Атактуу немис драматургу, акын, искусство иликтөөчү, режиссёр Бертольт Брехт Аугсбургда туулган. Германиянын жана дүйнөнүн көптөгөн театрларына коюлган «Ваал», «Барабанный бой в ночи» (1922), «Говорящий «да» и говорящий «нет» (1930), «Горации и Куриации» (1934) ж.б. пьесалардын автору. «Эпикалык театр» теориясын иштеп чыккан. 1933-жылы Гитлер бийликке келгенден кийин эмиграцияга кетип «Страх и отчаяние в Третьем рейхе» (1938), драму «Винтовки Терезы Каррар» (1937) аттуу реалисттик чыгармаларды, «Добрый человек из Сезуана» (1940), «Карьера Артуро Уи» (1941), «Кавказский меловой круг» (1944), «Мамаша Кураж и ее дети» (1939), «Жизнь Галилея» (1939) тарыхый драмаларын жазат. 1948-жылы мекенине кайтып келип, Берлинде театр ачып, 1956-жылы Берлинде каза болгон.