Нуралы КАПАРОВ: «Калпычылар»


ПОЭЗИЯ

Чындык жетим жери жок бара турган,
калп ээледи дүйнөнү кара туман,
чынчыл деген кишиң да калптан
кошот,
чындык азыр чынчылга чала тууган.

Кайда барба бет алып тарабыңа,
кара туман жол таппай агарууга,
оодарылат океан калптан онтоп,
калптан качып озондойт шамалы да.

Жалган – курал, жалган – ок
чуулдатып,
жалган – дымак, жалган – сөз
шуулдашып,
чындык азыр томсорот жыйындарда
калптар калпка кол чабат дуулдашып.

Чындык дешет чабалдар жанын уучтап,
чындык жалгыз жайын жеп,
кышын кыштап,
учпай калган чымчыктай чындык азыр
ураган шаар чындыгың
күйгөн кыштак…

Акылдуусу, айбаны, майда-чоңу
башын кошуп калп айтат
баары чогуу,
бүт дүйнөнү каптады
караандай калп,
бүт дүйнөнү ороду калптын тору.

Кагылайын жанын жеп калп
айткандар,
кара жамгыр төккөндөй
жалпы айткандар
кара союл калп менен чокуга чаап,
чыркыраган чындыкты жалпайткандар,
жанын жеген жаштары,
карылары
асман сынып айнектей калпыңардан,
араң турат кара жер жарылганы,
карагыла жан-жакты, артыңарды,
токтоткула токтобос калпыңарды
десем кайра күчөдү  мурдагыдан
калп айтпаган калың эл
күч эместей,
калп айтпаган калың эл
журт эместей.

Мейли кедей, мейли бай,
мейли ханы,
калп айткандын биригип
бирге жаны,
омурулса акыркы чындык багы
ооналактап боздогон
чындык үчүн
оодарылып кетчүдөй
жердин шары,
карга “сайрап” каркылдап
бүт дүйнөнү
калчылдаган калп бийлеп
турган чагы…

ӨМҮР ЖЕТПЕЙТ…
Кармашкым келбейт чыны –
күндүк өмүр,
кармашпайм деймин бирок
көңүл темир.

Эх, адам кармаш деген жүк артынып,
кармашпай жашаганга
өмүр жеңил.
– Кана чык! Сенби?.. Сенби?..
Алар көптөйт.
Унутсам унуткарбай алар кектейт.

Капилет жолукканда каным
“дүр-р” деп,
кармаштын оту жанып
жалын “дүрт!” дейт.

Көк жалтаң асман тайгак
күн кыңайып,
эңиштеп ээ бербеген өмүр кечтейт,
калтырбай душманыма бир да айып,
бардыгын кечирсем дейм…
өмүр жетпейт!

ЭЛ ЭКЕНБИЗ…
Маанилеп алысын да, чукулун да,
Манас деген ат койгон тукумуна,
Бакай деген ат коюп баласына,
Кошой деген ат коюп урпагына,
Каныкей деп ат коюп кыздарына,
тоодой болгон эл экен майдасы жок,
“Манас!” деген ураанды укканында
маңдайлашкан душмандын
кайраты жок,
маңып, жортуп жок болчу айласы жок.

Эл экенбиз бириндеп бошоп аккыс,
эл экенбиз коркокко кошо баскыс,
Эр Манасты “канкор” деп чын тергесе,
“Чоң жинди” деп түз айткан кошоматсыз.

Эл экенбиз ичим тап үн катпаган,
эл экенбиз купуя тим жатпаган,
айтчы кана, айлакер, акылдуу деп
Коңурбайды кыргыздай ким мактаган?

Арамы жок эл экен – арга барбы?
Ат асылын ким кандай тандабады…
Асмандатып сөз кылат, айтчы, кимдер,
Аккуладан кем кылбай Алгараны?

Мен түшүнөм кыш түшсө кар барына,
мен түшүнөм сел жүрсө жар барына,
түшүнө албай кеткенсийм кээде гана
Коңурбай деп ат койсо балдарына…

Талаа-түзгө тарылып,
асман көздөп,
кыргыз деген эл экен тоо сыйлаган.
Өргө карай сүйрөгөн өзүн өз деп,
өзгөчө бир эл экен жоо сыйлаган.

Ашып-ташып бөксөрбөс берекеси,
төбөсүнөн нур чачкан терезеси
маңдайында балбылдап күнү күйүп,
аркасында калдайган көлөкөсү.

Дос-душманга дардайып ичи кенен
жакшыга да, жаманга
жанын кактап,
жалган-жарым тарыхты көчүрбөгөн
Манас, Бакай, Кошойду катар мактап,
Коңурбайдын атын да өчүрбөгөн.
Анык душман, чочко көз, орой деген,
атын, изин кетмендеп көөмп салбай,
балдарына ат койгон Жолой деген!

Кайсы элиң бар душмандын атын барктап,
атын алган душмандын үшүн алган,
ырыскысын, ынтымак, касиетин –
ат аркалуу оодарып бүтүн алган,
өзүн өздөй “Манас!” деп дүңгүрөтүп,
жоону жоодой кадырлап күтүп алган,
кайсы элиң бар кармашып күчүн алган!

Дос-душманга док артпай кең экенбиз
дос-душманды сыйлаган эл экенбиз…
Коңурбайды, Жолойду кошо өстүргөн
кан Манастын тукуму эр экенбиз!
Эстелик коет элем
Россиянын кырк градус суугунда аба жиреп,
кабат-кабат үйлөрдү кайыгып салып жаткан,
ит баккан Италиянын,
куш баккан Түркиянын
үйлөрүндө турбай калган
саңырсыган сары жамбаш
кемпир-чалын багып жаткан,
Австралиянын куйкалаган күнүндө кой кайтарып,
Норвегиянын кол какшаткан көк суугунда
тор жайып,
балык тарткан,
ак бубак аюу болуп
Тайганын карагайын
кыйып жаткан,
Американын
өрттөнгөн токойлорун
өчүрөм деп,
куу жыгачка сайылган шишкебектей
кара-күрөң эт болуп күйүп жаткан.

Айласыз алыс кеткен асылдарым,
жиби үзүлүп
жер шарына чачылган
шуруларым,
мен тааныган-тааныбаган
улуу-кичүү
курбуларым,
отто калган,
чокто калган
түгөйлөрүм,
чоочун элде,
чоочун жерде
чочулабай,
үрпөңдөшүп учурбаган үрөйлөрүн,
бөтөн элдин,
бөтөн жердин
корун тартып,
кармашып,
салгылашып,
жол талашып,
жолун таап оңолгондор,
карсылдашып, канжалашып,
жанын үрөп жанталашып,
жол бергин деп жол талашып,
жолун таппай жоголгондор…

Түндүгүңө, түштүгүңө,
баары баткан батышыңа
батпаймын деп,
төшөнөөр төшөгү жок
жайдак калган Кыргызстанга
жатпаймын деп,
эр жеттим,
элим жука,
жонум жука,
чоңойдум деп,
тонолгон Кыргызстанды,
таланган Кыргызстанды
жалданып иштесем да оңоймун деп,
талаа-түзгө таалай издеп көчкөндөрүм,
жер шарынын түгөнбөгөн булуңунан
“жарк!” деп күйүп,
“жалп!” деп кайра өчкөндөрүм,
жөлөгү жок,
дареги жок,
дайынсыз кеткендерим…

Жылаңайлак суу кечип, кар баскандар,
кашык каны калганча кармашкандар,
таманынан сыз өтүп Россияда,
төбөсүнөн күн өтүп Дубайында,
бири-бирине жармашып
жан баккандар –
күндө беш маал жалынып Кудайына,
азап менен тозокто жол баскандар –
мигранттар!
Ичип-жебей жөнөткөн миллиарддар
кыйналган кыргызымды кийиндирген,
кыйналган кыргызымды ичиндирген,
кыйраган кыргызымды сүйүндүргөн,
ак нанга алмаштырган
кыргызымдын колундагы
каткан нанын,
өз элинин ырыскысын шыпкап жеген
миллиардер ажолордун
көчүгүн жапкандарым,
безилдеп өз элинен качып кеткен,
байлыгын өз элинин ташып кеткен
акылсыз ажолордун
азабын тарткандарым,
оңурайган тешигин бүтөймүн деп,
өз элине жөнөткөн тапкандарын.

Мигранттар,
шордууларым,
асылдарым,
койбостон каруусу жок өлкөсүн
карып кылып,
кан түкүргөн өлкөсүн айыктырып,
калчылдаган денине кан куюшкан.
Көмкөрөдөн жыгылып күн буюккан,
чалкасынан жыгылып түн буюккан,
алып чыкты асылдар ата-журтун
ажолору түртүп ийген туңгуюктан.

Мигранттар,
алтындарым,
баатырларым,
ар кимиси ар-ар жерден агып келген
булак болуп,
ар кимиси ар-ар жерден жанып келген
чырак болуп,
асылдарым жүк көтөргөн вокзалдарда,
ата-журтун бүт көтөргөн
баатырларым асылзаада,
жаны бек,
жанталашкан,
жөтөлбөгөн,
жөөлөшүп
орус менен,
чечен менен,
соодалап көмүр менен, темир менен,
койгулашып
корей менен,
негр менен,
кайышкан кандаштарым,
жабыккан жердештерим,
ата-журтун багышкан асылдарым,
мен силерге көңүлүм бөлгүм келет,
мен силерге түбөлүк эсте калаар
мен силерге эстелик койгум келет.

Темир жол вокзалынын
маңдайына
Бишкегимдин,
жол тартып баратышкан жүгү менен
үч жигит, үч келиндин…
Анан да “ач оозуна” нанын бурдап,
бараткан ажолорду
алтын уурдап…

Болбосо “Манасымдын” маңдайында
дүңгүрөгөн самолету
дүйнөнү үч көтөргөн,
ошол жерге койсом дейм эстеликти
үч жигит, үч келинди жүк көтөргөн…

Анан да
оозуна тыккан нанын чала күрмөп,
бараткан ажолорду алтын сүйрөп…
Жазсам деймин анан дагы эстеликке:
“БУЛ ЭКӨӨ ЭЛ БАШЧЫСЫ ЭЛДЕН КАЧКАН,
ЭЛИН ЖЕП, ЭЛИН САТКАН…
АЖОЛОР ЖЕП КЕТКЕНДИ ТОЛТУРАМ ДЕП
ТИГИ АЛТОО МИГРАНТТАР ЭЛИН БАККАН!”

Комментарий кошуу