Нуралы КАПАРОВ: «Эх жеңем, кайран жеңем»


ПОЭЗИЯ

* * *
Эх жеңем, кайран жеңем
жаш элең жайнап турган,
казанда этиң бышып,
чөөгүндө кара чайың кайнап турган.

Жароокер жан элең бир, элпек элең,
жаныңда жаткан эриң – менин агам
жанда жок тентек эле.
Ал сага ырыскы да, бакыт дагы,
ал сага кырсык дагы, келтек эле.

Эх жеңем, кайран жеңем,
турмушуң чыбыры жок мелтиреген,
күтүүсүз күү-шаа түшүп толкуп анан,
таалайың «булт» деп качып колтугуңан,
тумчугуп турду жаның төрт бөлүнүп,
турмуштун тогоосу жок толкунунан.

Күтүүсүз эриң өлдү.
Жөн өлбөй дагы экини ала жатып,
уясыз куш өңдөнүп чырылдадың
чиедей үч балаңды ала качып.

Өрт кетип бир кырсыктын учкунунан,
чыгалбай тагдыр-чынжыр туткунунан
таалайың талкаланды быт-чытынан,
тарсылдап тагдыр огу туш-тушуңан.

Урадың, упурандың ылдый көздөп,
куладың, кулаган жер кургуй көздөп.
Жоголуп «жакшы» деген, «келди» деген,
жарышып турду сөздөр «кетти» деген,
жарышып турду сөздөр «өлдү» деген,
жыгылдың жер кучактап өксөп-өксөп.

Жарыктан атаң өттү аска-зоодой,
артынан агаң өлдү аскар тоодой,
мезгилсиз энең кетти, эжең кетти,
ажалдын күнү бүтпөй аңдып жоодой.

Эх жеңем, кайран жеңем, асыл жеңем,
азайып турдуң улам чет-четинен.
«Балаң өлдү!» дегенде бир бакырып,
куладың кара жерге эт-бетиңен.

Дүйнөнүн тез өзгөрүп өңү-түсү,
өмүрдүн түштү сага муздак күзү,
ороду оору сени жөө тумандай,
оорлоп жерге басты тагдыр тузу.

Отундай сууда калган тутаналбай,
сулк жаттың соо деген бир мүчөң калбай,
карарган бутуң кести, колуң кести,
куураган карт даракты бутагандай.

Көмүштү кол-бутуңду көч-көчүнөн,
жыгылдың бул жолу да эт-бетиңен.
Жакындарың узатып, аттиң анан
сен өзүңдү узаттың чет-четинен…

…Эх жеңем, кайран жеңем
жаш элең жайнап турган,
казанда этиң бышып,
чөөгүндө кара чайың кайнап турган…

ЭХ, ДУШМАН, ДУШМАН…

Күрөштөн күйүкпөгөн,
Кармаштан тажабаган
Эх, душман, душман, душман…
Дуулдайт душмандарың,
этектен жерге тартат
көкөлөп учкандарын…

кургакты сууга сүйрөйт
момунду чууга сүйрөйт,
жайыкты өргө карай,
жарыкты көргө карай…

Эх, душман, душман, душман…
жер өрттөп, ордо бузган,
кыйындын жолун бууган
келаткан жолун улап.
Сен ичкен дайра соолуйт,
сен кечкен деңиз какшыйт,
сен чыккан тоолор урайт…

Тынч элге түйшүксүң сен,
түз жолго кыйшыксың сен,
ташсың сен так төбөдө
салаңдап токтоп турчу,
ташсың сен, жерге батып
тап жылбай кектеп турчу,
куураган куурайсың сен,
тикчийген тикенсиң сен –
кеч күздө өрттөп турчу…

Эх, душман, душман, душман…
амал бир, өңүң бөлөк,
карыды нечен пенде
кайгыда башын жөлөп…

Баатырлар туулганда
туулдуң каршысында:
жакшыга – келекедей,
жарыкка – көлөкөдөй…

Эх, душман, душман, душман…
алдууга азапсың сен,
алсызга чатаксың сен,
арсызга атаксың сен
айбанга конуш болдуң,
акмакка добуш болдуң.
Кедейген мушташ элең,
килейген Согуш болдуң…

ТҮРМӨДӨ
Темир, темир…
Темир эшик шалдыраган.
Темирдей муздак өмүр,
муздак көз жалдыраган.

Бүтүйгөн тар терезе,
бүлбүлдөп жарык кирет.
Аба  ным, арман толгойт,
айкырып ийгиң келет,
кыйкырып ийгиң келет…

ЧАЛ
Эх, десең, кыйын экен, кыйын экен…
Бул өмүрүң, бөлүнгөн тең экиге,
ортосунда көрүнбөс узун парда,
Эх, десең, кыйын экен, кыйын экен…
мейли жаан, мейли карда,
кыйын болду калжайган мобул чалга.

Саманын калтыргандай ажыратып,
буудайын алышкандай оруп туруп.
Узак жыл чаап келип татыратып
сүмбөдөй бу күлүктү зоруктуруп
ташташты карыганда арман десе,
калчылдап каруусу жок калган кезде.

Ал дайым аман калып келген эле
ажалдын торун жайган тозотунан,
кырсыктын аңдып аткан кош оозунан,
тагдырдын таш кулаган тар жолунан,
жашоонун жалын урган от оозунан.

Эх, чалым, кайран чалым, кайран десе,
жүгүнүп турар элең жумуш десе,
жүгүрүп турар элең майрам десе,
өлкөң жок, күчүң алып мактап турган.
кемпир жок маңдайыңда маяна деп,
кемпир жок маңдайыңда какшап турган.

Эх, чалым, кайран чалым, кайран десе,
чайың жок дасторкондо ысык ууртам,
үйүң жок асты калың, жылуу жууркан,
күбүлдүң айнек сымал жайнап туруп,
тымыдың чайнек сымал кайнап туруп.

Калжайган кайран чалым тиши түшкөн,
шалдайган кайран чалым иши күткөн,
түлөгөн тумак кийип төбөсүнө,
өтпөгөн орден тагып жакасына
токсондун корун тартып жашап жатат,
тагдырдан өмүр алып жазасына.

Эх, чалым, кайран чалым, кайран десе,
дененин сөөгүн алып, этин тыштап,
өмүрдүн улам катаал кышын кыштап,
өмүрдүн туз уюган түбүн шыпкап,
муздаган өмүрүнө соңуркабай,
муш жеген Момун чалдай…
муңканган Момун чалдай турат муздап…

* * *
Акжоолукчан Айлык деген аялдан,
байжоолукчан Байлык деген аялга
кеткен өңдүү, кеткен элем
кедейликтин жибин үзүп…

Байжоолукчан Байлыктын айлынан мен:
үй көрдүм күн караган терезеси,
булут көрдүм жер караган көлөкөсү…

Адам көп ал тарапта колдошпогон,
акылдуу агалар көп ал тарапта
Кырсыктай адам менен
жолдош болгон.

Байжоолукчан Байлыктын
айлынан мен:
аппак гүлүн жаадырган алма көрдүм,
жашыл шибер жайкалган
шалбаа көрдүм,
айдың талаа ыңкыган эгин көрдүм,
алтын нурлар эгинге төгүлгөнүн…

Байжоолукчан Байлыктын
айлынан мен:
колдоосу зор бейиштей дүйнө көрдүм,
кордугу көр тозоктой түрмө көрдүм…

…абийир деген ал жакта чымчык экен,
адам деген ал жакта Кырсык экен…

* * *
Кездер болот кичирейген…
дуулдап көчүп турган кептен дагы,
дүркүрөп өсүп турган чөптөн дагы,
доңуздай достон дагы,
дулдуйган душмандан да…

…ээ кылбай жулуп кеткен
байлыктан да,
жуулбай үч жыл бою колун аарчып,
үстү-үстүнө үйүп кеткен майлыктан да,

башына барскан жеп,
жепирейип жерге кирген казыктан да,
тогуз жолу толгонгон
томолок баш кашыктан да,

чымындан, чиркейден, чаңдан дагы,
чамасыз чалдан дагы,
ириңи толуп турган жарадан да,
иттиги ашып турган жалаадан да…
кичирейген кездер болот,
болот кездер кичирейген…

Деңиздей достор сени эстебеген,
деңиздей достон душман толкун жасап,
өгүздөй толкунунан төшкө жеген,
кайыктай какжыраган жээктеги,
көз-жаштай көздөн аккан ээктеги,
кум дагы кур балыктай куйругун чаап,
чыңырып чынын айтпай сөөктөгү,
чымындай жанын уучтап
турган жалгыз…
Кездер болот кичирейген,
болот кездер кичирейген…

Тагдырда – талаасынан көч өтпөгөн.
Жалаада – көчөсүнөн сөз өтпөгөн.
Тегизде – чаң-тозоңу сапырылган,
Деңизде – толкун жээкке атырылган.
…кездер болот кичирейген,
болот кездер кичирейген…

* * *
Эх, досум баарын көрдүк,
баарын көрдүк…
Бүгүн күн начар болсо, эртең дурус,
тагдырдын таразасы оош-кыйыш.

Бүгүн – терс, эртең балким оң болмогу,
бүгүн – жок, эртең балким бар болмогу,
тагдырдын ташы – салмак, түбү  –  чыдам,
чоң жолго чыгат адам тар жолдогу.

Душмандын начары жок, кыйыны аз,
дуулдап тийген душман ойрон болду.
чабуулду койгон менен билбегендир,
чабуулдан кийин кайра коргонгонду.

Эх, досум, баарын көрдүк,
баарын көрдүк…
тагдырдын майдай жибип,
тоң болгонун,
күзгүдөй тегиз достор ор болгонун,
бейиштей багын издеп чиркин өмүр,
тозоктой жерге түшүп кор болгонун…

Эх, досум, баарын көрдүк,
баарын көрдүк…
жыргалын, бейишин да, азабын да,
бандитин, бечелин да, чатагын да,
начардын ырыскысы этке айланып,
кыйындын кайнап жатат казанында…
болбостур кайгырганга, каткырганга,
болбостур жашыганга, жаш алганга…

…Замандын карап бүркөө булуттарын,
замандын түрүн көрүп буюкпадым.
Замандын төгөөр бир күн жылуу жааны,
Замандын түшөөр бир күн тунук кары.

Эх, досум, баарын көрдүк,
баарын көрдүк.
Бүтүндүн баркын билдим сынганымда,
Тазанын баркын билдим тунганымда.
Эх, десең, өмүр өлчөм, тагдыр татаал,
Чаалыкпай жер айланып турганында.

* * *
Бери кара,
оо досум, бери кара.
Башка салса баарына көнөт адам.
Муз үстүндө тарбайып тамыр жайып,
ак мамыкта калжайып өлөт адам.
Суу үстүндө дардайып чабак уруп,
кара жерге “кур-р” этип чөгөт адам.

Анын баарын айла жок ойлобоско,
ойдун артын арга жок улабаска.
Аксаң эгер айлаң жок сойлобоско,
жаасаң эгер айлаң жок кулабаска.

Адам гана тик басат чынын айтсак,
жан бүткөндүн бардыгы төрт аяктайт.
Адам гана жыргалын эрте баштап,
адам гана азабын кеч аяктайт…

* * *
Досум сен бери кара, бөлөкмүн мен,
мен азыр көп адамдын баркын билип,
мен азыр аз адамга жөлөкмүн мен.

Эчен жыл асман-жерим аңтарылып,
эчен жыл асты-үстүнөн ажал көчкөн.
Эчен жыл куюн ороп, чаң сапырып,
эчен жыл кар боройлоп, жамгыр төккөн.
Эх, аттиң, көп досторум айбан дешсе,
айбыгам мен аларды адам дештен.

Мен азыр көздөрүнө жаш айланган,
мен азыр көкүрөгү таш байланган,
досум деп эт-бетинен жыгылбаган,
досум деп отко түшүп чырылдаган,
көмүрдөй күйгөндөрдөн ак издеген,
куу такыр, кумдуу чөлдөн бак издеген,
ай чыкпас көрдөй түндөн күн издеген,
ары жок акмактардан чын издеген,
томсоргон кемегеден тап издеген
жан эмесмин!
Сыртыман жаз күнүндөй
жадырайып,
ичинен бороон ойноп, боздоп жүргөн,
өлтүрөр душманына өмүр тилеп,
өлтүрөр душмандарын дос деп жүргөн,
досум мен баягыдай жан эмесмин,
досум мен жакшыларга жок эмесмин,
досум мен сендейлерге бар эмесмин.
Мен сага толук дагы бош эмесмин,
мен сага душман дагы, дос эмесмин.

* * *
Түтүн, ыш кафелерде.
Акча, кыз казинодо.
Реклама көчөлөрдө.
Ресторан. Ачкыл вино.

Үйлөрдө заңгыраган
олигарх кекирейген.
Театр аңгыраган,
музейлер жепирейген.

Кыйкырык, ураан-сүрөөн
ресторан катар-катар,
каякка бурулбагын
кайнаган базар, базар.

Аялдар көлөш кийген,
жаш балдар тачки түрткөн,
таксилер киши күткөн,
куюн-чаң сапырылган,
кайырчы колун сунган,
кексе чал какырынган,
алуучу кыжылдашкан,
сатуучу атырылган.

Тамеки. “Көзүр кыздар”.
Суусаган бак-дарактар.
Кыйшайган отургучтар.
Кызымтал жаш манаптар.

Машина кыйма-чийме,
көчө тар, батпай калган.
Митинги, пикет күндө.
Көмүскө акча айланган.

Кеч бешим. Түн көшөгө.
“Карк!” этет ала карга.
Бөлөкмүн бул көчөгө,
чоочунмун ушул шаарга.

2 thoughts on “Нуралы КАПАРОВ: «Эх жеңем, кайран жеңем»

  1. Акындын жеңесинин тагдыры дене-боюмду дүрүлдөтүп, жүрөгүмдү титиретти! Мына, сөздүн күчү! Шаар тууралуу ырдан Кыргызстандын борбору Бишкектин келбетин көрдүм. Акыркы саптары айрыкча жанымды эзди! Менде да ушундай туйгулар күн сайын көктөп-шактап келет… Бар болуңуз Нуралы акын! Ырларыңыз өнө боюмду өрлөп өтүп, дал мээлеген жериңизге тийди! Чыныгы сезимдер, чыныгы поэзияга жолуккандай болдум.

    Like

  2. Нураке чыны чоң акын. Тек гана бу киши өзүн көп реклама кылдыра бербейт…Жакында да буюрса, сонун ырларын жарыялайм…

    Like

Комментарий кошуу