,  англис  тилинде  белгилүү  жана  белгисиз артиклдер  менен  берилүүчү  белгилүүлүк  жана  белгисиздик  маанилери кыргыз жана орус тилдеринде контекст аркылуу берилет. Бирок  кээде  артиклдерди  котормодо  берүү  зарыл  болуп  калышы  да мүмкүн. Мындай  учурларда  алар  кыргыз  тилине  үч  түрдүү  жол  менен берилет.

  1. Белгисиз артикль a (an) «бир» деген сан атооч менен берилет:

I saw a man yesterday.

Мен кечээ бир кишини көрдүм.

Ал эми белгилүү артикль болсо шилтеме ат атоочтор (ал, бул, тигил ж.б.) менен берилет:

The man was very strong.

Ал киши абдан күчтүү болчу

Англис тилиндеги белгисиз жана белгилүү артиклдер жогорудагы сан атооч менен шилтеме ат атоочко мааниси жагынан эле эмес, этимологиясы боюнча  да  дал  келет,  тактап  айтканда,  жалпыга  маалым  болгондой, англисчедеги  белгисиз  артикль one – «бир»  деген  сан  атоочтон,  белгилүү артикль that – «ал, ошол» деген шилтеме ат атоочтон келип чыккан.

  1. Белгисиз жана  белгилүү  артиклдер  табыш  жөндөмөнүн  мүчөсүнүн жалганышы же түшүп калышы менен да берилиши мүмкүн:

I have bought an apple.

Мен алма сатып алдым.

I have bought the apple.

Мен алманы сатып алдым.

  1. Мындай маани  илик  жөндөмөнүн  мүчөсү  аркылуу  да  берилиши ыктымал:

There is an elder in every village.

Ар бир айылда айыл аксакалы бар.

The village elder has come home.

Айылдын аксакалы үйгө келди.

Айрым  формалардын  которулбай  калышы  түркчө-кыргызча котормолордон да байкалат:

Ekonomik ve politik birliğini  sağlamaya  çalışan,  refaha  ermiş bir Batı Avrupa…

Экономикалык  жана  саясый  биримдикке  умтулуп,  жыргалчылыкка жетишкен Батыш Европа

Ошентип,  бул  ыкманын  маңызын тигил  же  бул  форманы  которбой аттап  кетүү түзөт жана  ал  түпнуска  форма  таза  грамматикалык  мүнөздө болуп, мааниге таасирин тийгизбей турган учурларда колдонулат.

Эквивалентсиз  формаларды  которууда татаалдашкан  конверсия да колдонулуп,  мында  тигил  же  бул  форма  өзүнүн  маанилик  функциясын сактап калганы менен грамматикалык формасы өзгөрөт:

Оратор устало замолчал.

The tired speaker was silent.

Он упрямо молчал.

Не kept obstinate silence.

Конверсия  ыкмасы  морфологиялык  формалар  менен  категориялар типологиялык  жактан  айырмаланган  шарттарда  кеңири  колдонулат  жана мында  түпнуска  бирдиктин  морфологиялык  статусу  өзгөрөт,  бирок категориялык  маани  толук  же  жарым-жартылай  сакталат.  Конверсия татаалдашып,  лексикалык  жана  синтаксистик  өзгөрүүлөрдү  да  пайда кылышы ыктымал.

Котормодо  көп  колдонулган  морфологиялык  өзгөртүү  ыкмасына түпнуска  форманы ажыратуу ыкмасы  да  кирет.  Мында  синтетикалык форма аналитикалык формага айланып, бир нече грамматикалык маанилер өзүнчө грамматикалык элементтер менен берилет.

Он подарил эти часы матери.

Ал саатты апасына белек кылып берип койду.

Не gave this watch to his mother.

Официант оттолкнул его.

Официант аны ары түртүп жиберди.

The waitor pushed him away.

Ошентип, ажыратуунун маңызын лексика-грамматикалык бирдикти бир  нече  бөлүктөргө  бөлүү  түзөт.  Мында  синтетикалык  формалар аналитикалык  формаларга  айланат  жана бул грамматикалык  эрежелер  же контекст менен шартталат. Буга карама-каршы келген дагы бир ыкма бириктирүү деп аталат да, мында  аналитикалык  формалар  синтетикалык  формага  айланат.  Бул  ыкма менен  адатта  этиштин  чак  формалары,  ар  түрдүү  фразалык  этиштер, атоочтук менен герундийдин аналитикалык формалары которулат. Мисалы:

Мен көчөдө бара жаткан элем.

Я шел по улице.

Мен аныкында жашап жүрдүм.

Я жил у него.

Бириктирүү  ыкмасында  түпнускадагы  аналитикалык  форма синтетикалык  формага  айланат,  бирок  грамматикалык  жана  лексикалык маанилер толугу менен берилет.

  1. Сөз айкаштарындагы синтаксистик өзгөрүүлөр

Айрым  бир  сөз  же  грамматикалык  форма  эмес,  сөз  айкашы которулуучу  бирдик  катары  келген  учурда,  котормочуга  кыйынчылык келет. Бул кыйынчылыктар, негизинен, эки факторго:

  • лексика-семантикалык айкашуу эрежелеринин дал келбей калышына жана
  • синтаксистик айкашуу  эрежелеринин  айырмалуу  болушуна байланыштуу.

Бул  эки  фактор  өзүнчө  болушу  же  бир  учурда  болушу  да  ыктымал. Натыйжада котормочу сөз айкашынын баштапкы абалын сактоо менен аны бир аз өзгөртүүгө же толук өзгөртүүгө мажбур болот. Мындагы  биринчи  ыкма  толук  которуу  болот  да,  ал  төмөнкү учурларда колдонулат:

  • түпнуска жана котормо тилдериндеги сөздөрдүн айкашуу эрежелери толугу менен дал келет;
  • түпнуска текстти  которуу  үчүн  тандалып  алынган  которуунун  жолу түпнуска  тексттин  бардык  өзгөчөлүктөрүн  берүүнү  талап  кылат (мисалы, кандайдыр бир тексттин академиялык котормосунда). Алсак, Достоевскийдин “Братья Карамазовы” аттуу романы англис тилине “The  Karamazov  Brothers”  болуп  которулушу  нормага  көбүрөөк  ылайык келгени  менен  адатта The  Brothers Karamazov деп  которулат  да,  толук которулуу менен бирге сөз тартиби да сакталат. Ал эми the language of the simple  people  деген  сөз  айкашы  толук  которууда  язык  простого  народа болот  (мында  котормо  шаңдуу  стилге  туура  келет  да,  оң  мааниде  болот), бирок муну простонародный язык деп толук эмес түрдө да которууга болот (мында котормо бейтарап стилде болуп, бир аз терс маанини да камтыйт).

Ошентип,  сөз  айкаштарын толук  которуу лексика-семантикалык жана синтаксистик айкашуу эрежелери түпнуска жана котормо тилдеринде бирдей болгон учурда колдонулат. Ал  эми  түпнуска  жана  котормо  тилдериндеги  синтаксистик  жана лексика-семантикалык  айкашуу  эрежелери  дал  келбей  калган  учурларда толук  эмес  которуу  колдонулат  жана  мындай  учурларда  толук  эмес которуунун төмөнкү варианттары пайдаланылат:

  • кыскартуу (түпнуска  сөз  айкашынын  бир  же  бир  нече  элементи кыскартылат);
  • кошумчалоо (сөз айкашына бир же бир нече элемент кошумчаланат);
  • функционалдык алмаштыруу (түпнуска сөз  айкашынын  бир  же  бир нече элементинин лексика-семантикалык же морфологиялык статусу өзгөртүлөт);
  • орун алмаштыруу (сөз айкашындагы сөздөрдүн орду алмашат).

Котормочулар  бир  эле  учурда  толук  эмес  которуунун  ар  түрдүү варианттарын  колдонгон  учурлар  өтө  көп  кездешет.  Мисалы,  her archaeologist husband сөз айкашын толук которсок, (анын) археолог күйөөсү болуп калат да, мында жаңы кошумча маани (анын башка күйөөсү да бар окшойт деген сыяктуу) пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан бул сөз айкашы орун  алмаштыруу  жана  функционалдык  алмаштыруу  ыкмаларын айкалыштыруу  менен  анын  кесиби  боюнча  археолог  күйөөсү  болуп которулушу мүмкүн.

Кыскартуу, адатта, сөз болуп жаткан нерсенин салттуу аталышынын котормо тилинде бардыгы же контексттин стилистикалык шарттары менен байланыштуу  болот.  Мисалы, creative activity сөз  айкашы  толук  которуу менен чыгармачылык иш – творческая деятельность болуп, же кыскартуу жана  функционалдык  алмаштыруу  ыкмаларынын  айкалышуусу  менен чыгармачылык – творчество  болуп  которулушу  мүмкүн. for a short time сөз  айкашы  толук  которуу  менен на  короткий  срок болуп,  же  кыскартуу жана  антонимия  менен ненадолго болуп  которулат. civil  servants  болсо толук  которулган государственные  служащие сөз  айкашына,  же  болбосо кыскартылып  которулган  чиновники  деген  сөзгө  туура  келет.

Аталыштардын  салттуу  айырмачылыгы  болгон  учурларда  түпнуска  сөз айкашын кыскартуу бирден-бир ишенимдүү ыкма болуп саналат:

домашний скот — мал – the  cattle

не в своем уме — келесоо – insane

воспитание и образование — education

эртең мененки тамак – завтрак – breakfast evening meal — ужин daily bread — нан – пропитание // хлеб насущный ж.б.

Абдан  оор  кыйынчылыктар,  адатта,  аныктоочтук  сөз  айкаштарын которууда  болот.  Мындай  сөз  айкаштарын  которуу  төмөнкү  факторлорго жараша болот:

  • сөз айкашынын  элементтеринин  ортосундагы  семантикалык байланыштар;
  • сөз айкашынын курамы;
  • сөз айкашынын стилистикалык статусу.

Бул факторлордун ар бири өзүнчө же бири-бири менен  айкалышып, сөз айкашын өзгөртүүгө жана которуу ыкмаларын колдонууга таасир этет. Мисалы, Many well-known Russian names have come into English prominence through French деген  сүйлөмдөгү алды  сызылган сөз  айкашы  которууда кыйынчылык  туудурат,  анткени  аны  сөзмө-сөз  которгондо («англиялык көрүнүктүү  абал»),  мааниси  бузулат.  Семантикалык  талдоо  жүргүзгөндө, English сөзү  аныктооч  эмес,  кыймыл-аракет  багытталган  объект  экени (to come  into  English)  аныкка  чыгат,  ошондуктан  мында  функционалдык алмаштыруу  ыкмасын  колдонуу  менен  аны «англис  тилине кирген» деп которуу керек.

Англис  тилиндеги  көптөгөн  аныктоочтук  сөз  айкаштарынын элементтери  таптакыр  башка  синтаксистик  милдеттерди, тактап  айтканда, толуктоочтук,  бышыктоочтук  милдеттерди  аткарышы  мүмкүн.  Мисалы, business card etiquette сөз айкашы формалдык жактан аныктоочтук болгону менен  иш  жүзүндө  бири-бирине  объектилик  мамиледе  болгон  сөздөрдүн айкашы болуп эсептелет. Ушундай семантикалык талдоонун натыйжасында жогорудагы  сөз  айкашы «визит  карточкасын  берүү  эрежеси»  болуп которулат.

Англис тилинин синтаксиси аныктоочу бир сөздөн эле эмес, бир нече сөздөн, ал турсун бүтүндөй сүйлөмдөн турган аныктоочтук сөз айкаштарын курууга  мүмкүнчүлүк  берет.  Мындай  сөз  айкаштары  адатта  кыскартуу  же кошумчалоо  ыкмалары  менен  которулат,  бирок  кээде сыпаттап  которуу да зарыл болушу мүмкүн:

out-of-town visitors — сырттан келген коноктор

out-of-the-way places — эл барбаган жерлер же ээн жерлер

an-hour-early visitor — бир саат эрте келген конок ж.

Которууга кыйын болуп, өзгөртүүнү талап кылган сөз айкаштарынын дагы  бир  тобу  –  мүчөнүн  жалганышы  менен  түзүлгөн  туунду  сөз айкаштары.  Сөз  айкаштарын  жаратуунун  бул  ыкмасы  англис  тилинде өнүмдүү жана мындай туундулар азыркы англис тилдүү басма сөздө көп колдонулат:

to do good — a do-gooder

to watch birds — a bird-watcher ж

Мындай  сөз  айкаштарын  которуу  кыйын  жана  алар  которууда кошумчалоону же сыпаттоону, ал турсун кээде чечмелеп берүүнү талап кылат.  Мисалы,  birdwatcher сөз  айкашы  «куштарды  карап  отурганды сүйгөн  киши» деп  чечмеленип  которулат.  Ал  эми  a no-show customer сыяктуу сөз айкаштарын которуу мындан да кыйыныраак болот.  Мунун ички  түзүлүшүн  (not  to  show  up  at  the  appointed  time)  талдоо  менен, «маалында (ресторанга) же номерине (мейманканадагы) келбеген кардар же клиент» деп которуу керек.

Айрым  учурларда  лексика-семантикалык  жана  грамматикалык, функционалдык  өзгөртүүлөр  менен  коштолгон  кошумчалоо  ыкмасы сыпаттоого,  ал  турсун  котормочунун  чечмелөөсүнө  айланып  кетет. Мисалы, Англияда эле эмес, Францияда да кеңири белгилүү болгон the Candle Auction салты сөзмө-сөз «шам» аукциону болуп которулушу мүмкүн, бирок  кыймылсыз  мүлктү  сатуу  же  киреге  берүү  менен  байланыштуу болгон  бул  салттын  маанисин  толук  түшүндүрүү  үчүн  сыпаттоо,  же  ал турсун  төмөнкүдөй  чечмелөө  талап  кылынат: «аукциондун  бул  түрүндө кыймылсыз  мүлктүн  баасы  адатта  абдан  кыска  боло  турган  шам  күйүп бүткүчө бычылат».

Ошентип,  сыпаттап  которуу же  чечмелөө  түпнуска  тилинде  бар, бирок  котормо  тилинде  жок  улуттук  өзгөчөлүктөрдү  билдирүүчү  сөз айкаштарын которууда колдонулат.

  1. Сүйлөмдөрдөгү синтаксистик өзгөрүүлөр

Формалдык жана  семантикалык  жактан  тилдин  эң  татаал  бирдиги болгон сүйлөм бир эле учурда кеп бирдиги да болуп эсептелет жана ушуга байланыштуу сүйлөөчүнүн эркине да байланыштуу болот. Айрым бир сөз же  морфологиялык  форма,  ал  турсун  сөз  айкашы  сүйлөмгө  караганда  бир топ  туруктуу  жана  өз  алдынча  болот,  ал  эми  сүйлөм  автордун  эркине байланыштуу болгондуктан, аны ар кандай чечмелөөгө болот.

Котормочуга  көп  кыйынчылык  туудура  турган  сүйлөмдүн  ушул касиеттери  анын  компоненттеринин  ийкемдүүлүгүнөн  көрүнөт  жана  алар которууда  өздөрүнүн  грамматикалык  жана/же  лексика-семантикалык мүнөзүн өзгөртөт. Бул  жагынан  алганда,  сүйлөмдүн  ээси  өтө  өзгөрмө  келет.  Англис тилинен  орусчага  которгондо,  формалдык  ээ  эле  эмес,  мааниге  ээ  болуп турган ээ да жок болуп кетиши мүмкүн:

The door will not open.

Невозможно открыть дверь.

Эгер бул сүйлөмдү түпнускадагы түзүлүшүн сактап, ээси менен, б.а. дверь не открывается деп которсок, анда ал түпнуска тексттегиден башка бир маанини, айталы, “эту дверь вообще (или никогда) не открывают” деген маанини билдирип калышы ыктымал, ал эми түпнускада болсо, бир жолку кыймыл-аракет тууралуу сөз болуп жатат. Ал  эми  кыргыз  тилинен  англисчеге  которгондо,  тескерисинче,  ээ пайда болуп калышы мүмкүн (бир составдуу сүйлөмдөрдө):

Макалада экономикадагы жаңы тенденциялар жөнүндө сөз болот.

The article says about the new trends in economy.

Англис тилиндеги формалдык ээни  орус тилине которууда нөлдүк котормо  (аттап  өтүү),  функционалдык  алмаштыруу  жана  орун алмаштыруу ыкмалары колдонулат.

Нөлдүк  котормо  англис  тилиндеги  формалдык  мүнөздө  болуп,  эч кандай  лексика-семантикалык  мааниге  ээ  болбогон  ээни  которууда колдонулат:

It is a long way to the final solution.

Акыркы чечимге чейин али көп бар.

You must know your place.

Өз ордуңду билип жүр.

Бирок  айрым  учурларда  формалдык  ээ  кандайдыр  бир  мааниге  ээ болуу менен котормодо өзүнчө сөз менен берүүнү талап кылат:

One must be humane.

Адам деген адамгерчиликтүү болуш керек.

Ал  эми  сүйлөмдүн  баяндоочу  көп  учурда  которулат  жана  түпнуска тексттеги  баяндооч  нерсенин  бар  экендигин  ырастаган  сүйлөмдөрдө эске албаганда,  баяндоочту  которууда  нөлдүк  которуу  ыкмасы  эч  качан колдонулбайт:

This is my sister.

Бул – менин эжем.

Баяндоочту  которууда  функционалдык  алмаштыруу  ыкмасы  көп колдонулат.  Мунун  эң  кеңири  тараган  түрү  –  атоочтук  баяндоочтун этиштик  баяндооч  менен  же  тескерисинче  болуп  алмаштырылышы. Мисалы:

Hunting and fishing provided the chief occupation and food supply of the Northwest Indians of America.

Аңчылык  жана  балыкчылык  Түндүк-Батыш  Америкада  жашаган индеецтердин негизги кесиби жана азык-түлүк булагы болгон.

(Түпнускадагы  этиштик  баяндооч  атоочтук  баяндооч  менен алмаштырылып, тике толуктоочтун аточтук баяндоочтун курамына кириши менен коштолду).

Ал абдан куу, амалкөй эле.

Он вел себя очень уклончиво.

(Түпнускадагы  атоочтук  баяндооч  котормодо  этиштик  баяндооч  менен алмаштырылып, анын атоочтук бөлүгү бышыктооч болуп өзгөрдү).

Жизнь Достоевского была не менее бурной и трагичной, чем у любого из его героев.

Dostoevsky lived a life as turbulent and tragic as any of his heroes and heroines.

(Түпнускадагы  татаал  атоочтук  баяндооч  котормодо  жөнөкөй  этиштик

баяндоочко айланып, атоочтук бөлүгү толуктооч болуп калды). Англисче-кыргызча  котормолордо  зат  атоочтун  этиш  менен берилиши кеңири кездешет:

He is a poor swimmer.

Ал начар сүзөт.

She is no good as a letter-writer.

Ал кат жазганды жакшы билбейт.

I am a very rapid packer.

Мен абдан тез камынам.

It is our hope, that an agreement will be reached by Friday.

Биз жума күнгө чейин макулдашабыз деген үмүттөбүз.

Англис тилиндеги географиялык аттардан түзүлгөн сын атоочтор да көбүнчө зат атоочтор менен которулат:

Australian prosperity was followed by a slump.

Австралия экономикалык өнүгүүдөн кийин кризиске учурады.

Ошондой эле төмөнкүлөрдү да салыштыргыла:

the British Government – Британия өкмөтү, the American decision -АКШ чечими, the Congolese Embassy – Конгонун элчилиги ж.

Сүйлөм  мүчөлөрүнүн  алмашуусу  сүйлөм  түзүлүшүнүн  өзгөрүүсүнө алып келет. Мисалы:

Visitors are reguested to leave their coats in the cloak-room.

Коноктордон  тышкы  кийимдерин  гардеробго  калтырышын өтүнөбүз.

(ээ кыйыр толуктооч менен алмаштырылды)

The last week saw an intensification of diplomatic activity.

Өткөн  жумада  дипломатиялык  иш-аракеттердин  активдешүүсү байкалды.

(ээ мезгил бышыктооч менен алмаштырылды)

The little town of Clay Cross today witnessed a massive demonstration.

Бүгүн Клей-Кросс  шаарчасында  массалык  демонстрация  болуп өттү.

(ээ орун бышыктооч менен алмаштырылды)

The crash killed 20 people.

Катастрофанын натыйжасында 20 киши каза болду.

(ээ себеп бышыктооч менен алмаштырылды).

Функционалдык алмаштыруунун дагы бир көп колдонулган варианты – жайылтуу (мунун карама-каршысы – кыскартуу). Мында сүйлөмдүн бир мүчөсү өзүнчө түрмөк, же сүйлөм менен берилет:

Such was  Tolstoy’s fame that Yasnaya Polyana became a place of pilgrimage.

Толстойдун даңкы ушунчалык катуу чыккандыктан, Ясная Поляна зыярат жайына айланган.

Функционалдык  алмаштыруу  эмфазаны  (маанилүү  нерсени  бөлүп көрсөтүү) берүүдө да көп байкалат. Англис  тилинде  бул  көбүнчө атайын синтаксистик  конструкция  менен  берилсе, кыргыз  жана орус  тилдеринде лексикалык компоненттер менен берилет:

It is Mr Evans whom I saw in that house.

Мен ал үйдөн дал ушул мистерЭвансты көргөнмүн.

Я встретила в том доме именно мистера Эванса.

Функционалдык алмаштыруу көп учурда сүйлөм компоненттеринин ордун алмаштыруу менен коштолот. Бул ыкма кеп салты жана шарттары ар түрдүү болгон учурда колдонулат:

They had no money but they had their wits.

Алардын акчасы болбогону менен акылы бар эле.

У них не было денег, зато была голова на плечах.

(Мында  терс  маанинин  берилүү  жолу  эки  башка  болгондуктан,  ушундай болду).

Синтаксистик  жана  лексика-семантикалык  жактан  татаал сүйлөмдөрдү  которууда  жогорудагы  ыкмалардан  тышкары бөлүү  жана бириктирүү ыкмалары  колдонулат.  Бөлүү  ыкмасында  бир  узун  же  татаал сүйлөм бир же бир нече (мындай учурлар сейрек кездешет) сүйлөм болуп которулат.  Бул  ыкма  грамматикалык  жана  прагматикалык  себептер (мисалы,  синтаксистик  айкаштардын  котормо  тилинде  чектелүү  болушу, ашыкбаш  же  стилдик  жактан  туура  эмес  багыныңкы  сүйлөмдөрдүн  же түрмөктөрдүн болушу) менен шартталышы мүмкүн. Мисалы:

The annual surveys of the Labour Government were not discussed with the workers at any stage, but only with the employers.

Лейбористтик  өкмөттүн  жылдык  баяндамалары  эч  бир  этапта жумушчулардын  арасында  талкууланган  эмес.  Алар  ишкерлер  менен  гана талкууланган.

Both engine crews leaped to safety from a collision between a parcels train and a freight train near Morris Cowley, Oxfordshire.

Оксфордшир  графтыгында,  Морис  Коули  станциясына  жакын жерде почта поезди менен товар ташуучу поезд кагышты. Эки поезддин бригадалары поездден секирип кетип, аман калышты.

Биринчи мисалда сүйлөмдүн акыркы бөлүгүнүн өзүнчө сүйлөм болуп берилиши  түпнускадагы  карама-каршы  коюуну  даана  билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми экинчи сүйлөмдөгү жиктештирүү окуялардын ырааттуулугун кыргыз тилинин табиятына ылайык берүүгө жана leaped to safety деген которулушу кыйын сөз айкашын туура которууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Yüce padişahlık katı kesin karar ve çözüm makamı olup meşru bir devlette bu ksek makam, n millet sertlerinin nleceği mihraptır. 

Падышанын  аппараты – акыркы  сөздү  айта  турган  жана  чара  көрүүчү жер.  Ошондуктан  мыйзамдуу  бир  мамлекеттеги  мындай  баскыч  бүткүл эл кайрыла турган мехрап (бийиктик) болот. (123-бет)

Mösyö Franklin Bouilon, bu sözlerin karşısında, ciddi ve samimi olarak bazı görüşler ileri sürdü ve en sonunda da bunun zaman meselesi olduğu görüşünü belirtti.

Франклин-Буйон  мырза  ушул  айтылган  сөздөргө  карата  чын  пейилдүү, жүйөлүү  бир  топ  нерселерге  токтолду.  Аягында,  маселесинин  баары убакытка байланыштуу деп эсептегенин билдирди. (413-бет)

Бөлүү ыкмасына карама-каршы келген башка бир ыкма – бириктирүү ыкмасы  бир  нече жөнөкөй  сүйлөмдү  бириктирип,  бир  татаал  сүйлөм түрүндө  которуу  үчүн  колдонулат.  Бул  ыкма  да  синтаксистик  же стилистикалык салттардын айырмачылыктары менен шартталат.

She ran and bought her ticket and got back on the carrousel. Just in time. Then she walked all the way round it till she got her own horse back. Then she got on it. She waved to me and I waved back.

Ал чуркап барып, билет алды да, каруселге маалында кайтып келди. Анан каруселди  айлана  чуркап,  өз  атын  тапты  да,  ага  минген  соң,  мага  кол булгалады. Мен да ага кол булгаладым.

Başkan Fethi Bey, teklifi oya koydu. Kabul edildi.

Төрага Фетхи бей сунушту добушка койду эле, кабыл алынды. (535-бет)

Alınan  malumata  re,  İstanbul’da  bir  cemiet  teşekküve  bu  cemiet  İngilizler tevhidi  mukarrerat  etmiş.  metin  ıskatiyle  malum  bir  metin  tesisi, meclisin feshi…

Алынган  маалымат  боюнча,  Стамбулда  бир  коом  түзүлүп,  ал  англистер менен  чогуу  мындай  чечим  чыгарган  имиш:  азыркы  өкмөттү  түшүрүп, белгилүү бир өкмөттү бийликке алып келүү; межлисти таркатуу… (145-бет)

Сүйлөмдөрдү  которууда  колдонулган  ыкмалардын  дагы  бири – антонимдик  которуу.  Мында  сүйлөмдүн  баяндоочу  оң  формадан  терс формага же терс формадан оң формага өтөт.

Benim çok mutaassıp bir beybabam vardır ki çok az sokağa çıkmama izin verir.

Атам абдан катаал киши болгондуктан, көчөгө көп чыгууга уруксат бербейт.

Он обиделся и молчал всю дорогу до дома.

Taking offence at me, he didn ‘t say a word all the way back home.

Сүйлөм  өзгөртүү  ыкмаларына  кошумчалоо  жана  алып  таштоо ыкмаларын  да  кошууга  болот.  Кошумчалоо  ыкмасы  кыска  жана  таамай берилген сүйлөмдөрдү котормодо өзүндөй кылып берүү мүмкүн болбогон учурларда колдонулат.

The environmental movement is more than just “bigmouthing”.

Айлана-чөйрөнү коргоо кыймылы «ооз көптүрүү» эле эмес

Алып  таштоо  ыкмасы  котормо  тилинен  алып  караганда  ашыкбаш болгон компоненттерди чыгаруу үчүн колдонулат:

The treaty was pronounced null and void.

Келишим жараксыз деп жарыяланды.

The proposal was rejected and repudiated.

Сунуш четке кагылды.

The government resorted to force and violence.

Өкмөт күч колдонду.

Жыйынтыктап айтканда, жогорудагы которуу ыкмалары бири-бирин толуктап, түпнуска тексттеги маалыматты толугу менен берүүгө жардам берет.  Бул  ыкмалардын  ар  бири  түпнускадагы  маалыматты  котормо тилинин нормалары менен салттарын бузбай туруп берүүгө багытталарын

да эстен чыгарбоо керек.

1 thoughts on “Таалайбек АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (3-БӨЛҮК)

Комментарий кошуу