Назгүл ОСМОНОВА: Сенин сүйүүң


ПОЭЗИЯ

Сенин сүйүүң жаңы ачыган жаш шарап,
Сен бар күндөр бал сыяктуу даамданат.
Өчпөс отту алоолонткон сезимге,
Өзүң менен көрккө келет чар тарап.
Кыя белде мен кезиккен жаш сүйүү,
Кылым бүтпөс бир жомокко алпарат.

Сенин сүйүүң жаңы ачылган жаз гүлү,
Төгүлө элек бариктери, бир бүрү.
А мен болсо… ичтен ойлоп үшкүрөм,
Өттү баштан ашыктыктын миң түрү.
Кайтаралбас жаштыгымды сурансам,
Күздүн ушул күмүш түспөл бир күнү…

Берсе берээр жаштыгымды кайтарып,
Кыя белде мен кезиккен жаш сүйүү…

КҮЗГҮ МААНАЙ
Мен бүгүн негедир капамын,
Жамгырдай буулугуп… төгүлөм.
Болсо да бул эң чоң каталык,
Мен сени унутат көрүнөм…

Мен бүгүн негедир ойлуумун,
Күз ыры сезимде жаңырып.
А балким, жүрөккө толду муң,
Ардагым, өзүңдү сагынып…

Сезимди кусага толтуруп,
Ак карлуу кыш келет жакында.
Болбосту заматта болтуруп,
Кыялдар баш ийбейт акылга.

Өзгөчө сулуудай ушул күз,
Өзгөрүү болчудай жакында…

АПТАПТАГЫ КУСАЛЫК
Буюккан бул дүйнөгө,
Буулуккан жандүйнөмдүн кереги не?
Тымызын ичтен жеген кусалыктын,
Табалбай койдум деги себеби не?
Жанымды дирилдеткен жалгыздыгым,
Жашоонун маңызын таап береби же?..

* * *
Айрандай көөшүйт кышкы түн,
Апакай тартып ак кардан.
Сезимдин жагып билигин,
Сен келдиң алыс жактардан.

Жолугуу кыска, сөздөр көп,
Кымбатым сага айтарга.
Басылбай көөдөн өрттөнгөн
Жаш тамаар жаным кайтарда.

Ыраазы болгун а бирок
Өчүрбөй сүйүү үмүтүн.
Бир өмүр калар дилиңде
Жомоктой болгон кышкы түн.

Турсаң да жаның ачышып,
Сураба ракым тагдырдан.
Келээрсиң дагы кайрылып,
Жазылган болсоң тагдырга.

ӨЧКӨН СҮЙҮҮ
Кимден кетти билбейм каталык,
Сезимдерди уулап капалык.
Тагдыр кошкон азиз адамым,
Алыстады биздин аралык.

Кыштын буурул сулуу таңында,
Элестетип мени сагынба.
Алмаштырбайт элем эч кимге,
Болсоң эгер дайым жанымда.

Сагынычтын зары кыйнаса,
Кусалыктын ыйы тынбаса,
Күнөөлөбө мени ал үчүн,
Жүрөк сыздап мен деп ыйласа.

Чоочун жердин муздак таңында,
Сагынычка жаным, багынба.
Алмаштырбайт элем эч кимге,
Эгер болсоң дайым жанымда…

КУСАЛЫК
Тургансыйбы дүйнөм муңайып,
Теребел да жымжырт мунарык.
Себелеген жумшак ак карда,
Калган сымал аяк тушалып.
Кечип келем наристе карды,
Ээлеп алып бүтпөс кусалык.

Тургансыймын сага таарынып,
Тагдыр деген күчкө багынып.
Жүрсөң керек сен да азизим,
Ойлой-ойлой эрксиз сабылып.
Атымды айтып ичтен кыйкырсаң,
Жооп эмес укпай жаңырык.

Кээде ойлонуп ичтен күйөмүн,
Кандай болчу тагдыр тилеги?
Жанда жүргөн жакын адамым,
Сагындың го тааныш илебим.
Жакындатпас сени ар дайым,
Жалгыздыкты мынча сүйөмүн?..

* * * 
Ардагым чыны жараштың,
Ак карлуу кыштын көркүнө.
Айламды таппай алдастайм,
Чыдабай сүйүү өртүнө.

Атайын издеп келсең да,
Сүрдөдүң мынча капырай…
Эринге эрин тийгенде,
Мен деле түштүм калтырай.

Жаштыгым кайтып келгенсип,
Жадырап көңүл ачылды.
Сендеги тунук сезимдер
Ыр болуп мага чачылды.

Ааламдан таппас ак сүйүүм,
Жалбырттап кайра басылды…

* * *
Тоолук жигит, томсорбочу алдымда,
Сунган гүлүң албай койсом жамгырда.
Ак сезимиң айтсаң болот ырларда,
Арманыңды айтсаң мейли, тагдырга.

Мен да бир жан махабаттан уу жуткан,
Айталбастан ичтен сызып тумчуккан.
Эрмегим да, эртеңим да ыр дүйнө,
Ырлар менен таңдар атып, күн чыккан.

Тоолук жигит, сенин дилиң ак кандай,
Кечээ гана жаап өткөн ак кардай.
Айт, айтып кал жамгыр менен төгүлүп,
Көз жаштарың калсын андан байкалбай.

Махабатың айтсаң болот ырларда,
Арманыңды айтсаң мейли, тагдырга.
Сүйүү – кайгы, бал ордуна уу сунат,
Суранарым, сен сезимге алдырба.

Жамгыр менен жуулуп кетсин билинбей,
Көз жаштарың мен деп төккөн дирилдей.
Сенин сүйүүң – тоонун тунук булагы,
Сенин сүйүүң – кырдын назик гүлүндөй…

КЕЧ КҮЗ ЭЛЕГИЯСЫ
Ажырап жашыл тонунан,
Дарактар турат калтырап.
Адамдай болуп ооруган,
Күн дагы күлбөйт жаркырап.

Кар басып калган розалар,
Жазмышка моюн сунгандай.
Артынан жайдын узаган,
Муңканып карап тургандай.

Унуткан сымал үшкүрөт,
Асман да күмүш күлкүсүн.
Ак кайың балким түш көрөт,
Жайдагы жаркын үмүтүн.

Менин да капам басылбай,
Бейтааныш жанды күтөмүн.
Ал жүргөн жерлер жашылдай,
Ал адам мага асылдай…

* * * 
Бүгүнкү күн кандай керемет,
Кар бүртүгү назик себелеп.
Ушул таңдай аппак жолдордо,
Ойлорум да тунук эленет.

Эңсеп күткөн аруу махабат,
Кечиктиби? Жообун билбеймин.
Себелеген ушул ак карда,
Издериңди балким издеймин.

Жүрөк сыздайт: “Күтпө, күтпөгүн,
Ойдогуңдай болбос баарысы”.
Сүйүү эңсеген дилге ар дайым,
Келе бербейт күткөн дарысы.

Мен кыялга баткан бир кечте,
Же болбосо назик ак таңда.
Келсе керек балким ал адам,
Себелеген жумшак ак карда…

БИР СУРОО
Күнүм болуп төбөмдө жанасыңбы,
Күмүш чынжыр билекке тагасыңбы?
Айым болуп асманда жанасыңбы,
Ак булуттан аймончок тагасыңбы?
Өксүгү көп ойлорду белек кылып,
Өкүт болуп өмүрдө каласыңбы?
Асылкечим, көп жылдар күттүм эле,
Айга учалы, кошулуп барасыңбы?..

САГЫНЫЧ
Аптап сылайт аста жүзүмдөн,
Кабагыма карап эркелеп.
Мөмө сымал жаңы үзүлгөн,
Оштун таңы мөлтүр, керемет.

Сагынганмын талаа-түзүңдү,
Кыялымда жүргөм бөпөлөп.
Кусалыктын жашы үзүлдү,
Гүлдөн гүлгө консо көпөлөк.

Жолдор жатат менин санаамдай,
Чексиздикке бүтпөс таралып.
Жомоктогу кооз аралдай,
Сенде калды кайтпас балалык.

Асман таза, кир жок булуттай,
Талаа күтөт сүйгөн шамалын.
Асылымдын жүргөн унутпай,
Көрсөм дедим кайра жамалын.

Сенде таанып акты-караны,
Сени менен дүйнөм байыды.
Аман болгун кайтып келгенче,
Ардактаган асыл айылым…

ӨКҮНҮЧ
Болсо керек үнсүз буулугуу,
Шапаталуу күздүн түнүндө.
Өткөн өмүр көзгө элестеп,
Ойго батам кайың түбүндө.

Кыялымда курган дүйнөдө,
Жакшылыкка жалаң умтулуп.
Жашап келем бирде кубансам,
Жаш баладай кээде умсунуп.

Өмүр дагы калды жарымдап,
Максаттарга качан жетемин?
Мээрим күткөн жанды байкабай,
Ойлоп көрсөм ташбоор экенмин…

Менден мээрим күткөн бирөөнү,
Байкабаган мерез экенмин…

* * *
Жалыны жок быкшыдым түтүн болуп,
Жолугушпас азаптуу күтүү болуп.
Жандүйнөңдү жакшына жактырдымбы,
Тургансыйм да сен менен бүтүн болуп!
Бул махабат айтылбай калар эми,
Көрсөм сени чок болуп жанар эми.
Сыртың эмес, дилиңди бермет сымал,
Жаным издеп бейиштен табар эми!..

Комментарий кошуу