Олжобай ШАКИР
СССР ыдырап, завод-фабрикаларыбыздын станоктору шак токтогон сыяктуу эле рухий жааттагы кризистик абалдан чыгуунун жолунда кыргыз кино өнөрүнөн башка чыгармачыл тармактар өмгөктөп келди. Азыр деле өмгөктөп жатат. Албетте, кино өнөрүнө деле өкмөттөн чеке жылытарлык колдоолор болуп келген жок, бирок адабият, театр жаатындагыларга салыштырмалуу жетим өз киндигин кескендей болуп үркөр топ киночуларыбыз кол куушуруп отуруп калбады. Алар кандайдыр жолун таап, каражат издөө менен жараткан көркөм тасмалары эларалык кинофестивалдардагы ийгиликтери менен «кыргыз керемети» атанган көчтү улап келет. Арийне кандай көркөм табылга, көркөм шөкөттөр менен эларалык абыройлуу кино фестивалдарда ийгиликтерге жетишип келишти, – бул туурасында ооз ачкан кино адистерибиз болгон жок. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарында жаңылык деңгээлинен ашпаган гана кептер уланып келет. Андан ашса, артисттер же режиссерлор тарткан түйшүктөр туурасында гана маек, макалалар жарыяланганы болбосо, бизде искусство тармагы боюнча «бөдөнөнү сойчуу» касапчылар дегеле жок экен. Жок үчүн бүгүн кино «сынчылар» массалык түрдө жайнап кетти. Ошол сынчыларыбыздын коргогону эле бүгүн улуттук намыс. Эмнеге мынча улут үчүн намыскөйбүз? Эмнеге биз муштаган жер силкинип кетпейт?