– Дүйшөн Касиевич, 60 жылдык мааракеңиз кут болсун! Бул кутман куракты кандай тоскону турасыз? Дегинкиси, 60ка чыккан кандай болот экен?
– Куттугуңа ырахмат! 60 жашты кандай тосмок элем… Мен туулган күн дегенди дегеле этибарга албаган кишимин. Илгери ОшПИде окуп, пахта терип жүргөндө 20 жашымды Пайсилла Ирисов деген агайым уюштуруп, пахтазарда тойчук өткөргөнбүз. Анан 50гө чыкканда белгилейин десем, өзүмдөн башка эч ким мен кембагал тууралу ойлоп да койчу түрү жок. Анан бир санаалаш киши менен, «Эй дүйнө, мен да элүүгө чыктым эй!» деп тымызым белгилеп койгом. Ал эми 60 жаш дегениң акыл эсти чымыратып, жан дүйнөңө бүлүк салат экен да. 58, 59 деп келатып эле, 60(!) десең, албетте ойлоно түшөсүң эми эстеп-эстеп отурсам менин балалыгым кыйчалыш өтүптүр. Энеден эрте ажырап, өгөй энелердин колунда чоңойдум. Атам болсо мен жаңы эле жыйырма үчкө чыгып, үйлөнөйүн деп турганда өтүп кетти. Бирок менин тагдырыма жакшы аялдар кездешти. Өзүмдүн апам, кийинки апам, эки чоң энем, кир-когумду жууган эки эжем – ошолордун баары жакшы кишилер. Азыр алтымышка чыкканда ошол кишилердин баркын билип атам.
толугу менен