Сырттан башкаргандардын сырын ачкан аалымдан кеп эш!


Чоюн ӨМУРАЛЫ уулу

МАМЛЕКЕТ ЖАНА ЖЕРГИЛИК ӨЗҮH БАШКАРУУ

Турмуш туткасы Адам
Элден

Ошентип жерге жеке менчик киргизүү аракети экономикалык негизибиз тумтак жайдак кырдаалда артына опуртал катып турат. Бул опуртал агрардык реформага катарлаш киргизилип жаткан жергиликтүү өзүн өзү башкарууга айкалышканда андан да артылып чыгат. Анткени, жеке менчикке чыккан жердин тагдыры эми бийлик тизгинин алган жергилик элдин иш-аракетине тыгыз байланышта калат. Колунда жеринен башка кокон тыйыны жок, жок, аны сатканга юридикалык укук алган жаранга эми бөгөт жок.

Жок тургай экономикалык жайсыз кырдаал аны саттырууга, тарттырууга шыкак дагы. Ал эми жердин сатылып кетишине каршы сунушталган механизмдер (м. беш жылга чейин сатылбайт, сатылса да кыргызстандыктарга гана сатылат, тиешелүү мамлекеттик органдар тиешелүү учурларда ага вето коюшу ыктымал, жергилик журтчулук жана мамадминистрациянын макулдугу боюнча гана сатылат, ж.б.) “Адам укугу мамлекеттен бийик” мамлекетте жеке менчиктин өктөм табиятына такзаат бере албайт, төтөн, миң тамырлуу эл аралык финансы спруттун тырмагына бир эле илинсе… Жергиликтүү өзүн өзү башкарууну киргизмейин чыныгы демократия орнобойт деген кооз жомоктун артында ушул жер тагдыры, гегемон геосаясый философия жатат. Мамлекетти өзүнүн ичинен мамлекетсиздендирип, ар мүчөсүн жиликтеп, таасирге алуу ушундайча башталат.

Арийне, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу болушу керек. Бирок ал кандай мүнөздө жүрүшү керек, ал башка кеп. Ал улут философиясына уланды «Мамлекеттик бирдиктүү башкаруу системасынын ажырагыс бүтүндүк формасы катары көрүнүшү керекпи, алдэ: «бизде Конституциялык негизде жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу мамлекеттик бийликтен ажыратылган, бардык цивилизациялуу мамлекеттердегидей!» (Акаев) деп жаңы кампанейщинага ык жайдак шаң тейде көрүнүшү керекпи? Биз – соңку абалдабыз.

Албетте, «цивилизованный» мисал тапкычтарга бул жакпайт. Алар муниципий бийлиги күч баягы эле Батышты ала жыгылат. Бирок анын эволюциясы кандай калыптанган, ага баш оорутпайт. Жердиги муниципийлер (мунера – баш ийүү, лат.) байыркы Рим империясына баш ийдирилген, бирок Рим граждандык укугу толук жайылтылбаган аймактарда чектелген автоном укукка ээ территориялык өз алдынча башкаруу бирдиги катары чыкканы маалым. Жерди бооруна менчик баскан отурук коомдо бардык байлыктын гана эмес бийликтин да башаты ошол таман алдындагы жерге укукту тап жылдырбай бекемдөөдөн башталган. Анын өзүнүн узаакы эволюциясы бар.

Мамлекет философиясынын маңызын жеткилең ачкан Гегелиң Германиянын мисалында муну мындайча сүрөттөйт: «С течением времени эти круги господства упрочились. Прерогативы государственной власти превратились в многообразную, исключающую всякое вмешательство, независимую даже от государства без применения каких либо правил и принципов собственность… деятельность отдельного человека и его обязанности определяются не в соответствии с потребностями целого, но каждый член политической иерархии… все те кто обладает правами государственного характера, завоевали их сами, а государству оставалось при этом сокращении его мощи в каждом данном случае только подтвердить, что оно лишилось своих прерогатив… Немецкое публичное право не могут быть поэтому выведены из общего понятия государства или из понятия определенного государственного строя, монархии и.т.д. а немецкое государственное право не есть наука, в основу которого положены определенные принципы, но свод самых различных прав государства, приобретенных по типу частного права. Законодательная, судебная, духовная и военная власти беспорядочно и неравномерно смешивались, делились и соединялись столь же многообразными способами как собстенность частных лиц». Бул Жер – Аймакка карай алганда жерге жеке менчикти туу туткан, улам кийинкиси мурункусун күч менен, мыйзамий айла амал менен сүрүп жоюп өзүнө төмөнтөн жеке жол салган индивидуалисттик менталитет менен жерге жамаатчыл менчикти (демек Ата Журтту) туу туткан, ошондон улам кийинкиси мурункунун Теңирий Салтын, Жолун уланткан жамаатчыл менталитеттин ортосундагы түпкү айырма.

Кан менен Каранын (Мамлекет-Элдин) бир бирине кош тараптуу умтулган, ортодо СЫЙ жарланган, макул табышкан, б.а. бөлүнгүс биримдик бийликтин ортосундагы айырма. Граждандык коом жана мамлекети эки айрылган (Батыш) жана тескерисинче, түбүндө жиктелбей жумур бүткөн (көчмөн) цивилизациянын ортосундагы айырма. Бая диалектика мыйзамдын Батышчыл сырткы карама-каршылык кыры менен ички сый-сүйүү маңызынын, Теңирчил тең-түгөй табиятынын тегиндеги айырма!

Айтмакчы, жамаатчыл десе эле жаа бою качкан бар, киши кызыкчылыгын топ кызыкчылыгында тыйпыл эрип жок болгон өңсүз-түссүз (безличное) боз килкилдек, эссиз винтик санашкан бар. Мүмкүн бардыгы орток, тап жылдырбас казармалык социализмде бир учурда ошондой болсо болгондур, бирок катаал жашоо шарттаган азиялык жамаатчыл тартипти, көңкүдөн келген көчмөндухту ага тыкыр салыштырууга болбойт. Бул аймакта абалтан НАРК экономикасы, ооба, ооба, адам сыртында жаткан Батыштык РЫНОК экономикасы эмес, адамдын ичинде жаткан көчмөннарк экономикасы («досуң тоок сойсо, канжыгасына каз байла», «шибеге тартып төө алат» д.у.с.) өкүм сүргөн. Сынаакы турмуш ар кимди өз-өз Ордуна койгон. Ар бир киши жамаат ичиндеги өзүнүн кайталангыс Ордун тапкан, кызматын аткарган, кайталангыс нарк (жеке барк-баа, кадыр-сый) калыптанган. Кандан тартып Каранын акыркысына чейин ар ким өз-өз Ордун тутуп тутумдаш турган. Коом-Мамлекет ажырагыс чынжыр чырмалган. ЫНТЫМАК куралган. Демек, аны жөн эле жамаатчыл эмес, нарк-жамаатчыл десе жарашат.

Демек, кайталайм, мамлекет деген түшүнүктүн өзү түбүндө эки континентте эки башка маңыздалган. Биз кыргыз элинин табиятына бап, кыргыз элинин табиятынан агылып чыгаар кыргыз мамлекетин курабыз десек анда кылымдап түзүлгөн мындай менталитетти кыйгап өтө албайбыз, өтмөк тургай дал ошону байтүп пайдаланабыз. Балким, качандыр бир артыкчылыктуу жергиликтүү өзүн өзү башкарууга да өтөөрбүз, балким алыскы бир келечекте, жерди жеке менчикке бериш керекпи, жокпу, аны ойлоноорбуз, бирок… ырааттуу барабыз ага. Ошондо мүмкүн, “күчтүү аймак – күчтүү мамлекет” ураанын жар салып отурбай эле табигый түрдө ошол күндөн ойгонобуз. Ал эми аа дейре “күчтүү мамлекет – күчтүү аймак” этабын баспай коё албайбыз. Диалектика жазган мыйзам ушул. Буга кайчы кадам, – кандай кооз чүмбөттөлбөсүн, ал волюнтаризм. Артында – жоо саясат…

Бул пикир батышчыл реформаторлорго жакпайт. Алар: биз деле мамлекетти чыңдап жатабыз, тек башка жол менен, башкача айтканда, түбүнөн кириштик дешет. Биздин ураан: “күчтүү аймак – күчтүү мамлекет!” дешет . Анан да менчиктин формасы жана ээлери өзгөрүүдө дешет (балээнин баары ушерде, бирок эстеп коюңуз; жерге менчик жана анын ээси (мамлекет) али өзгөрө элек! Анан да жеке менчик дегениңдин өзү да жерди чыгарып бере салган революция эмес. Ал ички маданият, дүйнөгө мамиле, калыптанган көз караш, тамырланган дээр-зээн, бу да эволюция талаптайт…). Ошондуктан биз негизги бийликти жер-жерге берип, баягы оңко турган бийлик пирамидасын эми оңдоп жатабыз дешет. Ушинтип дүйнөлүк рынок системасына коошмокчубуз, анан да экономиканын мамлекет кийлигише алгыс өзүнүн гана мыйзамы бар деп жаагыңы жабат. Цивилизациялуу дүйнөнү мисал тартып, укукчул мамлекет жогортон күч салбай мыйзам жолунда башкарат деп насаат какшайт. Мамлекеттик бийлик жана мамлекеттик менчик тууралуу унчуккан эле адамды ушинтип “билимдүү”, “цивилизациялуу”, “рыноктуу”, “демократиялуу”, “укуктуу” түшүнүктөр менен жыга чабышат.

Суроо туулат; балким туурадыр? Жергилик элге өз бийлигин толук берсе эмнеси жаман? Эркин рыноктуу, демократиялуу, жарандары сайран курган коомду жарласа эмнеси жаман? Баары жакшы. Бир гана жери жаман, анын баары мамлекеттин эгемен келечегине кооптуу экономикалык эң жайсыз кезеңде жар салынып жатат. Оюн эрежеси түгөл сырттан таңууланып, экономика сырт башкарууда калган кырдаалда салынып жатат. Тарыхый ушу этапта мамлекет компетенциясында гана турушу зарыл мамлекеттик деңгээлдеги укук жапайы стихияга алдырган баео журтка күчтөп таңууланып жатат. Эң жөнөкөй айтканда, эл коргону мамлекет ошол элдин атынан алсыздандырылып жатат. Ал эми жергилик элдин атынан мамлекеттен тартылып алынаар жер менчик акыры кайда жылышаары бая айтылды. Демек, бул эң түбүндө эл кызыкчылыгына кайчы дабыш!

Экинчиден, ал, элдик дүйнөтаанымдагы улуттук мамлекеттүүлүктүн философиясына кайчы, жан табиятына жат. Б.а. бөлүнгүс чулу, жана ошонусу үчүн гана күчтүү саналган биримдик бийликти белинен карс бүктөгөндөй кеп. Биздин реформаторлор үлгү туткан Батышка карасак да жергилик өзүн башкаруу аерде жеке менчикке аркалаш ички диктаттын туундусу ирээти эволюциялуу калыптанган. Ал эми эшикте азыр кайсы кылым, кайсы доор, кайсы геосаясый күч кай контитенттен не таянч издеп кайсап тур? Ошондо айла-амалы ашынган, акчага карк, мыйзамга шылуун эл аралык күч менен мамлекеттик бийликтен ажыратылган шымы жыртык элетти бетме-бет калтырып коюп, “бар эми, багыңан көр, өз тагдырыңы өзүң чеч, баса, мен колуңа мыйзам чыгарып берип турам” деп компойгон мамлекет эмне болгон мамлекет? Айтса, анын чыгарып берээр мыйзамы да ошол трасконтинентал күчтүн араанына ыңгайлаш. Анткени ал эң демократиялуу, эң укукчул арал. Дүйнөлүк стандарт – көздөй максаты!

«Адам укугу» – Мамлекет, Элден бийик. Бийлик ушундай кырдаалда, ушундай мүнөздө жер-жерге ооп жатат. Эгерде жер менчикти бооруна басып бийлик да эми жер-жерге ооп кетсе, анда эгемендикке кооп тууйт.

Үчүнчүдөн, бул диалектика мыйзамына кайчы табыш. Мамлекет кызыкчылыгы (ал баарыбыздын тең жармыбыз, түгөйбүз дедик) баарыдан бийик азыр. Бул талашсыз. Эгемендик жарыялоонун максат-маңызы өзү ушул. Демек, анын Жолу Улуу же «Оң». Жергилик кызыкчылык мамлекет таламына шай багындырылышы лаазым, демек мунун Жолу кичүү же «Сол» саналат. Бул – вертикал бийлик бөлүнгүс, кеп, жогорку, төмөнкү органдар ортосунда укуктардын туура бөлүштүрүлүшүндө деген сөз. Оңду (мамлекеттик кызыкчылык) Сол (жергилик кызыкчылык) ээрчимек шарт. Ошондо мамлекеттин кудурети кайрылып жергилик кызыкчылыкта жаңырат. Күч кубаттанат. Бу карандай схема эмес. Универсал мыйзам. Турмуш чындыгы. Миңдеген жылдардын тажрыйбасы. Демек, «Төп-Төгөрөктөгү» Алтын Ордо (Түндүк) – Каган Орду же мамлекеттик саясат тарыхтын бу кырдаалында Мамлекет – Эл кызыкчылыгындагы күчтүү мыйзам жана аны аркалаган активдүү аткаруучул бийликке ык салышы керек эле. Биз башкы акцентти жаздым койдук, сыягы. «Солго» оодардык…

Албетте, мунун баарына кайрылып эле айласыз экономикалык кырдаалды, чет элдик инвестиция, кредиттин шартын айтып каршы чыгышат. Бирок эмне болуп ушул абалда калдык деп сурайбызбы? Союз кыйрап, чарба байланыш үзүлдү деген менен доор кыямат эмес эле го акыры. Түркмөнстан болбосок да базабыз бар эле го. Өндүрүш тирүү эле го.

«Рынок өзү ырастайт» деп мамлекеттик секторду, мамлекеттик башкарууну бир мезгилде күрр талкалаткан ким, талкалаган ким? Ачык эшик саясатын жарлатып, товар агызып, алынган кредитти кайра араандай базарга самандай чачтырган ким, чачкан ким? Ошентип өндүрүшкө тымызын кыйыр бут тоскон ким? «Содействие анархии является высшим, вернее единственным преступлением против государства, ибо оно включает в себя все остальные государственные преступления, и те, кто наносит вред государству не опосредствованно, подобно другим преступникам, а непосредственно нападают на само государство, являются самыми страшными преступниками; и нет у государства более высокого долга, чем сохранить себя и самым верным способом уничтожить силу этих преступников». Ушундай кырдаал… Гегель айткан…

Демек, Мамлекет өзүнө келиши керек, эсине келиши керек.

Арийне, кылыч көтөрүп чыга албайбыз, кереги да жок. Бирок биз өз денебизди кайра уюштурууга умтула алабыз. Жаңы тарыхый шартка жараша, рынок ыңгайына улай. Оорулуу организм деле ар мүчөсүнө: “бар, өз жөндөмүң менен жашап кет, мен сен жөнүндө ОЙЛОНОМ” деп бет алды таштап салбайт. Ал мындайда кайра чыйралат, жыйрылат. Мамлекет да ошондой тирүү организм. Мыйзам чыгаруу бир кеп да (айтча, ал мыйзамдарыбыз дүйнөлүк ыңгайга шай, протекционизмден куру) аны аткаруу бир кеп. Өзүнүн кайталангыс касиетин калкан кармап, өз Ордун таап, өзөгүн сактап дүйнөгө интеграциялануу бир кеп да, “дүйнөстандарт” деп жаңшап атып жүзүн жоготуп жалаң плацдармга айлануу бир кеп. “Жерге жеке менчик” жана “жеке укук (дүйнөлүк деп түшүнүңүз) мыйзам” чегинде укуктарына эч ким кийлигише албай турган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу биригип ишке ашканда ошол плацдарм үчүн токкыртыш даяр болот! Ушундай шартта, б.а. сыртка экономикалык толук көз каранды абалда турганыбызга карабай мамлекеттик бийликтен ажыратып, бийлик, укук ташын оодара салып, анан: “жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасына экономикалык жактан эч кимге (!) көз каранды эмес шарттарды түзүшүбүз керек” деп жигерленүү эмнени билдирет? Бир жылдан соң алынган карыздарды төлөө башталды. Ошондо аймак, аймак эркине ыдырап өткөн менчик жер, энчилүү кен кара башы менен кесим, кесим кетпес бекен? Мамлекеттин экономикалык саясатынын багыты өзү Мамлекет эгемендигине кооп туудурган жагдай түзүлбөдүбү?..

Бир системадан экинчи системага өтүүдө хаос абалын баспай коюуга болбойт, табияттын мыйзамы ошондой деген кеп тек метафизик маанайлуу. Андыктан, ушерден мамлекетти башкаруу тууралуу терең диалектик Энгельстин бир пикирин эстей кетүү орундуу. Энгельс К.Шмидтке жазган катында мамлекет экономикага үч түрлүү багытта таасир этээрин айткан экен.

Биринчи, мамлекет экономиканын объективдүү өнүгүү багытын таап жолулаш таасир этет. Мындайда экономикалык өнүгүш ыкчам темп алат.

Экинчи, экономиканын объективдүү өнүгүү багытына кайчы таасир этет. Мындайда өнүгүшкө кедерги этип соңунда талкалап тынат.

Үчүнчү, бир эле учурда кайсыдыр бир тармактарда объективдүү өнүгүү багытын таап оң таасир эткени менен башка бир жагында терс таасир этип кыйратып турат. Мында да хаостон баш чыкпайт.

Биздин реформаторлордун курсу ушунун кайсынысына киргенин окурман өзү ылгап алсын. Тек, бир процесс биз үчүн эми кайрылгыс артта калганы ак. Ал – ички өндүрүштүн курушу. Мамлекет эми өзүнө таянып өз экономикалык саясатын аныктай албай калганы. Бирок бул мамлекет эми алакан жайып айдаган жакка басып калат деген кеп эмес. “Моңолдорду кыйнаса коломтодон күкүрт табат”. Ал деле адам сыңар бир туташ организм экенин моюндап бүт күчүн бир багыттуу мамлекетдухка топтошу лаазым. Мүмкүн тышкы саясатта аябай ийкем кадамдар, айрым зарыл корректировкалар керектир. Ички саясатта “мамлекет” духун конкрет колдоо, мамлекеттик тартип, коомдук аң-сезимге массамаданият шлагын эмес, “мамлекет!” идеясын бар күч, таасир, каражат менен сиңирүү керектир. “Мамлекет – Манас!” деген ураан салынмайын мааракең түккө турбайт! Кантсе да туруш керек. Теңир, Арбак алдындагы милдет бул!

Мамлекет демекчи, Мамлекеттин экономикага активдүү таасир этмеги тууралуу маселе «рынок өзү жөндөйт», «тоталитаризм» деп такылдаган таза частниктерге эле эмес, «экономикалык өнүгүш объективдүү мыйзамга ээ» деп аны абсолютка айландырган кай бир догматик марксисттерге да жакпайт. Анткени базистин надстройкага үстөм жүрөөрү алар үчүн ой-лонбой турган аксиомага айланган. Ырас, надстройка базиске активдүү таасир этип турат, бирок барып-келип базиске баш иет, чечүүчү сөз дайыма соңкусунда. Ошондуктан экономиканын объективдүү өнүгүү мыйзамы акыры түбү өзүнүкүн алат, коом бир формациядан экинчи формацияга өткөндө надстройканы кошо өзгөртөт дейт марксизм. Бирок бул калыпка батпаган башка да чындык бар (ага төмөндө токтолобуз). Аны туура түшүнүү базис – надстройка, экономика – саясат алакасын башка өңүттөн да карап көрүүгө ыңгай ачат. Айталы, ошол эле Маркс аягына чыкпай өткөн, өмүрү жетпей калган дагы бир феномен бар, ал – «азиялык өндүрүш жолу» деп Маркс өзү атаган кубулуш.

Кийин 20-30-жылдарда, анан 60-жылдарда да бул кубулуштун тереңинде кызуу талаш-тартыштар жүргөн. «Чыгыш кулчулугу», «түбөлүк феодализм», «чыгыш деспотизми» д.у.с. терминдерди тегеренген аалымдар маселеге өзүлөрүнүн Батыш өңүтүнөн мамиле этип атып, сыйкы, эң башкы нерсени көңүлдөн сырт калтырышкан. Алар Чыгыш коомунун экономикалык сырт портретин тартышып, аны менен диалектикалык катышта жаткан ич портретин – рухун унутуп калышкан. Айтмакчы, а кезде ага түшө да алышпайт эле…

«Жапан феномени» ачыла элек, али алдыда эле. Натыйжада, байыркы грек айкелиндей сырты кооз келишкен терминдер, түшүнүктөрдүн чүмбөтүндө экономикалык мамиленин адамгер мүнөзүн аныктаган жашоо ыраат, тереңги психологиялык, руханий, фалсафий өзгөчө сырлар жабыкта калган. Айталы, эмне үчүн Күн Батышта коомдук системалар улам бирин-бири кыйратып, ордун экинчилери алмаштырып турган да, ал эми улуу цивилизациянын бешиги карт Азия капкагын жаап «караңгы» дымып калган. Бул чын эле Чыгыш деспотизмине чылк караңгычылыкпы, же андан башка да себеби-маңызы барбы?

Аталган маселенин башы али да чындап ачыла элек. Ал качан гана Батыш өңүттөн эмес, Чыгыш өңүттөн чыгып чындап ачылганда гана ошондо биздин коомдук өнүгүүнүн чыныгы ориентирлери көрүнөт. Батыш демократиясынын тулгалуу түшүнүктөрү адамзат цивилизациясынын акыркы үлгүсү болуп сезилүүдөн калат. Биз өз түзүлүшүбүздү өзүбүз төрөйбүз. Мамлекет автопортретин теорияда эмес, турмушта тартабыз.

Бу лирикалык чегинимдин жөнү; биз мамлекеттүүлүктүн, демократиялык өнүгүштүн өр чокусу деп дале жалаң Батыш үлгүнү гана туу тутуп келаткандан улам. Ал үлгү улуттун жан табиятына канчалык бап, кандай айкашат? Бап болбосо – билинбей кайда өзгөртөт, өзгөртсө – уңгутагдыр соңу нетет, Жолун кармайбы? – деген түйшөлткөн суроолордон улам. Азыр биздин капарыбызга да келбеген бу проблема кийин-кийин кимдир бирибизге жан азабын жедирип сөзсүз калкып чыгат. «Адамзат цивилизациясы азырынча мындан башканы ойлоп таба элек» (Акаев) деген кеп чыныгы тереңин билбегенден чыккан кеп. Эми Чыгышта информациялык коом Азиянын дээр тереңинде термелген не бир орошон күч, рухту ойготуп, бар потенциалын ачып, замандын түсүн өзүнчө боер чак келди. Рух гегемонизми жакын, жакын… Биз алдыңкы ошол доорду боолгоп, ориентирди ошого кармашыбыз керек. «Төп Төгөрөктөгү» уңгутагдырдын айланыш учу ушуякта.

Көчмөн цивилизация көңкүдө бүткөн эмес, алдыдан жаңырат ал! Адамзатты көчмөн Бум күтөт. Эпаадам, көчмөндөр өзүлөрү жаратып-жарлап чыга албаган күндө да (а жаралуу милдет, милдет!), ар бир жолу жаңы идея, Бумга таңсык, ансыз жашай албаган кан жаңыртаар карт Дүйнөнүн өзү аны зарылдайт, бир чети, кыйыр кызыкдар. Анткени, көчмөндух чыны менен адамзат тарыхынын айжаркын барагы! Таштагы улуу тарых, скифтердин алаамат искусствосу, этикасында эриштелген тирүү философия, кайыпсыр (эзотерия), Манас ааламы… Кайрылгыс артта калган жашоо мүнөз, өлбөстүккө умтулган рух, өлбөс дух – көчмөндух, алдыда, жаңы мезгил-мейкинде жанарын бир жандырат. Караңгы катмарда түйүлүп буккан скифтердин кабылан духу каргый турган саат турат!

Айланыш Жол демекчи, кыраа көчмөн бекеринен: «алдыңды көргүң келсе артка кылчай» дебегендир. Андыктан көзгө тагылган, мээге жабылган ар кандай «изм» пардаларды сыйырып, буга дейре канча бир жолу айтылгандай, дегеле улуу рух уюткан өз цивилизациябыздын фалсафий түрп-түспөлүн, түпкү айырмасын ачып чыкмагыбыз дамамат зарыл. Анткени информация заман маңызын ийкем рух кудурети аныктаар. Жөлөк табаар.

Учкай тыналы; айталы, Маркс теориясы Батыш коомунун өнүгүү жолун, коомдук-системалардын орун алмаш ыраатын толук мүнөздөйт. Анын тарыхый материализмин Батыш жолунун күзгүсү десе да болот. Бирок ал Чыгыш тереңин чагылта албайт. Батыштын экономикалык жолу, керек болсо, түбүндө кумурадан чыккан жин сыңары баш бербей кеткен стихия, жанды тебелеп кеткен ден, тойбой чыккан топуксуз дух. Ачылган араан. Кыят күч. Социалдык революциялардын эң түпкү түрткү себеп-шарты ошол жактан куралган. Ошондуктан экономик маанай, жеке менчикчил дух, эгоизм, керек болсо, Батыш адамында Эне курсагында жаткан түйүлдүк күндө түйүлөт. Жашоонун өзөгүн маңыздайт. Менталитетин аныктайт. Рух мейкини пас прагматизмде тарыгат. Андыктан, айрыкча өмүр жашоосу араандуу капитализм заманына туш келген материалист Маркстын экономикалык теориясында базис орду балким башкы орунга чыкпай кое да алмак эмес. Анын базисти туруктуу мазмун катары санашы – мыйзамдуу. Кайталайм, бул Батыш коому үчүн толук алымдуу.

Ал эми Чыгыштын жөнү бөлөк. Марксизм күзгүсү Чыгышты чагылта албайт дедик бая. Анткени мында жашоо маңызы өзү түбүндө өзгөчө түшүнүктөлгөн:

Шүүдүрүмдөн өтөөр-кетээр дүйнө көргөн бутпарас дух;

Дүйнө өзөгүнө тунган даос;

Асман-Жерди айтөгөрөктөгөн теңирчилик –

Булардын баарын жалпылаган нерсе – рух ааламынын бийлиги, жан-дендин шай ааламы, жан жолун улук саноо. Арийне, буларды биз «кимисиники чын?» деп гносеологий собол салып териштириш үчүн келтирбедик. Коомдун жашоо мүнөзүнүн ошол изги ишенимдердин натыйжасы катары маңыздалышын, аныкталышын тастыктап алыш үчүн келтирдик. Демек, Чыгыш коомунда, асыресе көчмөн дүйнөсүндө, экономикалык базис экинчилик ролдо калган дебесек да (алар деле желге курсак тойгузбайт) керекчил мамиле кериге чегинген, руханий талап илгери суурулган. Жан-Дендин гармониясы жарланган. «Жолу улуу» учур Рухта калган. Теңирий гармония табылган. Өзгөчө менталитет калыптанган. Ал Адам рухун айжаркындап, күнжарык кудуретин башкы планга алып чыккан. Кудай кубатын! Теңирий эркин! Жамаатчыл, жаратманчыл мүнөзүн! Кайталангыс Адам Наркын!.. (Кийин, кийин Советте «адам фактору» деп четин серпип, а бирок толтосуна жетпей калган түшүнүктүн түбү, оо ошоякта). Демек мындай шартта, адам сезген, кабылдаган, умтулган жашоонун башкы маңызы өзгөрөт да, «мен тамактаныш үчүн жашабайм, жашаш үчүн тамактанам» деген эзелки учкул кептин чыныгы учугу чыгат, себеби табылат, Принцип – философияга айланат. Экономикалык базис эч качан туруктуу мазмуун катары маңыздалып негизде зыл уюп кала бербейт. Ал надстройка менен толук тең салмактуу гармонияга кирет.

Балким, бул учурду материалист Маркс эмес, идеалист Гегелдин айтканы оңдур: «форма дайым мазмундалган, мазмун кайра формага канган («форма содержательна, со­держание формировано»). Ал эми марксизм жобосу эсиңиздедир: «форманы мазмун аныктайт». Коомго көчүргөндө: акыры түбү айланып келип экономикалык кызыкчылык баарын чечет. Анткени ал – Түпкү себеп!

Дагы кайталайм: биерде мен философиянын эң башкы суроолорунун бир түпкүрлөрүн кызыл чеке талашуу үчүн эмес – адамдардын ички ишеними, андан агылган жашоо образы, андан табылган жашоо куруму, коому, калыптанган мамлекеттүүлүк мүнөзүнүн түбүн түшүнүш үчүн айтып атам. Демек, биздин кумкулакка канчалык парадоксалдуу угулса да кайрадан куюп-куюп айтышка туура келет: мамлекет деген түшүнүк түбүндө бизде керек болсо руханий категория. Ал менин тең-түгөйүм! Каган – Теңир уулу. Жараткандын жарчысы ал! Ал, Ириде, Теңир Эркин аткарган! Мамлекет эркин Теңирге далдаган. Андыктан ал Асман-Жердин тирөөчү, Журт Атасы саналган. Ошол журттун кызыкчылыгында «мамлекетти башкаруу» деген ыйык түшүнүк келип чыккан. Мамлекетти башкаруу эзел күндөн эң бийик искусство, чыныгы философия эсептелген. Кан катарында калкайып Даанышман турган. «Мамлекет», «Коом» түшүнүгү адил Теңир Эркинин жердеги материалдашкан күзгүсү катар көрүнгөн (айтса, «Кутбилимдин» бүт Чыгыш суктанган куту ушуякта). Калктын жапан стихиясын Оңго нуктап, рух, моралда ооздуктап, социалдык катаклизмдердин алдын алыш үчүн аң-сезимдүү аракет жасалган. Ал, диалектика ыкма – Теңирий «ТЕҢ» философияга негизделген. Даанышман-Каган Алтын Ордодо ар убак кыймылдуу Ордун туткан. Мамлекетти БАШКАРГАН.

Чыгыштын Жолу ошон үчүн түбүндө башка нукталган. Социалдык революциялар, коомдук-экономикалык формациялардын улам бирин бири алмаштырган ырааты жүрбөгөнү ошо. «Түбөлүк түнт деспот» саналган феодализм доорунда Чыгыш ошентип Түптүн Түгүнө үңүлө берген экен. Жан аруулап Теңирге жалгай келген экен.

Биздин элдин Мамлекетке, Бийликке болгон эң тереңги ишенимдеринин түбү ошол жакта катылган. Теңирде жашынган. «Теңирий патернализм» деп бая бир айтылган сөздүн жөнү ошол. Элдин «адил бийлик» деп зар самаганы ошол. Адил падыша тилеп күткөнү да ошол. Бийликке, Мамлекетке болгон ызаат, сыйдын түбү ошол, себеби ошол. «Баш – Мамлекет» гана бая айтылган эл руханын улуу уюштуруп-баштап, этноэкономиканы руханий-фалсафий устара мизинде алып өтөт. Арийне, «мамлекеттик бийлик» жана «мамлекеттик бийликтегилер», али бир түшүнүк эмес. Мамлекеттик бийлик ал, бийликтеги конкрет адам эмес. Алардын жайдарман күлкү, керт майрампенде философиясы менен өлчөнбөйт ал. Ал – Теңир ыкыбалына Эл ыкыбалын табыштырган ыйык көпүрө, фалсафий тирөөч. Ак кызмат, Ал – бөлүнгүс! Көпүрөнү талкалаба! Тирөөчтү тут! Чиригин жаңырт! Ал эми биз «жергиликтүү өзүн өзү башкаруу» урааны алдында, балким, ошол көпүрөнү талкалаганга кириштик…

Өткөөл мезгилдин өзгөчө мыйзамын айтпаганда да көчмөн менталитет дамамат идеал иерархиялуу бийлик биримдигин табигый кабылдаарын, зарылдаарын айттык бая. Дегеле чыныгы демократиялык мамлекет дегениңдин өзү түбү барып-келип Бийлик менен Элдин ортосундагы ажырымды мүмкүн болушунча жокко чыгарып идеалдуу, гармониялуу бир бүтүндүккө умтулат. Демек, биз дагы элдин психология ыңгай, менталитетинде да, мамлекеттүүлүк идеясында да дайыма бөлүнбөй чулу жашап келген ошол ыйык биримдикти жасалма бөлүп, жасалма ажыратпай, керинче көзүр кармап, мамлекеттик бийликтин жапайы рыноктун жүгөнсүз стихиясын багыттап нуктаар потенциалына эрк берсек, диалектика мыйзамына ошол төптүр. Нарк экономикасын жарлаган, Жаран-Мамлекет мамилесин «Жолу улуу» (Мамлекет) удулга далдаган Теңирчиликтин талабы ушул.

Комментарий кошуу