Чоюн  Өмүралиевдин  изилдөөсү жөнүндө учкай кеп


Улуттук дүйнөтааным, өзүн-өзү таануу, өзүн өзгөгө таанытуу жана өзгөнү өздөй таануу уңгусуна сүңгүп кирип, көчмөн дүйнөнүн түпкүрдөгү түбүн аңтарып, андагы оош-кыйыштарды бүгүнкү дүйнөтааным илиминин бийик сересинде саресеп салганга батыл киришип, бадырактай барсайган оригинал ойлорду ортого таштап, «мына, бүгүнкү аалымдар, ушуларды аңдоого акылыңар жетеби, кабылдоого кабыргаңар менен кеңеше аласыңарбы» – дегенчелик кылып, кыргыз эле эмес 21-жүз жылдыктын дүйнөтаануучуларынын алдына үзүктөй-үзүктөй собол таштаган ойчул (минтип атагандан жазгана албайм), өзөктүү чындыкка өчү бардай умтулган өжөр, улуттук чектеги алкактан эле угут алып, бирок дүйнөлүк рухий-нравалык жана табигый илимдерди жуурулуштура жумуру башына сиңирген аалым Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ чыгыш таануу илиминин, жалпы эле дүйнө таануу илиминин өзөктүү көйгөйлөрүнүн бир өңүрүн түрө салган экен.

толугу менен

Намыс


Карачай жомогу

Качандыр бир заманда тоолуу айылда жашаган үйбүлө болуптур. Ал үйдө карыя, анын байбичеси, уул-келиндери жана кыз-кыркыны жашаптыр.

Карыя бир күнү таң эрте туруп, түндөсү калың жааган карды көрөт. Босогодон сыртка аттап, короодогу жаңы түшкөн изди көрдү. Из дарбазага чейин кеткенин байкады. «Таңатпай кимдин изи болду экен?» Кооптонгон карыя издин артынан жөнөдү.

толугу менен

ВОЛЬТА


БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Италян физиги, химик жана физиолог Вольта Алессандро 1745-жылы 18-февралда Италиянын Комо шаарында туулган. Кичинекейинен эле ар нерсеге дилгир болуп өскөн. 12 жашында суу ичиндеги жылтыраган нерсенин сырын ачам деп, сууга чөгүп кетип араң аман калган. 1774-79-жылдары Комодогу гимназияда физика мугалими, 1779-жылы Павия университетинде профессор, 1815-19-жылдары Падуян университетинин философия факультетинде директор болуп иштеген.

толугу менен

Өмүрбек КАРАЕВ: «Эски көлөч»


АҢГЕМЕ

Тоо этегиндеги «К» деген айылда фельдшер аял жашачу. Күйөөсү эрте кайтыш болуп, кызы экөө калган. Анын үйү медпункт менен катар болчу. Медпунктун имараты салынганда ыңгайлуу болсун деп жанына ушул фельдшердин үйү кошо курулса керек. Анысын териштирип сөз кылган деле киши жок, медпунктка сыркоолоп калган кары-жаш байма-бай келип кетишет, аяк суюлбайт.

толугу менен

Таалайбек АБДИЕВ: «Котормотаануу илимине киришүү…» (3-БӨЛҮК)


1-БӨЛҮК жана 2-БӨЛҮК (ушул эки шилтемеден ачылат)

  1. Калькалоо

Буга чейин белгиленгендей,  котормо  тилинде  жок  бирдиктер транскрипция же транслитерация менен эле эмес, кээде калькалоо ыкмасы (французча calque «көчүрмө»  деген  сөздөн  алынган) менен да  которулат. Мында  сөздүн  же  сөз  айкашынын  курамдык  бөлүктөрү  (сөз  болсо – морфема,  сөз  айкашы  болсо –  лексема)  котормо  тилинин  тиешелүү бирдиктери  менен  берилет.  Калькалоонун  маңызы  –  түпнусканын лексикалык  бирдигинин  структурасын  көчүрүү  менен  котормо  тилинде жаңы сөз же сөз айкашын жаратуу.  Мисалы: superpower – супердержава – супердержава; mass culture – массовая  культура – массалык  маданият, green revolution – зелёная революция – жашыл революция.

толугу менен

Сулуулук: ойношунун оозун ачырып, күйөөсүн кызганычтан чочулаткан зор күч


posts_Амброз БИРС
(1842-1914), америкалык жазуучу

 Аялдын кучагына кабылсак да, аттиң, колуна түшүп калбасак кандай сонун болмок!

* * *

Аял менен түлкү канчалык алсыз болбосун, баарыбир артыкчылыктарын көрсөтөт.

* * *

Алдында шараптын бош бөтөлкөсү турган аял беделинен тез айрылат.

толугу менен

Эссе: Редакциянын эски короосу


“Время бежит как зверь”.
Сергей Мнацаканян

Кеп ошол эски короодо… Биринчи жолу дарбазасын аттаган адамга өтө жупуну көрүнгөнү менен, ич жагы кызыкка толо эле, жарыктык.

Окууну бүтүп келерим менен мени күтүп аткансып алдуу-күчтүү курагында атам дүйнөдөн өтүп кетти. Беш жылча айыл мектебинде аргасыз жүрүп калдым. Аргасыз дегеним, анда тилчи мугалимдер мектепке батпай, бошой калган орундарга сабак бергеним болбосо, намыска тиер,  бирок китеп-гезит окуганга шарты мыкты “кызыл үйчү” кызматында буулугуп жүргөн кез болчу. Ал күн кантип унутулсун… Кышкы каникулда Нарынга келип калып, чоң кызматтагы эжеге кокус жолугуп, арманымды айтып жиберсем, ажаатчыл жан экен, түз эле ушул короого ээрчитип кирип келди. Ахыбалым Тайгадан келген чукчадай…

толугу менен

Абдыкерим МУРАТОВ: «Чочоккесер»


АҢГЕМЕ

«Чачтарачкана» деген жазуусу өчөйүн деп калган, тактайларынын жарымы чирип, өзү бир жагына ооп турган, ичи эски-куску кайчы, устара, аларды курчута турган кайыштарга жана дагы ыбырсыган майда нерселерге толгон, анча-мынча атыр-упасы бар бул эски будкадан чыгып баратып анын эски ээси – ушул будкасындай бир топко барып калган сакалчан неме артына бир кылчайды да четтери карала-торала болуп кеткен күзгүнүн аркасына колун салып, ал жактан небак ачылып, жарымы түгөнгөн арагын алып чыкты.

толугу менен